БАЛАНЫ МЕКТЕПКЕ КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?

  • 23.05.2022
  • 0

Балдарды мектепке даярдоо өтө жооптуу жана узак иш экендиги талашсыз. Анткени мектепке даярдоо биз ойлогондой бала бакчадан эмес, үй-бүлөдөн башталат жана көпчүлүк ата-эне эсептегендей, кийим-кече, калем сап, дептер жана китеп кап алып берүү менен эле чектелбейт. Төмөндө бала мектепке кандай даярдык менен барышы керектиги жөнүндө азыноолак кеп кылабыз.

Албетте, бала бакчага барбай үйдө отурган балага караганда, бала бакчага барган балдардын жүрүм-туруму, психологиялык даярдыгы кыйла жогору. Анткени баласын үйдө кармаган ата-эне атайын адистин кошумча методикалык сунуштары менен тааныш эмес болгондуктан, мектепке даярдоодо мүчүлүштүктөр орун алат. Ал эми бала бакчага барып жүргөн бала атайын программанын алкагында даярдыктан өтөт жана ошондой эле жамаат менен бирге окуу тажрыйбасына ээ болот.

БАЛАНЫ МЕКТЕПКЕ КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?

Ушундай айырмачылыкты эки баласынан байкагандыгын айткан Бактыгүл айым, өзү кабылган көйгөй менен бөлүштү.

— Мен башка көптөгөн кыргыз мигранттары сыяктуу эле, Россияда иштеп келдим. Улуу кызымды Бишкекте эжем багып калгандыктан, ал бала бакчага үзбөй барып жүрдү. Мектепке барганда да, бала бакчадагы даярдыгы жардам бердиби, айтор, кыйналбай эле окуп кетти. Ал эми андан үч жаш кичүү уулумду өзүм менен кошо алып кетүүгө мажбур болдум. Ал жакта каяктагы бала бакча болмок эле, батир издегенде үйүндө баласы менен отурган кожойкеси бар батир таап, ага кошумча акча берип койчумун. Баламдын жанында эртели-кеч киши болгонуна эле сүйүнүп, аны мектепке даярдоого чамам да келчү эмес. Ал керели-кечке телефон чукулап отургандыктан, орусчаны жакшы үйрөнүп алды. Ошол себептүү Бишкекке келгенде аргасыз орус тилдүү мектепке бердим. Мына ошондо анык көйгөйлөр башталды, бир чети окуткан мугалимдин да тажрыйбасы жокпу билбейм, окуу жылы аяктап калганына карабай, шыр окуй албайт. Буга, албетте, биринчи кезекте өзүм күнөөлүүмүн, баламды үйдө талаптагыдай даярдай алган жокмун. Эми кошумча болсо да окутуп, даярдыгына көбүрөөк көңүл бөлүшүм керек. Балдарды мектепке атайын адистердей эч ким даярдай албайт экен. Үйдө окутуу эмне деген азап экендигин пандемияда жон терибиз менен сездик го, — дейт Бактыгүл.

Психологдордун пикири боюнча, баланын интеллектисинин 80 пайызы сегиз жашка чейинки куракта түзүлөт. Андыктан бала бакчадагы баланы мектепке даярдоого өзгөчө көңүл бөлүнүүгө тийиш. Бала бакчалар билим берүү түзүмүнө кирген соң, аларга балдарды ар тараптуу өнүктүрүүдөн тышкары, болочок окуучуларды даярдоо милдети да жүктөлгөн. Бала бакча тарбиячысынын иши канчалык интенсивдүү жана натыйжалуу болсо, келечекте партага отура турган баланын ийгилиги ошого түздөн-түз көз каранды.

Адистердин айтымында, баланы мектепке даярдоо тайпасында иштеген тарбиячынын педагогикалык ишмердүүлүгү баланын теңтуштары жана чоң адамдар менен кеңири баарлашуусу жана уюштурулган окуу процесси сыяктуу эки маанилүү компоненттен куралат.

Жөнөкөйдөн татаалга карай

Балдарды мектепке даярдоодо “Наристе” программасы баарыбызга жакшы тааныш. «Наристе» программасы Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен «Билим берүү — жалпыга» программасынын алкагында билим берүү программаларына тартылбаган 6 жаштагы балдарды мектепке даярдоону камсыздоо максатын көздөп кабыл алынган. Ал программа боюнча окуу процесси сентябрда башталып, май айында аяктайт, б.а. окуу жылынын узактыгы 32 жуманы түзөт. Сабактар узактыгы 35 мүнөттү түзөт. Албетте, ал ортодо дене тарбиялык көнүгүүлөр, кыймылдуу оюндар жана музыкалык тыныгуулар болуп турат.

«Наристе» программасынын окуу планы беш компетенцияга негизделет:

  1. Социалдык-эмоционалдык компетенттүүлүк балага социалдык-ьңгайлашууга, оң жүрүм-турумга жана социумда мамиле кылганга жөндөмдүү чыгармачыл инсан болгонго, кыргыздардын жана Кыргызстанда жашаган башка элдердин этно-маданий баалуулуктарын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  1. Ден соолукту сактоо компетенттүүлүгү балага өзүнүн ден соолугу; жеке гигиенасы үчүн кам көргөнгө; турмуш тиричилик коопсуздук эрежелерин сактоого; кыймылдуу көндүмдөргө ээ болгонго жардам берет;
  2. Коммуникативдик-тилдик компетенттүүлүк эне тилинде жана башка тилдерде

оозеки пикирлешүүдө жана өз ара мамиледе оозеки байланыштын түрдүү каражаттарын пайдаланганга мүмкүнчүлүк берет.

  1. Таанып-билүү компетенттүүлүгү 6 жаштагы балага курчап турган дүйнөнү таанып билүүнүн табигый-илимий ыкмасына кызыгууга түртөт; талдап, баалап, акыл калчап жыйынтык чыгара алууга; математика, сабат ачуу, эне тил боюнча билимдерге ээ болгонго; алган билимди жана маалыматтарды пайдаланганга шарт түзөт.
  2. Чыгармачылык компетенттүүлүк балада төмөнкүлөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет: живопись, скульптура, музыка, элдик кол өнөрчүлүк искусствосу тууралуу билимдердин негиздерине кызыгууга; көркөм чыгармага, элдик чыгармачылыкка карата өзүнүн мамилесин билдиргенге; өзүнүн жеке көркөм үлгүлөрүн жаратканга; түрдүү көркөм каражаттарды пайдаланганга, майда булчуңдарды өстүрүүчү кызматтарды, сенсордук талдоону жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүргөнгө жардам берет. Окуу планы бул курактык категория үчүн окуу материалынын татаалдыгын жана окуу материалын өздөштүрүүнүн «жөнөкөйдөн — татаалга» принцибин эске алуу менен түзүлгөн. Программа алты жаштагы балдарды мектепке даярдоо боюнча улуттук жана чет элдик программалардын мыкты тажрыйбаларын, ошондой эле тажрыйбалуу мугалимдердин, мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын жана кенже курактагы балдарды өстүрүү жаатындагы эксперт-кеңешчилердин сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Программа балдарды мектепке барганга чейин бир жыл окутканга ылайыкталган. Практика балдарды мектепке даярдоонун кыска мөөнөттүү процесси натыйжалуу болбостугун жана балдар менен бир окуу жылынын ичиндеги такай жана системалуу сабактар туруктуу, сапаттуу жыйынтык берерин көрсөттү.

Программа алты жаштагы балада пикирлешүү, теңтуштары, чоң адамдар жана айлана-чөйрө менен өз ара мамиле жасоо көндүмдөрүн калыптандырууга өзгөчө маани берет, булар мектепке барууда базис болуп саналат.

БАЛАНЫ МЕКТЕПКЕ КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?

1-класска бара турган бала эмнелерди билүүгө тийиш?

1-класска кабыл алынып жаткан бала эмнелерди билүүгө милдеттүү экендиги тууралуу расмий талаптар жок, бирок бул актай барактай эч нерсе билбей барса деле боло берет дегенге жатпайт. Биринчи эле кезекте ал өзүнүн аты-жөнүн жана өзүнүн үй-бүлөсү: ата-энеси, алардын аты-жөнү, иштеген жери, бир туугандары тууралуу кыскача маалыматтарды сөзсүз билиши керек. Ата-энесинин телефон номурун жана өзү жашаган даректи билсе, андан жакшы. Бул анын жаңы чөйрөгө тезирээк аралашып, көнүшүнө жардам берет. Андан кийин өзүн курчап турган чөйрөсү, жыл мезгили, коопсуздук эрежелери тууралуу билсе ашыкча болбойт. Мисалы, кар, жамгыр, мөндүр, чагылган сыяктуу жаратылыш кубулуштарын, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды билүү, түстөрдү ажыратуу ж.б.

Мектеп босогосун аттаган баланын күн тартиби саат менен белгилене баштаган соң, аны саатты аныктоого үйрөтүү керек. Жумадагы жети күндү ажырата билүүсү да маанилүү.

Бала шаарда жашайбы же айылда жашайбы, баары бир “оң” менен “солду” так билип, жол эрежелерин үйрөнүүгө тийиш. Ата-эне балага жол чырактардын кайсы түсү күйгөндө жолдон өтсө болоорун, кайсы түсү күйгөндө токтоп туруу керектигин үйрөтүшү керек.

Окуу жазуу жана математика боюнча бала канчалык көп билсе, ошончолук өзүнө жана мугалимге оңой. Биринчи класстын босогосун аттаган бала эң жок дегенде 100гө чейин санай алса, алфавитти билсе, бул жакшы көрсөткүч экени талашсыз. Шар окуганды билиши керек деген расмий талап болбосо да, окуганды билеби деген суроого жооп берүүгө туура келет.

БАЛАНЫ МЕКТЕПКЕ КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?

Психологдордун айтымында, ата-эне баласынан талап кылардан мурда, үйдө өзү баласына үлгү болорлук иштерди аткарууга бел байлаганы оң, мисалы, китеп оку деп курулай айткандын ордуна, бош убактысында китеп окуп отурган ата-энесин көргөн бала өздөрү эле китепти колуна алат дешет алар.

Балаңыз 1-класска барар алдында жогоруда айтылгандарды толук билбесе, ага камтама болбой эле коюнуз, балада эң негизгиси, окуп үйрөнүүгө каалоосу болсо, бат эле үйрөнүп кетери шексиз.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер