АЛЫСКЫ АЙЫЛДАГЫ ФИЗИКА
- 10.05.2024
- 0
Айылда төрөлүп, айлыда өсүп, шаарда окуп — иштеп шаардык болуп калдым деп ойлочу элем. Тагдырдын буйругу менен Кетмен-Төбө өрөөнүнүн эң бийик жеринде Жетиген айылында “таш түшкөн жеринде оор” болуп жашап калдым. Шаарга көнө түшкөн экемин, алгач кантип көнөм деп ыйлаган күндөрүм да болду. Бара-бара айылым көзгө сулуу көрүнө баштады, эшикке чыга калсам, өрөөн алаканга салгандай көрүнөт. Түндөсү эшикке чыксам асманда жылдыздар кол жеткендей жайнап, айылды бөлүп аккан Туулук сайдын музыкасы угулат. Тунук суусу, нукура айран сүт, үйгө карыш турган тоолордун карагаттарынан алыстай албай калдым.
Айылдын чок ортосунда Бакы Салаев атындагы орто мектепке физика мугалими болуп орноштум. Бакы Салаев ушул мектепти түптөп, айылдын балдарын окутуу менен башка кызматка барбай, бүт өмүрүн мектепте өткөрүптүр. Айылдын аксакалдары балдарына чейин “Бакы агай” деп сабактарын эскеришет экен. Мектепте көп жылдан бери, физика мугалими жок болуп, куралдардын жетишсиздигинен заманбап сабактар өтүлбөй келген экен.
Алгачкы сабактарымды окуучулардын колундагы телефондун секундомерин, үйдөгү таразаларын, термометрди колдонуп алгачкы тажрыйбаларды аткарышты. Мектептен үйгө чейин аралыкты кадамдап ченеп, секундомер менен убакытты ченешти. Спорт аянтчада 100 м аралыкка чуркаганда ылдамыгын ченөө, даракка чыгып эркин түшүү ылдамдануусун ченөө класска камап окутканга караганда кызыктуу да, жеткиликтүү да болду. Көчө өтүп бараткан унаанын ылдамдыгын, унаада отурганда спидометрге карап ылдамдануусун ченегенди үйрөнүштү. Тыгыздыкты ченөө боюнча 7-класста лабораториялык ишти аткарууда цилиндр формасындагы стакандан мензурка жасаганды үйрөтүп, тажрыйба жасагандан кийин, ар түдүү мөмөлөрдүн тыгыздыктарын үйдө өз алдынча аткарууга тапшырма бердим. Мындай тапшырмаларды аткаруу менен физикалык чоңдуктун турмуштук зарылдыгын терең түшүнүп калышты.
“Механикалык жумуш” темасын өтөрдөн мурда айылдын четинде өткөн кылымдын 90-жылдарында курулган Абдыбап акенин суу тегирменине экскурсияга алып бардым. Абдыбап аке тегирменди кандай зарылдыктан курганын, элге кандай кызмат кылганын кызыктуу баяндап берди. Тегирмен – бул адамзаттын алгачкы илимий-техникалык революциясы экендигин түшүндүрдүм, мурда жумушту кол күчү менен же унаа менен аткарган болсо, аккан суунун энергиясы жумуш аткарууда. Жаргылчак менен бир күндө 1 кап ун тартса, тегирмен 40 кап ун тартат. Мындай өнүгүү революциалык өнүгүү деп аталарын түшүндүрдүм. Андан кийин ток тегирменди көрүп, айрымасын, артыкчылыгын, кемчиликтерин өздөрү талдашты.
11-класста “Трансформатор” жана “Электр энергиясын аралыка узатуу” темасын өткөндөн кийин айылдага трансформаторду көргөзүп, өтүлгөн тема боюнча билгендерин айтып бергенден кийин көмөк чордондон келген 10 000 В чыңалууну 220 В төмөндөтүү менен үйлөргө берилерин жана трансформаторун муздатуу системасынын зарылдыгын түшүндүрдүм. Трасформатордон эмне үчүн үн чыгып атат? – деген суроого ар кандай жоопторду укандан кийин, трасформатордон жыштыгы 50 Гц өзгөрмө ток өтөткөндө, токтун магнит талаасы трансформатордун өзөгүн термелтип, айланасына 50 Гц жыштыктагы үндү таратат. Мындай сабактарды ачык асман алдында же ар кандай техникалардын иштөө моментинде түшүндүрүү кызыктуу жана жеткиликтүү болоруна көзүм жетти. 10-класстын окуучуларынын ата-энелери менен маакулдашып, Камбар Ата- 2 ГЭСине кызматкерелери менен жолугуп, экскурссия уюштурдым. ГЭС тин тосмосуна чыгып, кантип курулганы, тосмонун бийиктигинин энергияны иштеп чыгарууда маанисин түшүнүштү. Иштеп аткан генератордун жанында иштелип чыккан токтун чыңалуусун, кубатын, жыштыгы ж.б. параметрлери тууралуу аңгемени экскурсоводдон угушту. Башкаруу пультунда приборлордон параметрлери менен таанышты. Генератордун башкы трансформатор көрүшүп, анын иштөөсү, түзүлүшү жана милдети боюнча аңгеме угушту. Бул экскурссия окуучулардын келечек кесибин тандодоодо физика сабагы чоң мааниге ээ экендигине түшүнүшүштү.
Мектепте демонстрациялык тажрыйба үчүн ток булагы жок болгондуктан айыл тургундары колдонган күн панелин дүкөндөн 3 лампасы, аккумлятору менен жана мультиметр сатып алып, класстарга көтөрүп барып көрсөтүүгө ыңгайлуу макетти окуучулар менен бирге жасап алдым. Күн панали 6 В ко чейин чыңалуу, 4 Вт чейин кубатуулукту берип, мектеп физикасындагы бардык тажрыйбадарды көрсөтө алам. Макет тажрыйбаларды жыйноого кеткен убакытты үнөмдөп, окуучуларга ар бир сабакта куралдарды эске салып турам. Макетке коюлган куралдар менен 8-10-класстагы бардык тажрыйбаларды аткарууга шарт түзүлдү. Үйдөгү электр чынжырын чагылдырган макеттен схемасы менен тааныштырып, андагы электрдик чоңдуктарды санариптүү мультиметр менен ченөөнү үйрөтөм. Үйдөгү чыңалуу коркунучтуулугун түшүндурүп, коопсуздук эрежелер менен тааныштырам. Электр эсептегич менен колдонулган энергияны эсептөөнү үйөртөм.
Айыл жеринде колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен физика сабагына кызыктырып, өлкөгө зарыл болгон адистер үчүн физикалык билимдердин пайдубалын түзө алабыз деп ишенем.
Урматтуу кесиптештер! Мектепте колдонгон тажырыйбаларды жана жетишкендиктерди бөлүшүүңөрдү сунуштайм. Пикирлешип, тажрыйба алмашып туруу, баарыбызга пайда алып келет эмеспи.
Абакир кызы Бактыгүл,
Токтогул району, №34 Бакы Салаев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби.
Комментарийлер