Айкөл манастын адеп-ахлагы – муундар тарбиясынын жолчырагы

  • 28.02.2025
  • 0

БАЛА МАНАС ЖАНА ЭНЕ МЭЭРИМИНИН КУДУРЕТТҮҮ КҮЧҮ

Төбөбүздөгү теңирден, көктөгү нур жаадырган күндөн, жер-энебизден кийинки эле жан жараткан экинчи кудайыбыз ушул эне го. «Ыңаалап» жерге түшкөндөн кийин  бооруна алып, эмчегин эмизип, ак сүтүн берип торолтконучу, түн уйкусун үч бөлүп, үстүңдө көпөлөктөй айланып, кара жанын карч уруп, асырап-багып бутуңа тургузканычы. Андан кийин уул-кызга өмүр бою эненин жаны курман. Балдарым деп отко-сууга түшүүгө даяр. Биздин илгерки ата-бабалар эненин мына ушундай айтып бүткүс улуу касиетин, өзгөчө табиятын, бөтөнчө мээнет кызматын акылмандык менен аңдап туюнгандыктарынан улам, өздөрүн апанын алдында түбөлүк милдеткер, өмүр бою карыздар сезишип, а түгүл ажал жетип, күн бүтүп, акыркы сапарга кетип жатып да, эненин ыйык ысымын оозанууну парзым деп  эсептешкен.

Эненин кыргыздагы эң жогорку руханий статусун «Манас» эпосу да ырастайт. Эне – Манас баатыр үчүн да ыйык.

Чыйырды эненин баласы Манаска карата мээриминин чеги жок («Эркелетип энеси, аркалап жүрдү атасы»). Он эки жашка чыгып калса да, апасы Манасты «Боздон тоодак куткарбас, боз ала шумкар Манасым, калкайган тоого токтобос, кара ала барчын Манасым, сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым!» деп, уулуна эбедени эзилип турат. Манасы тентек болсо да, эч убакта, эч жерде осол мамиле жасабайт. Уулу үчүн отко, сууга түшүүгө даяр.

Психолог-педагогдор үй-бүлөдө ата-эненин мээримине бөлөнүп чоңойгон бала эч убакта ташбоор болбостугун жана ал чоңойгон кезде ата-энеси менен өзгөчө жакын, ысык мамиледе болорун, ата-энесине агынан жарылып ачылып турарын белгилешет. Мээрим мээримди жаратат. Буга ушул эле Чыйырды эне менен уулу Манастын ортосундагы жуурулушкан ысык мамилени  мисал катары келтирүүгө болот.

Атагы таш жарган баатыр болуп, Таласта ажонун тагында отурган чагында да,  Манас Чыйырды энесин айланчыктап турат. Маселен, ал бир ирет Алманбет менен келип, бир жагынан энесине эркелеп, экинчи жагынан достук үчүн ант кылып, Чыйырдынын эмчегин эмет. Муну көргөн атасы Жакыптын жылмайып күлүп турганы «Манаста» мындайча сүрөттөлөт:

«Отуздагы баласы,

Зоңкоюп эмчек эмди! — деп,

Эми Жакып чал күлүп турганы».

Бир сөз менен айтканда, Манастын адам катары жаралышында энеси Чыйырдынын күндөй чачырап төгүлгөн мээриминин мааниси ченемсиз. Бала күнүнөн эне мээримине каныккан Манас тереңинде Чыйырдыга ыраазы. Ал апасынын эмгек-мээнетин жүрөгүнүн түпкүрүндө алдейлейт. Чыйырдыга Таласка атайылап Ак сарай салып бергенине караганда, («Чыйырдынын Ак сарай, кеңдиги бар бир далай»), Манастын апасын төбөсүнө көтөрүп багып жаткандыгы байкалат. Манастын апасына болгон ак мамилеси – бул энени урматтоонун жогорку өрнөгү. Эгерде көзү тирүү болгондо Манас балким, Чыйырды энесинин ысымын ташка чектирип жаздырып, эстелик тургузат беле. Бирок тилекке каршы, Манастын элим, жерим деп жүрүп, апасынан мурда көзү жумулуп кетти. Баса, айтмакчы, ажал тооруп, көзү жумулуп баратканда да, Манас Чыйырды апасын оозанып: “Өрүштөн кыркпа желемди, өксүтпө карган энемди” – деп чогулуп келген туугандарына керээз кылат. Мунун өзү Манастын энесине болгон уулдук чексиз урматынын дагы бир айныгыс далили. Айкөл баатыр атаны сыйлоо жагынан да үлгү.

Эгерде азыркы XXI кылымдын жана мындан аркы келечектин адамы кандай болуш керек, алдыңкы  адеп-ахлактуу инсандын моделин кандайча көз алдыга  элестетсе  болот деген собол коюлса, биз ага мындайча жооп берер элек. XXI кылымдын жана болочоктун  адамы эне менен атаны пир тутуп, терең урматтаган  инсан болуш керек. Ушул адамдык улуу сапат жаңы адамдын  негизги  моралдык касиеттеринин бири болушу лаазым. Ал Манас атадай ата-энени сыйлаган киши болушу зарыл. Мындай адамдык асыл касиетсиз  дегеле, адамды, ал канчалык билимдүү болсо да, адам болду деп  айтышыбыз мүмкүн эмес.

Улуу акын Нурмолдо «Асты бир киши жарыбайт, сыйынары болбосо» дейт. Туура айтылган ой. Тээ байыркы замандардан  бери карай кыргыз элинин сыйынар нерсеси болуп келген. Кыргыз баласы эне-атаны ыйык көрүп, туу тутуп жашаган. Кыргыз ошол үчүн кыргыз да. Эне менен атаны урматтоосуз – кыргыз жок, керек болсо. Бул салт, бул сыйынар дөөлөт – кыргыздын руханий цивилизациясынын улуу көрсөткүчү, улутубуздун уңгулуу наркы. Биз, ушул рух цивилизациябыздын салтында, айкөл Манас атабыздын энеге атага сыйынган улуу адептик-ыймандык өрнөгүн абийирдин мыйзамы катары тутунуп, аны кыйшаюусуз жетекчиликке алып жашоого тийишпис.

МАНАС АТА ӨЗ АРА ШИРЕЛИШКЕН ЖАРАНДЫК ЫНТЫМАКТЫН ДАНАКЕРИ

Өз ара ынтымак, достук качан бекем болот? Достуктун бекемдигине тартууланган кымбат белектер, формалдуу келишим, сырткы убада, эч кандай ант кепил болуп бербес. «Пайдубалында» ыйман, абийир, эки адамдын тең ниетинин тунуктугу жатканда гана, жандүйнөлөрдүн окшоштугу, тутунган нравалык принциптердин бирдейлиги, мүдөөлөрдүн жалпылыгы, бири-биринин алдындагы өз ара милдеттердин  ыйыктыгын терең туюнуу наркы экөөндө тең жашап турганда гана достук бекем боло алат.

Манас, Кошой, Бакай – булар эгиздер. Болгондо да идеялаш, рухташ, максатташ «эгиздер». Үчөө Ата журт философиясы менен тамырларынан биригишкен. Ошон үчүн  «Манас үчүн курман кылам жанымды» деген сөздү Кошойдун тилинин учунан эмес, жүлүнүнөн чыгып жаткан сөз катары түшүнөбүз.

Дагы бир жолу белгилейли, үчөөнүн өз ара мамилелеринин тамыры “ак калпак калктын аёолуу кызыкчылыктары”  деген жогорку чекиттен кездешип, ошол уюлдан жалгашып, өрүлүшүп, анан бери карай түшүп келет. Кошой, Бакай, Манастын өз ара бекем ата-баладай достугунун башаты ошоякта.

Үчөөнүн дүйнөгө кең карагандыгы, айкөлдүгү ушунда деңиз, булар өмүр бою бири-бирине терс караган жок, майдачылыктан өйдө турушту, кандайдыр бир ич күйдүлүктөн, көрө албастыктан оолак болушту. Даражага манчыркашпады. Бийликтин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышып, өз көмөчүнө күл тартууга, өз кызыкчылыктарынын артынан кубалап, байлык топтоого, көрдүнүйө чогултууга азгырылышкан жок. Элдик ыйык улуу мүдөөлөрдү башкага алмаштырышпады. Өмүр бою бири-бирин алдаган жок, бири-бирин саткан жок, бири-бирине чыккынчылык кылган жок. Өздөрүнүн идеалдарына, мекенчил, патриоттук мүдөөлөрүнө  жана достук мамилелерине ак бойдон, таза бойдон кала беришти. Максат кууган жолдогу таза мораль, таза кызматташтык, таза мамиле  үчөөнү ого бетер өзөктөш, жүрөктөш, дилдеш кылды.

Манастын, Бакайдын  Кошойдун достугу  рационалдык гана эмес,  эмоционалдык  да достук,  акыл менен сезимдин жуурулушкан  достугу. Манастын тагдыры кылдын кырында кылтылдап, ажал  оозунда турган кыйын кырдаалдарда Бакай менен Кошой “айкырыгы таш жарып, бакырыгы баш жарып, мурутун булкуп ыргытып, сакалын жулкуп ыргытып”,  жандарын таштап жардамга ашыгышат. Бакай “асылым”,”төрөм”, “жан биргем Манас” деп чын жүрөгүнөн төгүлүп сүйлөп, жетине албай турат. Манасты кокус ажал-өлүм тооруп, досумдан айрылып каламбы деп ойлогондо, Бакай көзүнөн жашын чубуртуп, ыйлап жиберет.

Достору, чоролору өзүнө абийир, ыйман менен кызмат кылгандыгы үчүн Манас да агынан жарылып, алкышын айтып, аларга агыл-төгүл мамиле жасайт. Мисалы, Бакайды  «Караңгы түндө көз тапкан, капилеттен сөз тапкан олуям», Чубакты «Эгизим Чубак көсөлүм, эсимден кетпес эсерим», Сыргакты «Асылым менин Сыргагым, алышкан жоодо шумкарым» деп эркелетет. Ал эми Кошой бабасын көргөндө ар дайым «Абам Кошой карыям, айла тапкыч олуям, өйдө турсам өбөгүм, ылдый тартсам жөлөгүм, астыга салсам ак жолум, аркамда жүрсө сан колум»-деп жетине албай турат.

Сөз аягында дагы суроо коёлу, достук качан бекем  болот? Манас, Бакай, Кошой  сыяктуу улуу максат менен биригип, бири-бирине  дилин, жүрөгүн бергенде гана  достук  болоттой бекем жана түбөлүктүү болот.

Калк лидерлери Манастын, Бакайдын, Кошойдун дал ушундай мазмундагы достугу, бири-бирине өйдөгө өбөк, ылдыйда жөлөк, учарга канат, конорго куйрук болгон ширелишүүсү акыры Ата журтка жеңиш жана бакыт алып келди.  Эл эңсегенине жетип, кыргыздын эгемендүү мамлекети түзүлдү.

“Манастын” сабагы ушул: эл журттун, мамлекеттин башында акча, алтын, бийлик, байлык, кумары менен бириккен, сырт жагын кооз фразалар менен сулуулай билген, ичтеринен жеке кызыкчылыктарды туу кылган  кандайдыр бир индивидуалисттик мафиялык топ эмес, Манастай, Бакайдай, Кошойдой калктын кулу болуп кызмат кылган, улуттун улуу мүдөөлөрү менен ширелишкен дили таза мекенчил  чыгаандар турганда гана  өлкөнүн “ташы өйдө карай куламак”.

Манас, Бакай, Кошой –  үчөөнүн достугу калк лидерлеринин достугунун эталону.

СӨЗҮ МЕНЕН ИШИНИН ТӨПТҮГҮ – АЙКӨЛ МАНАС АТАНЫН АСЫЛ КАСИЕТИ

Сөз менен иштин биримдиги кечээки ата-бабаларыбыздын моралында адамды баалоонун негизги чен-өлчөмү болуп келген, бүгүнкү күндүн этикасында да, бул нерсе инсандын адеп-ахлактуулугунун башкы критерийлеринин бири. Буга байланыштуу эл ичинде “Эрдин сөзү эки эмес”, “Эрдин мыктысы ишинен билинет”, “Сөзүң менен ишиң айкалышсын”, “Сөз – үрөн, иш – мөмө”,  “Жакшы адамдын сөзү менен иши бир” деген сыяктуу кишиге алдын ала багыт берип, талап койгон макалдар жашап келет. Кишинин сүйлөгөн сөзү, берген убадасы, шерти, анты кургак сөз, куру чечендик бойдон калса, анда мындай оозу менен орок оргон пендеге “Сөзгө – баатыр, ишке – бакыр”, “Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе”, “Сөзү калса талаада, өзү калат балаага”, “Куру сөздүү куу чечен, учуп жүргөн камгактай” деген  сыяктуу макалдардын ачуу жебесин багыттап келген.

Манастын эл алдында берген:

«Алты сан аман турганда,

Ыйык кыргыз жеримди,

Душмандын буту баскыча,

Асыл кыргыз элимди,

Тебелетип бөтөнгө,

Кор кылып карап жаткыча,

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн.

Аткарбасам антымды,

Төшү түктүү жер урсун!

Көкө Теңир өзү урсун!»

Манастын эл-жердин эгемендүүлүгү жөнүндөгү идея-ишеними тил учунда жашаган жалган ураан эмес эле. Бул ишеним бала кезинен Манастын аң-сезимине тамырлаган, жүрөк-жүлүнүн уялаган, кан-жанына таралган, өзү менен өзөктөш ишеним болучу. Мына ошондуктан жогорудагы Ата Журт жөнүндөгү Ант Манастын тилинин учунан эмес, жан түпкүрүнөн кайнап чыккан, жүрөгүнүн толтосунан атылып чыккан моралдык  чындык. Мындай жүрөкө тамырлаган ички ишенимдин чындыгынан, Анттан баш тартуу кыйын. Анткени бул үчүн өзүңдүн жүрөгүңдү айырышың керек. Бул  өзүңдү өзүң “айрыганга” тете. Бул Манас үчүн мүмкүн эмес. Мына ошондуктан Манас өзүнүн анты үчүн башын канжыгага байлап, өрт кечип, кар бороонду беттеп, эркиндик үчүн күрөшкө чыккан. Акыры чачылганды жыйнаган. Үзүлгөндү улаган “ Кулаары жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган”. “ Калкым Кыргыз сен үчүн кырман болуп кетейин” деген сөзү төгүн эмес экен. Чынында эле элинин бактысы үчүн Манас өзүн курмандыкка чалды. Убада шертин аткаруу үчүн аттанып чыккан азаптуу жолдо мойнуна ай балта чабылып, белине найза чабылып алган жараатынан мезгилинен эрте бул дүйнө менен коштошту. Бирок шер Манастын ааламда жок каармандыгы жана эрдиги аркылуу Кыргыз эли кайрадан Ала-Тоого жыйналып, өз алдынча журт болуп, азаттыка чыгып, эгемендүү мамлететтүүлүгүнө ээ болуп эңсеген мүдөөсүнө жеткен.

Сөз менен иштин айкалышы жөнүндөгү жалпы адамзаттык моралдык норманы алып жүргөн каарман катары  Манастын образы дүйнөлүк универсалдуу өрнөктүн даражасына көтөрүлүп турат десек жаңылышпайбыз.

Бүгүнкү күндө адамдардын адеп-ахлагында сөз менен иштин ажырымдыгы күчөп, жоопкерчилик деген нерсе дефицит болуп, эки жүздүүлүк, жүрүм-турумдун кош стандарттулуугу активдешип турганда, кооз сөздөрдөн, кургак убада-ураандардан маска кийген шылуундар жаандан кийинки козу карындай көбөйүп жатканда, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган, сөзү менен иши айкалышып турган Манас атанын атуулдук адеп-ахлагы биз үчүн маңдайда жаркырап күйгөн нравалык маяк экени чындык.

Советбек  БАЙГАЗИЕВ,
Кыргыз билим бер
үү академиясынын башкы илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер