БИЛИМ БАРКЫН БИЙИКТЕТКЕН СИМПОЗИУМ

  • 16.05.2022
  • 0

6-7-майда  Талас мамлекеттик университетинде Ыйык Ата Журт фонду уюштурган «Сапаттуу билим жана заманбап технологиялар: Баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер» аттуу эл аралык XI симпозиум болуп өттү.

Симпозиум демекчи, бүтүндөй дүйнөнү каптаган COVID-19 ылаңынан кийинки  экономикалык шартта мындай масштабдагы илимий жыйынды өткөрүүнүн өзү бери дегенде зор баатырдык деп ойлойм. Мына ушундай эрдикке барган уюштуруучу, демилгечи адамдардын атын баарынан алдын атап кеткеним туура болот. Эмесе, билип алыңыздар! Бир эмес, он биринчи жолу симпозиум өткөрүп жаткан уюм — жаш ишкер Нурсултан Жанибеков жетектеген «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду. Симпозиумду уюштурууга, аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө бир катар мекемелер — «Ылдам экспресс», «Марал радиосу», «Basmapress» демөөрчүлүк кылса, уюштуруучулардын атына келип түшкөн илимий иштерди карап, жарактуусун тандап алып чыгууда КББА менен Алмаз Токтомаметов жетектеген республикалык мугалимдер институтунун илимпоз педагогдору зор эмгек өтөштү. Билим берүү жана илим министрлиги, Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия да Таластагы маанилүү илимий жыйынды колдоого алды.

БИЛИМ БАРКЫН БИЙИКТЕТКЕН СИМПОЗИУМ

Тоолуу өлкөбүздүн билим берүү тармагынын кеңири өкүлдөрү: мектеп мугалимдери, ЖОЖ окутуучулары, илимпоздор, тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, ошондой эле чет өлкөлүк окумуштуулар катышкан эл аралык симпозиумда  Билим берүү министринин орун басары Улан Мамбетакунов  мазмундуу сөз сүйлөп, Кыргызстандын келечеги — жаш муундар, ал эми алардын келечеги азыр реформалоо жолуна түшкөн билим берүү системасынан түздөн-түз көз каранды болорун,  ошон үчүн бул жолку симпозиумдун максаты ааламдашуу шартында билим берүүдөгү жана тарбиялоодогу келечектүү багыттарды аныктоо, өнүгүү стратегияларын талкуулоо, ошондой эле өлкөбүздөгү компетенттүү мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу экенин баса белгиледи. Ошентип, Талас жергесинде биринчи жолу старт алган илимий чоң жыйында азыркы билим берүү системасынын эң бир олуттуу маселелери — салттуу билим жана ааламдашуу: билим берүүнүн жана тарбиялоонун алдыңкы тажрыйбалары, XXI кылымдагы компетенттүүлүктөр жана баалоо, баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү жана үзгүлтүксүз билим алуу, маалыматтык технологиялар шартындагы окуу каражаттары, жаш педагогдордун даярдыгы жана аларга колдоо көрсөтүү жолдору, санариптештирүү процесси жана билим берүүдөгү өзгөрүүлөр, ата-эне, коомчулук менен мектептин ортосундагы байланыш  пленардык жыйында жана секциялык отурумдарда  ар тараптуу талкууга алынды.

Эми мындагы талкууларда  катышуучулардын бүйүрүн кызыткан докладдарга орун берсек. Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун доклады «Мектеп жетекчиси жана жаш мугалимдер» деген темада болду.

Мындай караганда эң эле жөнөкөй темага жазылгандай, бирок ички мазмуну, билим берүүгө таасирдүүлүгү жагынан өтө олуттуу экенин байкадым. Деги эле биздин илим иликтөөчүлөр теманы алууда ушундай жөнөкөй, башкалар үчүн түшүнүктүү маселеде ой жүгүртүшсө демекмин. Профессор Шаматов ар бир мектеп үчүн керектүү теманы иликтөөгө алыптыр. «Эгерде мектеп директору башкаларга ачык болсо, чынчыл болсо, жардамын аябаса, колдоо көрсөтсө, анда жаш мугалимдер мектепке бат көнөт,  башка кесиптештери менен кызматташуу жолдорун издешет»,  «Ал эми мектеп директору жабык болуп, авторитардык, ийкемсиз, манипуляциялык, көзөмөлгө ыктаган стратегияларды колдонуп, жаза менен куугунтуктоону адат кылса, анын кол алдындагы мугалимдер коркок, кошоматчы же пассивдүү болот. Жумуштан ырахат албайт, депрессияга тушугат, тез ачууланып, жумуштан кетүүнүн амалын издейт»  деген тыянакка келет иликтөөчү.

БИЛИМ БАРКЫН БИЙИКТЕТКЕН СИМПОЗИУМ

Баса профессор Дүйшөн Шаматов таластык  илимпоз педагогдордун илимий потенциалын жогорулатууга кошкон зор эмгеги үчүн Талас мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору аталып, тиешелүү диплом менен сыйланды.

Назарбаев университетинин докторанты Нур Шамс Уддин симпозиумдун пленардык отурумундагы докладында мектептеги тынчтык сабактарынын маанисине токтолду. Көрсө, Пакистан мектептеринин эң чоң маселеси тынчтык сабактары аркылуу мектеп окуучуларын башка улуттарга, маданияттарга түшүнүү менен мамиле кылууга, сабырдуулукка тарбиялоо экен.

Мугалимдер докладда көтөрүлгөн маселе бизде, айрыкча, чек ара райондорунда маанилүү экенин белгилешти.

Кошуна Өзбекстандын Бухара мамлекеттик университетинин профессору, филология илиминин доктору Дармонай Ураева балдар фольклорунун жеткинчектерди тарбиялоодогу  ордуна токтолуп, бешик ыры кыргыздардай эле өзбек элинде да кеңири таралганын, ошондой эле Борбор Азия калктарынын арасынан кыргыздардагы тушоо кесүү тоюнун баланын келечек жашоосундагы орду бөтөнчө экенин белгилеп, өзбек этнографтарында, этнопедагогдорунда бул темага карата зор кызыгуу жаралганын ачык айтты. Ушул эле тема Талас мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Нурзада Алтыкеева менен Бактыгүл Ниясалиеванын балдарды каада-салт ырлары аркылуу тарбиялоого арналган докладында кенен чагылдырылды.

Изилдөөчүлөр көп жылдык байкоолорунун негизинде: «Тушоо кесүү тоюндагы баланын бутун тушаган ала жиптин да өз мааниси бар. Бутка байланчу жиптин койдун жүнүнөн эшилгенинин себеби баланы койдун жүнүндөй уюткулуу болсун деп ырымдашкан. Ал эми баланын бутун тушаган ак жана кара жиптин да өзүнчө мааниси бар, тагыраагы «бул жашоодо ак менен кара, жакшылык менен жамандык дайыма эриш-аркак жүрөт. Ошого чыдамдуу болуп көтөрө билсең бакытка, ийгиликке жетесиң» деген маанини туюндурат. Ошондуктан «Ала жипти аттаба», «Ар нерсенин чеги, өлчөмү бар, ошондон ашпаш керек», «Ак менен кара бир жүрөт, аны талдай билиш керек» сыяктуу макалдар жана накыл сөздөр элибизде эзелтен айтылып келген», — дешти.

Элдик педагогикага байланышкан дагы бир иликтөөнүн жыйынтыгы менен симпозиум катышуучуларын борборубуздагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан Н.Касымбекова, Ч.Насырова тааныштырды. Бул изилдөөчүлөр  баланы бешикке бөлөөнүн оң жана терс жактарын дыкат талдап чыгышкан. Бешиктин оң жактарына: бир ыргактагы терметүүнү, тынч уйкуну, жылуу жатканды, коопсуз жатышын,   бешиктеги жагымдуу чөйрөнү, гигиена жагынан таза укташын, зыяндуу таасирлерден, суук көздөн сырткары болушун, колдонууга ыңгайлуулугун, арчанын пайдасын, бешик ырынын ырдалышын, ал эми терс жактарына — бешикте узак убакыт бир капталда жаткандыктан баштын желке тарабынан жалпайып калышын, аң-сезимдин өрчүшүнүн кечеңдешин, сөөктөрдүн өзгөрүшүн, ички органдардын функциясынын бузулушун, организмде  кычкылтектин жетишсиздигин, бешиктеги баланын кусундуга чакап калуу коркунучу бардыгын көрсөтүп, бешикке жаткыруу же андан баш тартуу ар бир ата-эненин жеке чечимине көз каранды экенин белгилешкен.

Салттык медицинадагы сууга болгон ишеним тууралуу Талас мамлекеттик университетинен Айзина Шакиева сөз кылды. «Баланы жуунткан сууну «кийин көп балалуу болсун» деп ырымдап, мөмөлүү дарактын түбүнө төгүшкөн. Киринте турган сууга тузду кошуу салты Борбордук Азиянын бардык элдеринде кезигет. Мисалы, кыргыздарда бул татымды баланын эти бышык, денеси чымыр болсун үчүн колдонушкан. Кыркын чыгарууда колдонулган суудан бир идишке куюп алып коёт да, бир жыл сактайт. Ал кийин баланын былжырап, сыйрылып калган жерлерине «суу тийбей калган» деген максатта сыйпоо менен пайдаланылган» деп айтылат докладда.

Талас билим берүү усулдук борборунан Салтанат Бейшенова  окуучулардын өзүн-өзү тарбиялоосуна арналган илимий билдирүүсүн устаты Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» китебинен алынган практикалык сунуштарга негиздеп түзүптүр.

«Өзүн-өзү таануу бул — ийгиликтин ачкычы. Себеби өзүн-өзү анализдеп, оң жана терс сапаттарын аныктап, жакшы сапаттарын андан ары өстүрүп, терс сапаттарын жоюуга аракет кылса, адамдар ортосунда пикир келишпестиктер азаят. Өзүн-өзү таануу мектеп партасынан эмес, керек болсо, бала бакчадан ишке ашырылышы зарыл», —  дейт Салтанат Бейшенова.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен Жаңыл Бусурманкулова өз докладында окуучуларда компетенттүүлүктү калыптандырууда активдүү окутуу менен инсанга багытталган окутуунун мааниси зор экенин белгилеп, активдүү окутууда: долбоордун негизинде окутуу, тапшырманын негизинде окутуу,  биргелешкен окутуу, кооперативдик окутуу, тематикалык окутуу сыяктуу ыкмалар бар экенин айтат.

БИЛИМ БАРКЫН БИЙИКТЕТКЕН СИМПОЗИУМ

БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунан Гүлжан Матаева өз докладында жаштарды компетенттүүлүккө калыптандыруу маселесине кайрылган. Докладчы жаштар ээ болуучу өзөктүү компетенттүүлүктөргө: маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү компетенттүүлүгүн камтып,  компетенттүүлүктүн: репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү деңгээлдерине токтолот. «Кээ бир учурда мугалим салттуу окутууну колдонуп, сабак бүткөнчө өзү сүйлөп, окуучулар көрүүчү катары калып кетет. Бул да катачылык», —  дейт ал репродуктивдүү деңгээлге мисал келтирип.

Ушул эле Кызыл-Кыя шаарынан мугалим жубайлар Динмухаммед Ташов менен Жыпаргүл Душобаеванын баланы өнүктүрүүнүн өздөрү түзгөн концепциясы менен бизди секциялык отурумда тааныштырды.

Кызыктуу доклад деп табылгандардын катарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен Эртөштүк Жумабаевдин «Касым Каимовдун «Анарбайдын көпүрөсү» аңгемесин этнопедагогикага негиздеп окутуу», Кара-Суу районунан Топ-Терек негизги мектебинин тарых мугалими Назира Шайлиеванын «Жусуп Абдрахманов — мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү», Талас шаарындагы облустук чет тилдер багытындагы лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эдиса Кыдырмышеванын кыргыз туусунун жаралыш тарыхына саресеп салган илимий докладдары бар. Албетте, эл аралык симпозиумда мындан да көп кызыктуу докладдар болду, анын баарын бул макалада камтуу мүмкүн эместиги түшүнүктүү.

БИЛИМ БАРКЫН БИЙИКТЕТКЕН СИМПОЗИУМ

Секциялык отурумдардан кийин мында келгендер  өз тандоолору боюнча мастер класстарга катыша алышты.

— Пайдалуу мастер класстар да өтүлдү.  Бизге Токтомаметов Алмаз агай мыкты мугалим болуунун ыкмалары боюнча тренинг өттү.  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун авторлорунун бири Сабыр Иптаровдун жубайы Бурул Шамбаева эжейге  жолугуп,  пайдалуу кеп-кеңешин уктук.  Бурул эже агайдын китебин бизге белек кылып берди, — дейт илимий жыйындын  эң жаш катышуучусу Азирет Заидов.

Симпозиумдун жалпы катышуучулары эл аралык илимий жыйынды жогорку деңгээлде өткөргөнү үчүн Ыйык Ата Журт коомдук бирикмесине жана Талас мамлекеттик университетине терең ыраазычылык билдиришти. Билим баркын бийиктеткен симпозиумдун соңунда, анын резолюциясы кабыл алынып, улуу устат Гапыр Мадаминовдун табылгаларын жалпы республика мектептерине жайылтуу жагы бир добуштан сунушталды.

 

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер