АЯЛДАРГА БЕРИЛГЕН 30% КВОТАНЫ ЖОГОТУП АЛБАЙБЫЗБЫ? (аялдарды колдош үчүн көрүлгөн “убактылуу атайын чара” жөнүндө)

  • 08.04.2021
  • 0

Аялдар кыймылынын тарыхынан

Тарых  болгон соң,  сөзүмдү тарыхтан баштайын. Менин атам Төрөкул Айтматов ХХ кылымдын 30-жылдарында Кыргызстанда жаңы  орногон Совет бийлигин чыңдоо ишин жүргүзгөн адамдардын бири болгон. Атамдын архивдик документтери менен таанышып жатып, анын 1927-жылы Жалал-Абад облусунун партконференциясында жасаган отчеттук докладын окуп калдым. Ал докладда “Аялдардын абалы жөнүндө” (“О положении женщин”) деген атайын бөлүгү бар экен. Анда Т.Айтматов: “Аялдарды   көз карандылыктан чыгаруу (раскрепощение женщин) маселесин жүзөгө ашыруу бир катар тоскоолдуктар    менен коштолду. Ал, биринчиден, аялдардын туташ сабатсыздыгы жана алардын эркектерден болгон экономикалык жана саясый жактан көз карандылыгы, ошондой эле партиялык-советтик, кошчу (профсоюз сыяктуу уюм) уюмдарынын бул маселеге карата эскичилик көз карашта болгону”, — деп айтат.

АЯЛДАРГА  БЕРИЛГЕН 30% КВОТАНЫ ЖОГОТУП АЛБАЙБЫЗБЫ? (аялдарды колдош үчүн көрүлгөн “убактылуу атайын чара” жөнүндө)

5-8-март 1925-жылы Пишпекте  Кара-Кыргыз Автономиялуу Облусунун эмгекчи аялдарынын биринчи съезди болуп өткөн. Белгилүү болгондой, ал кезде салт боюнча аялдар үй тиричилигине гана байланыштуу ролдорду аткарышкан, ар кандай жыйналыштарга, клубдарга, мамлекеттик жана коомдук иштерге катышуу адатта болгон эмес. Ошон  үчүн бул съездге делегаттарды табыш бир топ кыйын болгон. Бирок ошону менен бирге бир катар  активист-аялдар пайда болуп калган мезгил эле. Мисал катары, мен   Турсун Бечелованын (1898-ж.) тагдырын келтирейин. Ал жаш кезинен жетим калып, туугандарынын колунда өскөн. 1916-жылдын трагедиясынан  кийин Турсун Пишпектеги жана Сокулуктагы соодагерлерге жалданып иштейт. 1918-ж. Пишпектеги “Эмгекчи аялдар” союзуна кирип, ал жерден 1919-ж.Ташкенттеги крайлык партиялык-советтик мектебине окууга жиберилген. Аны аяктагандан кийин аялдар ишин уюштурууга катышып, дагы бир катар курстардан билим алып мамлекеттик кызматтарда иштеген.  Мен бул апаны таанычу элем. Менин апам менен катышып турчу. Бир жолу аялдардын биринчи съезди жөнүндө кеп кылып калганы эсимде …

АЯЛДАРГА  БЕРИЛГЕН 30% КВОТАНЫ ЖОГОТУП АЛБАЙБЫЗБЫ? (аялдарды колдош үчүн көрүлгөн “убактылуу атайын чара” жөнүндө)

Аялдардын биринчи съездине  105 делегат катышат, алардын 85 кыргыз аялдары болгон. Кыскартып айтканда, съезд аялдардын арасында “Сабатсыздык, караңгылык жана түркөйлүк жоюлсун!” деген лозунг менен аяктайт. Съездде бекитилген план боюнча кыздар жана аялдар үчүн жаңы мектептер, акушердик жана фельдшердик пункттар,  кызыл үйлөр ачылып, аялдардын профессионалдик ишке тартылышы  колдонулган.

Конституцияга тең укуктуулук принциби киргизилет, аялдар билим алууга, саламаттыкты сактоо системасынын кызматын көрүүгө эркектер менен бирдей укук алды.   Съезддин бекиткен иш-чаралары  коммунисттик партиянын жетекчилиги астында, тоталитардык режимдин алкагында ишке ашты. Бирок кандай болсо да Совет мезгилинде кыргыз аялдарынын абалы жашоонун көп аспектилеринде жакшы жакка өзгөрдү деп ыраазылык менен айтышыбыз керек.

Формалдуу жана чыныгы тең укутуулук

1989-ж. В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институттун базасында “Образование и женщина”  деген Эл аралык конференция өтүп калды. Туш-туш жактан журналисттер, эксперттер келишти. Журналисттердин бирөө мага суроо берип калды:

— Силер Кыргызстанда аялдар укугун кантип коргойсуңар?

— Бизде аялдар менен эркектер тең укуктуу. Бул жобо Конституциябызда жазылган. Бизге аял укуктарын коргоонун  кереги  жок, — дедим мен чын ыкласымдан.

— Конституцияга жазып койсо эле жетиштүү экен да? — деп журналист  күлүмсүрөп басып кетти.

Ошол мезгилде мага бир келин кайрылып калды: “Мен политехника институтунда эң жакшы окуп, артыкчылык диплом менен аяктадым. Бөлүштүрүү комиссиясы бир заводко жолдомо берип, мен анда  иштей баштадым.   Биздин группада чогуу окуган жигит бар эле, экзамендерин тапшыра албай, карыз болуп, кайра-кайра “пересдача” болуп жүрүп окууну араң бүткөн. Ошол группалашым мени менен бир заводко мендей эле катардагы инженер болуп ишке орношту. Ал ортодо мен турмушка чыгып, катарынан эки бала төрөп, аларды бала бакчага берип, анан жумушка баягы ордума чыктым. Мен  келгенче, беш жыл ичинде баягы группалашым Фрунзеде үч айлык квалификацияны өркүндөтүү курсунда окуптур, андан кийин Японияда бир жыл  стажировкадан өтүп келиптир, чыны менен эле квалификациясы боюнча да,  башка өндүрүштүк маселелер боюнча да көз караштары абдан өсүптүр.

Иштеп жаттык. Бир кезде  биз иштеген бөлүмдүн   башчылыгына  конкурс жарыяланып калды. Экөөбүз тең конкурска катышып, документтерибизди тапшырдык комиссияга: мен артыкчылык дипломумду, тиги бала – дипломун, квалификациясын өркүндөткөндүгү  жана стажировкадан өткөндүгү  жөнүндө документтерин тапшырып, конкурстун биринчи турунан (документтердин конкурсу) мен чыгып калдым. Ошентип карьера боюнча өспөй калдым…”- деп нааразы болуп айтты.

— Конкурстун шарты ушундай экен, эмне кыласың? Капаланба, эки балаң аман болсун, — деп койдум.

Эгемендүүлүк жылы (1991)

Колхоз, совхоздор таратылды, завод, фабрика, ишканалар жабылды, жумушсуздук, экономикалык жана саясий туруксуздкук, жакырчылык башталды. Жаңы рыноктук экономиканын шартында  жашоого калк даяр эмес эле.  Мындай шартта аялдарга эң биринчи кыйын болот экен. Күйөөлөрү үй-бүлөсүн багалбай, өздөрүн жоготуп, ичкени ичип, үйдө отурганы үйдө отуруп калды. Ошондо аялдар үй-бүлөсүн багыш үчүн базарга чыгып, “челноктук бизнеске” кирип иштей башташты. Анан “эмгек миграция” процессине кирип, башка өлкөлөргө кете башташты. Ошол мезгилде аялдар  кыймылы активдеше баштады, НПОлор пайда болду.  Мисалы, 1996-ж. биз (Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика жана башка факультеттеринде, башка ЖОЖдордо да иштеген) пикирлеш аялдар биргелешип,  “Аялдарды колдоо борборун” ачтык.  Облустардагы филиалдарыбызга барып, компьютердик курстарга ишсиз калган аялдарды жана мугалимдерди окуттук (Ал кезде азыркыча “санариптештирүү” деген процесс  жаңы гана башталган). Информатикадан сабак бере алган мугалимдер өтө аз болчу. Мекемелерге ишке орношкондорго негизги профессиясы менен катар компьютердик билими болууга тийиш эле.   Бул жагынан ошо кезде элеттик аялдарга  аз да болсо биздин уюмдун жардамы тийди деп ойлойм.

Бир күнү биздин уюмга бир айылдык мугалим аял келиптир:

— Саламаттыкты сактоо системасын реформалоо учурунда биздин айылдагы алты орундук төрөткананы жаап коюшту. Айыл менен райондун ортосу 35 км. (ал кезде азыркыдай ар бир үй-бүлөдө машине жок). Автобус бир эле рейс жасачу,  эртең менен айылдан чыгып, кечинде кайра келчү.  Кээ бир келиндер автобустан, а бир келин автобустан чыгып, дөңсөгө кардын үстүнө төрөп койду. Көпчүлүк үйүнөн төрөп, балдары чарчап калып жатат.  Райздравка кайрылсак, “бул республикалык деңгээлде кабыл алынган чечим, биз эчтеке кылалбайбыз” дешти. Айылдын аялдары жиберди мени силердин уюмга, жардам берсин деп, — деди эжеке үшкүрүнө.

Биз министрликке, эл аралык уюмдарга кайрылып баягы алты орундук төрөткананы кайра калыбына келтирип бердик. Ал азыр да бар, ошо тегеректеги эң жакшы медициналык жайлардын бири… Иши кылып, колдон келген  ушул сыяктуу май-чүйдө иштерди жасап, аялдарды колдоп жаттык.

1995-ж.  Эгемендүү Кыргызстандын аялдар делегациясы биринчи жолу  эл аралык деңгээлде өтүп жаткан  “Аялдардын абалы жөнүндө” (О положении женщин)   деген эл аралык IV конференцияга катышканы барды. Ал конференцияда алынган жыйынтык документ “Аракеттердин Пекин Платформасы” (Пекинская Платфрма Действий-ППД) деп аталды. ППД да аялдардын “формалдуу” эмес “чыныгы”  тең укуктуулугуна  жетиши үчүн аткарыла турган иш-аракеттер жөнүндө айтылган болчу (Кыргызстан 1995-ж. ошол Платформага кошулган). Ошондо баягы келиндин карьера боюнча өспөй калдым дегени эсиме түшүп, көрсө Конституцияда, ар кандай өнүгүү жөнүндө кабыл алынган,  деги эле аялдарга жана эркектерге бирдей, тең караган укуктук документтердеги тең укуктуулук “формалдуу” турбайбы, а “чыныгы” тең укуктуулук турмушта болот экен. Эмне үчүн мындай?  Көрсө, аял укуктарынын “спецификасы” (өзгөчөлүк)  бар экен. Ал специфика  физиологиялык, социалдык жана тарыхый факторлорго байланыштуу. Аял өзүнүн репродуктивдик функцияларын ишке ашырган мезгилде, анан дагы үйдөгү иштердин баары анын мойнунда, ошон үчүн жанагы келинге окшоп, өнүп-өсүүгө мүмкүнчүлугу азыраак  болот.

1996-ж. CEDAW

  Бир күнү мени Р.И.Отунбаева кабинетине чакыртып калды. Ал ошо кезде Тышкы иштер министри болуп иштеп турган,  мен болсо “Аялдарды колдоо борбору” деген НПОнун  президентимин.  Ал кезде  Кыргызстан БУУнун “Аялдарга карата дискриминациянын баардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенция” (CEDAW — англисче аталышынан кыскартылып СИДО деп айтылат) деген документке кошулуп, кийин ратификацияланды. Роза Исаковна менин колума эл аралык укуктук документтердин жыйнагын сунуп жатып, CEDAW конвенциясына көңүлүмдү бурду.  “Кыргыз аялдары бул документ менен таанышып,  маани-мазмунун терең түшүнүшү керек, — деди.

Мен CEDAWну окудум. Юридикалык тил менен кургак жазылган текст экен, кээ бир терминдери мен үчүн түшүнүксүз. Юрист жалдап бул документти кыргыз тилине котортуш үчүн акча жетишсиз эле, басмаканага гана төлөй турган каражат бар болчу. CEDAWну өзүм кыргызчага котордум. Окуган  аялдарга түшүнүктүү болсун деп китепке экинчи бөлүм киргиздим. Аны “Кыргыз аялдарынын турмушунан” деп атап, ар бир статьяга  туура келген аялдардын башынан өткөн мисалдарды  (кейстер) келтирдим. Облустардагы  филиалдарыбыз  аркылуу элеттик аялдарга окутуу жүргүзүп,  CEDAWнун мазмунун гана эмес, мамлекеттин ушул конвенциянын жоболорун аткарууга милдеттүү экенин түшүндүрдүк. Андан соң, гендер мектептерин уюштуруп, мамлекеттик структураларда иштегендерге  дагы, жарандык коомдун өкүлдөрүнө дагы окутуу жүргүздүк. Жети күндүк гендер мектебинин эки күнү CEDAWну окутканга кетчү.

Айрыкча СИДОнун 4-беренесине көңүл бурчубуз. Анда “Конвенцияны ратификациялаган мамлекеттер   эркектер менен аялдардын ортосундагы иш жүзүндө (чыныгы) теңчиликти орнотууну тездетүүгө багытталган чараларды кабыл алышы дискриминация деп эсептелбейт,   мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги жана теңукуктуулукка  жеткенде бул чаралар жокко чыгарылышы керек”, — деп айтылган. Муну түшүндүрүш үчүн мисал катары, өзүм окуган, анан  иштеген Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун тарыхын айтып берчүмүн. Ал кезде кыргыз аялдар туташ сабатсыз болгон. Мунусу аз келгенсип, кыздарды ата-энелери окууга шаарга жиберишчү эмес (салт, көз караш ошондой болгон). Окуу жайларында иштетүүгө мугалимдердин саны да жетишчү эмес. Совет бийлиги эки иштен бир иш деп, бир жагынан, жогорку квалификациялуу мугалимдерди даярдаш үчүн, экинчи жагынан,  кыз-келиндерге  билим берип, аларды агартыш үчүн  1952-жылы Кыргыз кыз-келиндер  педагогикалык институтун ачат. Ал окуу жайда окуган студенттерге үч маал ысык тамак, акчалай стипендия, жакшы жатакана  каралган жана аларды шаардык жана студенттик жашоого адаптапциялаш үчүн атайын тарбиячылар иштеген. Кыздарды ата-энеси ушундай шартка гана макул болуп, шаарга окууга жиберишкен. 1987-жылы статистика боюнча жогорку билими бар аялдардын саны жогорку билимдүү эркектердин санына барабар болуп калганда,  ал институт жабылды. Анын ордуна И.Арабаев атындагы университет ачылды, анда азыр кыздар дагы эр-азаматтар дагы окуп, билим алып жүрүшөт. Мына  агартуу сферасындагы кыз-келиндерге  берилген убактылуу артыкчылык “чыныгы” иш жүзүндөгү  тең укуктуулукка алып келди. Бул эми совет бийлигинин учурунда болгон иш.

2005-жылы Жогорку Кеңешке ат салышкан аялдардын бири да депутаттыкка өтпөй калды. Азыркы мезгилде аялдар негизинен билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, мектепке чейинки тарбия берүү ж.б. системаларында, эмгек миграцияда, базарларда  иштешет. Демек ал сфералардагы проблемаларды да, аларды эффективдүү чечүү жолдорун да жакшы билишет. Эгер алар  чечим кабыл алуу, мыйзам чыгаруу бийик деңгээлдерде иштесе алар да өз көз карашын, өз билимдерин кошо алат эле. Жалаң эркектерден түзүлгөн парламент аялдардын таламдарын толугу менен чагылдыра албайт, ошондой эле жалаң аялдардан турган парламент эркектердин кызыкчылыгын толугу менен карай албайт. Бул депутаттар жаман же сабатсыз болгондугу үчүн эмес. Жашоодон белгилүү болгондой, аялдар менен эркектердин муктаждыктары, керектөөлөрү, мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес да. Баягы карьерам өспөй калды деген келиндин проблемасы эмнеде эле, эмне үчүн анын укугу ишке ашпай калды. Мүмкүнчүлүгу тең эмес эле.

ЖК — өкүлчүлүктүү, мыйзам чыгаруучу орган. Калктын 50%дан көбүн түзгөн аялдардын өкүлчүлүгү катышпай калды.  Мамлекеттик чечимдерди кабыл алган жогорку деңгээлдерде аялдар катышышы зарыл да.

Ошондо   аялдардын маселеси, укугу боюнча иштеген 18 уюм  биригип,  ЖКтин аялдар үчүн  атайын убактылуу чара көрүүсүн лоббировать эттик. Бул жөнүндө ар бир депутатка кайрылуу жазып, факс аркылуу жиберип атака жасадык. 8-март күнү кыз-келиндер ЖКтин кире беришине чогулуп келип, эркек депутаттарга гүл тапшырышты, куттуктайлы десек аялдар жок экен… , — деп.  Аялдар уюмдарынын жетекчилери 5-6 кишиден топ түзүп Президент менен, бир топ белгилүү, эл арасында кадыр-барктуу депутаттар менен кезиктик. Ошентип жатып, КР Президентинин ЖКтеги  гендердик саясаты  боюнча атайын өкүлү деген кызмат киргизилди. Ал кызматка Анара Ниязова деген юрист, илимпоз кыз дайындалды.

АЯЛДАРГА  БЕРИЛГЕН 30% КВОТАНЫ ЖОГОТУП АЛБАЙБЫЗБЫ? (аялдарды колдош үчүн көрүлгөн “убактылуу атайын чара” жөнүндө)

Сүрөттө: Анара Ниязова Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатат.

Коннституцияга аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу жана ал укуктарды колдонууга тең мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги жөнүндө берене (статья) кирди.  Мыйзамдарга гендердик экспертизалар жасалып, андан тышкары  КР “Эркектер менен аялдардын тең укуктуулугу жана тең мүмкүнчүлүгү жөнүндө мамлекеттик кепилдик” деген мыйзам кабыл алынды. Бул да биз үчүн кыйла жетишкендик эле.

2006-ж., сентябрь —  Парламенттик угууларда   граждандык коомдун “Аялдардын мыйзамдык демилгелер Альянсы” тобунун атынан “Аялдардын саясий укуктары жөнүндө” деген темада доклад жасалды. Анда   жогорку деңгээлдеги шайлоо органдарынын жана мамлекеттик дайындоо органдарынын курамына аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү   жөнүндөгү демилге көтөрүлдү. Ушул иш-чаранын баардыгына катышып, өнүгүүдө аялдардын ролу жөнүндө көп макала дайындадык.

2010-ж. — КР жаңы Конституциясы кабыл алынып   2, 16, 31, 36, 52, 112-беренелеринде тең укуктуулук, тең мүмкүнчүлүк принциптери жана социалдык топтор үчүн  атайын чаралар  маселеси бекитилди.

2016-ж. июль -сентябрь –  КР Жогорку Кенешинин депутат айымдарынын катышуусу менен айыл кеңешинин депутаттыгына аялдар үчүн атайын чараларды колдоо максатында коомдук, парламенттик угуулар болуп өттү жана ушул сунушту кубаттаган  10578 кол топтоштурулду. Буга баягы эле аялдар кыймылы деп аталган коомдук уюмдардын өкүлдөрү иштедик.

2016-ж. —  10578 кол коюлган Кайрылууну  КР Президентине, ЖКне,  фракция лидерлерине  жиберилди. Мындан тышкары журналисттер менен  пресс-конференция, 30% квотаны колдоо боюнча жарыш чуркоо, “Зебра” акциясы, хэш тектер ж.б. форумдар өткөрүлүп жатты.

2018-ж. — Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу үчүн Президенттин указы менен  Стратегия иштелип чыккан. Ошол Стратегияга   айыл кеңешке аялдар үчүн 30% квота чаралары да кирген. Бул депутаттардын чечимине да жакшы таасир тийгизе турган документ эле.

2019-ж. —  “Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамына айыл кеңештин депутаттарынын мандатынын 30% аялдар үчүн резервдөө жөнүндө 8.08.2019 жылы №117 (20.08.2019-ж. күчүнө кирди) өзгөртүүлөр киргизилди. Ошентип, аялдар кыймылынын аракети менен Жогорку Кеңешке да, шаардык кеңешке да, айылдык кеңешке да  шайлануу үчүн аялдарга деген 30% квотага жеттик. Бул мыйзам боюнча 25 айыл кеңешинде 2020-ж. шайлоо өткөрүлмөк. Бирок КОВИД пандемиясынын айынан шайлоо 2021-ж. калтырылды.

30% квотанын тагдыры кандай болоор экен?

Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 2021-жылдын 11- апрелинде деп бекитилди. Бул шайлоо 2010-жылдагы Конституция менен жана 2019-жылы кабыл алынган квота жөнүндөгү  мыйзамы менен ишке ашырылат. Аялдарга деген 30% квота 2858 орунду туздү.  Мамлекет тарабынан мыйзамдуу колдоо болгондуктан, бул 2858 квота орунга азыр 5300 аял-талапкер ат салышууда.   Бул абдан  жакшы көрүнүш.  Жакында эле БШК тарабынан уюштурулган өлкөдөгү аялдардын жергиликтүү кеңешке шайлоого активдүү катышуусун колдогон ишембиликке катышкан КР Президенти Садыр Жапаров – баардык жарандардын саясий турмушка катышууга бирдей мүмкүнчүлүккө ээ экенин бекемдеп, аялдардын саясатка келүүсүнө шарт түзүлөөрүн белгилеп кетти. Президенттин бул колдоо сөзү аялдарга келечекке ишеним арттыраарын белгилеп кетким келет.

Ал эми Жогорку Кеңешке  жаңы Конституция менен  бир мандаттуу округ түзүү жана пропорционалдык шайлоо  аркылуу  деген жобосу  бар экен. Биздин мамлекеттеги абалды, стереотиптик көз караштардын өрчүгөнүн, аялдардын материалдык жактан көз карандылыгын эске алганда, пропорционалдык шайлоо системасы аялдар үчүн ыңгайлуу эле. Партиялык тизмелерде  КР ЖК үчүн ар бир 4-позицияда, шаардык кеңеште ар бир 3- позицияда аял – талапкер  болгону, аялдар үчүн мыйзамдуу кепилдик эле.  Эми кайрадан Конституцияга өзгөрүү киргизилип, Жогорку Кеңешке  шайлоодо  пропорционалдык жана можаритардык системаларын колдонолу деген сунуш кирип калды. Можаритардык система боюнча бир мандатка көп талапкер ат салышып, алардын ичинен бир гана киши утуп чыгат. Андайга жетиш үчүн, биринчиден, өтө бай болуш керек, экинчиден, коомдо  кадыр-барктуу адам болуш керек.    Биздин КРнын  округдарынан аял жеңип, эң көп добуш алары күмөн.  Кантебиз? Аялдар кыймылы, граждандык коом көп жылдан бери күрөшүп жатып   аялдарга деген 30% квотаны жоготуп алабызбы?  

 Роза Айтматова, “Аялдарды колдоо” борборунун негиздөөчүсү.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер