«БАШКА ЖОЛ ЖОК. ИЙГИЛИК ОҢОЙ МЕНЕН КЕЛБЕЙТ». АГАРТУУ МИНИСТРИ КООМЧУЛУККА КАЙРЫЛДЫ

  • 05.09.2025
  • 0
"БАШКА ЖОЛ ЖОК. ИЙГИЛИК ОҢОЙ МЕНЕН КЕЛБЕЙТ". АГАРТУУ МИНИСТРИ КООМЧУЛУККА КАЙРЫЛДЫАгартуу министри Догдургүл Кендирбаева ата-энелерди жана коомчулукту жаңы окуу жылынын башталышындагы убактылуу кыйынчылыктар менен билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Фейсбук баракчасына жарыялаган постунда  министр жаңы окуу жылын жаңы билим берүү системасынын эң алгачкы, эң оор түйшүктүү жылы деп атады.
«Кандай гана өзгөрүү, өнүгүү болбосун жеңил өтпөйт. 1.5 млн окуучунун ата энесин, 97.000 мугалимдердин дегеле коомдун мүчөлөрүн кыска убакытта калыптанып калган адаттан арылтуу, түрдүү социалдык нормаларды, көз караштарды, баалуулуктарды бир жерге алып келүү өтө оор. Агартуу министрлиги бир эле мезгилде жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттарды иштеп чыгып, окуу китептерин чыгарып, жаңы методикалар менен мугалимдерди, жетекчилерди, методисттерди, завучтарды окуттук жана окутуп жатабыз, окутабыз. Биринчи этапка 4 класс гана жаңы муундагы китептерди пайдаланышат. Калгандар эски окуу китептерин пайдаланышат. «Учкун» мамлекеттик басмаканасы күндүр-түндүр китеп басууда жана мектептерге жөнөтүп жатат. Э-күндөлүккө пайдалана турган китептердин тизмеси жана жаңы муундагы жана эски китептер илинип турат. Жүздөгөн мугалимдер тынымсыз жаңы муундагы китептердин ар бир ката кетирбеш үчүн баш көтөрбөй иштеп жатышат. Биринчи жолу мамлекеттик акчага мамлекеттик китептерди чыгарып жатабыз».
"БАШКА ЖОЛ ЖОК. ИЙГИЛИК ОҢОЙ МЕНЕН КЕЛБЕЙТ". АГАРТУУ МИНИСТРИ КООМЧУЛУККА КАЙРЫЛДЫ
Кыргызстанда билим берүү тармагы көп жылдардан бери кризисте турат. Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, билим сапаты боюнча ПИЗА сынагына катышкан өлкөлөрдүн эң артында калганы мунун кашкайган далили. Совет убагынан бери келаткан мектеп тармагы эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калган чагы.

Кыргызстандын көптөгөн окуучулары билимди практикада колдонгонду билишпейт. Алар үйрөнүшөт, бирок түшүнүшпөйт. Окушат, бирок окуганын түшүндүрүп бере алышпайт. Анткени бизди курчап турган дүйнө өзгөрүүдө. Ал балдардан билимди гана эмес, ой жүгүртүү, талдоо, маселе чечүү, командада иштөө, технологияларды колдонуу сыяктуу заманбап көндүмдөрдү талап кылат.

Бүткүл дүйнөдө окуучулар 12 жыл окушат — бул аларга предметтерди терең өздөштүрүүгө, жашоодо туура жол тандоого жана чоңдордун жоопкерчилигине даярданууга көбүрөөк убакыт берет. Ал эми Кыргызстанда мектепти 16 жашында аяктап жаткан көбүнчө балдардын айкын ой-максаты жок жана жогорку окуу жайга же жумушка даяр эмес. Чет өлкөгө тапшырган биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө дагы бир кошумча жыл окууга туура келет — анткени дээрлик бардык жерде 12 жылдык билим берүү иштейт.

Мына ушундай шартта,  Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө бир жыл мурда камылга баштаган. Бул реформа «Алтын Казык» масштабдуу программасынын бир бөлүгү болуп калды, ал стандарттарды, окуу китептерин, программаларды, технологияларды жаңыртууга, ошондой эле заманбап мугалимдерди даярдоого жана жаңы мектептерди курууга багытталган. Жаңы моделди ишке ашырууга бардык деңгээлде даярдык көрүлдү.

"БАШКА ЖОЛ ЖОК. ИЙГИЛИК ОҢОЙ МЕНЕН КЕЛБЕЙТ". АГАРТУУ МИНИСТРИ КООМЧУЛУККА КАЙРЫЛДЫ

«Сапаттуу, атаандаштыкка туруктуу билимге, көндүмгө ээ болгон балдарды даярдоо менен алардын, үй бүлөнүн, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылабыз. Башка жол жок! Ийгилик оңой менен келбейт! Ар бир өлкө билим тармагын өнүктүрүү аркылуу өнүккөн жана бизден узак, татаал жолду басып өтүшкөн. Билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдөгү убактылуу түйшүктү түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенем»,-дейт Догдургүл Кендирбаева.

«Эң кооз жасалгалуу дубал- балдардын кыялындагы сүрөттөрү тартылган дубал. Ар бир баланы кыялданууга көндүргүлө, наристе кыялы өз учурунда максатка айланат. Кыялдануу сапаты изденүүгө шыктандырат, алга сүрөйт».
Бөлүшүү

Комментарийлер