БАТКЕНДЕГИ БААРЛАШУУ

  • 27.05.2022
  • 0

24-майда Баткен шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө жыйыны болду.

Мындай форматта алгачкы жолу өткөн көчмө жыйындын күн тартибинде Билим берүү уюмдарын институционалдык жана программалык аккредитациялоодон өткөрүүнүн жыйынтыктары, мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоорун жактыруу, өлкөбүздүн жалпы билим берүүчү мекемелеринде кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутуунун өркүндөтүлгөн Концепциясын бекитүү жана Баткен облусунун билим берүү жаатындагы көйгөйлүү маселелер талкууланды.

БАТКЕНДЕГИ БААРЛАШУУ

Коллегияда билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысы Калдыбай уулу Мирлан, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Сулайман Рысбаев, Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Чотбаева кеңири маалымат беришти.

 

Алдыңкы агартуучулар сыйланды

Коллегиянын жүрүшүндө министр агартуу тармагынын алдыңкы 25 билим берүү кызматкерине “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилерин жана Ардак грамоталарды тапшырды. Алардын катарында Баткен мамлекеттик университетинин, Баткен облусундагы кесиптик лицейлердин окутуучулары, мектептерде иштеген мугалимдер жана бала бакча тарбиячылары бар.

БАТКЕНДЕГИ БААРЛАШУУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен Баткен районунун Т.Садыков атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими, мектептен жана класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Малика Нишанова да сыйланды. Ал “Жыл мугалими” сынагынын райондук турунда ийгиликтерге жетишкен. Окуучулары зоналдык, райондук, облустук интеллектуалдык конкурстарга катышып, байгелүү биринчи жана экинчи орундарды ээлеп келүүдө.

Ал эми министрликтин Ардак грамотасы менен сыйлангандардын катарында Баткен шаарындагы “Өрүкзар” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Каныгүл Камчыева, Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы №78 “Жаштилек” толук эмес орто мектебинин математика мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлбахор Топчуева да бар. Алар Ардак грамотаны министрдин өз колунан алганына маңдайы жарыла сүйүнүп жатышканын жашырган жок.

— Министр баш болгон жетекчилер борбордон келип, биз менен маңдай-тескей жолугушуу уюштурганы абдан ыңгайлуу болот экен. Биз Алмазбек Бейшеналиевдин өзүн көрүп, сөзүн угуп, өзүбүздөгү болгон көйгөйлөрдү айтып, жетишкендиктерибиз менен бөлүштүк. Ал ошол жеринен эле кайсы маселени кандай чечсе болору жөнүндө ой-сунуштарын айтып, тиешелүү жетекчилерге сунуштарын киргизди. Мен айрыкча министрдин колунан Ардак грамота алганыма аябай сүйүндүм. Жеке мен үчүн башка сыйлыктардан өзгөчөлөнгөн бул сыйлыгым, алдыда дагы ийгиликтүү иштешиме чоң стимул болору шексиз. Биздин мектеп 150 орундуу, бирок учурда 660 окуучу билим алат, кошумча имараттын курулушу башталганына үч жыл болгонуна карабай, бүтпөй турат. Министрден ушул маселени тез арада чечип берүүсүн сурандык, — дейт Гүлбахор Топчуева.

Мектеп турмушуна ишкерлердин салымы

Жолугушууда маалым болгондой, Баткен дубанындагы эң алгачкы эле көңүл бурула турган маселелердин орчундуусу – бул мектеп имараттардын азыркы абалы, мектептердин жетишсиздиги. Алмазбек Бейшеналиевдин бул маселени чечүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу сунушу айрыкча колдоого алынгандыгын Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов баса белгиледи.

— Көчмө жыйындын экинчи бөлүмүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен мектепке байланыштуу маселелер талкууланды. Анткени алардын көбү жеринен чечиле турган маселелер, алсак, таза суу менен камсыздоо, жол боюна жол белгилерин коюу, айрыкча, мектеп жана бала бакча имараттарынын тушуна “лежачий полицейский” белгисин орнотуу, интернет желеси менен камсыздоо, эң башкысы, мектептердеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү көпчүлүк учурда жергиликтүү бийликтегилердин кийлигишүүсүн талап кылат. Учурда Баткен районундагы 54 мектептин 99 пайызында интернет байланышы бар. Бир гана Зардалыда жок, анткени ал жакта интернет желеси орнотулган эмес. Жыйында мектептерден тышкары бала бакчаларды текши интернет менен камсыздоо маселеси да айтылды. Андан тышкары, Баткен облусунун ар бир районундагы экиден мектепке беш комплект компьютерге сертификаттар тапшырылды.

Мектептерге колдоо көрсөтүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, бизнесмендерди, ишкерлерди, коомдук уюмдарды мектеп турмушуна жигердүү аралаштырып, алар менен кызматташуу жөнүндө министрдин сунушун жергиликтүү калк жактыруу менен кабыл алды, — дейт Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимович.

БАТКЕНДЕГИ БААРЛАШУУ

Министр жолугушуунун жыйынтыгында БатМУнун Сүлүктү педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигине бюджеттик орундарды көбөйтүү; Баткен облусунун жалпы билим берүү мекемелерин окутуу тилдерине ылайык, окуу китептери жана окуу-методикалык адабияттар менен камсыздоо; мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерин, мамлекеттик кесиптик орто жана башталгыч окуу жайларын кезектеги жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери боюнча көйгөйдү чечүү үчүн, Эл аралык донорлор менен иш алып баруу жана окуу-өндүрүштүк устаканаларды заманбап компьютерлер жана тиешелүү окуу каражаттары менен жабдуу; облустагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын компьютер менен камсыздоо; облустагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын интернет желесине туташтыруу; билим берүүнүн сапатын жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүү; мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарын суу менен камсыздоо маселесин чечүү; негизги жолдорго жакын жайгашкан билим берүү мекемелеринин жанында жол кыймылына тиешелүү жол белгилерди жана жерге төшөлгөн ылдамдыкты азайтуучу тепкичтерди орнотуу маселелерин тизмектеп, аны чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Өлкөбүздүн Гимнин аткаруу өспүрүмдөрдү патриоттуулукка тарбиялайт

БАТКЕНДЕГИ БААРЛАШУУ

Баткендин эли менен баарлашуудагы дагы бир жагымдуу жаңылык — бул Алмазбек Бейшеналиевдин мындан ары мектептерде Кыргыз Республикасынын Гимнин ар окуу аптасы башталганда жана аяктаганда милдеттүү түрдө аткаруу демилгеси болду. Окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөгөн министрдин бул демилгеси отурумдун катышуучулары тарабынан колдоо тапты.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер