АТ-БАШЫДАГЫ МЕКТЕП, БАЛА БАКЧАЛАРДЫН КӨМӨКЧҮ ЧАРБАЛАРЫ

  • 07.02.2025
  • 0

Былтыр жайында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрүп, ар бир мектепте көмөкчү чарбаны уюштурууну, стратегиялык өнүгүү пландарын иштеп чыгууну тапшырган.

Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мектеп алдындагы чарбалык ишин уюштуруунун тартибин бекитүү» жөнүндөгү 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун аткаруу максатында Нарын облусундагы Ат-Башы районунун мектептери айрыкча көңүл бурууда. Учурда бардык мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында көмөкчү чарбалар уюштурулууда.

Учурда райондогу 16 мектепте көмөкчү чарба уюштурулган. Ошондой эле, райондогу он бала бакчада көмөкчү чарба бар.

Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектеп тогуз гектар жерге тоют үчүн чөп айдап, аны 250 миң сомго сатып, 90 миң сомун мектеп окуучуларынын тамак-ашы үчүн пайдаланышып, 160 миң сомун мектептин ички керектөөсүнө, ремонтуна жумшаган.

АТ-БАШЫДАГЫ  МЕКТЕП, БАЛА БАКЧАЛАРДЫН  КӨМӨКЧҮ ЧАРБАЛАРЫ

Ак-Жар айылындагы Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектептин көмөкчү чарбасында он кою бар. Ошондой эле 1,4 гектар жерине малга тоют чөбү айдалып, аны сатуу менен 36 миң сом пайда таап, мектептин эшиктерин оңдоого чыгымдашкан. Кара-Суу айылындагы К.Карпеков атындагы орто мектеп дагы 2,7 гектар жерге чөп айдашып, аны сатууда 60 миң сом пайда таап, мектептин ар кандай муктаждыктарына жумшаган. Ал эми Кара-Булуң айылындагы А.Искендеров атындагы орто мектептин көмөкчү чарбасында 33 кой багылууда. Тилекке каршы, мектепке бөлүнгөн үч гектар жер кайрак болуп, сугарылбагандыктан, тоют маселеси көйгөй болуп келүүдө.

Кызыл-Туу айылындагы К.Кермалиев атындагы орто мектепке ата-энелер демилге көтөрүп, он козу беришкен.

Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектептин көмөкчү чарбасына тиешелүү он гектар тоют айдоочу жери, беш сотук картошка айдаган аянты бар. Алар 80 миң сом таза киреше таап, мектепке заманбап техникалык жабдууларды алууга, жайкы ремонтко жана окуучулардын ысык тамак-ашы үчүн чыгымдашкан. Мындан тышкары, мектептин он кою бар. Ал эми 1-Май айылындагы Т.Тынымбаев атындагы орто мектептин эки саан ую, эки торпогу жана тоют даярдоо үчүн үч гектар жери бар.

АТ-БАШЫДАГЫ  МЕКТЕП, БАЛА БАКЧАЛАРДЫН  КӨМӨКЧҮ ЧАРБАЛАРЫ

Ошондой эле Талды-Суу айылындагы А.Осмоналиев атындагы мектеп көмөкчү чарбасын 20 козу менен баштап, алар үчүн 2,8 гектар жерге тоютка чөп айдап, аны чаап, мектептин чакан сарайына жыйнап коюшкан.

– Ат-Башы районундагы айрым мектептердин көмөкчү чарбаларында бештен кой, бир-экиден торпок кармалат. Терек-Суу айылындагы А.Чортеков атындагы жана Ача-Кайынды айылындагы Ой-Терскен орто мектептерине 5-10 гектар кайрак жер бөлүнгөнү менен сугат суунун жетишпегенинен иштелбей көйгөй болуп турат. Райондун борбору Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеби карагат жана малина көчөттөрүн тигишип, учурда түшүм алыша элек.

Ак-Муз айылындагы С.Исраилов атындагы балдар бакчасынын дагы көмөкчү чарбасы бар. Алардын 1.8 гектар жери, эки саан ую, бир торпогу бар. Ал эми Ак-Моюн айылындагы Тамчы-Булак айылындагы балдар бакчасына эки гектарга чукул жер берилип, алты эчки багылууда. Ат-Башы районундагы бала бакчаларга айыл өкмөттөрү жалпы 12 гектар жер бөлүп берип, анда тоют үчүн чөп сатуудан 230 миң сом пайда таап, бала бакчалардын ички муктаждыктарына жумшалган.

АТ-БАШЫДАГЫ  МЕКТЕП, БАЛА БАКЧАЛАРДЫН  КӨМӨКЧҮ ЧАРБАЛАРЫ

Жалпы мектептерде 128 кой, 30 козу, эки уй, эки торпок багылат, ал эми бала бакчаларда үч уй, бир торпок, алты эчки, беш кой, алты козусу бар. Көмөкчү чарбалар билим берүү мекемелерин колдоого алган жакшы демилге, — дейт Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Абдыманап Кадыров.

Учурда Бирлик айылындагы Самудин Мурзакматов атындагы орто мектебиндеги көмөкчү чарба башкаларга үлгү, өрнөк болуп келет. Учурда көмөкчү чарбада 100 кой бар. Алар балдардын ысык тамагын жакшыртып, мектептин кем-карчын толуктоого жумшалат. Ошондой эле мугалимдерди шыктандыруу үчүн жайкысын эс алууга да жөнөтүлүп турат.

Мектеп директору Тыныбек Асановдун айтымында, көмөкчү чарбаны уюштуруу мурдагы директор Айбек Исаевдин демилгеси болгон. Аны айыл эли, мугалимдер колдоп тогуз эчки, алты кой менен башталган. Айыл өкмөттөн каражат бөлүнүп, 2016-жылы малды багуу үчүн мугалимдердин жана кенже кызматкерлердин жардамы менен сарай курулган. Самудин Мурзакматов атындагы орто мектеп 2014-жылы курулушу башталып, 2018-жылы ишке берилген.

АТ-БАШЫДАГЫ  МЕКТЕП, БАЛА БАКЧАЛАРДЫН  КӨМӨКЧҮ ЧАРБАЛАРЫ– Биздин мектеп 225 окуучуга ылайыкталып салынган. Сметалык баасы 55,5 млн сом. Азыркы учурда 264 бала окуйт. Андан сырткары, мектепке чейин даярдоо классында 20 окуучу билим алып жатат. Мектепте бардык шарттар бар, кычыраган кышкы суукка карабай жылуу. Ар бир класска телевизор, интерактивдүү доскалар коюлуп, интернет киргизилген. Бир жылга 165 тонна көмүр керектелет. Учурда көмүр менен толук камсыз болгонбуз. Көмөкчү чарбабызда азыркы күндө 100 кой бар. Анын эсебинен башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылып, союп беребиз. Учурда кенже класстарда окуган 108 бала тамактанат, — дейт
Тыныбек Асанов.

Көмөкчү чарба мугалимдер жана айыл тургундарынын жардамы менен 2012-жылы уюштурулган. Тактап айтканда, марафондо элеттиктер кой-козу, эчки чыгарып беришкен.

– Башында 15 баш кой, эчки менен баштаганбыз. Бүгүнкү күндө 100 башка жетти. Койлорду жай мезгилинде жайлоого чыгарып, малчыларга бир баш койду 60 сомдон бактырып жатабыз. Жайлоодон түшкөндө мектептин бир бурчуна салган сарайда багылат. Ал жакка видеокамералар коюлган. Кароолчулар чөбүн салып, сугарып, карап турат. Көмөкчү чарбанын эсебинен мектептин айланасын тостук. Ашкана үчүн атайын тамак-аш сактоочу кампа уюштурдук. Мектепке керектүү бардык каражаттарды алабыз. Окуучулар дагы, мугалимдер дагы мектеп үчүн эч бир акча чогултпайт. Баарын ушул чарбанын эсебинен жумшайбыз. Айыл өкмөттүн үч гектар жерин бөлдүрүп алганбыз. Ал жерден койлорго чөп жыйнайбыз. Быйыл 650 боо жыйнадык. Ошондой эле, ушул көмөк чарбанын эсебинен мектеп ичинде ар кандай кароо-сынактарды уюштуруп, кызыктыруучу белектерди коюп келебиз. Айылдык активисттерден турган комиссия бар. Алар койду сатып берип турат. Көзөмөлдөөчү кеңеш көзөмөлдөп турат, — деди
директор.

Айыл аксакалы Борис Абдрахманов быйыл мектептин көмөкчү чарбасын өнүктүрүү жана колдоо максатында бир саан уй бергени жатат. Үч жыл мурда ушул Бирлик айылындагы мектептин жанына 250 түп алма тигилген. Былтыр алгачкы түшүмүн берди. Мындан тышкары, картошка, сабиз дагы айдап алышкан. Экологиялык таза азыктар менен мектеп окуучуларын камсыз
кылышууда.

Чынында эле мал киндиктүү Ат-Башы жергесинде мектептер менен бала бакчалардагы көмөкчү чарбаларды колдоого алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Жергиликтүү калк жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери бул демилгени жакшылап колго алса, натыйжасын берээри бышык.

Кабыл Макешов,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер