Ашпозчу, тигүүчү, ритмика: «Сапат» мектептеринде кесипке даярдоо
- 08.10.2025
- 0
12 жылдык билим берүү — бул заманбап коомдун талаптарына жооп берген, окуучулардын өнүгүүсүнө толук шарт түзгөн комплекстүү билим берүү системасы. Анын негизги максаты — ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү, ошондой эле аларды келечектин кесиптерине багыттоо жана турмуштук көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жардам берүү.
Кесипке багыт берүү — 12 жылдык билим берүүнүн маанилүү бөлүгү
Кесипке багыт берүү программасы окуучулардын кызыкчылыктарына, жөндөмдөрүнө жана заманбап рыноктун талабына ылайык уюштурулат. Бул процесс аркылуу окуучулар өздөрүнүн кесиптик багыттарын таанып, келечекте кандай кесипти тандашы керек экенин түшүнүшөт.
“Сапат” эл аралык мекемесинин Зуура Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейи 12 жылдык билим берүү программасын киргизүү менен, окуучуларга кесиптик багыт берүү максатында мектептик компоненттин эсебинен төмөнкү предметтерди жогорку класстардын окуучуларына окутуп жатышат:
- Кулинария
- Тигүүчүлүк
- Ритмика

Рахми Орал, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуу иштери боюнча директорунун орун басары:
«Сапат» мектептери окуучуларды келечекке даярдайт. «Сапат» мектептери биздин замандын тез өзгөрүп жаткан динамикасын эске алган билим берүү ыкмасын камтыйт жана окуучуларыбызды келечекке эффективдүү даярдоону максат кылат. Биздин мекеме академиялык, санариптик жана жеке чөйрөлөрдө тең салмактуу прогрессти камсыз кылуу менен билим берүү программаларын тынымсыз жаңыртып, өркүндөтүп турат. Биздин билим берүү мамилебиз маалыматты өндүрүүнү, ошондой эле ага жетүүнү, технологияны маңыздуу жана жоопкерчиликтүү башкарууну, ошондой эле аны колдонууну камтыйт. Санариптик трансформация процесстерине кылдат байкоо салып, Сапат мектептери окуучуларды курак талап кылган когнитивдик жана технологиялык көндүмдөр менен жабдып, ошол эле учурда мүнөздөрдү өнүктүрүүгө, социалдык жоопкерчилик сезимине жана баалуулуктарга негизделген билим берүү ыкмасына басым жасайт.
Бул максатта биз окуучуларыбыздын академиялык билим алуусун колдогон ар кандай илим, искусство, спорт жана лидерлик программаларын сунуштайбыз жана ар бир адамдын өз кызыкчылыктарына жана талантына жараша өнүгүүсүнө ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайбыз.
«Сапат» мектептери өзүнүн инновациялык билим берүү тажрыйбалары менен окуучуларды азыркы дүйнөдө гана эмес, келечекте да натыйжалуу, жемиштүү жана адеп-ахлактуу инсан катары тарбиялоону максат кылат.
Акматов К.К. – “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин мамлекеттик билим берүү программалар бөлүмүнүн башчысы:
Бүгүн дүйнөдө билим берүү системасы өзгөрүп, мектептердин миссиясы жөн гана сабак өтүү менен чектелбей калды. Эми ар бир мектептин максаты — жашоого даяр инсанды тарбиялоо. Кыргызстан да бул багытта чоң кадам таштап, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен балдардын жашоого, кесипке жана коомго даяр болушуна басым жасоодо.
Мектеп – турмуштун лабораториясы

Билим берүү дегенде биз көп учурда китеп, формула, экзаменди элестетебиз. Бирок жаңы доордо мектеп — бул турмуштун лабораториясы болушу керек. Ар бир окуучу бул лабораторияда өз жөндөмүн таап, жашоого керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүшү зарыл. Биздин мектептин мисалында айтсак, кыздар үчүн атайын өнөр жана турмуш көндүмдөрүнө багытталган сабактар иштелип чыккан. Алардын ар бири — жашоодо керек боло турган баалуу билимдин булагы. Тамак даярдоо жана конок күтүү – улуттук маданияттын уландысы. Кыз бала үчүн үй-бүлө — чоң баалуулук. Ал келечекте үйүнүн жылуулугун сактап, конок күтүүнүн маданиятын алып жүрүүчү болот. Мектептеги “Тамак даярдоо жана конок күтүү” сабагы кыздарга ашкананын сырларын, тазалыкты, дасторкон көркүн түзүүнү жана улуттук коноктой урматтоонун маданиятын үйрөтөт. Бул сабак – жөн гана ашканалык көндүм эмес, улуттук нарктын мектеби.

Тигүүчүлүк сабагы – чыгармачылыктын жана ишкердиктин башаты
Кийим тигүүнү үйрөнүү кыздарга кол өнөрчүлүктү гана эмес, чыгармачылык менен ишкердикти айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Ар бир кыз өз колу менен жаратканына сыймыктанып, “кол өнөрү – эл өнөрү” дегенди терең сезет. Бул сабак аркылуу алар эмгекти сүйүүнү, тыкандыкты, чыгармачыл ой жүгүртүүнү жана келечекте чакан бизнес ачуу сыяктуу ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.

Ритмика – ден соолук жана өзүнө ишенүү мектеби
Кыздардын дене түзүлүшү, жүрүш-турушу жана өзүн алып жүрүү маданияты да тарбиянын маанилүү бөлүгү. Ритмика сабагы алардын дене бой түздүгүн сактоого, кыймыл координациясын өнүктүрүүгө жана сахнада, коомдо өзүн ишенимдүү алып жүрүүгө үйрөтөт.
Бул сабак – ден соолукту чыңдоо менен бирге, ички гармонияны жана сулуулукту сезүүгө жардам берет.

Жумшак көндүмдөр – ийгиликке жетүүнүн ачкычы
Заманбап дүйнөдө билим менен катар soft skills, башкача айтканда жумшак көндүмдөр өзгөчө мааниге ээ болду.
Мындай көндүмдөр – баарлашуу, жоопкерчилик, чыгармачылык, командада иштей билүү, убакытты туура бөлүү сыяктуу сапаттарды камтыйт.
Биздин мектептеги турмуштук сабактар — ушул жумшак көндүмдөрдүн лабораториясы. Тамак жасоо — тактыкка, тигүү — сабырдуулукка, ритмика — өзүнө ишенүүгө үйрөтөт. Ар бир иштин артында тарбия жатат.
Посткриптум
12 жылдык билим берүү – бул жөн гана класстарды көбөйтүү эмес, жашоого даяр, кесипке ээ, баалуулуктарды түшүнгөн инсанды тарбиялоо.
Ар бир кыз бала турмушка керектүү өнөр үйрөнүп, өз колунун күчүнө ишенгенде — коом да байыйт, үй-бүлө да бекемделет.
Жаңы системанын максаты – жакшы окуган гана эмес, жакшы жашай билген муунду тарбиялоо.
Мырзалиева А.Б. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси
Комментарийлер