БАГЫТ БЕРИП ЖАШООГО, БАЙРАК БОЛСУН НАРКТУУЛУК!

  • 20.03.2025
  • 0

Оозунда уңгулуу сөзү, уюткулуу баяны бар байбичелердин курамынан турган “Нарктуу апалар” бирикмеси үч жылдан бери кыргыз жерин түрө кыдырып, бала бакчалардан баштап мектеп окуучулары, айыл тургундары менен жолугушуп, улуттук баалуулуктардын баянын жамы журтка жеткирүү вазийпасын аткарып келет.

Ордонун түзүлүшүнө өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгы жарык жол ачканын белгилеген “Нарктуу апалар” бирикмесинин жетекчиси Батма Султанбаева кыйла жыл мектепте мугалим болуп иштеп ардактуу эс алууга чыккан. “Тарбия берүү ишинде танапис жок” демекчи, Батма Туруевна жаш муундарга таалим-тарбия берүүнү ошол нукта үзгүлтүксүз улантууну көздөп, мектепте топтогон тажрыйбасын бөлүшсөм деген максатты көздөйт.

БАГЫТ БЕРИП ЖАШООГО, БАЙРАК БОЛСУН НАРКТУУЛУК!

Батма  Султанбаева

САКТАЙЛЫ САЛТТЫ БИРГЕЛЕП

Ат үстүндө төрөлгөн,

Айтылуу кыргыз элденбиз.

Атадан калган наркты биз,

Ыйык сактап келебиз.

Ак батасы бабанын,

Ынтымакты баптаган.

Наркты сактап апалар,

Уул-кызды таптаган.

Уңгусун сактап улуттун,

Урпактарга берүүгө.

Апалар чыктык аттанып,

«Нарктуулар» деп ата

Ак тилеги эненин,

Бермет сымал чачылсын.

Түнөк таап жүрөктөн,

Тумар болуп тагылсын.

Багыт берип жашоого,

Байрак болсун нарктуулук!

Башаты болсун бакыттын,

Бейпилдик орноп ар үйдө.

Нарк билген адам – барк билет,

Умтулуп жакшы жашоого.

Урматтап улуу-кичүүнү,

Сактайлы салтты биргелеп.

 

– “Нарктуу апалар” бирикмеси “Аксакалдар ордосуна” үндөш, тектеш уюштурулган десек болот, анткени максатыбыз, көздөгөнүбүз, тилегибиз окшош, ал тилек – кийинки жаштарга татыктуу тарбия берүү, кыргыздын кылым карыткан үрп-адаттарын унуткарбай сактоо, жайылтуу, улантуу. Ушул максатты ишке ашырууну көздөп жети дубанды түрө кыдырып келатабыз. Чындыгында баарыбыз эле ыйман, уят, ар-намыс, каада-салт сактоого тиешелүү акыл-насааттарды көп эле айтып жүрөбүз. Бирок ошол жугумдуу болуп жатабы? Таасири тийип, балдарыбыз биз каалагандай тарбия алып жатабы? Аны бир беткей айтуу кыйын, анткени тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат жана бир-эки жолугушуу менен эле баарына сиңип кетпейт. Кыргыздар бекеринен “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дебесе керек. Андыктан биз жолугушууларыбыздын, талкуулаган баяндарыбыздын өзөгүн жалпы эле улуу-кичүүлөргө арнап келебиз, — деп ордонун омоктуу ой-максаттары менен бөлүштү.

Кыргыздардын үрп-адаттарын эле эмес, макал-лакаптарын терең изилдеп, жаштардын “кулагына күмүш сырга” сымал тагууну ниет кылган “Нарктуу апалар” бирикмесинин дагы бир мүчөсү Динара Мааданбекова кыргыздардын жазылбаган оозеки мыйзамдары көп экендигин, кыйытып айтылган бир сөз, бир макал аркылуу тарбиялап коюуга боло тургандыгына токтолду.

– Кыргыздын жазылбаган, бирок мааниси, таасири күчтүү мыйзамдары, макалдары көп. Мисалы, илгертеден ата-бабаларыбыз жүрүм-туруму туура эмес адамдарга түз айтпастан, кыйытып айтып түшүндүрүшчү экен. “Жаманды кудай неге албайт, жаткан төөгө мине албайт”, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “Керегем сага айтам, келиним сен ук”, “Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат”, “Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт” деген сыяктуу макалдардын негизинде ошол болуп жаткан окуяга баа берип, адамдарды сүрөттөп, анан тарбиялап коюшчу. Адамдардын мүнөзүндөгү мүчүлүштүктөрдү, жүрүм-турумундагы одоно көрүнүштөрдү бетке чаап айтпай, кыйытып айткандын өзү эмне деген маданият, эмне деген нарктуулук! Азыр баарыбыз эле жаштарды, келиндерди сындайбыз. Ошол сын сөздү айтып тим болбой, таалим айтсак, бирде болбосо бирде угуп калар деп ойлойм. Андыктан мен жаштарга эле эмес, жалпы элге кайрылып, байыртан байырлап келаткан каада-салтыбызды унутпайлы, уучубузду улайлы дегим келет, — деп, жалпыга кайрыла кетти.

БАГЫТ БЕРИП ЖАШООГО, БАЙРАК БОЛСУН НАРКТУУЛУК!

Нарктуу сөз баккан энелердин жолугушуулардын темалары да ар түрдүү. Алсак, Бишкек шаарындагы №81 мектептеги “Нарктуу ата” деп аталган иш-чаранын темасы кыргыз салтындагы саламдашууга арналса, Ж.Турусбеков атындагы китепканада “Сактайлы салтты биргелеп” темасын камтыды. “Нарктуу апалар” Бишкек шаарындагы №5 мектептин, №81 мектептин, “Интеллект” жеке менчик мектебинин, андан тышкары, Сокулук районундагы бир катар мектептерде болуп, окуучулар менен бетме-бет кездешип баарлашып келишти. Уюштуруучулардын айтымында, мындай жолугушууларга коомдо бараандуу орду бар адамдарды тартса, таасири күчтүү болот. Мисалы, борбор калаабыздагы китепканада өткөн жолугушууга келген студенттер, окуучулар КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиевдин, “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбановдун омоктуу ойлоруна күбө болушту.

“Нарктуу энелер” бирикмесине республикабыздын бардык аймактарындагы 65 жаштан 85 жашка чейинки үлгүлүү энелер мүчө боло алат. Учурда 300дөн ашык мүчөсү бар нарктуу энелер менен бирге “Нарктуу аксакалдар” коому да жаштарды тарбияга чакырып, баталуу сөздөрү менен байытуу камын көрүшүүдө. Коомдун мүчөсү, уңгулуу сөзү менен үлгү байбичелердин бири Жамалкан Салмоорбекова балдарга ак калпак кийген аталардын, ак элечек салынган энелердин сөздөрү абдан таасирдүү болуп жатканын билдирди.

– Мамлекетибиздин пайдубалы түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кылымдарды карыткан кыргыздардын нарктуулугу өз салымын кошуп келаткандыгында шек жок. Мына ошол нарктуулук баасын түшүрбөйлү, баалайлы деген максатты туу тутуп, алыс-жакын дебей жер кыдырып, айылдын аксакалдары менен баарлашып жүрөбүз. Мисалы, Түштүк жергесине барганыбызда Кичи-Алайдагы 103кө чыккан аксакал менен жолугуштук. Ал ушул кезге чейин атка секирип мингени баарыбызды суктандырды. Демек, ал аксакал дени сак жашоо сабактарын мыкты өздөштүрүп, жашоого сергек караганы менен башкаларга үлгү. Дагы бир аалым Абдылда деген аксакалга барып, акылын сурап, нарктуу сөзүн угуп ак батасын алдык. Мына ошондой акылман аксакалдардын айткан-дегендерин кийинки муунга жеткирип, улантуу биздин милдетибиз деп билебиз. Тарбия башаты – үй-бүлө, андыктан үйдөгү ата-эне ар дайым балдарына үлгү болушу керек. Баланы тапканды билген бакканды да билиши керек. Айрыкча, жаштарыбыздын көбү аргасыз алыска эмгек мигранты болуп кетип, үйдө жаш бөбөктөр чоң энелеринин этегин кармап калган ушул шартта эртеңки келечек ээлерин тарбиялоо ишинде эч ким четте карап турбай, баардыгыбыз биримдикте биргелешибиз аракеттенүүбүз керек, — дейт Жамалкан Салмоорбекова. Ал ак калпак чоң аталарды, ак элечек энелерди көргөн балдар алдынан кыя өтпөй, уңгулуу сөзүн муюп угуп калганын көргөндө, убактыбыз текке кетпептир деп ичтеринен ыраазы болуп жатканын кошумчалады.

БАГЫТ БЕРИП ЖАШООГО, БАЙРАК БОЛСУН НАРКТУУЛУК!

– Биз “Тарбиянын жакшысы, тагдырдын ачкычы” деген программабыз менен бала бакчаларда, мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларында, ата-энелерге, үй-бүлө курабыз деген жаштарга кеп-кеңештерибизди берип, эркин баарлашууларды өткөрүп келебиз. Ар биринин жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окуулардын темаларын, мазмунун өзгөртүп даярдайбыз. Бийик максаттын туткасы үй-бүлөдөн, тарбиядан башталып, биз менен өмүр бою эриш-аркак  жашап, жеке тагдырыбызга өзгөчө таасир бере тургандыгын турмуш өзү айгинелеп жатпайбы. Биз – Ата мекендик деп аталган согуштун апаатын көргөн, совет доорунун саясатына сугарылып, өткөөл учурдун өкүмүн башынан өткөргөн, азыркы учурдун абалын узун-туурасынан түшүнгөн, жашоону баалаган, баамдаган мээримдүү апалардын тобубуз. Биз атыбыз чыгып байлыгыбыз артсын дебейбиз. Элибиздин эркин жашоосуна кут конуп, сый-урмат менен улагалаш, ынтымак, тынчтык менен журтташ болуп, бабаларыбыздын улуулугун пир тутуп көкүрөгүбүзгө биримдикти уютуп, жаштарыбыз татыктуу жашоого умтулса деп аракеттенип жүрөбүз, — дейт Батма Султанбаева.

 

 

 

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Комментарийлер