БАЛАНЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛОО – БАЛАНЫН КЕЛЕЧЕГИН БААЛОО

  • 06.08.2025
  • 0

Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо – прогресске көз салуу гана эмес, баланы жана анын үй-бүлөсүн колдоону максаттуу күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Мындай жыйынтыкка 560 кыска мөөнөттүү бала бакчада балдарды өнүктүрүүгө багытталган долбоордун таасирин масштабдуу баалоонун жүрүшүндө келишкен. Адистердин айтымында, алынган маалыматтар ыкманын жогорку натыйжалуулугун тастыктап, анын масштабын кеңейтүүгө жана мектепке чейинки билим берүү тутумуна туруктуу интеграциялоого негиз берет.

Эң жогорку көрсөткүч кайсы чөйрөдө катталган?

Учурда бүткүл өлкө боюнча 560 кыска мөөнөттүү бала бакчада мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүгө багытталган долбоордун таасирин масштабдуу баалоо аяктап, анын жыйынтыгы кызуу талкууда. Ал кандай жыйынтык берди? Эң оболу ал кандай жол менен жүргүзүлгөнүнө кеңири токтоло кетели. Адистер белгилегендей, изилдөө балдарды эрте өнүктүрүүнү баалоонун улуттук куралын колдонуу менен жүргүзүлүп, ага 3-5 жаштагы балдарды өнүктүрүүнүн төмөнкү негизги багыттары камтылган: физикалык өнүгүү; таанып-билүү жана когнитивдик өнүгүү; сабаттуулук жана байланыш; социалдык-эмоционалдык өнүгүү жана чыгармачыл эстетикалык өнүгүү.

Эки этапта жана тандоо ыкмасы менен жүргүзүлгөн изилдөөгө ар бир топко 13-15 баладан турган 70 топ (эксперименталдык жана контролдук топтор) катышкан. Байкоонун биринчи раундунда 1674 бала, экинчи раундда 1443 бала катышты.

Биринчи раунддун жыйынтыгы боюнча өнүгүүнүн бардык 5 облусу өнүгүүнүн жетиштүү деңгээлинин чегинде (3-5 балл) турганы аныкталган, тагыраак айтканда, эң жогорку көрсөткүч физикалык өнүгүү чөйрөсүндө катталган (4,25), бул көпчүлүк балдардын жакшы калыптанган моторикасын көрсөтөт. Ал эми эң төмөнкү маанилер сабаттуулук жана коммуникация, ошондой эле Чыгармачыл өнүгүү багыттары боюнча байкалат (ар бири 3,83), бул багыттарда кошумча колдоого муктаждыкты көрсөтүшү мүмкүн. Ошондой эле социалдык жана эмоционалдык өнүгүү деңгээли (4.00) туруктуу орто деңгээлде экендигин көрсөтөт.

Экинчи раунддун жыйынтыгынан бардык 5 аймак өнүгүүнүн жетиштүү деңгээлинде (3-5 балл) экенин көрүүгө болот. Адистер эң жогорку көрсөткүч (5,13) физикалык өнүгүү жаатында катталганын белгилешүүдө. Ал эми социалдык жана эмоционалдык өнүгүү деңгээли (4.95) жогорку чекке жакын туруктуу орточо деңгээлде. Эң төмөнкү маанилер сабаттуулук жана коммуникация (4,82), ошондой эле чыгармачылык өнүгүү (4,85) багыттары боюнча байкалат.

Эми эки раунддун жыйынтыктарына көз салып көрөлү: Биринчи жана экинчи раунддун жыйынтыктарын салыштырууда физикалык өнүгүү, өзгөчө моторика (+0.98) олуттуу жакшырганын көрсөттү, бул манжа координациясын өнүктүрүүчү практикаларды киргизүү, кыймылды керек кылуучу оюндарды жана режимдик учурларды активдүү колдонуу менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Эң көрүнүктүү өсүш когнитивдик чөйрөдө да жазылган. Математика жана эксперименттеги жетишкендиктерди байкабай коюуга болбойт, бул эрте курактагы балдарды тарбиялоодо изилдөө жана STEM ыкмаларын активдүү колдонуу жөнүндө сөз кылууга арзыйт. Сүйлөөнү өнүктүрүүнүн бардык аспектилеринде, айрыкча, сүйлөөнү өнүктүрүүдө жана үн чыгарууда оң динамика байкалат. Бул окуу, талкуулоо жана диалог практикасы аркылуу лексиканы байытуу жана ырааттуу сүйлөө боюнча педагогдордун системалуу ишинин далили болушу мүмкүн. Эң олуттуу өнүгүү сүрөт иш-аракеттери жана эстетикалык кабылдоо жаатында катталган. Бул балдардын эмоционалдык интеллектти жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу үчүн өзгөчө маанилүү болгон сүрөт тартуу, музыка, бий жана драматургия аркылуу өз оюн билдирүүгө активдүү катышкандыгынын далили.

Дүйнөлүк Банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыеванын айтымында, изилдөө эки долбоордун бир бөлүгүнүн алкагында кыска мөөнөттүү жамааттык бала бакчалардын таасирин баалоо катары жүргүзүлгөн.

— “Келечек үчүн билим берүү” биринчи долбоорунун алкагында 500 бала бакча, экинчи долбоордун алкагында 60 бала бакча түзүлдү. Изилдөөгө эксперименталдык топ катары биздин жамааттык бала бакчага катышкан балдар жана үй шартында болгон балдар тартылган. Биз ошол билим алып жаткан балдар менен үйдө отурган балдардын ортосундагы айырма канчалык экенин текшеришибиз керек болчу. Ошол эле балдар эки жолу текшерилди, б.а. 6-7 айдын ичинде бала бакчага барган балдарда кандай өзгөрүүлөр болгонун карап чыктык. Бардык өзгөрүүлөр ресурстардын, колдонмолордун физикалык жагымдуу чөйрөнүн таасиринин натыйжасында пайда болуп, балдардын өнүгүүсүнө абдан пайдалуу экендиги илимий жактан далилденген статистикалык маанисин көрсөтүп турат. Презентацияларда жалпы моторикасын өнүктүрүү эмнеге таасир этерин, майда моторикасы өнүккөндө эмнеге таасир этерин тастыктаган байланыш айкын көрсөтүлдү. Төрт жаштагы балдардын эң алсыз жери – бул сүйлөө речинин начар өнүгүшү болууда, — дейт координатор.

Баланы эрте өнүктүрүүдө эне-атанын ролу кандай?

Изилдөөнүн жүрүшүндө 1300дөн ашык ата-энелер сурамжылоого алынганын, алардын көбү аялуу үй-бүлөлөрдүн энелери экендигин белгилей кетсек болот. Изилдөө учурунда балдардын өнүгүүсүнө ата-энелердин катышуусу жогору экени, бирок окуу материалдарынын жана китептердин жетишсиздиги аныкталган. Ошондой эле үйдө бала менен ким көбүрөөк алектенет деген суроонун жыйынтыгында баланын энеси балага көбүрөөк көңүл бурары, т.а. 81,2% эне баласы менен алектенери билинген.

Мектепке чейинки билим берүү — жөн гана мектепке даярдык эмес. Бул – баланын интеллектуалдык, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнүн пайдубалы. Изилдөөлөргө ылайык, бала бакчага барган балдар мектепке оңой көнүп, окууда да жогорку жыйынтыктарга жетишет. Демек, мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу туруктуу өнүгүүнүн өзөгүн түзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 257 миңден ашуун бала ар кандай формадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барат. Оперативдүү маалыматтар боюнча, мектепке чейинки билим берүүнүн бардык формалары менен камтуу, анын ичинде мектепке даярдоо 44,3 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч 2020-жылдагы 22 пайызга салыштырмалуу дээрлик эки эсе өскөн.

Кыска мөөнөттүү бала бакчага 40 миң бала тартылат

Өлкө башчысы 2025–2026-окуу жылында балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен 60 пайыз камтууга, 2030-жылга чейин 80 пайызга жетүүнү белгилөөдө. Бул максаттарга жетүү үчүн бардык жерде бала бакчалар жигердүү курулуп, ачылып жатат. Акыркы бир нече жылда эле алардын саны 400гө көбөйдү. Тополоңдуу токсонунчу жылдары ата-энелер балдарын бакча берүүгө дарамети жетпей, бала бакчалар башка максаттарга берилип кеткени маалым. Эми ошол имараттар кайрадан мектепке чейинки билим берүү системасына кайтарылып жатат. Бүгүнкү күндө 50дөн ашуун объект мамлекетке кайтарылып, алардын ичинен 15и бала бакча катары өз ишин баштады, ал эми калгандарында калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, кыска мөөнөттүү бала бакчалар сентябрга чейин толук ишке кирмекчи. Министрлик билдиргендей, ар бир бакча керектүү эмеректер, оюнчуктар жана окуу материалдары менен жабдылат. Бул формат үч жаштан алты жашка чейинки 40 миңден ашык баланы мектепке чейинки билим менен камтууга шарт түзмөкчү. Күнүнө үч сааттык иш жүргүзгөн бакчаларда балдарга уктоо жана тамак берүү каралган эмес. Анткени мындай ыкма баланы мектепке даярдоо программасы менен тааныштыруунун эң ыкчам жана жеткиликтүү жолу болсо, экинчи жагынан экономикалык жактан да натыйжалуу болору талашсыз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер