БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА УЛУТТУК КООПСУЗДУК

  • 18.05.2022
  • 0

Жогорку Кеңештин  депутаты Балбак Түлөбаевдин төрагалыгы менен өткөн “Билим берүү жана улуттук коопсуздук” аталышындагы тегерек үстөлгө Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү жаатындагы эмгектенген адистер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамды талкуулоодо тармакка тиешелүү маселелер көтөрүлүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган сунуштар айтылды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА УЛУТТУК КООПСУЗДУК

Өлкөнүн келечеги – жаштардын колунда

“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамды иштеп чыгуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу менен жумушчу топ түзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде жумушчу топ  биринчи жыйын өткөрүп, атайын резолюция кабыл алган эле. “Билим берүү жана улуттук коопсуздук” деп аталганынын себеби дагы жөн жеринен  чыкпаганын топтун жетекчиси, экс-депутат А.Нурбаев белгилеп өттү.

— Азыркы убакта өлкөнүн келечеги жаштардын колунда. Жаштарга кандай билим берилип жатса, дүйнөдө өлкөнүн орду дагы ошого карата болот. Бул абдан маанилүү. Алты айдан бери чогуу иштеп, мыйзамды талкуулап, жакшы бир жыйынтыкка келип жатат. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам 20-25 жыл мурда кабыл алынган. Заман өзгөрүп, жаңы чакырыктар, ааламдашуу процесси жүрүп жатат, ал эми биздин мыйзам артта калган. Бул мыйзамга жаңы түшүнүктөрдү киргизип алсак, коомдун алдыга жылышына салым болот, — деди топ башчы.

Андан соң, ЖКнын депутаты Б.Түлөбаев мыйзамды кабыл алуудан мурда элдин, коомдун пикирин угуу, мыйзамда орун алган кемчиликтерди оңдоп, аны адаптациялоо керек экенин баса белгиледи. Андан соң, Садыр Жапаровдун “КРнын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун, эл аралык рейтинги боюнча жогорку окуу жайлардын алдыңкы 100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет элдик университеттерде билим алгандарга 50 миң доллар стипендия төлөнүп берилерин айтты.  Ошондой эле билим берүүгө Өкмөт көңүл буруп жатканда,  жакшы нерселерди колдоо керек экендигин билдирди.

Сабаттуу билим алуу

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбековдун айтымында,  улуттук коопсуздук – инсандын, коомдун, мамлекеттин, эң негизгиси турмуштун маанилүү кызыкчылыктары.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА УЛУТТУК КООПСУЗДУК

— Ички жана тышкы коопсуздуктун ичинде  өтө маанилүү — сабаттуу билим алуу болуп эсептелинет. Адамдык фактор – коомдук өнүгүүнүн башкы фактору катары кабыл алынат. Улуттук коопсуздук дегенде — билим берүү системабыз жарандык коомго коңгуроо. Маселен, 2021-жылы 178 миң бала төрөлдү, демография өсүп жатат. Улуттук коопсуздук деген ушул —  бала бакчадан баштап мектепке чейин барбаган балдардын саны көп. Бүгүнкү күнү мектепке барган 138 миң баланы ала турган болсок, анын ичинен 8-9,5 миң бала ар кандай себептер менен барбайт. 1-4-класстагы балдардын 93% мектепке барат. Ал эми мектепте класстар жогорулаган сайын балдардын катышуусу дагы азайып, мектептен кача баштайт. Бул мектептеги психологиялык абалга байланыштуу. Ал эми  5-9-класста балдардын мектепке барбаганы — 20% түзөт. Эң негизги коркунуч — 9-класска келгенде балдардын 40-45% мектептен чыгып кетет. Анын айрымдары башталгыч кесиптик билим берүүгө (15%) же орто кесиптик билим берүү окуу жайларына (30-35%) өтүп кетишет. Болжолдуу мектепти болгону 47 миң бала бүтүп жатат. Жогорку окуу жайда деле ошондой абал. 1-2-курска келгенде эле балдар окууну таштап кетип жатышат. Толук билим албагандан кийин балдар ар кандай жумуштарга орношуп,  кул болуп, эң аз акы төлөгөн жумуштарда иштеп жатышканы коомчулукка маалым. Билимдүүлүк – адамдык капиталдын эң негизги фактору. Эң негизи – улуттук коопсуздугубузга дүйнөлүк рынок кирип жатат. Балдар Россия, Казакстанга жумуш издеп чыгып, эң аз акчага иштеп жатышат. Эң маанилүү дагы айта турган нерсе – PISAнын жыйынтыгы. Ага катышкан окуучулардын 80% окуйт, бирок түшүнбөйт. Мектептеги билим берүү учурдагы талапка жооп бербей жатат, — деди А.Жоодонбеков.

KG Analytics интеллектуалдык фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү Гульнара Каликова эксперт Асылбек Жоодонбековдун айткандарына кошулаарын, билим берүүнүн деңгээли күндөн күнгө төмөндөп жатканына токтолду.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА УЛУТТУК КООПСУЗДУК

—   Билим берүү — өлкөнүн коопсуздугуна аябай таасирин тийгизет. Мисалы, 40-50 миң бала мектепти таштап жатышат.  70% бөбөктөр бала бакчага барышпайт. Мектепти аяктап эле балдар базар экономикасына сүңгүп кире баштады. Инфраструктурага келсек, мектептер аз салынып, авария абалындагы мектеп көп. Окутуудагы көп маселелер бар. Менимче, бала бакча ачууда лицензияны алып салуу керек. Жакынкы коңшу Казакстанда  лицензия берүүнү эбак эле токтотушкан. Азыр деле кеч эмес. Жеке менчик мектептерди ачуу дагы татаал. Талаптары өтө эле көп. Билим берүүгө абдан чоң каражат каралат, алсак, 2003-жылы 3 млрд., 2010-жылы 9 млрд, 2016-жылы 21 млрд., ал эми өткөн жылы 48 млрд. сом каралды. Менимче, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алып, биз дагы ваучер системасын киргизишибиз керек. Ошондо ар бир бала өзү каалаган мектепке бөлүнгөн каражаты менен бара алат, — деди Г.Каликова.

Улуттук коопсуздук – мугалимге байланыштуу

Талкуу учурунда жарандык коомдон келгендер ден соолугу чектелген балдарды жетим балдардан сырткары өзүнчө кароо керек экенин сунушташты.

— Эгерде ваучер системасы кирип калса ден соолугу чектелген балдарга 3-4 эсе жогору каражат бөлүнүшү керек. Бул балдар канчалык билим алып,  өнүксө Өкмөткө залакасын тийгизбей, кадимкидей салык төлөп, жашап калмак. Ушул маселени мыйзамда жакшылап карап, киргизүүнү сунуштайм.  Дагы бир маселе, ушул балдар ЖРТга ден соолугу таза балдар менен бирге киришет. Талап баарына бирдей. Бирок бул балдардын айрымдары бат жазалбайт, уялчаак, тартынчаак болушат. Жай жазгандыктан ойлору  кагазга толук түшпөй калат. Былтыр жогорку окуу жайга өтүүдөгү босо баллды он баллга түшүргөндө 25 ден соолугунан чектелген балдар  студент болушту, — деди жарандык коомдон келген өкүл.

Ошондой эле улуттук коопсуздук – мугалимге байланыштуу экени да айтылды. Анткени эң начар окуган балдар ЖРТдан төмөн балл алып, эптеп эле жогорку окуу жайга өтүүнү көздөгөндөр сабатсыз мугалимдердин санын көбөйтүп жатканын белгилешти. Ошондой эле өкмөт ЖОЖду бүткөндөн кийин “Жаш мугалимдин депозити” программасына катышкандарга 80 миң сом берип жатканы да жаштарды кызыктыраары айтылды. Ал үчүн чет өлкөлөрдөй мугалимдик орунга сынак аркылуу кабыл алып, алардын айлыктарын эң аз дегенде 50 миң сомго жогорулатуу керек экенин  баса белгилешти. Ошондой эле мугалимдердин аброюн көтөрүү үчүн аларды салыктан бошотуп, социалдык пакеттерди берүү, кезеги менен турак жайга жер тилкесин же батир берүүнү кароо керек дешти талкууга катышып жаткандар.

Мындан сырткары, талкуу учурунда жумушчу топтун мүчөлөрү “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам Баш мыйзамдан кийинки эле маанилүү документ экенин, өлкөнүн коопсуздугу адамдын билимине көз каранды экенине дагы бир жолу токтолушту. Кыргызстанда бир адамдын өндүрүмдүүлүгү башка өлкөлөргө караганда үч эсе аз экенин, 670 мектептин жетишсиздигин дагы айтышты. Бул маселени чечүүнүн эки жолу бар экен. Биринчиси — Кыргызстандагы ишкерлерди жана сырткы инвесторлорду тартуу, экинчиси — ваучер системасын киргизүү.

Ар бир бала татыктуу билим алышы зарыл

Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиев бул жаатта эл аралык тажрыйбаларды да карап көрүү зарылчылыгын белгиледи.

—  Ар бир бала татыктуу билим алышы керек. Андыктан тармактагы бюрократиялык мүчүлүштүктөрдү жоюп, билим берүүнү сапатын көтөрүү учур талабы, – деди.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев Улуу Британия мамлекети 1997-98-жылдардан тарта билим берүү тармагына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибин киргизгенин эске салды.

— Бизге да ушул өңдүү жаңы ыкмаларды жайылтуу керек. “Ынтымак” парламенттик фракциясы бардык сунуштарды угуу менен биргелешип иш алып барууга даяр, – деп кошумчалады.

Ошондой эле депутат Ырысбек Атажанов айыл жана шаар мектептери ортосунда айырмачылык өтө арбын экенин мисал кылып: “Алыскы райондордогу түзүлгөн окуу шарттары окуучулардын заманбап билим алуусу үчүн жетишсиз. Андыктан алгылыктуу аракет кылып, сапатты көтөрүүгө багытталган реформаларды ишке ашыруубуз кажет”, – деди.

Окурмандардын эсине салып койсок, Билим берүү жана илим министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын негизги максаты – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн жана экономикалык өсүшүн, адам ресурсунун коомдук өзгөрүүлөргө ылайык өркүндөшүн жана инсандын билимге болгон талабын канааттандырууну шарттаган эффективдүү билим берүү системасын түзүүнү көздөйт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер