АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАЛПЫ КИРИШЕЛИ”

  • 12.02.2021
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги кеңейтилген коллегиясында 2020-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылдагы милдеттерин белгиледи.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАЛПЫ КИРИШЕЛИ”

Мугалимдердин дем берүүчү эмгек акы фондусун 25% көбөйтүү сунушталды

КР ЖКнын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Гүлкан
Молдобекова өз сөзүндө ЖКнын Ош, Талас, Ысык-Көл облустарында өткөн көчмө жыйындарында ортого салынган билим берүү тармагынын азыркы абалына токтолуп, андагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир катар сунуштарды айтып өттү. Алсак, бөбөктөрдү толук камтый албай жаткан бала бакча маселесин чечүү боюнча жаңы бала бакча имараттарын куруу жана мурда башка колго өтүп кеткен имараттарды кайра кайтарууну улантуу, ремонт иштерине муктаж мектептерди ремонттоо иштерин жүргүзүү, мектептерди, айрыкча, айылдык мектептерди заман талабына шайкеш менеджмент, маркетинг, компьютердик технологияларды билген сапаттуу кадрлар менен камсыздоо, социалдык колдоого муктаж педкадрларды турак жай менен камсыздоо, географиялык абалына жараша үстөк пул берүү маселеси. Ал өз сөзүндө белгилеген маселелерди министрлик жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте чечүүгө тийиштигин жана министрлик бул багытта жүргүзгөн реформаларды ишке ашырууга эл өкүлдөрү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

– Мугалимдердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртмайын, алардан билим сапатын талап кылуу кыйын. Андыктан мугалимдерге дем берүүчү эмгек акы фондусунун өлчөмүн 25 пайызга көбөйтүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте республикалык логистикалык борборлор аркылуу окуучуларга ысык тамак уюштуруу, окуучуларды мектепке жеткирүүнү уюштуруу зарылдыгы боюнча мониторинг жүргүзүү, инсандык өнүгүү үчүн зарыл шарттарды камсыздоо, балдарга эле эмес, бойго жеткен адамдарга кошумча билим берүү мекемелеринин профилин кеңейтүү, улуттук маданиятты, элдик каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо максатында улуттук спорттун түрлөрүн жана улуттук аспапта ойноого үйрөтүүнү окуу программасына киргизүүнү сунуштайм, — деди ал.

Пандемия. Дистанттык форматта башталган окуу жылы

Министр Алмазбек Бейшеналиев отчеттук сөзүндө COVID-19 пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал шартында республикадагы баардык билим берүү уюмдары керектүү санариптик окутуучу материалдар менен камсыздалып, 2020-2021-окуу жылы дагы дистанттык форматта уюштурулгандыгын белгилеп өттү.

Атап айтканда, окуу жүктөмүнө ылайык мектепке даярдоо жана мектептик программа боюнча (өзгөчө турмуштук оор кырдаалда болгон адамдар үчүн) эки миңге жакын видеосабактар тартылып, сабактардын бир бөлүгү сурдо котормо менен камсыздалган. Билимди өз алдынча текшерүү үчүн 14 мектептик предмет боюнча, алардын ичинде, математика, химия, физика, биология, география, тарых жана башка предметтер боюнча 9045 тест иштелип чыккан жана порталга жайгаштырылган. Ошондой эле мугалимдер үчүн тесттерди колдонуу боюнча нускама иштелип чыгып, баалоо критерийлери берилди.

Мектеп окуучуларын онлайн тестирлөө интернетке кошулган компьютер, планшет же телефон аркылуу ыңгайлуу убакта жүргүзүлөт.

Министрлик “Ассанабил” кайрымдуулук фонду менен биргеликте республиканын жалпы билим берүү уюмдарына 40 ноутбук бөлүп берген. Ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө 55 компьютер, жалпы билим берүү уюмдарына 11 компьютер берилди.

Ошондой эле “Алтын Тамга” тестирлөөсүн өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу автоматташтырылып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын кыска мөөнөттө жеринде билүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

2020-жылы Ысык-Көл областынын 30 жалпы билим берүү уюму жана Кыргыз Республикасынын он инновациялык мектеби
компьютердик жабдуулар менен камсыздалды. “Жаңы китеп” окуу китептерин эсепке алуу маалыматтык системасын ишке ашыруу жана QR коддун жардамы менен жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондун инвентаризациялоо үчүн компьютердик жабдуу аталган мектептердин китепканаларына орнотулду.

Министрлик менен “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, он пилоттук мектептин базасында программалык камсыздоо ишке киргизилип, окуу процесси, жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө жана башкаруу системасы (“Санарип мектеп” системасы; “Электрондук журнал”; “Балдарга жеткиликтүүлүктү эсепке алууну көзөмөлдөө системасы”; “Электрондук ашкана”) автоматташтырылды.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАЛПЫ КИРИШЕЛИ”

Мектептердин 99 пайызы интернетке туташтырылды

Өлкөнүн 2148 мамлекеттик мектебинин ичинен 2128 мектеп интернетке туташтырылды. Бул баардык мектептердин 99 пайызын түзөт. Алардын ичинен 1212 мектеп “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому тарабынан оптикалык байланыш линиясы боюнча кошулса, 774 мектеп “АйСпейс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан зымсыз интернетке кошулду, ал эми 142 мектеп ар кандай провайдерлер тарабынан кошулду. Кабелдүү интернетке туташтыруу үчүн техникалык мүмкүнчүлүгү жок 20 мектеп Илим-бокс жабдуусу менен камсыздалды, ал локалдык зымсыз байланыштын жардамы менен билим берүү ресурстарын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.

2020-жылы Билим берүүнү башкаруунун жаңыланган маалыматтык системасы ишке киргизилип, ага учурда 1 млн. 500 миң адамдын маалыматы камтылды. Билим берүү жаатындагы бардык маалыматтык системалар бул системага интеграцияланат.

“Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору түзүлдү

Мектептерди этап-этабы менен реалдуу окутуу режимине өткөрүүнү эске алуу менен, 2020-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына 44 аталыштагы жалпы – 876 950 нуска окуу китеби басылып чыгарылды, анын
ичинде:

— окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 20 аталыштагы 507 600 нуска окуу китеби жарык көрсө, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 24 аталыштагы 369 350 нуска окуу китеби басылып чыкты.

2020-жылдын 31-декабрына карата окуу китептерин ижарага берүүдөн топтолгон каражаттын жалпы суммасы 86,5 млн. сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу-усулдук комплекстерди тандоонун жаңы механизмин ишке киргизүү максатында “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин тандоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобо бекитилди. Министрликтин алдында “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору түзүлдү, ал республиканын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептеринин долбоорлорун илимий, илимий-практикалык, дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизаны уюштуруу боюнча иш алып барат.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга катталуунун электрондук формасы ишке киргизилди

Педагогикалык кызматкерлер үчүн http://ripk.kg платформасында мугалимдердин квалификациясын аралыктан жогорулатуу уюштурулду, ал мугалимдердин квалификациясын жылына 4 513 адамдан 13 892 адамга чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Аталган платформада угуучуларды аралыктан окутууну уюштуруу боюнча нускама жана мугалимдер үчүн окуучулар менен кайтарым байланыш жана WhatsApp, ZOOM, Google Classroom менен иштөө боюнча нускамалар жайгаштырылган.

Квалификацияны жогорулатуунун 128 программасы иштелип чыкты жана модернизацияланды, алардын ичинен 35 — онлайн курстар. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда квалификацияны жогорулатууга катталуунун электрондук формасы ишке киргизилди. Ошондой эле институт электрондук кызматтарды көрсөтүү мамлекеттик порталынын реестрине кирди, ал каалаган мугалимге аталган порталга кирип, квалификацияны жогорулатуу курсуна электрондук өтүнмө берүүгө мүмкүндүк берет. Аралыктан окутуу шартында ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүндө окуучуларга психологиялык жардам берүү жана мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү үчүн “тынымсыз байланыштар” ачылган.

Орто кесиптик окуу жайлар онлайн кабыл алды

Онлайн кабыл алуу орто кесиптик окуу жайлары үчүн да колдонулду. Ал үчүн “Кыргызстандын колледжерине онлайн кабыл алуу” системасы иштелип чыккан. Абитуриенттер арасында конкурс жалпы орто билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими тууралуу күбөлүктүн орточо суммасы боюнча жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предмет боюнча бааны эске алуу менен өткөрүлдү. Конкурска катышуу үчүн системада 47 000 абитуриент өтүнмө берди.

Өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык, чет өлкөлөрдүн окуу жайларына тапшырууну каалагандар өтүнмөлөрдү кабыл алууну каттоо үчүн алгачкы жолу онлайн платформа иштелип чыгып, ишке киргизилди.

2020-жылы чет өлкөлөрдө (Кытай, Венгрия, Белоруссия, Казакстан) окууну каалагандар үчүн санариптештирилген тестирлөө онлайн трансляция жана жыйынтыкты дароо берүү менен коштолгон.

Салттуу режимде окутуу

2020-жылдын 11-ноябрынан тартып республиканын окуу жайларында салттуу режимде окутуу эпидемиологиялык кырдаалга жараша жергиликтүү деңгээлде ишке ашырылууда. Жергиликтүү бийликтин жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык органдарынын биргелешкен чечимдерине негизделген алгоритм боюнча окутуу реалдуу, аралыктан жана аралаш формаларда өткөрүлүүдө.

Учурда офлайн режиминде 1617 бала бакчанын ичинен 1186 бала бакча жана баардык 2152 мамлекеттик/муниципалдык мектеп окутууну жүргүзүүдө.

Аралыктан билим берүү учурунда билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн эмгек акы 100% сакталып, төлөнүп берилген.

Мындан тышкары, студенттерди социалдык жактан коргоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып педагогикалык адистиктер боюнча билим алып жаткан студенттердин стипендиясынын көлөмү 2 эсе жогорулаган, жождордун студенттерине айына 800 сомдон 1600 сомго чейин, орто кесиптик окуу жайларында билим алгандарга айына 720 сомдон 1440 сомго чейин көтөрүлдү. Аталган максаттарга бюджеттен кошумча 10 млн. сом бөлүнүп берилген жана толук көлөмдө каржыланган.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАЛПЫ КИРИШЕЛИ”

27 мектеп, алты бала бакча жаңы ачылды

Билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу жаатында Мамкурулуштун маалыматы боюнча 2020-жылы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 27 мектептин курулушу аяктады. Эки мектепте жана эки бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлүп, алты бала бакча курулду.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын иш-чараларынын толугу менен аткарылган пайызы 84,3%, ал эми жарым-жартылай аткаруунун пайызы 15,6% түзгөн. Стратегиянын толугу менен жана жарым-жартылай аткарылган иш-чараларынын пайызын эске алсак, аткаруунун жалпы пайызы 91% түздү.

Жарым-жартылай аткарылган иш-чараларга бюджеттин тартыштыгынан, ошондой эле окутуунун реалдуу мезгили болбогон шарттарынан улам аягына чыгаруу мүмкүн болбогон иш-чаралар кирет.

Стратегия — 2040

Министрлик тарабынан Билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы узак мөөнөттүү стратегиясы иштелип чыкты. Жаңы стратегия негизги үч милдетти чечүүгө багытталган:

— Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо;

— Сапатты камсыздоо;

— Натыйжалуу башкаруу жана каржылоо.

Стратегияда жогоруда көрсөтүлгөн үч милдетти аткаруу билим берүүнүн бардык деңгээлинде жүзөгө ашырылат жана ар бир милдеттин алкагында негизги багыттар каралган: адилеттүү жана тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу; инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү; коопсуз жана натыйжалуу билим берүү чөйрөнү түзүү; билим берүүнүн мазмуну аркылуу окутуунун сапатын жогорулатуу; санариптештирүүнү киргизүү; мугалимдерди үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү системасын жакшыртуу; билим берүүнүн натыйжаларын баалоо; секторду реформалоо аркылуу натыйжалуу башкаруу жана каржылоону камсыз кылуу; билим берүү мекемелеринин автономиясын камсыз кылуу.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАЛПЫ КИРИШЕЛИ”

Кыска мөөнөттөгү 500 бала бакча ачылат

2021-2025-жылдарга карата министрликтин беш жылдык Программасы иштелип чыгып, ал билим берүү системасын, илим, инновацияны өнүктүрүүчү шарттарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.

Программаны ишке ашыруу төмөнкү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:

Мектепке чейин билим берүүдө кыска мөөнөттө болуучу 500 бала бакча түзүүнүн эсебинен, балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтылышы кеңейтилет, бул балдарды мектепке даярдоонун деңгээлин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Министр мырза бала бакчалар эл аралык долбоорлордун жардамы менен каржыланаарын белгиледи. Ал ошондой эле бала бакча имараттарындагы жайларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу керектигине токтоду. Бала бакчалардын ичиндеги аянтты андагы көп орунду ээлеген керебеттердин ордуна, чет өлкөлөрдө колдонулуп келаткан ыкма боюнча катталган матрастарды коюп, бала бакчанын ичиндеги аянттарды кеңейтүү пландалып жатканын айтты.

Электрондук мектеп ишке кирет

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга билим алуунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, анын ичинде жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча ресурстук борборлорду ачуу каралууда.

Кыргызстанда электрондук мектепти куруу аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, мигранттардын балдарына жана башкаларга үйдөн чыкпастан, мектептик билим алууга жана мамлекеттик үлгүдөгү тиешелүү документ алууга мүмкүндүк берүүчү системасы түзүлөт. Бир электрондук мектеп эң чоң алты функцияны камтыйт. Ал пандемия сыяктуу күтүүсүз кырдаалдарда бир мектептеги контентти башкаларга жайылтууга мүмкүндүк берет. Маселен, турмуш шарттарына байланыштуу жашаган жерин алмаштырууга мажбур болгон мигранттардын балдарына үзгүлтүксүз билим берсе болот. Анткени эмгек мигранттары балдарын чейректин ортосунда же окуу жылы аяктай электе мектептен чыгарып кетишет. Демек, электрондук мектептин жардамы менен балдардын окуусу токтобой, жетилүү аттестатын ала алышат. Электрондук мектеп ошондой эле этникалык кыргыздардын маселесин чечүүгө да жардам берет. Алыста жүргөн мекендештерибиз электрондук мектептен кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз тилинде интеграцияланган сабактарды ала алышат. Ден соолугуна байланыштуу интернатка жана мектепке бара албаган балдарды электрондук мектептен үйүнөн окутуп, аларга да жетилүү аттестатын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Электрондук мектеп алыскы айылдарда жетишпеген кээ бир предметтик мугалимдердин ордун да толуктайт. Тиешелүү мугалим табылганча ошол предметти электрондук мектепке которуп, мугалим табылганда чыгып кете алышат. Алмазбек Бейшеналиев азырынча аны №5 гимназиянын алкагында түзүү пландалып жатканын, жакынкы келечекте өзүнчө бөлүнүп чыгаарын айтты.

PISAга олуттуу даярдык көрүү керек

Министр мырза өз сөзүндө 2025-жылы жүргүзүлө турган PISAда табигый илимдерге басым жасоо керектигин баса белгиледи.

– Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык PISA программасына катышууга даярдоо табигый илимдер, математика, окуу жана түшүнүү, социалдык көндүмдөр – көйгөйлөрдү чечүү, компьютердик сабаттуулук жана чет тилдери боюнча жүргүзүлөт. PISA – бул биздин КРнын билим берүү системасын жаңылоо жана реформалоочу чоң рычаг болуп эсептелет. Эгерде биз, педагогдор ушул механизмди туура түшүнүп, туура кабыл алып, комплекстүү даярдык жүргүзсөк, анда бир эле учурда жалпы билим берүү тармагын оңдоп алууга шарт түзүлөт. Андыктан аны биз бир чоң мүмкүнчүлүк катары карашыбыз керек, — деди ал.

Агартуучулардын паркы жана “Артек” лагери

Министрлик инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу багытында агартуу тармагынын өкүлдөрү үчүн аянтча катары билим берүү, илим, инновациялык идеяларды жайылтуу максатын көздөгөн “Агартуу” паркын түзүүнү пландап жатат. Азыркы учурда долбоору даярдалып жаткан ал парк жакынкы келечекте Бишкек шаарынын көрүнүктүү бир жеринде ачылмакчы. Агартуучулар, жалпы эле ата-энелер балдарын агартуу паркындагы ачык сахналарга, акыл оюндарына катыштырып, аң-сезимин өстүрүүгө өбөлгө түзө алышат. Ошол жерге Айтматовдун Дүйшөнү – биздин биринчи мугалимибиздин эстелиги коюлушу да күтүлүүдө.

Мындан тышкары, технологиялар жана дизайн жаатындагы таланттарды өнүктүрүү үчүн Креативдүү технологиялар борборун куруу иштери башталды. Министрдин айтымында, кошумча билим берүүгө багытталган ал борборлордо Кыргызстандын, аймактардын, дүйнөнүн лидерлери тарбияланмакчы.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАҢЫЛАНУУГА ЖАЛПЫ КИРИШЕЛИ”

Мугалимдердин жана таланттуу балдардын ден соолуктарын чыңдоо жана сапаттуу билим берүү багытында жакшыртылган шарттарды түзүүчү долбоорлордун дагы бири – Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы министрликтин карамагындагы 10 гектар аянтка жылы бою иштей турган Артек лагерин уюштуруу пландалууда. Ал лагердеги эс алуу борборлорунда жаш жеткинчектерди тарбиялаган мугалимдер ден соолугун чыңдашып, жакшы окуган балдар бир айлык тереңдетилген окуулардан өтүшөт.

Коллегиядан кийинки суроолор, сунуштар, ойлор

Касымбек Мамытов,
Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору:

Суроо-сунуш: Чоң форматта өткөн коллегия эки саат менен гана чектелген жок. Анткени ириде эки күн бир топ маселелерди талкууладык. Докладчылар дагы абдан компетенттүү экен. Бир гана маселе турат – билим сапатын канткенде көтөрөбүз? Жогорку окуу жайлардагы педагогикалык факультеттер менен мектеп тыгыз иштешкенде, ата-энелер менен коомчулуктун биргелешкен аракеттердин негизинде гана сапатка жетишебиз. Себеби мектепте начар окуган балдар педагогикалык факультетке кабыл алынып жатат. ЖРТдан 160 баллдан жогору алган балдар эч убакта педагогиканы тандашпайт. Алар юридикалык, экономикалык адистиктерди тандашат. Ал эми педагогикалык факультетке орто окуган балдар кабыл алынып жатат. Алар жогорку окуу жайында деле орто окуп, аякташат. Ошондой мугалимдерден кантип билим сапаты жогорулайт? Ушул маселе чечилсе.

Урматтуу, Алмаз Бейшеналиевич, жакшы реформаларды жасай баштадыңыз! Мугалимдердин категорияларын кайра кайтарып келгенге баарыбыз сүйүнүп жатабыз. Дагы бир сунушум – жаш мугалимдердин депозитин киргизсек. Себеби айылга барганда, жаш мугалимдин айлыгы аз. Алардын айлыгын көтөргөнгө шарт түзүп, жаш мугалимдерди беш жылдык мөөнөт менен колдоо көрсөтсөк. Анткени ата-энелердин тилеги орундалып, балдары келечекте жашоодо тың, жанын жакшы баккан, жакшы айлык акысы бар кесипке даярдалса дейбиз. Дагы бир сунушум аттестаттар боюнча. Ырас, балдарга мамлекеттик документ берилип жатат. Бирок ушул аттестаттар жана “Алтын тамгалар” эч жакка жарабай калды. “Алтын тамга” алган бүтүрүүчүлөр үчүн жогорку окуу жайга өткөндө кандайдыр бир жеңилдиктер болушу керек. Ошондо окуучулар жакшы аттестатка жеткенге аракет кылып, жакшы окушмак. Союз учурунда ушундай аттестаттардагы баалар эске алынчу. Ошого карата балдар дагы жакшы окушчу. Кээде ЖРТнын жыйынтыгы менен айрым окуучулардын он бир жылдык эмгеги текке кетип калып жатат. Ушул маселе дагы терең ойлонууну талап кылат. Эң башкысы, мугалимдердин эмгек акысын көтөрмөйүнчө билим сапаты жогорулабайт. Дагы ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү маселеси да турат.

Министрдин жообу: “Алтын тамга” менен “Алтын сертификаттын” деңгээли бирдей болот. “Алтын тамганын” ээлери бюджеттик орундарга кабыл алынат. Өз учурунда кандайдыр бир себептер менен окууга тапшыра албай калгандарды эске алып, 2021-жылдан тарта ЖОЖ, колледждер эки жолу кабыл алышат. Олимпиадада биринчи орун алгандар өзүнүн предмети боюнча тандаган адистигине бюджетке өтөт.

Кубанычбек Кулов, ата-эне:

Суроо: Кичинекей кызым бала бакчага барат. Мектепте дагы, бала бакчада дагы ата-энелерден акча жыйнашат. Эмгек акым 3980 сом. Ал эмнеге жетет? Акча чогултуу качан токтойт? Ата-энелер комитетине жалаң акчалуулар келет. Алар айына 500, 300 сомду жөн эле берип коюшат. Биздейлерге ошол дагы оор болуп жатат.

Министрдин жообу: Акча маселеси боюнча барган жеримде эле жолугушууларды өткөрүп жатам. Аскар Акаевичтин убагында атайын Жарлыгы менен ата-энелердин фонду бекитилген. Мисалы, Бишкек шаары айына 100 сом, айыл жеринде 50 сом деп. Ата-энелерден кошумча жардам болбосо, мектептер бор, тряпка алалбай калышат. Эми бирдиктүү сумманы көрсөтүп, мыйзамга киргизели деп жатабыз. Мектептеги жетекчилердин, мугалимдердин укугун мыйзам менен коргоп беребиз. Бирок үй-бүлөдө көп балалуулар, социалдык жактан муктаждар да эске алынат. Ал эми кошумча жардам берем дегендерге чектөө жок. Ата-энелер фонду мындан ары мыйзамдуу жүрөт.

Назгүл Мусаева,
Чүй жатак-мектебинин директору:

– Чоң жаңы иштердин башталышы болуп жатканын министр айтты. Алдыга койгон пландары аябай актуалдуу. Эгерде көйгөйлөрдүн баары чечиле турган болсо, билим берүү системасына чоң жаңылыктар кирет. Жакшы жагына өзгөрөт деп ишенебиз. Азыркы жасалып жаткан иштер мындан ары уланып, биздин билим берүү мекемелериндеги оптималдаштыруу же алдыга койгон жакшы максаттарга жетишүү үчүн чоң реформа керек. Анын жасалышына өбөлгө түзүлөт. Мамлекетибиз да, президентибиз да жаңы. Чындыгында реалдуу иштер жүрүп баштады. Министр докладында “Агартуу» паркы, мугалимдердин жана окуучулдардын ден соолугун чыңдоо үчүн министрликке бөлүнгөн жерге “Артек” санаторийи салынаарын айтты. Жатак-мектептердин эң көйгөйлүү маселелердин бири — балдардын социалдаштыруусу же болбосо жашоо-турмушка даяр болуп чыгуусу. Ушул маселени Алмаз Бейшеналиевич дагы биздин жатак-мектепке барганда көтөргөн. Бул абдан актуалдуу маселе. Биздин балдар “бизге жардам бериш керек, бизге мамлекет милдеттүү” деп чоңоюшат. Бул балдар жашоого даяр болуп чыгыш керек. Тил үйрөнүш керек, кандайдыр бир кесиптин ээси болуш керек ж.б.у.с.

Жетекчилерди аттестациялоодон өткөрүү – бул учур талабы. Ар бир жетекчи өзүнүн ишин тың билип, жакшы иштеп, донорлорду тартыш керек. Эгер жетекчи новатор болсо, жамааты да тынбай иштейт. Билим сапатын жогорулатканга өбөлгө түзүлөт.

Марат Дооронбеков,
Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

– Жыл жыйынтыктаган коллегияда абдан актуалдуу маселелер каралды. Коллегиянын өзгөчөлүгү – эки саат менен чектелген жок. Мындан эки күн мурда эле башталган. Эки күн билим берүүнүн ар кыл тармагы боюнча 14 лектор лекция окушту. Ар бир тармак боюнча адистер менен талкуу өткөрүлдү. Негизги максат – үч күндүк коллегиялык ишти жер-жерге барганда түздөн-түз балдар менен иштешип жаткан педагогдор менен, алдыбызга коюлган максаттарды бир сыйра талкуулап, мындан ары ишке ашырышыбыз керек. РайОНО башчыларын, мектеп директорлорун аттестациялоо аркылуу жумуш ордуларын кароо – бул абдан туура чечим. «Бир жерде өмүр бою отуруп жетектейм» деген ойдон кетишибиз керек. Аттестациядан жетекчилер талаптарга жооп берсе, андан ары иштей берет. Мындай нерседен коркпош керек. Жетекчи дайыма жаңыланып турушу зарыл, бул иш-аракет жетекчилерге стимул болот. Жетекчилер коом алдында уят болуп калбаш үчүн дайыма даярданып, профессионалдыгын тастыктап турат. Бул жакшы нерсе.

Гүлнара Алыбаева,
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим

 

Бөлүшүү

Комментарийлер