12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН БИЛИМ САПАТЫН КАНТИП ЖАКШЫРТАБЫЗ?

  • 03.04.2025
  • 0

Улуттук жаңы билим берүү модели: 100 суроого – 100 жооп

Жаңы окуу жылынан баштап өлкө мектептери 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Ушул жагдайда башталгыч класстардын мугалимдери өздөрү күмөн санаган жагдай боюнча суроолорду министрликке  жөнөтүшкөн. Мугалимдерге түшүнүктүү болуу үчүн  Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фаризат СОЛТОГУЛОВА суроолорго жооп берет.

— 480 саат “Наристе” программасынан өткөн балдар кайсы программа менен улантып окуйт?

— 480 сааттык “Наристе” мектепке даярдоо программасынан өткөн 7 жана 6 жаштагы балдар келе жаткан жаңы окуу жылында 2-класска которулушат. Жаңы окуу жылында 2-класстар жаңы мазмундагы окуу программалар жана окуу китептери менен камсыздалат.

— Башталгыч класстар 0-класстан 2класска отурса, 6 жаштагылар 1-класска отурса, 3-класс 5-класска секирсе, мугалимдер  кайсы программа,  кайсы китеп менен окутат?

— Келе жаткан жаңы окуу жылында 1- жана 2-класстар жаңы мазмундагы окуу программалар жана окуу китептери менен камсыздалат. 3-класстан 9-класска чейин жаңы мазмундагы “Англис тили” окуу китеби окуу процессине киргизилет,  5-класстарга жаңы мазмундагы табигый-илимий багыттын китептери жана 7- класстарга жаңы мазмундагы “Математика” китеби киргизилет.

— 6 жаштан баштап кирсе, 1-класстын окуучулары үчүн тамак-аш менен камсыздоо жана окуу мөөнөттөрү канча убакытка созулат?

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 402-т тескемесине ылайык, 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусу сакталат. 1-класстын окуучулары окуу мөөнөттөрү иштелип жаткан мектепке даярдоо программасында аныкталат.

— 12 жылдык билим берүү башталгыч класстардын билим сапатын кантип жакшыртат? Айырмачылыгы эмнеде?

— Билим берүүдө эң жакшы натыйжаларга жетишкен өлкөлөрдөгү билим берүү структурасын талдоо алты жылдык башталгыч мектепке негизделген модель эң кеңири таралгандыгын көрсөтөт. Башталгыч билим берүүнүн узактыгы алты жыл болгон Түштүк-Чыгыш Азия, Борбордук, Түндүк жана Чыгыш Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүндө окуучулардын функционалдык сабаттуулугу жана негизги окуу көндүмдөрү эң жакшы калыптанганы белгилүү. Бул өлкөлөрдө окуунун башталышы 5 жаштан 7 жашка чейин түзөт жана мектепке чейинки билим берүүнүн өнүгүү деңгээлине байланыштуу. Кыргызстан үчүн эң актуалдуу модель катары 12 жылдык моделдин «6+3+3» сунушталууда, анда кошумча жыл башталгыч мектепке алты жаштан баштап балдарды тартуу болуп эсептелет.  Бул биринчи кезекте социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жана андан ары билим алуу үчүн негиз катары башталгыч билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле мектепке чейинки ар кандай даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө зарылдыгы менен түшүндүрүлөт. Мындай ыкманы ишке ашыруу мектепке чейинки курактагы балдардын 75%га жакынын камтыган «Наристе» мектепке даярдоо программасын трансформациялоонун эсебинен жүзөгө ашырылат. Бул 1-класста окутуунун ушул этабында балдардын жалпы билим деңгээлин теңдөө проблемасын чечүүгө мүмкүндүк берет.  Ошондой эле алты жаштан баштап балдарды мектепке кабыл алуу 4-5 жаштагы балдардын мектепке чейинки билим алышы көбөйтүп, алардын когнитивдик, социалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн жаш кезинен өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

— 11 жылдык система менен салыштырганда, 12 жылдык билим берүүнүн (башталгыч класстарда) артыкчылыгы кайсылар?

— 12 жылдык билимге өтүү окуучулар үчүн төмөнкүдөй өткөөлдүн пайдасына бир катар негизги аргументтерге (артыкчылыктарга) ээ: окуу материалдарын тереңирээк өздөштүрүүгө: 12 жылдык билимге өтүү, маалыматты ашыкча жүктөөдөн алыс болуп, предметтерди салмактуу жана терең окутууга мүмкүндүк берет. Бул материалды жакшыраак түшүнүүгө жана эстеп калууга, сынчыл ой жүгүртүүнү жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет; кесипти аң-сезимдүү тандоого: окуу убактысынын көбөйүшү окуучуларга билимдин ар кандай тармактары менен жакындан таанышууга, алардын кызыкчылыктарын жана каалоолорун изилдөөгө жана кесиптик багыт алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул келечектеги кесипти аң-сезимдүү жана негиздүү тандоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат;  социалдаштырууга жана инсанды өнүктүрүүгө: мектепте 12 жылдык билим берүү социалдашууга, класстан тышкаркы иш-чараларга катышууга, лидерликти жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Бул гармониялуу инсанды калыптандырууга жана бойго жеткенге даяр болууга өбөлгө түзөт; эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайыкташууга: заманбап эмгек рыногу мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн билимди гана эмес, командада иштей билүү, сынчыл ой жүгүртүү, коммуникабелдүүлүк жана креативдүүлүк сыяктуу өнүккөн көндүмдөрдү да талап кылат; стрессти жана чарчоону азайтууга: окуунун ченелген темпи окуучулардын, айрыкча жогорку класстарда стрессти жана чарчоону азайтат; жогорку билимге салмактуу өтүү: 12 жылдык билим бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлин эл аралык стандарттарга жакындатат жана жогорку билимге өтүүнү жеңилдетиши мүмкүн, айрыкча чет өлкөлөрдөгү университеттерде;  окутууну оңдоо жана жекелештирүү мүмкүнчүлүгү: кошумча убакытты билимдеги кемчиликтерди аныктоо жана жоюу, ошондой эле ар бир окуучунун муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окутууну жекелештирүү үчүн колдонсо болот.

— Быйыл 1-2-класстарга кабыл алганы жатат. 1-класстын жүктөмү канча саат болот?

— Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык 1-класстар үчүн окуу жүктөмү жумасына 21 саатты түзөт.

— 2020-жылы январда туулган балдар бала бакчада калабы же 1-класска барабы?

— Келе жаткан 2025/2026-окуу жылында мектептин 1-класстарына 2019-жылы төрөлүп, уушул жылы 6-жашка толо турган балдар кабыл алынышат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер