Билим сапаты сабаттуу кадрларга байланыштуу

  • 07.02.2024
  • 0

KG Analytics интеллектуалдык фонду сурамжылоо жүргүзүп, орус тилдүү мектептерге караганда кыргыз тилдүү мектептерде окуган окуучулардын окуу, математика жана табият таануу боюнча функционалдык сабаттуулугу төмөн деген тыянакка келген. Бул мектеп окуучулары окуйт, жаза алат, санайт, бирок окуган маалыматтын маанисин түшүнбөйт жана алган билимин турмушта колдоно албайт дегенди билдирет.

Мамлекет тарабынан бардык мектептерге бирдей камкордук көрүлүп,  материалдык-техникалык базасы чыңдалып, компьютер, интернет менен камсыздалып, мугалимдердин эмгек акысынын жогорулаганына карабай окуучулардын билим деңгээлинин төмөн болуп жатканына эмне себеп деген суроо азыр коомчулуктун көңүл борборунда турат. Бул суроого жооп издөө максатында атайын адистерге кайрылып, пикирин билүүгө аракет кылдык.

Билим сапаты сабаттуу кадрларга байланыштууБилим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун жетектөөчү адиси Гүлнара Ибраимова бул багытта төмөндөгүлөргө токтолду.

“Менимче, бул маселени чечүү жаатында атайын максаттуу аналитикалык талдоолор жүргүзүлүшү зарыл деп ойлойм. Мындай талдоо иштери чачкын эмес, системдүү жүргүзүлүп, кеңири талдоого алынып, баа берилип, андан соң гана көйгөйлөрдү чечүү жолу каралышы керек. Ошол эле учурда  фонддор, долбоорлор гана эмес мамлекеттик деңгээлде максаттуу талдоого алынса, андан бетер жакшы болот. Отуз эки жылдык педагогикалык эмгек жолумда жалаң кыргыз класстары менен иштеп келген мугалим катары кыргыз класстарынын билим деңгээлинин төмөндүгү тууралуу айтылып келе жаткан көйгөй жүрөгүмдү оорутуп келет, бул багытта көп ойлонуп, көп толгоном,  суроо берип, жооп издейм. Албетте, мындай учурда буга ким күнөөлүү экендигин издейбиз. Мен бир жактуу пикир айтуудан алысмын, ошентсе да бул маселеге сергек кароого аракет кылам.

Окуучулардын билим сапатын жакшыртууга өбөлгө түзгөн негизги төрт маселеге токтолгум келет: сабаттуу кадрлар, натыйжалуу ыкмалар, сапаттуу китеп жана максатын так түшүнгөн ата-эне.

Эми ар бирине өзүнчө токтолуп көрөлү. Сапаттуу, сабаттуу кадрлар — мамлекетти түптөөнүн пайдубалы. Бүгүнкү күндүн мугалими кандай болушу керек, кандай сапаттарга ээ болот, эмнени билиши керек, дегеле заманбап, жаңычыл мугалимдин модели кандай болушу керек деген суроо ачык бойдон калууда. Ушунчалык тездик менен өнүгүп жаткан инновациялык технологиянын маалында окуучулардын билимге болгон муктаждыгын канааттандыруу барган сайын кыйындап, мугалимдер тынымсыз өз билимин өркүндөтүп туруу зарылдыгы жаралды, себеби мугалим баладан алда канча алдыда болбосо, баланы кызыктыруу кыйынга турары талашсыз нерсе”, — дейт адис.

Гүлнара Ибраимова окутуунун натыйжалуу ыкмаларына ээ болуу — көп жылдык мээнеттин, талыкпаган эмгектин, турмуштук тажрыйбалардын жыйынтыгы. Ар бир мугалимдин алдында эмнени окутуп жатам, эмне үчүн окутуп жатам, кантип окутуп жатам деген суроо туулуп, жооп издөөнүн үстүндө болбосо, теория менен чектелүү окуучуну туңгуюкка алып барары шексиз деп эсептейт.

Адистин айтымында, мына ушул жерге келгенде окутуу орус тилинде жана окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин билим сапаты тууралуу сөз кылбай коюуга мүмкүн эмес. Кадрларды даярдоодо методология үйрөтүү бир башка, ал эми конкреттүү бир сабактын мисалында түшүндүрүүнүн ыкмалары көз жаздымда калып жаткандыгы жашыруун эмес. Орус класстарынын билим сапатынын артыкчылыктуулугунун бирден-бир себеби, химия, биология, физика, башталгыч класс, чет тилдерин окутуу жаатында интернет түйүндөрүнөн каалагандай аудио, видеоматериалдарды табуу мүмкүнчүлүгү кеңири, андыктан Кыргызстандын орус класстарында иштеген мугалимдер өз сабактарында кошумча материал катары чыгармачылык менен пайдаланып келишет. Тилекке каршы, кыргыз класстарынын мугалимдеринин бул жерде мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Окуу китептери – окуучу менен мугалимдин ортосундагы көпүрө

“Окуу китептери окуучулар менен мугалимдердин ортосунда билим берүү көпүрөсүнүн милдетин аткарат. Албетте, азыркы кыргыз окуу китептери жаңыланууну, сапатын жакшыртууну талап кылат. Китеп жазууда илимий чөйрө эмес, окуучулар үчүн жазып жаткандыгыбызды унутпашыбыз керек, тилекке каршы, айрыкча кыргыз тилиндеги айрым  окуу куралдары түшүнүүгө татаалдыгы, айрым учурда сабатсыз которулгандыгы жана окуучу үчүн түшүнүксүз жазылгандыгы менен айырмаланып келет.

Балдарга жогорку сапаттагы билим берүүдө бири-биринен ажырагыс үч бөлүк бар: бул — бала, мектеп, ата-эне. Ушул үч ажырагыс бөлүктүн бири эле өз милдетин аткарбаган учурда жогорку сапаттуу билимге ээ болуу мүмкүн эмес. Балага улуттук баалуулуктарды сиңирүү, тилин, маданиятын кан жанына сиңирүү ата-эненин айныксыз милдети, бул милдетти мамлекет толугу менен алмаштыра албай тургандыгын түшүнүшүбүз керек”, — дейт адис.

Гүлнара Ибраимова бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүүнүн сапатын арттыруу, анын натыйжалуу, приоритеттүү багыттарын аныктоо жана аны ишке ашыруу жаатында бир катар алгылыктуу аракеттер жасалып жатканын айтып,  “Издеген табат” демекчи, ар бир мугалим сабакка чыгармачылык менен мамиле жасап, балдарга теориялык билимдин жыйындысын эмес, турмушуна кереги тие турган баалуулуктарды берүү мезгил талабы экенин эске салды.

Жайкын билим берүүнүн курмандыктары

Билим сапаты сабаттуу кадрларга байланыштууБилим деңгээлинин төмөндүгү кайсы бир деңгээлде 90-жылдардагы турмуш шарттын оорлошконуна, баалуулуктардын өзгөрүүсүнө барып такалат. Ал учур адамды кыйла деңгээлде сынады. Мындай пикирин педагог, Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери, профессор Сулайман Рысбаев билдирип, көздөгөн максаттар өзгөрүп, илим менен таба турган нерсе акча менен алмашып, маселелер кызмат, тааныш аркылуу чечилип калган мезгилде билим артка сүрүлүп калганын айтат.

“Мектептерде кайсы багытта тарбиялоо керек деген мамлекеттик деңгээлдеги идеология аксады. Ошол мамлекеттик идеологиянын жоктугу мектептеги билим берүү буудайы жок эле сууга айлана берген тегирмендей болуп калды. Билими жок эле акча таап оокат кылса болорун, билими жок эле диплом алып коёлу, кийин кереги тиет деген куру үмүттүн натыйжасы билимсиздикке алып келди. Нарксыздык, тарбиясыздык, билимсиздик, рухсуздук баары биригип учурдагы коомду оорулуу кылды. Патриоттук сезим жоголуп, мекенге кызмат кылуу деген ой да болбой, жеке кызыкчылык адамдарды азгырып турган маалда жашап жатабыз. Мунун баары адамдын аң-сезимине сиңип калды дегенибиз менен, жашоо өзгөрүп жатат да. Азыр коом муну түшүнүп калды. Билимге басым жасаган жаштар көбөйдү. Билим менен гана адам өзгөрөрүн, өзгөргөн билимдүү адам коомду өзгөртөрүн эл түшүндү”, – дейт окумуштуу.

Профессор жаштардын билимсиздигинин дагы бир себебин методика менен байланыштырат. Укканын кайталап айтып берүү менен чектелген бала өз алдынча иштөө, сынчыл ой жүгүртүү эмне экенин билбей чоңоёт.

“Мугалимдер мына ушул технология менен билим берүүнү талкалап жатат, мен муну жайкын билим берүү деп атагам. Биз балдарды мындай метод менен окуткандан алыс болушубуз зарыл. Эскиден бери колдонулуп келаткан методиканы тикелей билим берүү, заманбап технология, билим берүүнүн башка жолдорун таап үйрөтүүгө басым жасашыбыз керек”, – дейт С. Рысбаев.

Аралыкта окутуунун айынан аксап жатабызбы?

Билим сапаты сабаттуу кадрларга байланыштууИ. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун улук окутуучусу Назгүл Масалиева да окутуу методикасына көңүл буруу керек деген пикирде. Себеби студент ЖОЖдо алган теориялык билимди мектепте кантип окутарын методика жана лабораториялык сабактарынан үйрөнүшү зарыл.

“Университетте беш жылдык окуу формасында методика боюнча сааттардын көлөмү көп болчу. Ошондой эле лабораториялык сабактар да бар эле. Азыр бакалаврга өткөндөн бери методикадан сабактар кыскартылып, лабораториялык иш жок. Лабораториялык сабакта ар бир студент кыргыз тилинен, адабияттан өзүнчө сабак өтүп, аудитория менен иштегенди үйрөнчү. Азыр методикага бөлүнгөн сааттар аз болгондугуна байланыштуу студенттер сабак өткөнгө жетишпейт. Анткени саат аз.  Студент практикага чейин сабактын планын жазганды үйрөнүп, имитациялык сабактарды өтүп, андан кийин практикага барса туура болмок. Ал үчүн биз кыргыз тили жана адабияты боюнча методика сааттарын көбөйтүп, лабораториялык сабакты кайра окуу планына киргизишибиз керек”, – деп эсептейт педагог.

Бул окутуучу билим берүү сапатынын начардыгынын дагы бир себебин университеттердеги дистанттык түрдө окуган студенттердин сабак окубагандыгынан көрөт.

– Өмүрүндө бир да жолу сабакка кирбеген, теориялык да, практикалык да билими жок студент дипломдуу адис болуп мектепке барып иштеп жатат. Ал кантип сабак берет? Мына ушундай “мугалимдердин” айынан окуучулардын билим деңгээли төмөн болуп, мыкты, дарамети бийик мугалимдерге көлөкө түшүп жатат, –  дейт ал.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер