БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫ

  • 01.07.2024
  • 0

1-3-июлда Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү боюнча стратегиялык пландары талкууланууда.  

Учурдагы абал 

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫ

12 жылдык мектептик билим берүүнүн концепциясы жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча иш-аракеттер планы боюнча Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти Н. Дүйшеева презентация жасады. Ал билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мектептик билим берүү системасын трансформациялоо жана стратегиялык жаңыртуу зарылдыгына ылайык багытталган жаңы ыкмаларды жана усулдарды талкуулоо жана макулдашуу максатында, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу – учурдун талабы экенине токтолду.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫ

— Мектептик жана мектепке чейинки билим берүү менен камтууга көз чаптырып көрөлү. Кыргыз Республикасы орто билим берүү менен тиешелүү курактагы балдарды камтуунун 93,5% камсыз кылат. 2023/2024-окуу жылынын башталышына карата 1-класстан 11-класска чейин (даярдоо классын кошкондо) 1, 491 млн. окуучу 2377 мектепте (алардын ичинен: мамлекеттик — 2173, менчик — 204 мектеп) окушкан, бул 2022/2023-окуу жылына караганда 43 миң балага көп. Пландаштырылган 12 жылдык билим берүүгө өтүү мектеп окуучуларынын санынын уланып жаткан жана көрүнүктүү өсүшү менен дал келет – 2020-жылы 1,35 миллиондон 2029-жылы 1,67 миллионго чейин.

Бала бакчаларга 233,9 миң бала барат, бул 28,3%ды түзөт. 2023/2024 – окуу жылынын башталышына карата 86,6 миң бала мектепке чейинки даярдоо менен камтылган (жалпы билим берүү уюмдарында 72,9 жана МЧБУда 13,6 миң) (КР УСКнын маалыматтары), бул процесске тартылбаган балдардын саны — 35,6 миң баланы түзөт.

Алты жаштагы балдарды “Наристе” программасы менен толук камтууну камсыз кылуу үчүн 61 293 бала үчүн 2452 классты ачуу жана мугалимдерге 15 сааттык окуу жумалык жүктөмдү кошуу зарыл. Кошумча класстардын мугалимдерине эмгек акы төлөө үчүн жылына 731,7 млн. сом керек (2024-жылдын 4 айына  жана 2025-жылдын 8 айына), — деди Н.Дүйшеева.

Кадрлар менен камсыз болуу

Балдардын санынын олуттуу өсүшүнө байланыштуу 2020-жылдан 2024-жылга чейин -мектепке чейинки билим берүү системасында 8 301ден 10 426га чейин жана мектептик билим берүү системасында 82 055тен 93 531ге чейин педагогдордун саны өсүүдө. 2022-жылы мугалимдин социалдык статусун жогорулатуу боюнча көрүлгөн аракеттер мугалимдердин жетишсиздигин үч эсеге кыскартууга мүмкүндүк берди жана 2023-2024-окуу жылынын башына карата 720 адамды түздү.

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө башталгыч билим берүү системасына гана бир учурда кошумча 3,8 миң мугалим талап кылынат, жыл сайын дагы 300гө жакын адамга көбөйөт.

Инфраструктура

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө, өзгөчө ири шаарларда инфраструктура боюнча бир катар маселелер жаралат. Даярдоо жылында эле билим берүү системасына кошумча 35-40 миңге чейин бала келет, андан ары жыл сайын окуучулардын санынын өсүүсү 10 миң адамга жетиши мүмкүн. 6 жаштагы балдарды 100% камтуу үчүн долбоордук кубаттуулугу 500 окуучулук орун болгон кошумча 168 мектеп, башталгыч класстарда ысык тамак берүү маселелерин чечүү талап кылынат. Мектептердин ашыкча толуп кетүүсү, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле 2-3 кезмет менен иштеп жаткан райондук борборлордогу мектептердин ашыкча толуп кетүүсү коркунучу бар.

Учурда мектептер ар бир облус жана район боюнча үч жылдык демографиялык божомолдорду эске алуу менен картага түшүрүлүүдө. Анткени, алынган маалыматтардын негизинде каржылоо булактарын көрсөтүү менен жаңы мектептерди/мектептерге кошумча курулуштарды куруу планы иштелип чыгат. Бул планды аткаруу 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү болуп саналат.

1-класстарды жабдуу үчүн 6800 класс комплект эмерек жана 5 568 жогорку класс үчүн окуу жабдуулары менен камсыз кылуу талап кылынат.

Санариптик инфраструктура

2023/2024-окуу жылында мектептерди интернет менен камсыздоо 95,5%ды түздү (2 269 мектеп интернетке кошулду (анын ичинен 2085 мамлекеттик мектеп), 2024-жылы дагы 189 мамлекеттик мектеп кошулат). 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мектептердин 100%ын сабак берүү ишинде колдонуу үчүн жетишерлик туруктуу жогорку ылдамдыктагы Интернет менен камсыз кылуу, мектептерди лабораториялар (анын ичинде виртуалдык) жана мугалимге мамлекеттик билим берүү стандарттарында талап кылынган билим берүү натыйжаларына жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү башка дидактикалык каражаттар менен камсыздоо зарыл.

2017-2019-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында КР БИМдин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту сервердик система, компьютердик класстар, электрондук билим берүү ресурстары, синхрондуу (бир эле учурда 10 миң угуучуну камтуу менен) жана асинхрондуу формада онлайн окутуу үчүн санариптик окутуу платформасы, табигый-илимий жана математикалык предметтер боюнча мугалимдер үчүн лабораториялык жабдуулар менен жабдылган, 2022-2023-жылдары Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында жогорку технологиялык жабдуулардын жана программалык камсыздоонун жардамы менен кесипкөй деңгээлдеги видео контентти (видео сабактарды) түзүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап видеостудия түзүлгөн.

Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 2022-2023-окуу жылында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар жана 8 педагогикалык колледж түзүлгөн. Мектептерге эмерек менен жабдылган 25 миң компьютер, сканерлер, принтерлер, көчүрүүчү модулдар берилди, мультимедиялык класстар жабдылды. Мектептерге компьютердик техниканын жеткирилишин эске алуу менен заманбап системалык талаптарга жооп берген 1 компьютерге туура келген окуучулардын саны 12/1 деңгээлине жеткирилген (2020-жылда 27/1 салыштырмалуу). АӨБдүн колдоосу менен санариптик билим берүү платформасын иштеп чыгуу пландаштырылган. Окутууда маалыматтык технологияларды колдонуу үчүн шарттар түзүлүүдө, электрондук китепкана өнүгүүдө жана окутуучу материалдар, биринчи кезекте – мамлекеттик тилде түзүлүүдө.

“Ар бир мугалим үчүн жеке ноутбук” — “Санарип сандык”/ “Санарип кампа” долбоордук программасы иштелип чыгууда, бул мугалимге санариптик чөйрөдө иштөөгө мүмкүндүк берет.

Окуу материалдары менен камсыз кылуу

2019-2023-жылдар аралыгында жалпы суммасы 378,6 миллион сомго 2 миллион 75 миң окуу китеби басылып чыккан. 2023-жылы окуу-методикалык комплекстерди даярдоого жана сатып алууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинен 5 миллион сом мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Брайл шрифти менен окуу китептерин басып чыгарууга багытталган.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫБИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫ

2024-жылы Кыргызстандын мектептери үчүн STEM мамиленин негизинде мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен табигый-илимий циклдин предметтери боюнча мыкты чет элдик (Оксфорд, Кэмбридж, Маршалл Кавендиш ж.б.) окуу китептерин адаптациялоо иши башталды.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫБИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫ

12 жылдык мектепти жаңыланган мазмун менен камсыз кылуу үчүн 8,7 миллиард сомго 17,4 миллион окуу китебин (1 окуучуга 12 окуу китеби) 100 пайыз  алмаштыруу керек. Окуу китептерин, эксперттик, ата-энелер жана мугалимдер коомчулугунун пикирлерин талдоо алардын мазмунунун мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келбегендигин, компетенттүүлүк мамилеге ылайык келбегендигин көрсөтүп турат, билим берүү максаттарын билүү менен коюу көпчүлүк учурда үстөмдүк кылат, операциялык максаттардын жоктугу, окуу китептеринде жана жумушчу дептерлерде компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар системасынын жоктугу, окуу китептеринин тексттери теорияланган, ашыкча академиялык мүнөздө, илимий мүнөзү басымдуулук кылат, татаал синтаксис, билимдин негизинде милдеттердин конструктору, практикага багытталган тапшырмалар минималдаштырылган жана критикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү калыптандырууга, ошондой эле турмуштук кырдаалдык маселелерди чечүүгө багытталган эмес. Лабораториялык иштер көйгөйлүү маселелерди чечүү жана өз алдынча изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылбастан, эмнени жана кантип аткаруу керек экенин белгилөө менен алдын ала алгоритмдештирилген. Сүрөттөр/иллюстрациялар көбүрөөк деңгээлде констатациялоочу-демонстрациялоочу функцияны аткарат, б.а. бул айрым түшүнүктөрдүн мазмунунун проекциясы. Илимпоздордун сүрөттөрү, алардын кыска өмүр баяны, туулган жана өлгөн даталары, суроолору илимпоздордун өлгөн күнүн (жылын) аныктоого багытталган тесттер менен ашыкча толтурулушу. Бирок, дүйнөдөгү эң мыкты 10 билим берүү системасынын курамына кирген ийгиликтүү билим берүү системаларынын окуу китептери стандарттарда белгиленген керектөөлөргө, мугалимдердин жана окуучулардын керектөөлөрүнө ылайыктуулугун көрсөтөт, аларда дисциплиналар аралык байланыштар, реалдуу турмуштук кырдаалдарды моделдөөчү мазмун, окуу процессине стимул жана түрткү берүүчү мазмун бар.

Билим берүүнүн сапаты

2021-жылы 4- жана 8-класстарда ОЖУБдун изилдөөсү окуучулардын көпчүлүк бөлүгү мектептин башталгыч да, орто да баскычтарында окутуунун натыйжасы боюнча окуу жана түшүнүү, математика жана табигый илимдер боюнча сабаттуулугу төмөн көрсөткүчтөргө ээ экендигин көрсөттү. 2017-жылыдагы ОЖУБдун өлчөөлөрүнө салыштырмалуу 8 башталгыч класста Мекен таануу (азыркы учурда — “Мен жана дүйнө”) интеграцияланган предмети аркылуу калыптануучу табигый илимий сабаттуулугу, окуу, түшүнүү жана математикалык сабаттуулук боюнча оң динамика белгиленген.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫБИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫ

4-класста — окуу жана түшүнүү боюнча натыйжалардын дээрлик жарымы (49,2%) жана математика боюнча 60%дан ашыгы алгылыктуу (базалык) деңгээлден төмөн бойдон калууда; Мекен таануу боюнча окуучулардын 60%га жакыны натыйжаларды базалык жана андан жогору деңгээлде көрсөтүшкөн.

8-класстарда — окуучулардын 61% окуу жана түшүнүү боюнча жетишкендиктерди базалык жана андан жогору деңгээлде көрсөтүштү; окуучулардын дээрлик 53% математика боюнча базалык деңгээлге жетпейт; окуучулардын үчтөн экиси табигый-илимий сабаттуулук боюнча базалык деңгээлге жетпейт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) натыйжалары да кооптондурат, ал жогорку окуу жайда окууга жөндөмдүү жана мотивацияланган мектеп бүтүрүүчүлөрүн тандоонун куралы болуп саналат. ЖРТнын 2022-жылдагы жана 2023-жылдагы орточо баллы жөнүндө маалыматтарды талдоо  абитуриенттердин 31% орточо алганда негизги тест боюнча босого баллдан (110 балл) төмөн жыйынтык көрсөтүшөрүн көрсөтүүдө. Өлкөнүн 4 областында  мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн 40-50% босого баллдан төмөн балл алышкан (Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Ош областтары). Райондордун саны өстү (9дан 15ке чейин), акыркы үч жылда ЖРТнын төмөн көрсөткүчтөрү 50%дан ашты.

Бир нече жыл ичиндеги предметтик тестирлөөнүн жыйынтыктарын талдоо табигый-математикалык багыттагы (STEM): математика, физика, химия жана биология предметтери боюнча эң төмөнкү жыйынтыктар белгиленгендигин көрсөтөт.

Башкаруу

Билим берүүнү башкаруу системасын жаңылоо 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп саналат. Билим берүүнү башкаруу системасындагы негизги көйгөйлөр болуп башкаруу түзүмдөрүнүн өздөрүнүн тең салмактуулугунун жоктугу; борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде алардын ишине функциялык талдоонун жоктугу; өнүктүрүү пландарын түзүүдө жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда региондун керектөөлөрүн начар эсепке алуу; санариптик башкаруунун жетишсиз деңгээли; мамлекеттик билим берүү стандартында (репродуктивдик, өнүмдүүлүк, креативдүүлүк) баяндалган 3-деңгээлдеги проекцияда жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын жетишкендиктеринин (негизги компетенцияларынын) мониторинг процесстеринин жана динамикасынын жоктугу; мектептик жалпы билим берүүнүн предметтик стандарттарында көрсөтүлгөн билим берүү натыйжаларына жетишүүнүн жана калыптануусунун деңгээлин аныктоо үчүн үзгүлтүксүз текшерүүлөрдүн жоктугу.

Кырдаалды жакшыртуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун маанилүү багыттарын ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында 2024-жылы “Окуу китеби” басма үйү түзүлгөн, ал ОМКны логистикасы, адаптациялоону жетектөө, түзүүгө жана долбоорлоого, басып чыгарууга байланыштуу маселелердин жалпы топтомуна жооп берет.

Ошентип, абалды талдоо 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында билим берүү системасын түзүмдүк жана мазмундук жактан кайра түзүү зарылдыгын көрсөтүп турат, анын негизги аспектилери төмөнкүлөр:

—  жаңы билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, дүйнөлүк эл аралык практикага жана функционалдык сабаттуулукту (окуу, математикалык жана табигый илимдер), санариптик, финансылык жана салыктык сабаттуулукту, XXI кылымдын көндүмдөрүн калыптандырууга басым жасоо менен окуучулардын жетишкендиктерин мониторингдик изилдөөлөрдүн маалыматтарын талдоого негизделген окуу пландарын жана программаларын киргизүү жана адаптациялоо;

—  жаңы ОМКларды киргизүү;

—  билим берүү стандарттарынын жаңы суроо-талаптарына, мамлекеттин жана коомдун талаптарына ылайык келген педагогикалык кадрларды окутуу жана кайра даярдоо;

—  12 жылдык мектептик билим берүүгө натыйжалуу өтүү үчүн тиешелүү билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу максатында билим берүү уюмдарын инфраструктуралык өзгөртүү жана материалдык-техникалык жабдуу.

Концепция — негизги документ

Кыргыз Республикасынын он эки жылдык мектептик билим берүү концепциясынын долбоорун түзүлгөн жумушчу топ эки ай бою тынымсыз иштеп, акыркы вариантын министрликтин коллегиясына алып чыгып, бир добуштан ал жактырылып, Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтүлмөк болду. Буга чейин жумушчу топтун иштери тууралуу байма-бай гезитибизде жарыялап турдук. Бул жолу форумдун катышуучулары  12 жылдыкка өтүү долбоорунун акыркы варианты менен таанышты.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫБИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУН ЗАМАНБАП СТРАТЕГИЯЛАРЫ

— Бул Концепция Кыргыз Республикасынын Конституциясына (46-берене), Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, ошондой эле 2021-2040-жылдары билим берүүнү өнүктүрүү программасына жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына ылайык иштелип чыккан. Бүткүл дүйнө жүзү билим берүүнүн жаңы моделин/моделдерин издөөдө. Ошол эле учурда, билим берүү экономикалык тартипти индустриялаштыруу башталгандан бери концептуалдык жактан жаңыланган жок. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн жаңы   түзүмүнүн калыптанышынын жана мазмунун жаңылоонун контексти болуп бир катар глобалдык тренддер саналат. Алар: глобалдык технологиялык өзгөрүүлөр өнөр жай, экономика жана коомдогу өзгөрүүлөрдүн тездешин шарттайт. Глобалдык рыноктордун жана башкаруу системаларынын татаалдыгынын өсүшү жана жаңы тармактарды, кластерлерди жана иштин жана кооперациянын башка формаларын түзүүнүн эсебинен улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жаңы булактарын издөө жүрүп жатат. Экинчи — эмгек рыногу динамикалуу түрдө трансформацияланууда. Өндүрүштө жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө салттуу кесиптердин 70 пайызына чейини жасалма интеллект, роботтор, автоматташтырылган логистикалык системалар ж.б. киргизилгендигине байланыштуу 2035-жылга карата алмаштырылышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө түшүнүк калыптана элек билимди жана көндүмдөрдү талап кылган жаңы кесиптер пайда болот. Бул өмүр бою билим алууну түзүү зарылдыгын жаратат, анын түзүүчүсү болуп мектеп да, кошумча билим берүү түзүмдөрү да саналат, — дейт Н.Дүйшеева.

Мындан сырткары, санариптик инструменттердин өнүгүшү, маалыматка жана билим берүү ресурстарына кеңири жеткиликтүүлүк жаңы муундардын социалдык-маданий, когнитивдик, психологиялык жөндөмдөрүнө таасир этет. Мектеп билим берүү монополиясын жоготуп бара жатат, кесепети катары коомдун билим берүү системасына болгон жаңы күтүүлөрү пайда болууда. Ошондой эле билим берүү жана эмгек мобилдүүлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү окуучулардын маданий жана тилдик адаптациялоо, жаңы чөйрөдө жемиштүү өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде (мисалы, Билим берүүнүн эл аралык стандарттык классификациясынын  (БЭСК) негизинде) адамдын билиминин натыйжаларын жана квалификациясын салыштырууну камсыз кылуу зарылдыгын божомолдойт. Климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү, технологиялык, финансылык жана экологиялык стандарттардын кысымы менен байланышкан адамзат үчүн маанилүү факторлорду актуалдаштыруу билим берүүдө жаңы жүрүм-турум стратегияларын чагылдырууну талап кылат.

Ушундай шарттарда жалпы билим берүүчү мектепти жаңылоо жана билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн жаңы моделин түзүүнү талап кылат.

12 жылдык билим берүүнүн модели

— Билим берүүдө эң жакшы натыйжаларга жетишкен өлкөлөрдөгү билим берүүнүн түзүмүн талдоо 6 жылдык башталгыч мектепке негизделген модель эң кеңири таралгандыгын көрсөттү. PISA-2022 боюнча алдыңкы 30га дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы өлкөлөр кирет (Түштүк-Чыгыш Азия; Борбордук, Түндүк жана Чыгыш Европа; Түндүк Америка), анда башталгыч билим берүүнүн узактыгы 6 жыл, бул окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана негизги окуу көндүмдөрүн мыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет. Бул өлкөлөрдө окутуунун башталышы 5 жаштан 7 жашка чейин жана мектепке чейинки билим берүүнүн түзүмү жана өнүгүү деңгээли менен байланыштуу. Эл аралык практикада орто жана жогорку баскычтардын узактыгынын катышы ар кандай варианттарда ишке ашырылат – 4+2, 5+1, 3+3, ал эми кээде жалпысынан 6 эмес, андан көп жылды түзөт. Бул коомдун демографиялык мүнөздөмөлөрүнө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүү деңгээлине, билим берүүнүн белгилүү бир рынокторуна багыт алуу менен, ошондой эле башталгыч, орто же жогорку кесиптик билими бар окуучулардын жана студенттердин эмгек рыногуна чыгуусунун күтүлгөн ылдамдыгы менен мектепте профилдик/(алдын ала) кесиптик билим берүү агымдарын калыптандыруу качан башталгандыгына байланыштуу, — дейт КББАнын президенти.

Кыргызстан үчүн эң актуалдуу катары 12 жылдык мектептин моделин кароо сунушталууда (6+3+3), анда кошумча жыл окутуунун баштапкы баскычына киргизилет жана мектептик билим берүү системасына 6 жаштагы балдар тартылат. Мындай тандоо, биринчи кезекте, социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жана андан ары билим алуу, ошондой эле ар кандай мектепке чейинки даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө үчүн негиз катары башталгыч билим берүүнүн сапатын олуттуу жогорулатуу зарылдыгы менен аныкталат.

— Мындай ыкманы ишке ашыруу мектепке чейинки курактагы балдардын 75%ке жакынын камтыган мектепке даярдоо программасын (“Наристе” программасы, 480 саат) трансформациялоонун эсебинен жүзөгө ашырылат, бул 1-класста окутуу этабында балдардын билим деңгээлин теңдөө көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле 6 жаштан баштап балдарды мектепке кабыл алуу бала бакчаларды жеңилдетет жана 4-5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк камтууну камсыз кылат, бул алардын жаш кезинен когнитивдик, социалдык жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Сунушталып жаткан 12 жылдык моделде Кыргыз Республикасы үчүн орто жана жогорку баскычтагы окутуунун 3 жылдык (3+3) узактыгы билим берүүдөгү профилдештирүү жогорку баскычта пландаштырылгандыгы менен шартталган. Орто мектепте 3 жылдык окутуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет: окуучуларды ашыкча жүктөбөстөн, аларга профилдик даярдык алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана ЖОЖдо окууга мотивацияны калыптандыруу; жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычтарында (бакалаврларды даярдоо багыттары боюнча: педагогикалык билим берүү, гуманитардык, социалдык илимдер) мектепте окутулуп жаткан жалпы кесиптик предметтердин кайталанышын болтурбоо менен бакалавриатта окуу мезгилин 1 жылга кыскартуу, — дейт Назира Кубанычбековна.

9-класстан кийин башталгыч жана орто билим берүү түзүмүнө өтүүнү пландаган окуучулар 8-9-класстарда алдын ала даярдыктан өтүшөт, ошондой эле (каалоо боюнча) мектептик билим берүүнүн 3-баскычында (9-11-класстар) кошумча кесиптик билим берүүнүн кыска мөөнөттүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүдө 6+3+3 модели боюнча Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн бардык баскычтарында колдонуудагы системаны өзгөртүү божомолдонууда.

Модель төмөнкү баскычтарга бөлүнөт:

башталгыч жалпы билим берүү 1-6-класстар (6-11 жаш);

негизги жалпы билим берүү 7-9-класстар (12-14 жаш);

жалпы орто билим 10-12-класстар (15-17 жаш).

— Жаңы максаттарга ылайык, жогорку мектепте билим берүүнүн мазмуну олуттуу түрдө өзгөртүлөт. Билим берүү процесси инновациялык технологияларды жана методикаларды, анын ичинде долбоордук ишти, кейс-методдорду, окутуунун интерактивдүү формаларын колдонуу, МТ, санариптик платформалар ж.б. менен иштөө менен түзүлөт. Критикалык ой жүгүртүү, коммуникация жана кооперация көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, креативдүү мамилеге, окуучулардын өз алдынча иштерин жана изилдөө долбоорлорун уюштурууга олуттуу көңүл бурулат. Профилдик окутуу ЖОЖдор жана кесиптик уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү божомолдойт. Бул модель мектепте окутулуучу кайталанган жалпы кесиптик предметтерди алып салуу менен кесиптик билим берүү баскычында бакалавриатта окуу мезгилин (зарыл болсо) 1 жылга кыскартууга мүмкүндүк берет, — деди Назира Дүйшеева.

Айтмакчы, жогорку окуу жайларга тапшырууну пландаган окуучулар Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтүшөт.

12 жылдыкка өтүү иш-аракеттери

12 жылдык окууга өтүүнү даярдоо үчүн минималдуу эки окуу жылы талап кылынат (2024-2025 жана 2025-2026) экен. Бул мезгил ичинде инфраструктураны жана МТСти даярдоо — башталгыч мектептердин жаңы типтүү (2-3 минимум) пландарын иштеп чыгуу жана аларды курууга каражат бөлүү; мугалимдер үчүн ноутбук сатып алуу; МБСти, предметтик стандарттарды жана программаларды иштеп чыгуу/жеткире иштеп чыгуу; башталгыч мектеп үчүн ОМКны даярдоо (Кембридждин ОМКсын которуу жана адаптациялоо ж.б.); окуучулар, мугалимдер, ата-энелер үчүн ачык жеткилүктүүлүк менен санариптик китепканага ОМКны жайгаштыруу; башталгыч класстардын мугалимдерин кайра даярдоо; башталгыч мектеп үчүн баалоо системасын иштеп чыгуу; жогорку класстар үчүн профилге чейинки жана профилдик компоненттердин концептуалдык жана уюштуруучулук көз карашын иштеп чыгуу; ченемдик камсыздоо;  ата-энелер жана мугалимдер үчүн маалыматтык колдоо жана түшүндүрүү иштери; ОКБ жана ЖКБ үчүн мугалимдерди даярдоо үчүн жаңы стандартты иштеп чыгуу; мектептердин педагогдорун (мугалимдерин), ОКБ жана ЖКБ педагогдорун даярдоонун кесиптик стандарттарын жана программаларын адаптациялоо (зарыл болсо).

Концепцияны ишке ашыруу этаптары

1-варианты боюнча 12 жылдык программаны башталгыч жана жогорку баскычтарда ырааттуу киргизүү каралган.

2026-2027-окуу жылынан баштап 1-, 2- жана 3-класстарда жаңы стандарттар жана программалар боюнча окутууну баштоо, жыл сайын бирден класс кошулуп турат. 6 жаштагы балдар биринчи класска барышат. 7 жаштагы балдар жаңыланган “Наристе” программасынын алкагында даярдыктан өткөндөн кийин, 2-класска киришет. 1-класстын окуучулары 11 жылдык программа боюнча 3-класска өтүшөт.

Ал эми жаңыланган стандарттар жана программалар боюнча окутууну 2028-2029-окуу жылынан баштап 11-класста баштоо. Кийинки окуу жылында 11-класстын окуучулары 12-класска өтүп, 2029-2030-окуу жылында окуусун аякташат. Жыл сайын, 6 жылдын ичинде (2033-2034-окуу жылына чейин) бул схема боюнча 11-класстын окуучулары 12 жылдык окуу программасына өтүшөт. Ушул жылдардагы профилдик мектеп 2 жылга гана созулаарын эске алуу менен бул билим берүү уюмдарына профилдик окутууга ыңгайлашууга жана профилдик окутуу циклине (3 жыл) жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми 2-вариантында билим берүүнүн бардык баскычтарында (башталгыч, орто жана жогорку) бир эле мезгилде өтүүнү баштоону берилген. Анда  3 өтүү баштапкы баскычта 3-класстан – 5-класска; орто баскычта 3 өтүү 6-класстан — 8-класска, 2 өтүү 9-класстан — 11-класска.

12 жылдыкка өтүүнүн артыкчылыктарын жана тобокелдиктерин  кийинки материалда сунуштайбыз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер