БАТКЕН: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨР

  • 18.05.2022
  • 0

Баткен облусунун райондук, шаардык билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жана орун алган көйгөйлөр тууралуу азыноолак кеп кылууну туура көрдүк. Бүгүнкү күнгө карата облуста 234 мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелери, анын ичинен 185 орто, 13 толук эмес орто, 21 башталгыч мектеп жана 13 гимназия, 2 лицей иш алып барат. Жалпы жеке менчик мекемелеринин саны – 12. Анда эмесе облустагы айрым райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө токтолуп көрсөк.

  Кадамжай району

2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү  республикада биринчи ондуктардын катарына кирген.  Ийгиликтерине токтолсок,  2021-2022 окуу жылында предметтик олимпиада боюнча беш окуучу 1-, 2-орундарды ээлеп, республикалык олимпиаданын  IV этабына катышкан. Орозбай Маканов атындагы орто мектеби — ушул окуу жылында “Акылдуу мектеп — келечектин мектеби” долбооруна  кирип, 10 млн сомго жакын суммага компьютер, жабдуулар, видеокөзөмөл системасы, интерактивдик доска, мебель, планшеттер менен камсыз болгон. “Жыл мугалими — 2022” кароо-сынагынын облустук турунда “Орук-Зар” орто мектебинин физика, математика мугалими Үрүстөм кызы Арзыкан  байгелүү 2-орунду камсыз кылганын жетекчилер кубануу менен айтышууда.

Лейлек району

2022-окуу жылга ОШ-1 эсеби менен алганда район боюнча 30731 окуучу катталып, аларга 2123 мугалим, ал эми 1 жеке менчик мектепте  220 окуучуга 15 мугалим билим-тарбия берүүдө.

Балдардын билимин сыноодо окуучулардын арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын Жобосуна ылайык, I-II-III жана IV баскычтары Лейлек району үчүн ийгиликтүү болду. Алсак, биринчи баскычынан жеңип чыккан 88 окуучу экинчи баскычында күч сынашты. Ал эми үчүнчү облустук баскычында 28 окуучу катышып, анын ичинен эки окуучу олимпиаданын республикалык туруна жолдомо алышкан.   Алар: №3 гимназия мектебинин окуучулары Азимов Азамат тарых предмети жана  Акматова Саара биология предмети боюнча.

Республикалык турда Азимов Азамат тарых предмети боюнча 1-орунду камсыз кылып, жеңүүчү деп табылды.

 Мугалимдердин ишмердүүлүгү

Мугалимдер арасында өз билимин өркүндөтүү боюнча да жакшы иштер аткарылып РИППКдан март айында 126 мугалим, ал эми Чүй билим берүү институтунан 37 мугалим курстан өтүшкөн.

Республикалык “Санарип мугалим — 2022” сынагынын 1-туруна Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 29 мектептен 39 мугалим катышып, жыйынтыгы чыгарылды. Натыйжада тогуз мугалим Дубайга, сегиз мугалим Ташкентке, 25 мугалим Ысык-Көлгө эс алып келүү үчүн жолдонмо алышты. Ал эми республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы тарабынан өткөрүлгөн “Мыкты класс жетекчи — 2022” кароо-сынагына  жалпы 66 мугалим катышып, анын ичинде Лейлек районуна караштуу мектептерден 10 мугалим катышкан. Жыйынтыгында Казакбаева Бекайым — Д.Жороев атындагы жалпы негизги  мектебинин мугалими 1-орунду, Халмурзаева Мавлидахан — К.Казыев атындагы орто мектептин мугалими 2-орунду, Зувайдилла кызы Мадина – Д.Жороев атындагы жалпы негизги мектебинин мугалими 3-орунду камсыз кылышты.

Курулуш иштери

Кулунду  айылындагы   140 орундуу  “Бурул  эне”  бала бакчасынын жаңы имараты  2022-жылдын  4-апрелинде ачылып ишке берилсе, Маргун айылындагы  М.Баетов атындагы орто мектебинин имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жана балдардын санын эске алуу менен 330 орундуу жаңы имаратынын курулуш иши 2021-жылдын июль айында башталып,  2022-жылдын 1-апрелинде толугу менен бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Курулуш ишин коңшу  Өзбекстан Республикасы алып барды.

Маргун айыл аймагына караштуу  Чурбек айылындагы  “Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы” орто мектебинин курулуш иши  толугу менен бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Ошондой эле Борбордук айылындагы  Хамза атындагы орто мектеби эскилиги жеткендиктен  225 орундуу жаңы имаратты куруу иштери   2021-жылдын  6-майынан башталган. Ал быйыл толугу менен бүткөрүлүп, ишке киргизилди.

Сүлүктү шаары

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына таянсак, балдар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында “Лидер окуучулар кеңеши” ийгиликтүү иштеп жатат.

— Учур талабына ылайык адистерди даярдоо жана кайра даярдоо системасын жаңыртуу максатында “Жаш мугалимдер мектеби” уюштурулган. Ошондой эле “Акылдуу мектеп жана мугалим” долбоорунун негизинде бардык билим берүү уюмдарынын мугалимдери, тарбиячылары 90% ноутбук жана компьютер, проектор, принтерлер  менен камсыз болгон. Тогуз жалпы билим берүүчү мектептерде EduPage программасынын негизинде электрондук журнал жана электрондук күндөлүк киргизилген экен. Мындан сырткары бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын сайты ачылып, балдарды  бала бакчага электрондук кезек менен кабыл алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, — деп жазылган маалыматта.

“Акыл эмгегинин маданияты” сабактары  жана “Модель-мектеп”, “Модель-класс” түзүп иштѳѳнүн жолдору киргизилгени да мектептерде пландуу иштер жүрүп жатканын байкаса болот.

Натыйжалуу билим берүүдѳ Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясынын “Башталгыч + негизги + орто мектеп баскычтарынын  байланышып иштѳѳсүн бардык мектептерде жайылтылып, системалуу иш алып баруусу колго алынган. Ай сайын мектептерде окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө багыт берүү, ЖРТга жана олимпиадаларга даярдоо максатында Билимкана, Аракет коомдук фонддору жана NOVA, GLOBAL, SEСOM билим берүү мекемелери менен биргеликте кызматташып, мугалимдер үчүн окутуу курстары уюштурулган.

Ал эми мектеп, ата-энелер жана коомчулуктун ортосундагы байланышты күчөтүү жана аларды окутуу-тарбиялоо жараянына катыштыруу максатында, “Инсан таануу” сабактары системалуу уюштурулат. “Энелер мектебинде” бардык билим берүү уюмдарынын энелери үчүн атайын окуу программасынын негизинде окуулар өтүлүп жатканын кабарлашты. Бардык билим берүү уюмдарында балдарды китеп менен достоштуруу максатында “Жума сайын бир китеп”, “Китепкөй класс”, “Менин апамдын китеби” аттуу акциялары жана жумалыктары такай өткөрүлөт экен. Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясында “И.Карабаев атындагы окуу залы” ачылып, 100 000 сомдук китеп менен жабдылдылыптыр.

Шаардык мэриянын жана шаар кеңешинин жардамы менен билим берүү бөлүмүнө, бардык мектеп, бала бакчаларына 200000 сомдук ОВК (оптика-волокнолуу кабелдик) жогорку ылдамдыктагы интернет киргизилип, билим берүү мекемелеринин сайттары ачылып, үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ошону менен катар электрондук күндөлүк, электрондук кезмет учурда жолго коюлган. Бул өз  кезегинде аткарылган иштин ачык айкындуулугуна, убагында маалыматты жеткирүүгө, ыкчам иш алып барууга шарт түзүп жатканынан кабар берет. Бардык мектепте электрондук китепкана ачылат дешүүдө жетекчилер.

Кыргыз Республикасынын “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу максатында шаардык билим берүү  бөлүмүндө иш-чаралардын планы түзүлүп, анын негизинде билим берүү системасын башкаруунун сапатын жакшыртуу үчүн маалыматтык система менен иштөө жана маалымат алмашууну автоматташтырууда бардык мектептерде edyPage элктрондук күндөлүгү иштеп, ошондой эле мектептерде, балдар бакчаларынын ар бир тайпаларында орнотулган  видео-көзөмөлдөргө көзчө кошулуп, уюштурулуп орнотулганы кимди болбосун кубандырбай койбойт.

2021-2022-окуу жылында окуучулардын “Илим, техника, ойлоп табуу” олимпиадасы жумалыгынын шаардык этабында жеңишке жеткендер республикага жолдомо алып, Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектептин 8-классынын окуучусу Джураев Абдулла республикалык этапта 3-орунду жеңип келди. Ал эми В.И.Ленин атындагы №1 орто мектептин 6-классынын окуучусу Мажитов Бекнур АКМО олимпидасында республикада 3-орунга жетишип, планшет утуп алды. Уюштуруучулар тарабынан Бекнур окуган мектепке түстүү принтер белекке берилди. Ошондой эле В.И.Ленин атындагы №1 орто мектептин 11-классынын окуучусу EFC уюму тарабынан өткөрүлгөн Грепплинг турниринде 1-орунду жеңип, чемпиондук курду тагынган. Ушул эле мектептин 10-классынын окуучусу Вахитова Милана орус тили предметинен облустук олимпиадада 3-орунду ээледи.

 Баткен шаары

Бул шаардагы билим берүү мекемелеринде 2021-2022-окуу жылында  6938 окуучуга 408  мугалим  билим-тарбия берүүдө.

Мектеп  окуучуларынын  шаардык предметтик   олимпиадасынын  жеңүүчүлөрү   республикалык  этабында  физика  предмети  боюнча  11-класстын окуучусу  Умар  уулу  Асан  2-орунду  камсыз  кылды.

Баткен шаарындагы билим берүү уюмдарында эмгектенип жаткан мугалимдерге жана тарбиячыларга колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен электр энергиясы үчүн жыл сайын, 2021-жыл үчүн 206500 сом бөлүнгөн. Ошондой эле мугалимдердин жана тарбиячалардын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдары үчүн ай сайын 200 сомдон жеңилдик берилип келет. (2021-жылдын октябрь, ноябрь айларында 122 балага  24400 сомдук жеңилдиктер берилди)

NAMA эл аралык уюму тарабынан 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн колдоо, аларга багыт берүү максатында онлайн түрүндө анкета алынып, натыйжада Кубанычбек к. Гүлкайыр, Сүйүн к. Жумагүл жогорку окуу жайга өтсө, окуусунун контрагын төлөп жана алар менен кызматташмак болушту. Ушул эле эл аралык уюму тарабынан  мектептин инновациялык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 475 000 сомдук эки электрондук доска, жети компьютер, бир 3/1 принтер, эки проектор берилди.

Белгилей кетчү жагдай, Баткен облустук гимназия-жатак мектебинин 10-“г” классынын окуучусу  Эшбаева Нуршат, 9-“г” классынын окуучусу Матисаева Айана, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Тажиева Камилалар “FLEX 2022-2023” программасынын жеңүүчүлөрү болуп табылып, алдыда Америкага барып окуп келүү мүмкүнчүлүктөрү турат.

Сөз соңу

Баткен облусундагы бардык мектептерде көйгөйлөр окшош экен. Айрым мектептер, бала бакчалар авариялык абалда, дегеле капиталдык ремонттон өткөн эмес же талапка ылайык спорт зал, чоң зал, типтүү ашканалары жокко эсе. Ошондой эле жетекчилер 1-4-класстардын ысык тамагына бөлүнүүчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү керек экенин сунуштап жатышат. Мектептердин жылытуу системасын электр энергиясы менен жылытууга өткөрүү, физика, биология, химия  лабораторияларынын  жабдууларын толуктоо, анткени  лабораториялык иштер өз деңгээлинде өтүүсү үчүн керектүү приборлор жетишсиз. Ошондой эле маалыматта белгиленгендей, айрым мектептердин класстык бөлмөлөрүнүн жабдылышы, эмеректер эскирген ж.б.у.с. маселелер арбын экен.

“Мугалимдин статусу жөнүндө”  Мыйзамына мугалимдерге  кезексиз  турак-жай  салуу үчүн жер тилкеси берилсин деген беренени кайра киргизүү  жана  бул Мыйзамдын аткарылышын  Мамлекеттик  органдар тарабынан  катуу  көзөмөлгө алынса деген тилектерин билдиришкен.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер