БАЛДАР МЕНЕН ИШТӨӨГӨ БИЛИМДЕН БИРИНЧИ МЭЭРИМДҮҮ ЖҮРӨК КЕРЕК

  • 21.06.2023
  • 0

Бишкекте ачылган үй тибиндеги бала бакчаларда учурда 500дөн ашык бала тарбияланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Вице-мэрдин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна карата үй тибиндеги бала бакча ачуу өтүнүчү менен 997 жаран кайрылган, анын ичинен Ленин районунан – 461 арыз, Биринчи Май районунан – 235 жана башкалардан – 83 арыз катталган.

Мындай үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда. КР Президенти С.Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан бул долбоор мектепке чейинки курактагы бөбөктөрдү бала бакча менен камсыздоо максатын көздөйт.

БАЛДАР МЕНЕН ИШТӨӨГӨ БИЛИМДЕН БИРИНЧИ МЭЭРИМДҮҮ ЖҮРӨК КЕРЕК

Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматы боюнча учурда республикада мектепке чейинки курактагы 1 млн бир жүз жети миң бала катталган. Анын 24 пайызы гана бала бакчага барат. Адистер бала бакчага барган бала менен бакчага барбаган балдардын аң-сезиминин өнүгүүсүндө кыйла ажырым бар экенин аныктап чыккан. Алсак, бала бакчага барып, жаш курагына жараша окуу, оюндар жана башка өнүктүрүү программасына тартылган балдардын деңгээли бакчага барбаган балдарга салыштырмалуу 17% жогору болот. Ошондой эле баланын өнүгүүсүнө инвестиция канчалык эрте жумшалса, кайтарымы да ошончолук жогору дешет.

Балдардын эрте жаш курактан өнүгүүсүнө коңшу мамлекеттер өтө жогору маани берерин алардагы бала бакчалардын санынан улам байкоого болот. Алыс кетпей эле коңшу Казакстанды алсак, ал жакта балдардын 97 пайызы бала бакчага барат. РФ, Эстония, Грузия ж.б. мамлекеттерде деле ушундай. Алар мындай көрсөткүчкө мамлекеттик бала бакчалар менен катар эле жеке менчик бала бакчаларды ачуу жолу менен жетишкен. Бизде болсо буга чейин мамлекеттик бала бакчаларга гана басым жасалып, жеке менчик бала бакча ачуу процесси өтө татаал болуп келгени маалым. Жогорку Кеңеште азыркы учурда каралып жаткан “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда бала бакча ачууда талап кылынган лицензия жоюлуп, жеке менчик бала бакча ачуу жолдорун жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда.

Бишкек шаарынын тургуну Динара Токтосунованын үйү Биринчи-Май районунун аймагында жайгашкан. Жеке ишкерлик жаатында аздыр-көптүр тажрыйбасы бар Динара айым акыркы алты айдан бери жеке менчик бала бакча ачууну кыялданып жүргөнүн айтты. Ал жогоруда аталган долбоордун алкагында үч күндүк окуудан өтүп, үй тибиндеги бала бакча ачкан жеке ишкерлердин бири. Динара айым сертификатты Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун өз колунан алганын, анын сүрөтү “Кут Билимге” чыккандан бери популярдуу болуп жаткандыгын сыймыктануу менен айта кетти.

БАЛДАР МЕНЕН ИШТӨӨГӨ БИЛИМДЕН БИРИНЧИ МЭЭРИМДҮҮ ЖҮРӨК КЕРЕК

— Жеке менчик бала бакча ачуу – бул чынында бизнес эмес. Балдар менен иштөөгө билим жана тажрыйбадан тышкары, балдарды сүйгөн мээримдүү чоң жүрөк керек деп эсептейм. Өзүмдүн алты балам, төрт неберем бар. Балдар менен иштөөдө жакшы эле тажрыйбам бар деп эсептейм, себеби билим берүү мекемесинде медайым болуп иштегем, өзүм да балдарга жакынмын. Учурда “Успех” деп аталган бала бакчама 20дан ашык бала келүүдө. Балдардын жаш курагын бир жарым жаштан алты жашка чейин деп белгилегенбиз. Азыр мени менен эки тарбиячы иштеп жатат. Талапкерлерди өтө кылдат изилдеп, анан гана кабыл алдым. Ал эми ашкана жагын азырынча өзүм тейлеп жатам. Бөбөктөрдүн ден соолугуна пайдалуу мөмө жемиштердин кайнатмаларын, витаминдүү азыктарды жасап берүүгө басым жасайбыз. Медициналык кесибиме жараша эң биринчи көңүлдү тазалыкты сактоого буруудамын, — дейт Динара Токтосунова.

Динара айым Акылбек Жапаров жолугушуу учурунда аларга балдарга кам көрүү боюнча өтө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн, пилоттук долбоор иштеп кетсе, улуттук масштабда ишке киргизилерин айтканын белгилеп, балдардын татыктуу бүгүнкүсү жана келечеги үчүн багытталган программага катышып жаткандыгы өзүнө бир чети сыймык болсо, бир чети чоң жоопкерчилик экенин жакшы сезерин, андыктан ишенимди актоого бар күчүмдү жумшайм деген убадасын берди.

БАЛДАР МЕНЕН ИШТӨӨГӨ БИЛИМДЕН БИРИНЧИ МЭЭРИМДҮҮ ЖҮРӨК КЕРЕК

Жеке ишкерлерди окутуу үчүн 350дөн ашык адамды камтыган 30 топ түзүлүп иштеп жатат. Маалыматка ылайык, 487 катышуучу онлайн режимдеги курсту аяктап, жыйынтыгында 341 адам сертификат алган. Ал эми алардын ичинен 98 катышуучу жеке ишкер катары каттоодон өткөн.

Учурда “Өкмөттүк акселераторлор” пилоттук долбоору боюнча үй тибиндеги бала бакчаларды ачкандардын саны өсүүдө. “Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтары” башталгыч курсуна арыздарды кабыл алуу уланып жатат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер