АЛП КЫРГЫЗ: АМАНТУР АКМАТАЛИЕВДИН РУХАНИЙ МУРАСЫ

  • 28.11.2023
  • 0

Элибиздин руханий мурастарын сактоодо энциклопедиялык эбегейсиз эмгек калтырып кеткен Амантур Акматалиевдин жаркын элесине арнайм.

АЛП КЫРГЫЗ: АМАНТУР АКМАТАЛИЕВДИН РУХАНИЙ МУРАСЫ

…Дүйнө буркан-шаркан түшүп, күн сайын эмес көз ирмем сайын өзгөрүүдө.

…Көзгө көрүнбөгөн, дүйнөдөгү баарын бириктирсе жарым килого жетпеген “таажы вирус” ааламды аңтар-теңтер кылып салды.

…Нефть доору бүтүп, эми жакынкы 30 жыл, 2050-жылга дейре дүйнө экономикасы интернет-индустриясы жана санарип экономикасы менен өнүкмөк болдук. Жасалма интеллект кадыресе жазуучунун ордуна китеп жазып баштады.

…Ушундай интернет доорунда ар 3-4 жумада бирден улут жок болуп, негизги 8-10 тил гана үстөмдүк жүргүзүп, майда тил, майда улут, маданий азчылык сүрүлүп баратканы жашыруун эмес. …Глобалдык өзгөрүү каптап жакынкы жылдары дүйнөдө эле 1 миллиарддан ашык адам “климаттык качкынга” айланат имиш.

…Ошондо кантип улуттук өзгөчөлүгүбүздү, касиетибизди, нарк-насилибизди, руханий мурастарыбызды сактап кала алабыз???

…Келаткан доорду руханий жагынан бүгүнкү замандын даанышманы Юваль Ной Харари “Парад глупости” деп атаптыр.

Кыргыз улуту үчүн XXI кылым кантип бүтүп, XXII кылым кантип башталат болду экен?

 …Жооп издейм

…Сагынбай менен Саякбайдын “Манасы”,…Карамолдо, Ыбырай менен Атайдын күүлөрү,…Муса Баетов менен Жумамүдүн Шералиевдин ырлары, …К.Карасаев менен Ж.Мукамбаевдин сөздүктөрү, …Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, …А.Осмонов, …Т.Касымбеков, …К.Жусупов, …Ч.Айтматов ж.б. жазгандары, А.Кайбылдаев “Кыргыз күүлөрү” жана ошондой эле чыныгы улутчул инсан, этнограф, кыргыз үчүн опол тоодой эмгек жазып калтырган Амантур Акматалиевдин жазгандарын сактообуз эң башкы парз. Сөздүн түз маанисинде Амантур агайдын калтырып кеткен эмгектери өзүнчө эле бир улуттук Академия.

Мен бул инсан менен “Кыргыз маданияты” гезитинин редакциясында студент кезимде  корректор болуп иштеп жүрүп бир канча ирет учурашкан экенмин.

Жупуну кийинген, чакан бойлуу, азыр эле чалгы чаап келген кишидей маңдайын тер баскан, улуу-кичүү менен бирдей элпек учурашкан, айылдын деми уруп турган бир карапайым кыргыз эле болчу.

Атаганат, ушу киши  гиганттык эмгек калтырган кадимки Амантур Акматалиев экенин ошондо билгенимде эч болбосо бир кеңири маектешип, интервью алмак экенмин. Эми андайды тагдыр буюрбаган соң, ал кишинин китептерин кайра бир барактап, эмгектерине баа берип, өз оюмду айтканга аракет кылайын.

Этнопедагогикалык эмгек

…Бизди улут кылып, башка элдерден айырмалап, тулку боюбуз гана эмес, жан дүйнөбүз менен бизди кыргыз кылып турган не бир асыл салттарыбыз бар. Ошонун баарын тээ Совет заманында эле иликтеп, шурудай тизип, чаңын аарчып, бизге нукура элдик салттын энциклопедиясын жазып калтырган Амантур агайыбызга азыркы жети миллиондон ашык кыргыздын атынан алкыш айтсак жарашчудай.

…Бөбөк төрөлгөндөгү жөрөлгө, …оозантуу, …сүйүнчүлөө, …көрүндүк берүү, …кыркын чыгаруу, …карын чачын алдыруу, …бешикке салуу, …кас-кас тургузуу, …тушоо, …сүнөт тою, …мүчөл чыгаруу, …баланы эмчектен чыгаруу, …мал энчилөө, …келин келгендеги жөрөлгө, …куда тосуу, …конокту урматтоо, …ымыркайга ат коюу, …тууган-урук, жерге-жээн менен, кайын журт менен мамиле, …меймандын атын алуу, …табак тартуу, …өрүлүктөө, …сүйүнчүлөө, …жентектөө, …сөйкө салуу, …куржун сөктүрүү, …сабаа бузуу, …сөзгө жыгуу, …угузуу, …кошок кошуу. …Карыя каадасы, …байбиче каадасы, …жигит каадасы, …кыз каадасы, …куда каадасы, …конок каадасы. Деги койчу, кыргызда байыртан ар кимдин өз каадасы боло турган. …Деги койчу, …бардыгын тең бир гениалдуу киносценарий жазып калтырган шекилдүү. Улуу педагог Шалва Амоношвили айтып, азыркы залкар педагог Орозали Сайдилканов жазып жүргөн гумандуу педагогика кыргыз этнопедагогикасынан башталат шекилдүү. …Жакшы сөз, …жакшы тарбия, …жакшы салт өзүбүздүн өзөгүбүздө.

Миң жыл бою кыргыз менен эриш-аркак жашап келаткан салт.

Кыргыздын аялзатын урматтоо салты бүгүн бүт дүйнөгө үлгү болчудай. Азыркыча гендердик саясат дейбиз. Кыргыз салтында аял наркы эзелтен жогору болуп келген. Кызды, айымды, аялды, энени, кемпирди кыргыз эли сыяктуу урматтаган башка калк бу дүйнөдө бар болду бекен, деги. “Келиндин боюна бүтсө, кемпирдин жонуна бүтөт” дейт. Келиндин жүгүнүүсү, …сөйкө салуу, жуучу түшүү, …келин көрүү, …күйөө баланы жүгүнтүү, …нике кыйып, …өкүл ата шайлоо, …отко киргизүү, …чачыла чачуу, …сүт акы берүү, …көшөгөгө кирүүсү – не деген ызаат. Ат тергөө, алкоо, бата берүү, келинди төркүлөтүү бой жетип келаткан кыз балага өтө аяр мамиле кылуу – кыргыз тарбиянын кеменгери эмеспи. …Суу алуу, …суу куюу, …суу кайнатуу, …суу сунуу, …сууга кол жуу, …сууга жүз чаюудагы кыргыздын ар бир адеби укмуш керемет эмеспи. Азыр ааламда суу кризиси башталды. Глобалдык жылуулук каптап келатат. Кыргыз баласы суунун улуктугун миң жылдар илгери эле туюп, билген бейм. …Төргө өтүү, …эт бышыруу, …устукан тартуу, …конок тосуу, …бата тилөө, …куда түшүү, …акты ыйык тутуу – өзүнчө эле бир университет шекилдүү. Кыргыздын мейман күтүү салты азыркы мамлекет башчылары келгенде протоколдук эрежелерден алда канча нарктуу.

Бүгүн дүйнөдө улуттар иденттүүлүк кризисин айтып жатышат. Акматалиевдин китеби ага татыктуу жооп.

Улуттук өнөр

…Ак калпак, …ак элечек, …шөкүлө, …топу, …такыя топу, …тебетей, …кептакыя, …жоолук, …чачкап, …чепкен, …кементай, …кемсел, …белдемчи, …чыптама, …кош этек, …көк жеке,..өтүк, …ичик. Не деген маданияттын туу үлгүсү.

Мына миң жыл мурун кыргыз эми кийген кийимдер. Не деген маданияттын туу үлгүсү. Төрт мезгилге төп келген. Анан илгери кыргызда өндүрүш болгон эмес деп ким айта алат.

Оймочулук, …саймачылык, …узчулук, …бычмачылык, …тикмечилик, …токуучулук, …эшмечилик, …чий токуучулук, …жыгаччылык, …зергечилик, …устачылык. Ар бир ою өз-өзүнчө окулат. Ар биринин өз жолу, мааниси бар.  Мына ушу ата-бабабыз уланып келген өнөрдү тээ Айкөл Манас доорундагы төкөр уста Бөлөкбайдан бүгүнкү күндөгү уз, усталарга чейин жазып калтырып, кумурскадай эмгектенип, улуу тоодой мурас калтырган инсанга не деген алкыш жарашат. Боз үй тууралуу алгач иликтеп, китеп
жазды.

…Биздин ата-бабалар эзелтен эле күмүш ширетип, алтын чегерип, коло чөгөрүп, өтө кылдат кесиптин ээси болуп келгенин Амантур агай далилдеп жазып келди.

Чыңгызхан доору тууралуу китептердин биринде (“Сокровенное сказание монголов”) эң күчтүү жаанын жебелерин кыргыз жоокерлери колдонгондору жөнүндө айтылат.

Демек, ал доордо ата-бабаларыбыз өндүрүш прогрессинин эң алдыңкы сабында жүрүшкөн.

Кыргыз уз-усталарынын антологиясын түздү. …Элдик оймочулук, …жыгаччылык, …жасалга өнөр чеберчилиги, …боз үй, …зергерчилик, …темирчилик, …мүйүзчүлүк, …ат жабдыктары, …кийизчилик, …чий чыгармачылык, …эшмечилик, …куракчылык, …саймачылык, …өрмөкчүлүк, …токуучулук, …көркөм оюмдар (мунун баары креативдик экономика) боюнча не деген асыл эмгектерди жазып калтырды. Көрсө, кыргыз тээ заманда эле өндүрүштүн туу башында жүргөн экен го. Анда неге бүгүн мажирөөлүк кылып жатабыз. Ушул асыл өнөрдү аздектеген ар бир адам менен кезигип, аңгемелешип атайын китеп жазып калтырды. Жер кыдырып, эл аралады. Маселен, оюмдун эле отуздан ашык түрү бар экенин Амантур агайдын эмгегинен билдим. Оюулар менен сүйлөшүп, сырын чечти. …Бадам оюм, …жүрөк оюм, …табак оюм, …омуртка оюм, …күн оюм, …башат оюм, …жагалмай, …ит куйрук, …кочкор мүйүз ж.б. Ар бири өз-өзүнчө санжыра. Чексиз өнөр ченемсиз билим. Оюмдун ичинде мүйүздүн эле эче түрү бар: …кош мүйүз, …уй мүйүз, …теке мүйүз, …бугу мүйүз, …кулжа мүйүз, …санжыра мүйүз.

Биздин билгенибиз комуз, темир жана ооз комуз, так теке, керней, сурнай, чопо чоор, чоор, сыбызгы, добулбас, шалдырак…

Ал эми Кыргыз Ата менен Кыргыз Эне калтырып кеткен өнөр аспаптарыбызды атай кетеличи: дирилдек, …аса-муса, …жылаажын, …коңгуроо, …жекесан, …добулбаш, …доол, …кабак, …камыш, …тарак, …жалбырак, …зуулдак, …чыңырткыч, …барылдак, …ышкырык, …чымылдак, …туулга чоор, …чогойно чоор, …балтыркан чоор, …мүйүз керней, …сурнай, …ышкырык чоор, …жез комуз, …чилмардан, …чаткан, …жетиген, …жезнай, …жекесан, …наама, …ныгыра, …чымылдак, …арабан, …чыроон, …сыр бараң, …бандулу.

Атаганат, …ушунча аспап бир ойногон улуттук оркестрибиз болсо ээ, ата-бабалар уккан үндү угуп, бир керемет сезимдерге батат элек.

Биздин улуттук экономика дагы улуттук өнөр, улуттук кийим, улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүк менен түздөн-түз байланышта. Акыл-эс, башкача айтканда, креативдик экономика эң ириде улуттук өнөрдү кайра  жандандыруудан башталат.

Кыргыз мүнүшкөрлүгү

Куш салуу – бүгүнкү күндө нагыз байлардын, айрыкча араб шейхтеринин эрмеги. Менимче, ар бир кыргыз баласы кезинде ак сөөк, манап болгон таризде. Дегеним, илгери куш таптап, салуу жигитчиликтик дагы бир сыны боло турган. Аңды, кийикти өзүң айтпай, кушту үйрөтүп, башкача айтканда айбанаттын колу менен айбанатты алуу бу не деген философия.

“Кузгундай болуп узак жашаганча, кыраан болуп аз жашаган жакшы” деген макал кыргыз элинде гана болсо керек.

…Кыргый, …күйкө, …турумтай, …борбаш, …ылаачын, …шумкар, …куш, тынар, …жагалмай, …турумтай, …туйгун, …күйкө, …бүркүт. Ар биринин өзүнчө мүнөзү бар. Кыраан куштар негизинен бешке бөлүнөт. Алгыр бүркүттү эле 65 түргө бөлүп айткан. Тили татаал. Анын тилин таап, ишеничине кирип, дос болуп, анан аң уулоо керемет өнөр эмеспи. Ар бир мүнүшкөр, …саятчы, саяпкер бул өзүнчө эле бир окумуштуу сындуу сезилет. Түлөккө отургузуп, таптоо, не деген жылдар эмгек талап кылат. Шумкарлар: кара шумкар, сүртмө шумкар, ак шумкар, боз шумкар, куу шумкар ж.б.

…Мүнүшкөр кушту, …саяпкер күлүктү таптаса, ал эми Амантур агай кыргыз улутун өлбөстүккө таптаган даанышмандай сезилет.

Ар бир чөптү, гүлдү айырмалай билип, көбүн дары катары колдонгон. Эзелтен эле болгон ак кодол, ..уу коргошун, …миңдубана, …адырашман, …чалкан, …жалбыз, …эрмен, …бака жалбырак ж.б.д.у.с.

Азык катары жана косметика, тиричиликте пайдаланган. Кыязы, азыр дүйнө актуалдуу деп аткан “жашыл экономика” кыргыздарда илгери эле болгон.

…Ак кууну, бүркүттү, шумкарды, чабалекейди атпайт. …Куш уясын бузбайт. …Жыланды ак чачып узатат. …Жашылды кыйбайт. …Журтту булгабайт. …Аккан суу булакты кирдетпейт. …Шамалды сөкпөйт. …Отту теппейт. …Атты башка чаппайт. …Желени кеспейт. …Жыланды чочутпайт. …Арчаны, кайыңды кыйбайт. …Мөңгүнү ыйык тутат. Демек, өзүнчө эле бир экологиялык кодекс эмеспи. Эгерде жайытты улуу муундай аздектеп күтө билсек, күнү бүгүнкүдөй жайыттар тарып, бузулбайт эле.

…Жогорку Кеңеште 2006-жылы Экологиялык Кодекс боюнча иштеп, 20дан ашык бири-бирин кайталаган, миң барак, жүздөн ашык беренеден турат.  Ал берененин баарын эч ким так билбейт. Ошондо ойлодум, накыл кеп менен айтылган ата-бабалардын Экологиялык Кодексине эч бир мыйзам тете келбейт экен деп.

Жаратылышты сактоо, жан-жаныбарларга аяр мамиле кылуу – кыргыз элинин эзелтен Табият кодекси болуп келген.

Улуттук мүнөз

…Еврейдин, …кытайдын, …француздун, …орустун, …атүгүл ай сайын кыргыздын чек арасында кыжаалат кылып турган тажиктин да  өз мүнөзү бар. Улуттук мүнөз – бул улуттун образы, жүзү. Мына ошол кыргыздын жүзүн, руханий турпатын, меймандос жан-дүйнөсүн, намыскөй касиетин сактап, муундан муунга улап кетүүдө биздин күндөлүк ырым-жырымдар, үрп-адаттар, каада-салттар, салт-санаалар, нуска-насил, мурас касиеттер теңдешсиз байлык. Бул, керек болсо, түбөлүктүү билим. Өзүнчө бир кенч.

Же болбосо кусур урат, кесир болот, тергөө, тооп кыл, сообу тиет, сүт акысы, кешигин ичүү, табак түп калтыруу, келген коноктун ысымын жаңы төрөлгөн наристеге ыйгаруу, ак чачуу – бу дүйнөдө кыргыз баласына гана ыроо көрүлгөн асыл салт-санаа го деп ойлойм.

Кыргыз баласы атты башка чаппайт, …кулундун желесин кеспейт, …жыланды ак чачып узатат, …айылда аза күтүп жатканда ат чабылбайт, …жаңырган айга ак тилек айтат, …жакшылыгын аябайт, …камырдан кыл сууругандай кеп айтат, …күлүк менен жоргону тушабайт, …сөздөн жыгылса астындагы атын берет, …коломтону ыйык тутат, …аластоо, …журт майлоо, …сабаа бузуу, …суу кечирүү, …отту аттабайт, …шамалды сөкпөйт, …итти теппейт, …келген кишиге нан ооз тийгизет, …арбакка жыт чыгарат, ж.б.у.с.

…Тушоо кесүү, …сүйүнчү айтуу, …келин көрүү, …жүгүнүү, …атка мингизүү, …көч узатуу, …чачыла чачуу, …сөйкө салуу, …ак кийизге көтөрүү, …тай энчилөө, …боз үй көтөрүү, …мейманды урматтап ысымын наристеге ыйгаруу, …үлүш берүү, …жаан тилеп түлөө өткөзүү, …нанды бийик коюу, …кыз узатуу үлпөтү, …каада-салт ырларын айтуу, …жүгүнүү, …ат тергөө – не деген асыл дөөлөт. Адам кадырын сыйлоонун, …адеп-ахлак, нарктуу коом куруунун, …элди ынтымакка чакыруунун, …улутту консолидация кылуунун эң улуу үлгүсү эмеспи. Мунун баарын Амантур агай шөкөттөп жазып калтырган улутчул инсан.

Мындай улуу салттар кыргыздан башка дагы кайсы элдерде бар болду экен!

…Ысырыктоо, …киринелөө, …ай көрүү, …дем салуу, …”апаптоо”, …суу айлантып чыгуу, …”сук-суктоо”,…күрдү айтуу, …жүрөгүн көтөрүү, …күн күркүрөгөндөгү айтым, …өткүн өткөндөгү айтым, …эгин себүүдөгү айтым, …кырманга береке айтуу, …жүр жалгоо, …желе байлоо, …ашарга чакыруу, …элдештирүү, …ант берүү, …көч коноктоо, …акты төкпөө, …бош бешикти терметпөө, …ыроолоо, …камчы берүү. Не деген кенч. Улуттун нарктуулугу, салабаттуулугу, меймандостугу, сыпайылыгы, сабырдуулугу, сөз баалап билүүсү, дөөлөттү сактоосу, акыйкаттыкты сүйгөндүгү, мына ушу улуу салттар менен улут-улут болуп сакталат, айгинелеп муундан муунга жашайт.

Ошону менен бирге А.Акматалиев агабыз кыргызга кедергисин тийгизген терс мүнөздөрдү да так, даана жазып калтырган. Айтылган ар бир сөздүн маанисин терең ачып берет.

…Макал, …Ант, …Каргыш, …Бата, …не деген сөз касиеттери! Улуттук кодекстин уңгусу.

Улуттук тамак-аш

…Мындан көп жыл илгери Жалал-Абад шаарында улуттук тамак-аштын фестивалы болуп калат. Ар кайсы айыл, шаар, райондон келишет. Кыргыздын тамак-ашынын эле 400дөй түрү бар экен. Бул не деген байлык. Биз билгенибиз саналуу эле. Эми анын баарын билип, бүгүн улуттук ашкананын баркын көтөрүп, аны улуттук ишкерликке айланталы десек, анда кайра эле А.Акматалиевдин китептерин барактап чыгуу керек.

…Беш бармак, …уча, …олобо, …таш кордо, …гүлазык, …кымыз, …жарма, …бозо, …ууз, …көжө, …курут, …сүмөлөк, …каттама, …боорсок, …карта, …куйрук боор, …быжы, …жөргөм, …чучук, …бадырак, …ак серке, …чалап. Дегеле көчмөн ашканасынын эң даамдуу, сыйлуу тамактары. Кызыгы, азыр дүйнөлүк медицина ашкере семирип кеткендерге каршы не деген фармация индустриясын өнүктүрүп жатат. Кыргыз тамак-аш маданиятында адам ашкере тоюнган эмес. Кыргыз баласы тамак-аш маданиятына өзгө маани берип, дасторкон үстүндө өзүн сыпайы кармап, ичкени сиңиримдүү болгон. Кыймылдуу эмгек менен эриш-аркак болуп, сымбаттуу, бойлуу келишкен.

Көчмөн тамактары курсакты тойгузуп, бирок эч качан семирткен эмес. Анан да ар бир устукандын, 12 жиликтин өз статусу бар. Улуусуна, кызга, аялга, кичүүгө эмне устукан тартыларын аныктап ата-бабалар бизге укмуш мурас калтырып кеткен. Биз болсо эми деле 30 жылда үч бийликти туура бөлүштүрүүнүн калыс системасын таба албай, дагы деле убарабыз.

Азыр дагы кыргыз тилин кеңири жайылталы десек, анда ириде Амантур Акматалиевдин эмгектерин кайталап окууга туура келет.

АЛП КЫРГЫЗ: АМАНТУР АКМАТАЛИЕВДИН РУХАНИЙ МУРАСЫ

Улуттук оюндар

…Заман өзгөргөн сайын не деген шумдуктуу оорулар пайда болууда. XXI кылымдагы улуттук коопсуздуктун дагы бир көйгөйү – бул улуттун ден соолугу. Дени сак улут гана глобалдуу атаандаштык доорунда экономика, аскер, спорт, илим, өндүрүштө алдыңкы сапта жүрө алат.

А. Акматалиев агайыбыздын иликтөөсүнө таянсак, улуттук оюндар негизинен салттык, элдик, жоокердик, жаштар жана тамашалуу оюндар болуп бешке бөлүнүп, бардыгы 250-300дөй өз улуттук оюндарыбыз бар экен. Аскерий оюндар эле 30дан ашык. Бул оюндар жөн гана оюн эмес, эң ириде инсанды дене бою, логикасы, шамдагайлыгы, курчтугу, сөзмөрлүгү, ой жүгүртүүсү жагынан келечекке даярдоо.

Биздин элдик оюндар, айрыкча …кыз кумай, …ат чабыш, …улак тартыш, …ордо, …балбан күрөш, …оодарыш, …эр сайыш, ….жарга салыш, …аламан байге, …тогуз коргоол, …тушоо кесмей, …эр эңиш, …тыйын эңмей, …упай, …жамбы атмай, …томук жашырмай биз эгемен өлкө болууга эбегейсиз салымы бар экени талашсыз.

СССР кезинде советтик аскерде кызмат өтөп калдым. Ашып кетсе курал-жарактын 20дай түрүн көрүп, бирин-экисин колдондук.

Ал эми Улуу Кыргыз каганаты доорунда кыргыздардын 200дөй курал-жарактын түрү болгон экен. …Кылыч, …найза, …тинте, …зулпукар, …ачболот, …жебе (жаанын жебесинин эле ондогон түрү болгон), …кыл болот, …жойнума, …ач албарс, …наркескен, …айбалта, …күрсү, …чоюнбаш, …чокмор, …сүнгү, …жаа, …жазайыл, …шалк этме, …калчагыл ж.б.

…Уруш өнөрүндө эле жүз төр маш ыкмасы, отуз эки ат үстүндө, жетимиш жөө кармаштын түрү болгону айтылат. …Пай-пай-пай. Эми ушунун баарын жандандырып, эгемен өлкөнүн аскерий ыкмаларында, эч болбосо тарыхый кинолордо колдоно алабызбы?

Деген собол менен өзүбүзгө кайрылгым келет.

Кыргыздын ай-күн жыл сынагы, кушка, жылкыга сын бергендиги, жайытты улам которуу пайдалангандыгы өзүнчө эле бир философия, өтө терең илим.

…Тамырчы, …учуктоо, …сынакчы, …эмчи, …домчу, …дарымчы, …сөөкчү, …сыдырчы, …жайчы, …канчы, …аштарчы, …табып. Бул эч бир медицинанын эрежелери менен жетишкендиктерин өзүнө камтыган улуттук медицинанын туу чокусу бейм. Азыркы кытай медицинасы эң ириде тарыхый бай тажрыйбасына таянат.

…Ал эми ордо оюну канчалаган муундун акыл ой казынасынан жаралган өзүнчө эле бир философия эмеспи. Кандын, жигиттин, атышуунун, төрдүн, чүкө оюнунун эле 50дөн ашык түрү бар экен. Түрк жана көчмөн элдеринде мынчалык чүкөгө маани берген кыргыздар гана. Чүкө таамайлыкты, логикалык ой жүгүртүүнү, сабырдуулукту, эске тутууну, шамдагайлыкты, эрежеге баш ийүүнү, ордону сыйлоону үйрөтөт. Жапон бизнесинин сыры алардын “Го” оюнунда негизделген экен. Мамлекет куруунун, аскердик эрежелердин, ордо куруунун көп окшош эрежелери кыргыздын чүкө оюндарында камтылган. Чүкө оюндарында “Көк Бөрүнүн” деңгээлине көтөрө турган заман келер. Чүкө дүйнөдө көп элдер үчүн сөөктүн таштандысы. Кыргыз баласы үчүн шахмат оюнуна тете чебер, акыл оюндун реквизити.

Ал эми улуттук оюндары не деген керемет! Оюн дайым өлүм менен өмүрдүн ортосунда өтөт.

Ушул улуттук оюндар эр жигиттерди шамдагайлыкка, эрктүүлүккө, эмгекке, тездикке, баатырдыкка, намыскөйлүккө, тактыкка, бийиктикке машыктырып, түбү келип Эгемендикти коргоого тарбиялап келген эмеспи. Кыргыз баласы үчүн “жигитчилик” деген сөздүн мааниси да канчалык бийик.

Кыргыздын беш түлөгү

…Ойсул-Ата, …Камбар-Ата, ..Зеңги-баба, …Чолпон-Ата, …Чычаң Ата.

Акматалиев мына ушу бүт жашоосу, чарбачылыгы, экономикасы кыргыз менен эриш-аркак беш түлөктүн ар бирине мүнөздөмө берип, айырмачылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн кылдат иликтеп жазып, касиеттерин айтат. Топозду төрдө, бийикте жүргөндүгү үчүн “Төрө, Төрө” деп чакырат, бооз төөгө алыстан чочутуп, бото салып койбосун деп, башына ак жоолук салып коёт, үйүрдөгү айгырды сатпайт, сойбойт.

…Жылкы баласын сыпаттоонун эле эче түрү бар. …Ат тушоо, …аркандоо, …сугаруу, …суутуу, …ээр токуу, …таптоо, …ат чаптыруу, …ат энчилөө не деген эреже, салт. …Күлүк, …сайкүлүк, …жүйрүк, …тулпар, ….сары таман ат, …дулдул, …аргымак, …жүрүмөл, …жорго, …жорток, …чарс, ….чынкор, …жатак, …чарс, ….бедөө ат, …тарпаң, ж.б.д.у.с. Кудум адам баласын мүнөздөгөндөй. Жылкыга укмуштай сын берген жагынан кыргызга эч ким теңелбейт. Малга астейдил мамиле кылып, ар биринин сырын билген.

Эгемен мамлекетпиз. Бирок эгемен улут болуу өтө озуйпалуу парз. Биз, эң ириде улуттук мамлекет курууга бет алдык.

Улуттук спортту кайра жандандыруу Болот Шамшиев, Болот Шерниязов, Аскар Салымбеков, ал эми улуттук тамак-ашты бизнеске айлантууда Табалды Эгембердиев эбегейсиз эмгек калтырды.

…Тамыры терең, …тарыхы байыркы, …руху күчтүү, …дени таза, …ою сергек, …салты нарктуу, …адамгерчилиги бийик, …бийлиги калыс, …карысы дөөлөттүү, …жаштары ыймандуу! Мына ошол жолдо бизге руханий конституция боло ала турган бирден бир эреже, бул албетте Амантур Акматалиев калтырып кеткен асыл эмгектер. Улутту сүйгөндү ушул кишиден үйрөнөлү!

Улутка кызмат кылганды мына ушул улут жандуу инсандан үлгү алалы.

Улуттун адеп-ахлак кодексин жазып кеткен Амантур агайга миң мертебе алкыш.

Кыргыз Конституциясы бир канча ирет өзгөрдү. Акматалиевдин китебинде болсо эч өзгөрбөс беренелер жазылган.

Ал ар бир кыргызга эстелик калтырып кетти.

Эми биз биригип бир эстелик калтырсак ажеп эмес.

“Нарк” десе, менин эсиме эң ириде Амантур Акматалиев жазып калтырып кеткен эмгектер эске түшөт.

Бул китептерде улуттук дипломатиянын уңгусу камтылган. Этнограф А.Акматалиевдин эмгектери болбогондо чалкып жаткан кыргыз руханий дайрасы алда канча бөксөрүп турмак.

Өз өзөгүбүзгө кайрылып, эгемен өлкөбүздүн руханий суверенитетинин жол картасын түзөлү, жетишели десек, эң ириде Амантур Акматалиевдин китептерине кайрылуубуз абзел. Ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө ак калпак, комуз, бешик, Манас, Ч.Айтматовдун жана А.Акматалиевдин китептери турса экен деп тилейм.

 

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, саясат таануу илимдеринин доктору

 

P.S. Негедир кээ бир инсандар жөнүндө кеңири макала жазууну өзүмдүн инсандык парзым катары сезе берем. Келерки макала сүйүктүү акыныбыз Байдылда Сарногоев жана дагы бир кыргыз элинин залкар инсаны Кеңеш Кулматов жөнүндө болмокчу.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер