БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЗЫРКЫ АБАЛ ЖАНА РЕФОРМАЛАР

  • 01.12.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында  КР Билим берүү жана илим министри  Д.Ш. Кендирбаева “Кыргыз Республикасындагы билим берүү тармагынын учурдагы абалы жана билим сапатын жогорулатуу үчүн тармакты реформалоо жолдору” боюнча баяндама жасады.

Негизги артыкчылыктар жана принциптер

Билим берүүдө реформаларды жүргүзүүнүн негиздери туруктуу өнүктүрүү принциптерин ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Конституциясында, өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясында жана Программасында, «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамда белгиленген.

Президентибиз Садыр Нургожоевич айткандай, билим берүү системасына бирдей жеткиликтүүлүк камсыздалып, анын сапаты жана каржылоосу жакшыртылышы керек. Бул жаштарга жумушка орношуу жана татыктуу эмгек үчүн көндүмдөрдү берет.

Эл аралык рейтингдер

Ар бир эл аралык рейтингде билим берүүнүн сапатын жана ага жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, илимди жана инновацияны өнүктүрүү өтүнүчү камтылган.

Алсак, Кыргызстан Адамдык өнүгүү индекси боюнча 191 өлкөнүн ичинен 118-орунда, Адам капиталынын индекси боюнча  174 өлкөнүн ичинен 72-орунда турат.

Билим деңгээли индекси көрсөткүчү боюнча 2022-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү 191 өлкөнүн ичинен 76-орунда турат. Илимий ишмердүүлүктүн деңгээли боюнча Кыргызстан 197 өлкөнүн ичинен 126-орунда, илимпоздордун саны боюнча 128 өлкөнүн ичинен 51-орунда, патенттердин саны боюнча 171 өлкөнүн ичинен 88-орунда, Инновация индекси боюнча — 132 өлкөнүн ичинен 94-орунда турат.

Албетте, билим берүү боюнча ТӨМ-4 көрсөткүчтөрүнүн жакшырышы мамлекеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн биргелешкен аракетинин жана жарандык коомдун Сиздердин колдоонуздардын артыкчылыгы болуп эсептелет.

Учурдагы абал: Мектепке чейинки билим берүү деңгээлинде

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЗЫРКЫ АБАЛ ЖАНА РЕФОРМАЛАР

  • КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2022-2023-окуу жылында бала бакчалардын жалпы саны 122 объектке көбөйүп, 1834 түздү, анын ичинен 1583 мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелери, 251 жеке менчик эсептелинет. Балдарды типтүү бала бакчаларга камтуу 220 012 баланы түздү (же мектепке чейинки балдардын санынан 26,4% түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу динамика өсүү жылыштары бар 2,5% көп).
  • Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү максатында биринчи жолу “Өкмөттүк акселераторлор”. Барьердик тоскоолдуктар алынган. Программасы ишке ашырылып, анын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө 1400 ашык арыз түшкөн. Жыйынтыгында 800 адам окуудан өтүп, 570 сертификат алышты, Бишкек шаарында 262 жеке ишкер катталып, 36 үй тибиндеги бала бакчалар ачылып, 900 бала камтылган. Ошол эле учурда Үй тибиндеги бала бакчаларды ачкан жеке ишкерлер салык төлөөдөн бошотулган. Мүмкүнчүлүктөр берилген.
  • Бала бакчалар мындан ары лицензиялоону талап кылбай, кабарлоо системасына өтүүдө.
  • Япония элчилигинин колдоосу менен 2023-жылы 550 бала бакчанын директору мектепке чейинки билим берүүгө жана СанПИН стандарттарына тиешелүү ченемдик укуктук актыларга окуудан өткөн. Укуктук базалар иштелип чыкты. Бала бакчанын директору кызматына кадрларды конкурстук тандоонун ченемдик укуктук базасы иштелип чыкты.

Жакынкы иш-аракеттер:

  • Нобель сыйлыгынын лауреаты Жеймс Хекмандын изилдөөсүнө ылайык, бала бакчага барган баланын мектептеги жөндөмү 2 эсе жакшыраак — ал университетти бүтүрүү мүмкүнчүлүгү 40% бар, мыйзамды сыйлаганы 88% түзөт, кайра даярдоодо 5% үнөмдөөсү бар. Балдарды эрте өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар кайтарым 13 доллар экономикага кайтарылат.БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЗЫРКЫ АБАЛ ЖАНА РЕФОРМАЛАР
  • Жакынкы бир жарым жылда Дүйнөлүк Банктын каражатына 560 кыска мөөнөттүү үч сааттык ишке ашырылып жатат, бала бакча ачуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө, ал бала бакчаларга 40 миңден ашуун бала ала турган болсо, 5 миңден ашуун тарбиячы туруктуу жумуш менен камсыз болот. 2023-2025-жылдар аралыгында Дүйнөлүк банктын каражатына, аймактарда түзүлгөн 290 кыска мөөнөттүү бала бакчада (560 ичинен) оңдоо иштери башталды.
  • Китепканаларга караштуу кыска мөөнөттүү бала бакчалардын жана эрте өнүктүрүү борборлорунун ачылды санын көбөйтүү, мектепке чейинки билим берүү менен камтуунун өсүшү жылына минимум 5% түзүшү керек.
  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы уктоочу жайларды окуу жана оюн аянтчаларына айландыруу форматы иштелип чыкты. Президенттин жарлыгы даяр. Бала бакчалардагы жайларды эффективдүү башкаруу боюнча пилоттук долбоору ишке киргизилди, бул 122 миң баланы камтууга мүмкүнчүлүк түзөт.
  • Бир сменалык мектептерде 73,5 миң баланы камтыган мектепке чейинки топтор ачылат.
  • Бала бакчаларды ченемдик каржылоого өтүүнүн жаңы механизми иштелип чыкты, ошондой эле билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук режимде 2024-жылдын 1-сентябрынан баштап киргизүү мыйзам менен бекитилди.

МЧБУга муктаждык кандай?

  • Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча контр- чаралар демографиялык өсүшкө жооп катары дагы деле маанилүү жана жагымдуу.
  • Кыргызстанда 10 жыл аралыгын алып көрө турган болсок, калктын өсүү деңээли жогорулады. 2012-жылы 5 млн 551 миң калк болсо, 2017-жылы 6 млн 140 миң, 2022-жылы 7 млн 037 миңге жогорулады. Бул, албетте, кубанычтуу. Ошол эле учурда мектепке чейинки курактагы балдардын да саны өстү. Салыштырмалуу 2012-жылы 154 миң, 2018-жылы 171 миң ал эми өткөн жылы 150 миңден ашуун балдар төрөлдү. Муктаждык бар.
  • Учурда мектепке чейинки курактагы балдардын саны 1 110 343 бала. Анын ичинен 220 012 бала балдар бакчасына барып жатат. Ал эми 768 796 бала балдар бакчасына тартылбаган. Бул балдарды бала бакча менен толук камсыздоо үчүн 280 орундуу 2746 балдар бакчасын куруу зарыл. Максаттту иштерди пландарды коюп жатабыз.

Бала бакчаларда тамак-ашты каржылоо

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашын каржылоо боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен:

 

— республикалык бюджеттен Баткен облусунун бала бакчалары жана айрым адистештирилген балдар бакчалары каржыланат. Аларда (10 саттык режимде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бакчаларда) республикалык бюджеттен  13 сомдон 18 сомго чейин, ал эми ата-энелердин эсебинен 43-75 сомго чейин каржыланып жатат.

— жергиликтүү бюджеттен каржыланган бала бакчаларда (10 саттык режимде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн) район/шаарларда 4,5 сомдон баштап 30 сомго чейин, ал эми ата-энелер 25 сомдон 100 сомго чейин каржылайт.   Графикти карап көрсөңүздөр. Ата-эне 100% каржылагандар бар.

— Бишкек шаарында 60 сом жергиликтүү бюджеттен, 60 сом ата-энелердин эсебинен каржыланат. Бишкек шаарынын №162 жана №47 балдар бакчаларында 2016-жылы 100% тамак ашын ата-энелердин каржылоосу менен пилот жүргүзүлүп, ушул убакытка чейин иштеп келе жатат.

— Ал эми Кара-Кулжа, Ысык-Ата,   Панфилов, Москва, Сокулук райондору жана Токмок шаары  48-100 сом өлчөмүндө 100% ата-энелердин эсебинен каржыланып жатат.

Учурда мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн анализдер жүргүзүлүп жатат. Балдардын тамак-аш менен камсыздоо чыгымдары күнүнө 3 жашка чейинки балдарга –85 сом, 3 жаштан жогоркуларга – күнүнө 95 сом туура келээри болжолдонууда.  Балдардын тамак ашка 100% төлөмү ишке ашса орто эсеп менен баланын балдар бакчасына барган күндөрүнө жараша айына 1600 сомдон 2000 сомго чейин каржылоо жүргүзүлөт.

Учурдагы абал: Мектепте билим берүү

  • Республика боюнча бардыгы болуп 2350 жалпы билим берүү уюмдары бар (бул өткөн жылга салыштырмалуу 17 жаңы мектепке көп), алардын ичинен: мамлекеттик – 2164, жеке – 186 мектеп. Мектептер 1 млн. 447 миң окуучуну 1-класстан 11-класска чейин камтыйт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 40 миң балага көп.
  • 2023-жылдын ичинде 100 миңден ашуун педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулаттык (бардык деңгээлдеги окуу жайлары боюнча).БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЗЫРКЫ АБАЛ ЖАНА РЕФОРМАЛАР

Айтсак:

— Дүйнөлүк банктын эсебинен 27 миң педагог квалификациясын жогорулатты.

— Республикалык квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында 26 миң педагог квалификациясын жогорулатышты.

— Билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулууда – 2225 мектеп директору Кыргызстанда жана 116 директор Татарстанда квалификациясын жогорулатышты (эффективдүү башкаруу, STEM, PISA боюнча).

  • КР Министрлер Кабинетинин мектеп директорлорунун жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарларынын эмгек акысын 50% жогорулатуу жөнүндө чечими кабыл алынды.
  • 2022-2023-жылдары конкурстук негизде 1084 мектеп директору дайындалган. Жакынкы аралыкта дагы 333 бош орун бар. Когнкурстан өткөрүлөт. Жоболор толукталывп, буйруктар жарыяланды.
  • Окуу китептери сапаттуу билим берүү чөйрөсүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
  • 2019-2023-жылдар аралыгында жалпы суммасы 352 миллион сомго 1 миллион 911 миң даана окуу китептери басылып чыккан.
  • Бүгүнкү күндө мектептерде 1 миллиард 128 миллион сомдук 4,5 миллион нуска окуу китептери жетишсиз.
  • 2023-жылы окуу-методикалык комплекстерди даярдоого жана сатып алууга республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен 5 миллион сому мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Брайл арибинде окуу китептерин басып чыгарууга багытталган. 10 млн. калат, бардыгы окуучуларга жетет.
  • Мектептердин окуу китептери менен камсыз болушу жана алардын сапаты боюнча ата-энелер коомчулугу тарабынан катуу терс реакция болуп жатканын көрүп жатабыз. Көйгөйгө жооп катары азыр окуу китептеринин мазмунуна, экспертизасына жана прокатка өзүнчө жооптуу болгон бытыранды структураларды бириктире турган «Окуу Китеби» басмаканасын түзүү сунушталууда. Басмакана окуу китептеринин жаңы стандарттарын иштеп чыгат. Бул авторлор менен түздөн-түз иштөөгө, сапаттуу окуу китептерин түзүүнү институтташтырууга, майда-чүйдө иштерди жоюуга, окуу китептерин иштеп чыгууда үзгүлтүксүздүктү камсыздоого жана «Учкун» басмаканасынан чыга турган китептерди системалуу басып чыгарууну жандандырууга мүмкүндүк берет.
  • «Учкун» ачык акционердик коому 700 миңден ашуун окуу китебин чыгарууну пландап жатат.
  • Эң белгилүү эл аралык окуу китептерин кыргыз тилине которуу менен алардын адаптациялоосу жүргүзүлөт. Ошондой эле окуу китептерин басып чыгаруунун эң мыкты эл аралык тажрыйбасы (Улуу Британия, Эстония, Россия ж.б.) пайдаланылат.
  • «Окуу Керемет» долбоору Министрликтин өнөктөшү катары мектептерге кыргыз тилиндеги көркөм жана балдар адабиятын жиберди. Китептерди 1065 мектеп жана 82 коомдук китепкана алды.

Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамынын 17-беренесин аткаруу алкагында Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү башкармалыгын түзүү.     Бул өтө начар жыйынтыктарды көрсөткөн мектептеги билим берүүнүн сапатына карата айтылган сынга жооп юолуп турат .

Окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин улуттук баалоо (НООДУнун) Ковидден кийин туушүп калабыз деп ойлогонбуз. 2021-жылдагы жыйынтыгы көрсөткөндөй, 4-8-класстын окуучуларынын окуу жана түшүнүү тапшырмаларын 50,8% артыкчылыктуу багыт болуп эсептелинет, мекен таануу боюнча 60,9%, математика боюнча 38,8% гана аткарышкан. Ковидден кийин туушүп калабыз деп ойлогонбуз.

Министрлик окуу предметтери боюнча электрондук контролдук иштерди жана тилдер боюнча электрондук контролдук диктанттарды киргизүүнү пландаштырабыз. Жасалма интеллект боюнча педагогикалык кесипке апробация киргизебиз.

Ошондой эле баалоонун жаңы формаларын киргизүү, мугалимдерди аттестациялоо жана көз карандысыз сертификациялоо, башкача айтканда мугалимдердин ишинин натыйжалуулугун санариптик баалоо менен алектенет. Бул ошондой эле билим берүүдө Улуттук кадрлар резервин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул билимдин системалуу түрдө кесилиши, ошондой эле балдардын окуу китептерин түшүнүп-түшүнбөгөнүн, мугалимдерге кандай квалификацияны жогорулатуу курстары керек экендигин жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун сапаты кандай экенин аныктоого мүмкүндүк берет. Муг.деңгээлин компетенциясын аныктоо үчүн жаңы сунушубуз.

Мугалимдердин жетишсиздигинин чыныгы абалын ар бир адам көрүшү үчүн “Мугалим-Вакант” порталын да түзөбүз. Ал эми мугалимдик кесипке кайтып келүүнү же окуу жайын алмаштырууну каалагандар бош орундардын агымын ээн-эркин көрө алышат. 4-5 студенттерди келүүгө мү Ошондой эле мектептерде сабак бере ала турган жогорку курстун студенттерине толук кандуу эмгек акы төлөө маселесин чечүү биздин пландарыбызда.

Мугалимдерди аттестациялоонун жаңы санариптик модели киргизилүүдө (адам факторунун катышуусуз). Бул жумуштан үзгүлтүксүз санариптик баалоо болот. финансалык мотивация мугалимдин өзүн-өзү окутуу жоопкерчилигин калыптандырат.

Ошондой эле мугалимдерге жардам берүү үчүн Инновациялык педагогикалык технологиялар борбору түзүлөт.

Инфраструктура

  • 3 жылдын ичинде 214 мектеп жаңы салынды.
  • Быйыл Кыргызстан боюнча 204 авариялык мектептин 100ү ишке берилет — 100 мектепке 7 млрд сом сарпталды.БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЗЫРКЫ АБАЛ ЖАНА РЕФОРМАЛАР
  • Быйылкы жылдын 22-ноябрына карата 72 мектеп жана 7 бала бакча пайдаланууга берилди.
  • Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен 9 кыргыз-орус мектебин (долбоордук кубаттуулугу 1224 окуучу орунга чейин) түзүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Биринчи этапта Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында жайгашкан жер тилкелеринде бассейни бар мектептердин курулушу башталды. Биринчи мектептер 2025-жылы окуучуларга эшигин ачышы керек. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров жана Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин катышуусунда сентябрь айында бул мектептердин курулушунун башталышына капсула салынды. Азыр курулуш боюнча техникалык тапшырмаларды макулдашуу процедурасы жүрүп жатат.
  • Кыргызстандын мектептери үчүн чоң көйгөй – табигый илимдер боюнча предметтик класстардын жана лабораториялардын жетишсиздиги. Бул АӨБнын 40 миллион АКШ долларын түзгөн долбоору аркылуу чечиле турган маселе болчу.
  • Долбоор, мектеп лабораторияларын STEM предметтери боюнча жабдууга, санариптик билим берүү платформасын өнүктүрүүгө жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга багытталыш керек болчу.
  • Мисалы, Дүйнөлүк банктын каражаты менен аймактарда 560 бала бакча курууга 18 миллион доллар, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга 4,5 миллион доллар, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин өз алдынча баалоого 3,5 миллион доллар бөлүп жатабыз.

Санариптештирүү

  • «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимге ылайык, өлкөдөгү 2350 мектептин ичинен 2145 мектеп же 91,2% Интернетке туташтырылган (1855 мектеп мамлекеттик/муниципалдык, 104 мектеп Бишкек ш. мамлекеттик/муниципалдык жана 186 мектеп жеке менчик). Бирдиктүү комиссия түздүк жандандыруу боюнча бирдиктүү ишмердүүлүк жүрүп датат. Бюджетке кошумча 50 миң ноутбукту балдарга мугалимдерге алып берүу үчүн.БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЗЫРКЫ АБАЛ ЖАНА РЕФОРМАЛАР
  • Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар түзүлдү. Мектептер 25000 компьютер, эмеректерди, сканерлерди, принтерлерди, көчүрмөлөрдү жана мультимедиалык класстарды алышты. Бул бардык негизги предметтерди окутууда математикага жана илимий жана табигый циклдин предметтерине өзгөчө көңүл буруу менен электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет. Депутаттардын суроо-талабы боюнча 90% компьютерлер мектептерге жөнөтүлдү сизджер белгимлеген мектептерге жөнөтүлдү.
  • Санариптештирүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында мектептерге жана кесиптик лицейлерге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2000 ноутбук алынды. Мектептерге жеткиреилди.
  • Мугалимдер үчүн адистештирилген ноутбуктарды алууну пландап жатабыз (алдын ала сатып алуу баасы 1 млрд 40 млн сом). КР БИМ алдында “Санариптик билим берүү борбору” Мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Башкаларга көз карандлы болбой Борборду түзүүнүн негизги максаты – окуунун натыйжалуулугун жогорулатуучу жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүчү санариптик инструменттерди жана платформаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле учурдагы маалыматтык системаларды өнүктүрүү жана техникалык колдоо.
  • Президенттик «Акылман» лицейи ачылды (Чолпон-Ата шаарында), ага сынак аркылуу 1500 баланын ичинен 75 окуучу тандалып алынган. Лжаңы муундагы инновациялык мектме болуп жсептелинет. лицейде окуу, жатакана жана тамак-аш мамлекеттин эсебинен камсыздалат. Лицей Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын толук карамагында болот. Лицей акыркы педагогикалык жана санариптик окутуу технологиялары үчүн аянтча болуп саналат.
  • Биздин пландарда — эң алдыңкы санариптик педагогикалык технологияларды тездетип киргизүү, эн маанилүүсү студенттик старптарды иштеп чыгуу. ата мекендик контентти иштеп чыгуу.
  • Ошондой эле маанилүү — конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн студенттик стартаптарды иштеп чыгуу. Мисалы, кыргыз тилиндеги мобилдик өнүктүрүүчү окуу колдонмолору. Толук база санариптештирүү реестри болушу керек. Биринчи иретте элекатрондук күндөлүк, системалар аркылуу ишке ашат. Мугалимдер, балдар тууралуу маалыматтар айкалышат. Мугалимдерге болгон жүк справкаларды алуу, формалдык отчетторду жоюу боюнча

Санариптик экосистеманы түзүү пландары

  • Азыркы учурда санариптик билим берүүнүн экосистемасынын архитектурасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Система бала бакчадан баштап колледжди, университетти аяктаганга жана жумушка орношконго чейинки адамдын толук жолун көзөмөлдөөгө жардам бериши керек.
  • Бул үчүн билим берүүнү санариптештирүүнүн базасы 3 негизги электрондук реестрди түзүү болушу керек: 1) бардык бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин, колледждердин жана жождордун окуучуларынын Бирдиктүү реестри, 2) мугалимдердин жана окутуучулардын Реестри, 3) бардык билим берүү уюмдарынын Реестри.
  • Бул реестрлерде маалыматтарды чогултуу: биринчиден, «Электрондук күндөлүк», «Мектепке электрондук кабыл алуу», «Кадрлардын резерв системасы» ж.б. сыяктуу тиркемелер жана системалар аркылуу ишке ашырылат. Экинчиден, буга чейин балдар жана мугалимдер тууралуу көптөгөн маалыматтарды чогулткан башка министрликтердин жана ведомстволордун маалымат базалары менен интеграциялоо аркылуу.
  • Билим берүүнү башкаруу процесстерин санариптештирүү мугалимдер азыр даярдап жаткан отчеттордун санын азайтат, коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат жана мониторинг иш-чараларына кеткен чыгымдарды азайтат.

Инклюзивдик билим берүү тармагында

  • Жекече окутуу пландары жана адаптациялык программалар боюнча окуган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар — 3,5% түзөт.
  • Коррекциялык класстар жана жекече формада окутуу — 2,0 миңге жакын бала камтылган.
  • Жыл сайын жалпы билим берүү уюмдарында окуган ДМЧ балдардын саны көбөйүүдө (2023-2024 окуу жылында — 6605);
  • Жождордун алдында 3 Инклюзивдик билим берүү лабораториясы ачылды
  • 20 пилоттук мектепте коштоо кызматы (54 бала камтылган)
  • Кыргыз Республикасында 2023-2026-жылдарга эрте кийлигишүүнү өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө үч тараптуу буйрукка кол коюлду
  • 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын июнуна чейин 56 жалпы билим берүүчү мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, директорлору жана социалдык педагогдору үчүн ДМЧ балдарды окутуу маселелери боюнча бирдиктүү окутуу курсу өткөрүлдү
  • 2023-жылдын июнь-август айлары мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелер үчүн окутуу курсу өткөрүлдү
  • Мугалим-логопед, атайын педагог (олиго, сурдо), атайын психолог үчүн кесиптик стандарттын долбоору иштелип чыкты (Арабаев атындагы КМУнун ОМБ тарабынан бекитилген).
  • 2021-2022-окуу жылынан тартып медициналык жана фармацевттик адистиктерден тышкары өлкөнүн жогорку окуу жайларына өтүүдө майыптуулугу бар адамдарды кабыл алуу үчүн төмөндөтүлдү: гранттык орундарга– 100 балл, контракт боюнча– 95 балл;
  • Жождорго кабыл алуу квотасы: — 2022-жылга чейин – жыл сайын 100 орун бөлүнгөн, — 2023 жылы — 288 орун бөлүндү.

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу:

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жалпы башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору
  • Кыргыз Республикасынын Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Инклюзивдик билим берүүнү уюштуруу жөнүндө жобонун долбоору
  • Психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо кызматы жөнүндө жобонун долбоору жалпы билим берүү уюмунда атайын билим берүү муктаждыктары бар окуучуларды коштоону уюштуруу жөнүндө жобонун долбоору

Мектептен тышкаркы билим берүү

  • Кыргыз Республикасынын аймагында 79795 (республикадагы окуучулардын жалпы санынын 7,8%ын түзөт) баланы камтыган 133 мектептен тышкаркы маданий-эстетикалык, табият таануу, экологиялык-натуралисттик, спорттук, инженердик-техникалык багытта кошумча билим берген уюмдары иш алып барат.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЗЫРКЫ АБАЛ ЖАНА РЕФОРМАЛАР

  • Өлкөдө мектептен тышкаркы билим берүү ийримдеринин жана студияларынын жалпы саны 1731, анын ичинен 675и жалпы билим берүү уюмдарында: музыкалык 422, көркөм сүрөт жана прикладдык искусство 452, окуу 311, спорт 103, экологиялык 113, техникалык 102, балдардын талабына ылайык ар кандай ийримдер 228 ишин алып барат.
  • Мындан тышкары жалпы билим берүү уюмдарында кошумча билим берүү ийримдери иш алып барат, алардын республика боюнча жалпы саны 19747 түзөт.
  • Жыл сайын 5 миңден ашуун балдар жана өспүрүмдөр Кыргызстандын атынан чет мамлекеттердеги эл аралык сынактарга жана фестивалдарга катышып, байгелердин, лауреаттардын ардактуу наамдарынын, дипломдордун ээлери болушат мүмкүнчүлүк, шарттар түзүлгөн.
  • Бүгүнкү күндө мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдерин саны 1876 адамды түзөт.
  • 2021-жылы республиканын жети облусунда “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен филиалдары ачылды. Учурда республиканын аймактарында 2000ден ашык окучу техникалык (программалоо, конструкторлоо, дизайн жана IT) багытта кошумча билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
  • 2022-жылы КР БИМ тарабынан “Кыргыз Республикасынын мектептен тышкаркы кошумча билим берүү системасында балдарга көркөм-эстетикалык тарбия берүүнүн концепциясы”, “Техникалык билим берүүнүн концепциясы”, Кыргыз Билим берүү академиясы менен биргеликте иштелип чыккан 19 багытта “Типтүү программалар” бекитилген, “Туулган жерим” туристтик өлкө таануу кыймылынын программасы 2017-жылдан бери ишке ашырылып келет.
  • Ошондой эле 2023-2026-жылдар аралыгында кошумча билим берүү программасы боюнча окуган 5 жаштан 18 жашка чейинки балдардын санын 30%га жогорулатуу, республиканын жогорку жана атайын орто билим берүү тутумунда мектептен тышкаркы кошумча билим берүү үчүн атайын адистерди даярдоону камсыздоо пландалууда. Жигердүү иштер пландалып жатат. 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер