БАТИРДИН БАКТЫЛУУ ЭЭСИ КИМ БОЛОТ?

  • 25.09.2024
  • 0

“Жылдын мыкты мугалими-2024” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” конкурсуна облустук турда алдыга озгон 180 педагог катышуусу күтүлүүдө. Гран-при ээсине Президент Садыр Жапаров батирдин ачкычын тапшырат. 

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Омуркановадан алган маалыматка ылайык, конкурстун баш байгеси үчүн 128 мугалим жана мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекеме-уюмдардын педагогдору билим таймашына чыгат.

Сүрөт дүйнөсүн ачкан агай

Быйыл өткөрүлө турган конкурс жылдагыдан башкача өтөт. Эгерде мурдагы жылдары бир облустан бир гана талапкер катышса, быйыл ар бир облустан 17 предмет боюнча мыкты деп табылган бирден мугалим келатат.

БАТИРДИН БАКТЫЛУУ ЭЭСИ КИМ БОЛОТ?

Нарын облусунун намысын коргоого аттанган Мирлан Кыдыков Нарын районунун Куйбышев айылындагы А.Тыныбеков атындагы мектепте көркөм өнөр сабагын окутуп келатканына сегиз жылдын жүзү болду. Ал Нарын мамлекеттик университетинин көркөм өнөр чебери факультетинин бүтүрүүчүсү. Мирлан төрт баланын атасы, келинчеги да тарбия ишинен алыс эмес, бала бакчада ашпозчу болуп иштейт.

— Мен атамдын ардактуу кесибин улантып келатам десем да болот. Атам Кыдыков Кубатбек мектепте көп жыл тарых мугалими болуп иштеген, апам Керимова Жибек да билим чөйрөсүнөн алыс эмес, ардактуу эс алууга чыкканга чейин айылдык китепканада иштеген адамдар эле. Мен эс тартканы сүрөт тартканга кызыккандыктан, келечекте тандаган кесибим ушул багытта болорун билчүмүн. Сүрөт — өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү бар керемет дүйнө. Аны жан дүйнөсү менен туюп, колунан көөрүн төгүлтүп, жандуу образга айландырган көркөм өнөр ээлери болот эмеспи. Мен мына ушундай ары кызыктуу, кооз, ары татаал дүйнө менен балдарды тааныштырып, аларды көркөм өнөргө тарбиялоого өз салымымды кошуп келатканыма сыймыктанамын, — дейт.

Мугалим үчүн өзү окуткан окуучусунун жараткан ийгилиги, турмуштан өз ордун, өз кесибин тапканы чоң кубаныч, чоң табылга эмеспи, айрыкча, эгерде ал сенин жолуңду жолдоп мугалим болсо, чыныгы сыймык ошол. Агайынын жолун улап, сүрөтчүлүк кесибин тандаган окуучулары аз эмес. Алардын бири Асаналикова Жанара учурда Новосибирск шаарында жашап, ушул тармакта эмгектенип келет.

Көркөм өнөр көбүнчө талантка байланыштуу болгонуна карабай, жөндөмдүү бала менен катар башка окуучуларга бирдей көз карашта болуп, бирдей мамиле  түзүүгө аракеттенерин, бирок ошол эле учурда таланттуу окуучунун билбегенин көрсөтүп, дем берип турарын айткан агай, мугалим үчүн эң маанилүүсү — балдарга үлгү болоорлук сабак өтүү, анын жандуу мисалы – мугалим экенине бекем ишенет.

Мирлан Кыдыковдун аракети, иш билгилиги, билим көрөңгөсү көз жаздымда калган жок. Тез эле район боюнча мыкты мугалим деп таанылып, эми мына минтип Нарын облусунун намысын коргоо ишенимине арзып отурат.

— Албетте, “Жылдын мыкты мугалими-2024” конкурсунун облустук этабында жеңишке жетүү оңойго турган жок, анын артында көп түйшүк, тынбас аракеттер болду. “Жалгыз дарак бак болбойт” дегендей, жеке өзүм эмес, эмгек жамаатымдын колдоосунда ушул жеңишке жетиштим десем болот. Учурдан пайдаланып, мектеп директору Орозгүл Осумбекова баш болгон жалпы эмгек жамаатыма, мага жакындан жардам берген Гүлзар Сураповага, Рахат Шабдыраевге терең ыраазычылык билдиремин, — дейт.

Нарындын “Мыкты усулчусу”

Нарын шаарындагы №1 “Ататүрк” балдар бакчасынын усулчусу Үмүт Бегалиева “Мыкты усулчу-2024” конкурсунун облустук турунда мыктынын мыктысы болуп таанылды. Ал 1983-жылы Нарын районундагы Орто-Нура айылында жарык дүйнөгө келген. 2000-жылы Жданов орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси. Жогорку билимдүү.

НМУнун педагогика факультетинин башталгыч класс адистигине ээ болгон.

БАТИРДИН БАКТЫЛУУ ЭЭСИ КИМ БОЛОТ?

— Мен Нарын шаарындагы №17 Ынтымак бала бакчасында, №4 “Наристе-Нур” бала бакчасында тарбиячы болуп иштеп, тарбиячылык жаатында тажрыйба топтоп, алгачкы эмгек жолумду бала бакчадан баштагам. Алгачкы күндөн тартып эле кошумча курстардан окуп, тажрыйба топтоого басым жасап келем. Алсак, Вольдорф педагогикасы, НМУнун алдындагы “Мугалимдердин билимин жогорулатуу”, мамлекеттик компьютердик курсу, КР билим берүү жана илим министрлигинин педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Компас билим берүү борборунун “Заманбап технологияларды окутуу методикасы”, “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин, “Мектепке чейинки билим берүүдө балдарды өнүктүрүү технологиялары”, Санарип академиясынын “Окуучуларга жашыл көндүмдөрдү калыптандырууда санарип технологияларды колдонуу менен заманбап мугалимдин ишмердүүлүгү” курстарында билимимди өркүндөтүп, STEM окутуу курсунун тренингине катышкам, — дейт сыймыктануу менен.

Үмүт Ыбыраевнанын 10 жыл ичинде жараткан ийгиликтери да арбын. Алсак, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Нарын облустук усулдук борборунун, шаардык кеңешинин ж.б. Ардак грамоталары менен сыйланган.

2024-жылы Нарын облустук конкурста “Мыкты усулчу” деп табылып, гран-при жеңип алгандыгы — өтөгөн эмгегинин, алган билиминин жемиши жана жеңиши десек куп жарашат.

Кароо-сынактарга активдүү катышып тажрыйба алмашууга жана топтоого басым жасаган нарындык мыкты усулчу ата-энелер, тарбиячылар жана балдар үчүн методикалык китеп-дептер иштеп чыккан. Санарип академиясы уюштурган “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталыштагы кароо сынакка  катышып, китеп окуу боюнча Алматы шаарына жолдомо утуп алган.

—  Мен бул сынакта көптөгөн билим билгичтиктерге ээ болдум. Методикалык ишимде тарбиячыларга онлайн жана офлайн түрүндө санарип  академиясы менен биргеликте тренер болуп сабак өтүп, билген билим-тажрыйбамды кесиптештерим менен бөлүшүүгө аракеттенип келем, — дейт.

Жакшы мугалим жарык чачкан шам

Көп учурда көңүлдөн сырт калабыз деп “таарына” калчу башталгыч класстардын мугалимдери бул ирет республикалык турга келатканы жагымдуу чоң жаңылык болууда. Көгүлтүр көл жээгинен облустук турда алдыга озгон Жети-Өгүз районунун Оргочор айылындагы М.Тынаев атындагы мектептин башталгыч класстардын мугалими Салтанат Түмөнбаева болду. Ал 1997-жылы Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булуң айылында жарык дүйнөгө келген. ЫМУнун педагогика факультетин аяктаган. Жалпы эмгек стажы 8 жыл.

БАТИРДИН БАКТЫЛУУ ЭЭСИ КИМ БОЛОТ?

— Мугалим ар бир окуучунун ичиндеги потенциалды ойготуп алардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жардам берет. Ал бир жагынан баланын рухий досу. Жакшы мугалим шам сыяктуу, ал окуучуга келечек жол көрсөтөт, жылуулук таратат, жарык чачат. Менин окуучумдун модели сынчыл ой жүгүртүүсү, чыгармачылык өз алдынчалуулугу калыптанган, кызматташууга даяр окуучу болууга тийиш. Ал үчүн мен балдарымдын окуп-жазуу, эсептөө жөндөмдүүлүгү менен бирге илимий-каржылык жана маданий жарандык сабаттуулукка ээ болушуна жакындан жардам берем. Мен ушундай ыйык милдетти аркалап келатканыма бактылуумун жана аны заман талабына шайкеш аткарууга милдеттүүмүн. Эгерде биз бүгүн балдарды кечээки ыкмалар менен окутсак, биз алардын эртеңкисин уурдаган болобуз демекчи, окутууда санарип жана медиа маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү жолундамын. Балдарга санаганды үйрөтүү жакшы, бирок аларга эмнени санай тургандыгын үйрөтүү эң жакшы деп эсептейм, — дейт Салтанат Эдиковна.

Салтанат Түмөнбаеванын эмгектеги ийгиликтерин алган айылдык, райондук, облустук Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары тастыктап турат.

Учитель создаёт нацию

Атай Солтоев, учитель истории, социальный педагог сш им.К.Усенбекова, с. Кудургу, Тюпского района, Иссык-Кульской области.

БАТИРДИН БАКТЫЛУУ ЭЭСИ КИМ БОЛОТ?

— “Учитель создаёт нацию” — это древнее изречение справедливо и в наши дни. А сельский учитель — это еще и создатель опоры для нации — воспитатель крепких, сильных, надежных, трудолюбивых детей.

Вот уже пять лет я работаю педагогом и никогда не сомневался в правильности выбора профессии. Мое педагогическое кредо: “Горжусь профессией своей, за то, что детство проживаю многократно!”

Для того чтобы успешно жить и действовать в современном мире, детям необходимо быть постоянно готовым к изменениям, сохраняя при этом свою неповторимость. Раскрытие индивидуальности через создание специальным образом организованной творческой среды – в этом я вижу цель своей педагогической деятельности как педагога дополнительного образования.

В настоящее время развитие творческой одаренности учащихся является одним из основных запросов, которые жизнь предъявляет к образованию.

Изменения во всех областях жизни происходят с невиданной скоростью. Для того чтобы успешно жить и действовать в современном мире, детям необходимо быть постоянно готовым к изменениям, сохраняя при этом свою неповторимость. Таким образом, развитие творческой одаренности становится одной из основных задач современного образования и воспитания.

Достичь этой цели, я считаю, поможет краеведение, история и САНЖЫРА кыргызов, так как это настоящая школа познания, воспитание историей и культурой, общение людей разных поколений через реализацию программы дополнительного образования.  Я считаю, что миссия педагога в современном дополнительном образовании – особая. Она не в том, чтобы привести детей к заранее известным результатам, а в умении и готовности вместе с ними пройти «путь» познания, результаты которого не предопределены. В этом суть педагогики сотворчества.

Педагог — баланын жан дүйнөсүнө сүңгүп кире алган адам

“Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” республикалык конкурсуна катышууга Талас облусунан жолдомо алган Нурсулуу Субанова Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы “Гүлзар” бала бакчасында тарбиячы болуп иштейт. Тарбиячылык кесибин жан дили менен сүйгөн, жаңы ачылган гүлдөй назик наристелер менен иштөөгө баш оту менен киришкен Нурсулуу Молдокуловна тарбиячы болуп иштеп келатканына быйыл туура 10 жыл болду. Ал да агартуучулук аруу кесибин ата-энесинен таберик сымал аяр улап келаткан жаштардан. Үй-бүлөсүндө бактылуу жар, төрт баланын мээримдүү энеси.

БАТИРДИН БАКТЫЛУУ ЭЭСИ КИМ БОЛОТ?

— Мен Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулуп-өскөм. Кыргызда “Аккан арыктан суу агат” деп бекеринен айтылбаса керек, менин чоң атам Сабуров Субан өз кезегинде эл кадырлаган белгилүү мугалим болгон, апам да Эл агартуунун отличниги, башталгыч класстын мугалими болуп 39 жыл эмгектенген. Андыктан менин педагогика тармагына келип калганым да бекеринен эмес. Тарбиячылык кесибимди абдан жакшы көрөм, анткени жан дүйнөсү таза ааламга көз карашы бийик, дили ак наристелер менен иштөө мага абдан жагат, — дейт Нурсулуу.

Ал Талас мамлекеттик университетинен башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болгон. Педагогикалык кредосу — балдар менен иштөө эле эмес, балдардын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирүү. Нурсулуу өз ишинде ар кандай методикалар менен балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө аракеттенет. Айрыкча дидактикалык оюндар, СТЕМ программасын колдонуп, балдарды дени сак, ар кырдуу инсан болууга тарбиялоого далалаты чоң. Ал аракети бааланып, райондо ар жылы өтүп турчу “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсуна катышып, гран-прини жеңип алды.

— Тарбиячы — бул жөн эле тарбиячы эмес, ал артист, эне, медайым да болууга тийиш. Алдыда өтүүчү республикалык конкурска Талас облусунун намысын коргоо насиби буюрган экен, мен болгон иш тажрыйбамды, аракетимди жумшайм. Мени колдогон, мага ар убакта жардам берген “Гүлзар” балдар бакчасынын эмгек жамаатыма жана ошондой эле райондук, облустук билим берүү бөлүм жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет, — дейт тарбиячы Нурсулуу Субанова.

Татыктуусу тандалсын

“Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” конкурсунун республикалык туруна Чүй облусунан келаткан талапкерлердин бири — Айзада Осмонбекова. Ал Сокулук районунун Панфилов айылында 1994-жылы мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. 2014-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун колледжин аяктаган. Учурда К.Карасаев атындагы БМУнун орус тили жана адабият факультетинде билим алууда. 2015-жылдан бери Сокулук районунун Биринчи Май айылындагы «Сырдуу балалык» бала бакчасында тарбиячы болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын бактылуу энеси.

БАТИРДИН БАКТЫЛУУ ЭЭСИ КИМ БОЛОТ?

— Бала бакчада сабактар мамлекеттик стандартка ылайык өткөрүлөт. Биз мектепке чейинки курактагы балдарга жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү, багууну камсыздоого ар убак аракеттенебиз.

Дегинкиси эле балдарга сабак өтүүдө анын темасын, анын максаттарын так коюу керек. Максаттары так коюлуп, милдеттери туура аныкталган сабактар жугумдуу, жеткиликтүү болот. Бала бакча курагындагы баланы ар тараптан өнүктүрүүнүн мааниси чоң. Ар тараптуу өнүктүрүү дегенде, балдарга билим жана тарбия менен бирге алардын ден соолугуна кам көрүүнү, туура тамактандырууну биринчи орунга коюу керек. Себеби ушунун баары мектепке чейинки курактагы баланы мектепке чейинки даярдоодо өтө маанилүү.

Мен алдыда боло турган конкурста республикабыздын туш тарабынан келаткан кесиптештериме татыктуу таймаш каалайм. Мыктынын мыктысы тандалсын. “Сүрөөнчү кийик аттырат” дейт эмеспи, ансыңарындай бизди таптап, колдоп алдыга сүрөп келаткан кесиптештериме, жетекчиликке ыраазычылык билдиремин, — дейт тажрыйбалуу тарбиячы.

“Жылдын мыкты мугалими-2024” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” конкурсун уюштуруучулардын айтымында, конкурстун финалы үч тур менен өтүп, ар биринде жогорку балл алган талапкер гана улам кийинки турга катышууга укук алат.

— Талапкерлер биринчи турда предметтик даярдыгы жана педагогикалык кырдаалдардагы психологиялык даярдыгы боюнча эки бөлүктөн турган тест тапшырып, жалпысынан 60 суроого жооп берет. 60 суроонун ар бирине бирден балл коюлат да, 40-60 балл алгандар 2-турга өтөт.

Эки турдун жыйынтыгында 70-100 балл алгандар 3-турга барат. 3-турда “Сабак” конкурстук сыноосу болот. Анын максаты – катышуучу сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо окуу-тарбиялоо процессин жана окуучулардын окуу ишин уюштуруунун негизги формасы катары өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүүгө тийиш, — дейт Салтанат Темирбековна.

Ошентип, быйыл жаңы форматта өтө турган конкурстун чечүүчү финалына саналуу күндөр калды. Катышуучуларды да, уюштуруучуларды да өзгөчө толкундаткан конкурстун жыйынтыгында эң көп балл топтогон бактылуу талапкерге Президент Садыр Жапаров Бишкектен берилүүчү батирдин ачкычын тапшырмакчы.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер