АЙМАКТЫ АГАРТУУЧУ “БИЛИМ АЗЫК” КЕРБЕНИ

  • 07.03.2025
  • 0

Заманбап билимкана үлгүсү болгон алыскы Ноокат жергесинде мамлекетибиздин, билим берүү министрлигинин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу саясатын колдоо максатында “Билим азык” окуу-усулдук кербени уюштурулду. Бул тууралуу бизге Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинетинин башчысы Шайырбек КАЙЫМОВ айтып берди.  

АЙМАКТЫ АГАРТУУЧУ “БИЛИМ АЗЫК” КЕРБЕНИ

— Шайырбек Тургунбаевич, улуттук билим берүүнүн жаңы моделине өтүү багытында сиз эмгектенген райондун мектептеринде кандай иш-аракеттер, даярдыктар жүрүп жатат? Ноокат районунун агартуучулары билим берүү тармагында өздөрүнүн новатордук тажрыйбасы менен кеңири таанымал эмеспи.

— Билим берүү жана илим министрлигинин “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу жөнүндө” буйругун аткарууда Ноокат райондук усулдук бөлүмүндө башка аймактар сыяктуу эле атайын чыгарылган буйруктардын негизинде координациялоочу штабдын курамдарын түзүп, иш-пландар бекитилген. Даярдык дегенде, эң оболу педагогдордун кесиптик даярдыгы белгиленсе керек. Бүгүнкү күндө “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу 42 мектептин 1080 мугалими “Санариптик сабаттуулук” жана “Башталгыч мектепте инновациялык педагогикалык технологиялар”  курсунан өтүштү. Ошондой эле окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандандруу жана баалоо боюнча 39 мектептин 792 мугалими өз билимдерин өркүндөттү. Тактап айтканда, 582 илим жана 340 математика мугалимдери окуудан өттү. Ал эми жалпысынан алганда 2023-жылдан бери 2945 мугалим жаңы багыт боюнча өз билимдерин өркүндөтүүгө жетишти. Бул токтоосуз жүрүп туруучу процесс болгондуктан, мугалимдердин окуулары дагы да болсо улантыла бермекчи.

— Серепчилер билим берүүнүн жаңы моделинде, тагыраак айтканда, 12 жылдык билим берүүдө класс комплектилери өзгөрүлүп, класстарда окуучулардын саны көбөйүшү күтүлөт дешүүдө.

— Ооба, сөзсүз түрдө көбөйөт. Жаңы окуу жылында район боюнча биз 7 000 баланын келишин күтүп жатабыз, анын ичинен 3 000 бала 1-класска, 4 000 бала 2-класска кабыл алынат. 2024-2025-окуу жылында мектептердеги даярдоо классындагы 200 класс комплектиде 4016 окуучу, 1-4-класстарда 1134 класс комплектиде 28 220 окуучу, 5-9-класстарда 1245 класс-комплектиде 31 476 окуучу, 10-11-класстарда 289 класс комплектиде 7824 окуучу болуп, район боюнча жалпысынан 2868 класс комплектиде 71 536 окуучу билим жана тарбия алууда.

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө секирик жасай турган даярдоо классында 200 класс комплектиде 4016 окуучу 3-класста, 305 класс комплектиде 7730 окуучу 6-класста, 251 класс комплектиде 6173 окуучу окуйт. Даярдоо классындагы 200 класс-комплектидеги 4016 окуучу 2-класска секирүү менен 2-класстардын класс комплектиси 484 болуп, окуучулардын саны 10970 окуучуга жетет.

Ал эми учурдагы 3-класстардагы 305 класс комплектидеги 7730 окуучу 5-класска секирип, 2025-2026-окуу жылындагы 5-класстардын класс комплектилеринин саны 577, окуучулардын саны 14 435 окуучуга жетет.

Учурдагы 6-класстардагы 251 класс-комплектидеги 6173 окуучу 2025-2026-окуу жылында 8-класска секирсе, 2025-2026-окуу жылында 489 класс комплектиде 12 088 окуучу 8-класста окуйт.

Демек, 2025-2026-окуу жылында 2-класстар, 5-класстар, 8-класстардын класс-комплектилери да, окуучулардын саны дагы жылдагыга караганда эки эсеге көп болору анык.

— Ал эми педагогикалык кадрлар менен камсыздоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жагы кандай чечилет?

— Ноокат районунун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин абалына токтоло турган болсок, 119 мектептин ичинен 80 мектептин имараты типтүү, ал эми 39 мектептин имараты типтүү эмес. 1991-жылга чейин курулган мектептердин ичинен 15 мектептин жыйын залы, ашканасы, китепканасы, лабораториялык кааналары бар. Соңку 10 жылдан бери курулган 26 мектепте дагы баары жетиштүү. Демек, райондогу типтүү мектептердин ичинен 41 мектеп толук шарты менен иштеп жатат. Типтүү мектептердин баарында спорт залдары, типтүү спорт аянтчалары, газондон салынган футбол аянтчалары бар.

Ал эми педагогикалык кадрлар жетиштүү. “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу 42 мектептин 1080 мугалими “Санариптик сабаттуулук” курсунан өттү. Андан тышкары, мугалимдерибиз Ош билим берүү институтунан ай сайын курстан өтүп турат.

— Күтүлүүчү жагдайлар, тоскоолдуктар жана аларды четтетүү жолдору кандай болот?

— 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө типтүү мектептерде ага ылайык программалар толук кандуу өздөштүрүлүп, ал эми типтүү эмес билим берүү мекемелеринде кошумча кесиптик предметтерди окутууда көйгөй жаралышы мүмкүн. А.Мирмахмудов айыл аймагындагы А.Беруний атындагы, Ноокат шаарындагы Н.Крупская атындагы, А.Абдуовитов атындагы, Гүлистан айыл аймагындагы Р. Хужамов атындагы, Гафур-Гулям атындагы, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы М.Улугбек, Амир-Темур атындагы орто мектептеринде кубаттуулугунан үч эсе ашык сандагы окуучулар билим алууда. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө жогорудагы аты аталган мектептерде окуучулар батпай калуу көйгөйү пайда болушу мүмкүн. Жогоруда балдардын санын болжолдуу түрдө белгилеп жатпайбызбы, алдыда дагы тактоолор толук аяктаганда жетекчилик тарабынан жакынкы мектептерге жайгаштыруу сыяктуу сөзсүз оптималдуу жолдору каралат. Тактоолор аяктаган соң жылдагыдай эле жаңы мектеп же кошумча имараттарды куруу муктаждыктарын эсептеп чыгып, министрликке тиешелүү маалыматтар жиберилет.

— Ноокаттын мектептеринде интернет байланышы кандай жолго коюлган? Мектептердин канча пайызы заманбап технологиялар менен камсыздалган?

— Райондогу 119 мектептин баарында интернет байланышы уланган. 80% мектепте интернет ар бир каанага жайгаштырылган. Ошондой эле “Келечек үчүн билим берүү” программасынын алкагында 64 мектепке компьютердик техникалар берилген болсо, калган мектептер ар кандай маркадагы компьютердик техникалар менен жабдылган. Район боюнча 3056 компьютердик техника бар, эгерде 12 балага бир даана компьютер болуш керек экендигин эске алсак, 95,5% компьютер менен камсыз болгон десек болот. Бирок техника өзү улам эскирип, улам жаңысы пайда болуп турат эмеспи, бул жагын эске алсак, толуктоо муктаждыгы дагы өсүшү мүмкүн.

Шайыр Тургунбаевич, мектептеги жаңылыктар ар дайым жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун, ата-энелердин көңүл чордонунда болууга тийиш. Өнөктөштөр, жергиликтүү бийлик органдары менен кандай иштер жүрүп жатат? Мисалы, Ош билим берүү институтунан кандай методикалык жардамдарды алып жатасыздар?

— Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 12 жылдыкка өтүүдөгү “Мектеп жетекчилигинин ролу” аталышында былтыркы жылдын август айында мектеп директорлоруна, окуу бөлүм башчыларына атайын окутуулар өткөрүлүп, анда мектеп жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүүчү жана алардан талап кылынуучу иш-кагаздар боюнча маалымат берилди. Ушундай эле максатта уюштурулган чогулуштарда мектеп директорлору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге мектептерди билим берүүнүн жаңы моделине өткөрүү багытында билим берүү мекемелеринин даярдыктары талкууланды.  

Ош билим берүү институту билим берүүнү трансформациялоонун “Алтын Казык” программасын ишке ашыруу багытында анын артыкчылыктары, билим берүүнүн жаңы модели жөнүндө мугалимдерге, алар аркылуу коомчулукка жана ата-энелерге маалыматтарды жеткирүү максатында “Билим азык” окуу-усулдук кербенин уюштурду.  “Билим азык” окуу-усулдук кербенинин максаты — мамлекетибиздин, билим берүү министрлигинин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу багытында жүргүзүп жаткан саясатын колдоо болуп эсептелет.

Улуттук билим берүүдө элеттик мектептердин окуучулары кандай кесипке ээ боло алат? Бул дагы анын бир компоненти эмеспи.

— Биз кайсы мектептерге кандай кесиптик орто билим берүүнү киргизүү мүмкүн экендигине анализ жүргүзүп көрдүк, анда 21 мектепте IT программалоо боюнча адисти даярдоо керек болду, бул мектептерде компьютердик техникалар жетиштүү. 36 мектепте англис тили предмети боюнча кесиптик билим берүү жагы каралууда, себеби бул мектептерде англис тили мугалимдеринин тил билүү деңгээли абдан жакшы. Ал эми беш мектепте немис, жапон тилдери боюнча кошумча кесиптик билим берүү, 14 мектепке жакын жерде атайын устаканалар бар болгондуктан, электрондук ширетүүчү адистерди даярдоо каралат, 23 мектепте ашпозчу кесибин ачуу зарылдыгы бар, анткени жакын жерде заманбап ашкана-кафе жайгашкан.

— Коомчулукка жайылтуу, түшүндүрүү иштерине да токтоло кетсеңиз? Ата-энелердин көбү нөлүнчү класстарды, бала бакчалардагы даярдоо тайпаларын эске албай эле 12 жыл окутсак, дагы бир жыл кошулат турбайбы деп тынчсызданып жатышпайбы.

12 жылдык билим берүүгө өтүү этаптары боюнча мектептердин жана райондук билим берүүнүн социалдык баракчаларына маалыматтар жарыяланып, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келе жатат. Мектептерде маалыматтык системаларды жандандыруу боюнча коомчулукка билим берүү тармагындагы маалыматтарды жеткирүү үчүн мектептин жеке сайттарын ачуу колго алынып, жыйынтыгында 12 мектептин жеке сайттары, 91 мектептин медиа бурчтары уюштурулду. Жыл ичинде болуп өткөн ар бир иш-чара Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн социалдык баракчасынан жана мектептин медиа бурчтары аркылуу коомчулукка жайылтылып келет. Ал маалыматтарды биринчи кезекте ата-энелерге таратууну көздөйбүз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер