АТЫНА ЗАТЫ ЖАРАШКАН  

  • 29.12.2021
  • 0

Адатта жыл жаңыраар алдында ар бирибиз бул жылы эмне иш кылдым, эмнеге жетиштим да эмнеге жетишпей калдым, кандай ийгилик жараттым, бул жыл кандай жакшылыктарды алып келди деп артка бир кылчайып, өзүбүзгө отчет берип коет эмеспизби. Быйылкы жыл журналисттик билим берүүдө опол тоодой орду бар, Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы Алтын Асанова үчүн  ийгилик коштогон жыл болду.  Алтын Асановнанын кырк жылдык үзүрлүү эмгегинин акыбети кайтып, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”  ардактуу наамын алды.  

АТЫНА ЗАТЫ ЖАРАШКАН  

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН “АПАСЫ”

Алтын эже — аты айтып тургандай эле алтын киши. Жарым кылымга жакын убакыт талбай иштеп,  кыргыз журналистикасына жүздөгөн адистерди даярдап берди. Азыркы күндөгү республикадагы массалык маалымат каражаттарында иштеп жаткан журналисттердин, жетекчилердин 90% чейини Алтын эжейдин окуучулары. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, республиканын чет өлкөлөрдөгү элчилери, телерадиокомпаниялардын башкы директорлору, белгилүү журналисттери жана алып баруучулары бар. Андыктан аны – журналисттердин “апасы” деп атап койсо да жарашат.

  • Алтын Асановна кыргыз журналистикасындагы кесипкөй адистердин алгачкы карлыгачтарынын бири десек болот. Ал бүт өмүрүн келечек муунга арнап, кесипкөй журналисттерди даярдоого ак кызматын кылып келет. Эже менен 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетине тапшырганда таанышкам. Анда факультет болуп бөлүнө элек болчу, ал кафедра башчысы эле. Бизди окуткан, бизге журналистиканын сырын үйрөткөн устаттарыбыздын башында туруп, сапаттуу билим берүүгө далалат кылган. Эсимде калганы бизди такыр урушчу эмес, кандай иш-чара болбосун ошолорго катышкыла, өскүлө, чет өлкөгө чыккыла деп көп айтчу.  Алтын эжени мен өзүмдүн кеңешчим деп да айта алам. Мен кайсы кызматка келбейин, кайсы жерде иштебейин, дайыма кеп-кеңешин угуп турам. Анын кеңештери мен үчүн өтө баалуу. Алтын Асановнанын дагы да шакирттеринин ийгиликтерине кубанып жүрүшүн каалайм. Мен өзүм дагы абдан чоң ыраазычылык билдирем, — дейт Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Аида Касымалиева.

 

АТЫНА ЗАТЫ ЖАРАШКАН  

ЖУРНАЛИСТИКА БОЮНЧА ИЛИМ  ЖАКТАГАН АЛГАЧКЫ ИЛИМПОЗ

Алтын Асановна тээ студент кезинде эле мыкты окуп, коомдук иштерге активдүү катышып, өзүн жөндөмдүү экендигин көрсөтө алган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика адистигин аяктары менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетине аспирантурага тапшырып, кайра Мекенине кайтып келип, өзү окуган окуу жайга окутуучу болуп кирген. Дароо “Чыңгыз Айтматов – публицист” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Ушул жерден Алтын Асановна Кыргызстанда журналистика боюнча кандидаттык диссертация жактаган алгачкы илимпоз экендигин баса белгилеп кетпесе болбойт.

“Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, Алтын Асановнанын басып өткөн эмгек жолун карасак, башкалардай болуп жыл сайын кызмат ордун которо бербептир. 1995-жылдан 1998-жылга чейин КУУнун журналистика факультетинде массалык маалымат жана адабият чыгармачылык кафедрасын жетектесе, И.Арабаев атындагы КМПУнун табигый жана гуманитардык илимдер боюнча билим берүү борборунун директорунун биринчи орун басары, 2001-жылы БГУнун журналистика кафедрасынын башчысы болуп дайындалган. Бул кафедраны тогуз жыл жетектеп, 2006-жылы журналистика жана маалыматтык системалар факультети ачылганда декандыкка дайындалган. Ошондон ушул күнгө чейин факультетти жигердүү башкарып, жүздөгөн журналисттерди татыктуу тарбиялап, жаш адистерге насаатчы болуп келе жатат.

  • Алтын эжейдин колунан биз дагы окуп калдык. Анда жаш эле, жаңыдан гана иштеп баштаган кези экен. Ал мыкты окуган бүтүрүүчү катары өзү окуган окуу жайда калган жаш адистердин бири болчу. Биз менен өтө жакын эле. Өзүнүн кесибин мыкты билген, билимдүү, студенттер менен жакшы тил табыша алган окутуучу катары биздин сый-урматыбызга татыган, биз сыйлаган эжей болду. Биз андан билим гана албастан, турмуштук да көп нерсени үйрөндүк.  Ушул күнгө чейин эже менен болгон байланышыбыз үзүлбөй, окутуучу-студент катары мамилебизди бузбай келебиз. Алтын эже теориялык жактан абдан күчтүү, масштабдуу көз карашы бар, кесипкөй адис экенин эч ким тана албайт. Анын мектебинен чыккан журналисттер Кыргызстандын ММКсын кырк жылдан бери толуктап келе жатат, — дейт белгилүү коомдук ишмер, жазуучу, драматург Султан Раев.

АТЫНА ЗАТЫ ЖАРАШКАН  

МИҢ КЫРДУУ ТАЛАНТТЫН ЭЭСИ

Алтын Асанова педагогикалык ишмердүүлүгү менен катар эле илимий изилдөө иштеринде да активдүү иштеп, магистранттарга, аспиранттарга илимий жактан жетекчилик кылат. Филология илимдери боюнча Диссертациялык кеңештин мүчөсү. “Этножурналистиканын негиздери” курсунун программасын, “Ч.Айтматов — публицист”, “Кыргыз Республикасындагы азыркы басма сөз кызматы: анын ишмердүүлүгүндөгү кээ бир аспектилер” аттуу окуу-методикалык куралдарын иштеп чыккан.

Республикалык, эл аралык илимий-практикалык конференцияларда массмедиа жана журналисттик кадрларды даярдоо боюнча актуалдуу маселелерди чагылдырган баяндамаларды жасап турат. Масс-медианын теориялык жана практикалык маселелери боюнча 150дөн ашуун илимий, публицистикалык макаласы жарык көргөн.

Алтын эжейдин журналисттик билим берүүгө арналган кандай иш-чара болбосун калбай катышып, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, тийиштүү жерден көз карашын, пикирин билдирип, илимий баяндама жасап, билим берүүнүн күңгөй-тескейин талдоодо, практиктер менен теоретиктердин башын бириктирүүдө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууда опол тоодой иш кылып жүргөнүн кесиптеши катары мен дагы жакшы билемин. Жаш адистерди тарбиялоодо дагы тажрыйбасы мол устат. Жаны тынбаган эжей, факультетте иштеген окутуучуларынын да, студенттеринин да жанын тындырбайт. Кандай иш-чара болбосун активдүү катышып, сап башында жүрүшөт.

 

АТЫНА ЗАТЫ ЖАРАШКАН  

ҮЙРӨТҮҮДӨН ҮЙРӨНӨТ

А.Асанова студенттерге билгенин үйрөтүү менен кошо дайыма өзүнүн кесиптик чеберчилигин да жогорулатып турат. АКШ, Россия, Грузия, Кытай, Индия, Чехословакияга чейин барып, тажрыйба топтоп келген. Тажрыйбасын Кыргыз Республикасынын “Журналистика”, “Жарнама жана коомчулук менен байланыш” багыттары боюнча мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгууга пайдаланып, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү да болду. 2011-2012-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде да эмгектенди. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдан 2025-жылга чейинки маалыматтык саясатынын концепциясын иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү катары кызмат кылды.

“Этникалык журналистика” (“Сорос Кыргызстан” Фонду, 2006-жыл), “Кыргызстандын түштүгүндөгү ЖМКга толеранттуулук принцибин жайылтуу” (ОБСЕ, 2007), ЮНИСЕФ (2012), ЮСАИД (2014), “Медиасабаттуулук” (ЖМКны колдоо борбору, 2019), “КР жамааттык радиолору” (ЮНЕСКО, 2020), “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата маалыматтык саясатынын концепциясы” (Медиа диалог, 2020) гранттык долбоорлору боюнча чоң иш тажрыйбага ээ.

Республиканын массалык маалымат каражаттары үчүн жогорку квалификациялуу журналисттерди даярдоого кошкон чоң салымы үчүн Бишкек мамлекеттик университетинин Алтын медалы, Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. БМУнун ардактуу профессору.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер