АЛАЙДАГЫ ӨРНӨКТҮҮ ИШТЕР

  • 17.01.2023
  • 0

Быйылкы 2022-2023-окуу жылында Алай районунда бир катар жаңы билим берүү мекемелери курулуп, пайдаланууга берилди. Агартуу жаатында да жалпы республика мектептерине үлгү болорлук долбоорлор, демилгелер ийгиликтүү ишке ашты.

Гердегейдеги бала бакча

​Окуу жылынын башталышында ​ Жошолу​ айыл​ ѳкмѳтүнѳ​ караштуу​ Осоавиахим айылында​ 90 орундуу эки кабаттуу​ заманбап​ ​ бала бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди.

АЛАЙДАГЫ ӨРНӨКТҮҮ ИШТЕР

Бул билим берүү мекемесинин ачылыш аземине ​ ​ Жогорку Кеңештин​ тѳрагасы Н.Т.Шакиев,​ Жогорку​ Кеңештин депутаты У.Б.Примов, Кыргыз​ Республикасынын​ Президентинин​ Ош​ облусундагы ыйгарым​ укуктуу​ ​ ѳкүлү — губернатор​ З.И.Жамалдинов, Билим​ берүү​ жана​ илим​ министри​ Уланбек​ Мамбетакунов, Алай​ райондук​ мамлекеттик​ администрациясынын​ башчысы — аким К.С.Апбасов,​ райондук​ билим​ берүү​ бѳлүмүнүн​ башчысы Б.Э.Таиров, айыл ѳкмѳт​ башчысы Орозбай​ уулу​ Ж. баш​ болгон​ эл​ ѳкүлдѳрү,​ кызматкерлер,​ айыл​ тургундары,​ ата- энелер жана кубанычы​ койнуна​ батпаган​ жаш​ бѳбѳктѳр​ катышты.

АЛАЙДАГЫ ӨРНӨКТҮҮ ИШТЕР

Жаңы​ бала​ бакча​ республикалык​ бюджеттен каржыланып,​ 31 млн 203 миң сомго бүткѳрүлгөн. Бала​ бакчанын​ ички​ жана​ сырткы​ ​ жасалгаларына,​ керектүү​ буюмдар​ менен​ камсыз​ болушуна​ Жошолу​ айыл​ ѳкмѳтү 450 миң сомдук,​ «Алай​ айымдары» коому​ 37 миң сомдук, ошондой эле Абдраев, У.Жусупов, Т.Матаев, Боронов, Т.Абдраев, Т.Исаков, Ж.Токоев, Н.Парпиевалар баш​ болгон​ 37 ата-эне 380 миң сомдук​ колдоо кѳрсѳтүштү.​

— Бала​ бакчанын​ ачылышы​ менен​ ​ айылда​ 23​ жумуш орун​ пайда болуп, айыл​ тургундары​ иш​ менен​ камсыз болушту, -дейт бала бакчанын директору Н. Култаева.

Жошолуда экинчи бала бакча ачылды

​Жаңы жыл алдында​ Жошолу​ айыл​ ѳкмѳтүнүн​ Кара-Токту​ айылында​ 90 орундуу​ №40 «Баластан-Алай» мектепке​ чейинки​ билим​ берүү​ уюмунун​ ачылыш​ аземи болду.

АЛАЙДАГЫ ӨРНӨКТҮҮ ИШТЕР

Бул бакча​ Курманжан датка​ атындагы​ орто​ мектебинин​ мурдагы​ корпусунун базасында​ ​ ачылып,​ ремонт​ иштерине​ жергиликтүү​ бюджеттен​ 1 млн 630 миң​ сом жумшалды.​ Ал​ эми жалпы​ эмеректерине,​ идиш-аяктарына​ жана тѳшѳнчү​ жана​ башка​ керектѳѳлѳрүнѳ демѳѳрчүлѳр менен​ айыл​ тургундарынан​ 954 миң​ сомдук каражат колдоо иретинде берилди.
Ачылыш​ аземге​ Кыргыз​ Республикасынын Президентинин​ Ош​ облусундагы​ ыйгарым​ укуктуу​ ѳкүлүнүн​ орун​ басары​ Э.Толтоев,​ Алай​ райондук​ жергиликтүү​ мамлекеттик​ администрациясынын​ башчысы – аким К.С.Апбасов, орун​ басары​ Б.А.Осмонов, айыл​ ѳкмѳтүнүн​ башчысы Ж.Орозбай​ уулу,​ Алай​ райондук​ билим​ берүү​ бѳлүмүнүн​ башчысы Б.Э.Таиров​ баштаган​ бир​ топ​ жетекчилер, айылдык​ кеңештин​ депутаттары, айыл тургундары, ата-энелер​ жана​ бакчага келгенине​ бир​ чети​ таң​ калган,​ бир​ чети​ андагы​ кооздуктарга​ жетине​ албай кубанышкан​ жаш​ бѳбѳктѳр​ катышты.

АЛАЙДАГЫ ӨРНӨКТҮҮ ИШТЕР

«Мугалим — 3» долбоору​ жыйынтыкталды

​Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунун мугалимдеринин педагогикалык кесипке кызыгуусун курчуткан долбоор быйыл үчүнчү ирет ишке ашып отурат.​ Алай райондук​ маданият​ үйүндѳ​ «Примов» фонду тарабынан​ уюштурулган​ «Мугалим – 3» долбоорунун​ 2022-жылдагы​ жыйынтыгы​ чыгарылды. Долбоорго​ жогорудагы үч райондун ​ билим​ берүү​ кызматкерлери катышып, «Рекорд» окуу​ борбору түзгѳн​ критерийге​ ылайык бааланды.

​Долбоордун​ жыйынтык​ аземине​ Жогорку​ Кеңештин​ тѳрагасы Н.Шакиев,​ Жогорку​ Кеңештин​ депутаты,​ долбоордун​ уюштуруучусу,​ демѳѳрчүсү​ У.Примов,​ ​ Билим​ берүү​ жана​ илим​ министри У.Мамбетакунов,​ Кыргыз​ Республикасынын​ Президентинин​ Ош​ облусундагы ыйгарым​ укуктуу​ ѳкүлү​ З.Жамалдинов, райондук​ мамлекеттик​ администрациясынын​ башчысы – аким​ К.Апбасов​ , Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунун​ акимдери, райондук билим​ берүү​ бѳлүмүнүн​ башчылары, күйѳрмандар,​ конкурсанттар​ катышты. Сынактын​ орто​ ​ мектептер​ арасындагы​ «Мыкты жамаат» номинациясында ​ Чоң-Алай районундагы ​ Алайчы уулу Сайит атындагы орто мектеби (1-орун), ​ №25 Э.Мурзаев атындагы орто мектеби, Алай району (2-орун), З.Каримбеков атындагы орто мектеби, Чоң-Алай району (3-орун), №27 Ж.Алимов​ атындагы орто мектеби, Алай району), (4-орун) деп табылды. Биринчи орунга 20 миң сом акча, интерактивдүү доска, экинчи орунга 10 миң сом, интерактивдүү доска, үчүнчү орунга 5 миң сом, компьютер, принтер, 4-орунга компьютер берилди. Сынактын​ толук эмес​ орто​ мектептер​ арасындагы​ «Мыкты жамаат» номинациясында Алай районундагы №45 М.Маназаров атындагы негизги мектеби (1-орун), ушул эле райондогу №44 Арча-Булак​ негизги​ мектеби (2-орун), Кара-Кулжа районундагы ​ Э.Айтбаев атындагы негизги мектеби (3-орун) жеңүүчүлөрдүн сабында болду. Бул мектептерге да акчалай сыйлыктар, компьютер, принтерлер берилди. “Ишмердүүлүгү​ менен​ ѳзгѳчѳлѳнгѳн​ мектеп”​ номинациясында​ ​ Алай районундагы №2 ​ Т.Отунчиев​ атындагы​ мектеп-гимназиясы жеңүүчү​ болуп,​ грамота​ жана​ баалуу ​ сыйлыктар​ менен​ сыйланды. Мектепке​ чейинки​ билим​ берүү​ мекемелер​ арасындагы​ «Мыкты​ жамаат» номинациясында​ ​ Кум-Шоро​ мектепке​ чейинки​ билим​ берүү​ мекемеси активдүү​ катышкандыгы​ үчүн​ баалуу​ сыйлыкка​ татыктуу​ болду. «Мыкты жаш​ мугалим» номинациясында 1-2-орундарды ​ Чоң-Алай​ районунун​ жаш мугалимдери камсыз​ кылып, Түркияга жолдомо​ утуп​ алышты.​ Ал​ эми​ баш​ байгеге​ Алай​ районундагы​ №4 К.у.Абдразак​ атындагы​ жатак-мектебинин мугалими​ Максатбеков Сыймык​ татыктуу​ болуп, жеңүүчүгө автоунаанын ачкычы тапшырылды.

АЛАЙДАГЫ ӨРНӨКТҮҮ ИШТЕР

Ошондой​ эле​ ​ «Мыкты жаш​ мугалим» сынагында​ «Ийгиликтүү​ натыйжа кѳрсѳткѳндүгү» үчүн​ номинациясы​ менен​ №38 Ж.Исаева атындагы​ орто​ мектебинин​ мугалими​ Тургуналы​ уулу​ Назарбек,​ ​ № 44 М.Маназаров​ атындагы​ негизги​ мектебинин​ мугалими Алмас кызы Жайнагүл,​ №3​ Токтогул​ атындагы​ орто​ мектебинин​ мугалими Садирбек кызы​ Самаргүл​ долбоордун​ грамоталары жана​ атайын баалуу​ белектери​ менен​ сыйланышты. Сынактын​ «Мыкты​ мугалим» номинациясында​ 3-4чү жана​ 1-орунду Чоң-Алай​ районунун билим​ берүү​ кызматкерлери ээлешсе,​ 2-орунду​ №41 С.Умарходжаева атындагы​ орто​ мектебинин​ биология​ мугалими,​ директору​ Кутчуева​ Назира​ камсыз​ кылып,​ Түркияга​ жолдомо​ утуп​ алды.​

АЛАЙДАГЫ ӨРНӨКТҮҮ ИШТЕР

Ал эми​ баш​ байгени №4 К.у. Абдразак​ атындагы жатак-мектебинин ​ география​ мугалими Абдиев​ Эрали камсыздап,​ Ош шаарынан бир бѳлмѳлүү​ ​ заманбап үйгѳ​ ээ​ болду.

Самарканд – Ташкент​ жана Япония билим сапары


Быйылкы окуу жылда окуучулары предметтик олимпиадаларда жана ЖРТда ​ эң мыкты көрсөткүч көрсөткөн 13 мугалим, арасына ​ Азия чемпионун​ даярдаган мугалим кошулуп, билим​ берүү​ кызматкерлеринин​ райондук жана облустук​ профсоюз​ комитетинин​ колдоосу ​ жана демѳѳрчүлүгү​ менен ​ Ѳзбекстандын​ Самарканд жана​ Ташкент шаарларына үч​ күндүк​ туристтик​ саякатка​ барып​ келишти.

Саякат​ учурунда алдыңкы мугалимдер Самарканд шаарындагы​ Гур Эмир (XlV-XV кылым) мавзолейинде, Регистан аянтында,​ Хизрдин мечитинде (VIII, XIX кылым), Биби Ханумдун собор мечитинде (XV,​ Ислам​ Каримовдун күмбѳзүндө,​ Улугбектин​ обсерваториясында (XV кылым) саякатта болушту.​ Түнкү​ Самарканд сити эс алуу​ аянты мугалимдерге өзгөчө таасир​ калтырды.​

АЛАЙДАГЫ ӨРНӨКТҮҮ ИШТЕР

Ал​ эми Ташкент​ шаарындагы​ түнкү​ Ташкент СИТИ аянты, андагы​ бийлѳѳчү​ фонтан, Ташкент телемунарасы,​ Ташкент​ метросу,​ Ташкент БЕШКОЗОН аш​ борбору,​ Чорсу базары,​ Амир Темир аянты андан​ бетер​ таасир​ берип,​ жеңүүчүлѳрдү​ кубанычка​ бѳлѳдү.

​- Ѳзбек​ элинин​ кичипейилдигине,​ меймандостугуна ѳзгѳчѳ​ ыраазы​ болуп​ кайттык.​ Бизде да​ ынтымактуулук,​ стабилдүүлүк болсо Ѳзбекстандагыдай​ жетишкендиктерге​ жетишээрибизге​ ишеним​ артып​ кайттык, — дейт Өзбекстанга жеңүүчүлѳрдү​ жетектеп барган Алай райондук профсоюз​ комитетинин​ тѳрагасы​ Акылбек Абдыкадыров.

АЛАЙДАГЫ ӨРНӨКТҮҮ ИШТЕР

​Дагы бир кубанычтуу жаңылык​ Япония​ ѳлкѳсүнүн​ каржылоосу​ менен​ «Сакура» илим​ жана​ технология программасынын​ негизинде​ №1 М.Адышев​ атындагы​ мектеп-гимназиясынын​ англис​ тили​ мугалими Нуржанова​ Азиза​ күн чыгыш өлкөсүндө бир​ жумалык​ тажырыйба​ алмашуу​ сапарында​ болуп келди. ​Азиза 2014-жылы ОшМУнун​ дүйнѳлүк​ тилдер​ факультетин​ аяктаган.​ Жети жылдын​ бери​ №1​ М.Адышев​ атындагы мектеп-гимназиясында​ англис тили​ мугалими​ болуп​ эмгектенип келе​ жатат.​ Учурда​ Борбордук ​ Азиядагы​ Америка​ университетинин​ магистратурасында​ 1-курста окуйт.

— Программабыздын​ негизги​ максаты жогорку​ класстын​ окуучулары​ окууну​ аяктаганда​ Япониядагы ​ университеттерден​ ​ кантип билим алышса болот, ушуну түшүнүүгө багытталды. Илим​ жана​ технология боюнча​ жаңылыктар​ менен​ жакындан​ тааныштык,​ гранттар​ менен ​ иштөөнү​ үйрөндүк. Nsukuba​ университетинде, Saiko Gakuin​ жалаң​ балдар​ окуган​ менчик​ мектептеги​ дебаттарга​ катыштык, — деди Азиза Нуржанова.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер