АКЫЛ КАЗЫНАСЫ ЖАҢЫЛАНУУГА КАДАМ ТАШТАДЫ
- 02.12.2024
- 0
А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага – 90 жыл
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгынын негизинде “Китепкана – мамлекеттин өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу” аталышындагы илимий-практикалык конференция Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын 90 жылдык юбилейинин алкагында жогорку деңгээлде өттү.
Китепканалар — мамлекеттин өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу
Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын 90 жылдык юбилейи белгиленди.
Китепкананын кире беришинде жайылган улуттук баалуулуктардын ансамбли, кыргыз кыз-жигиттеринин улуттук кийимдерин кийип, келген конокторду тосуп алганы кубандырбай койгон жок. Эң башкысы имараттын канчадан бери тазаланбай келаткан мрамору аппапакай болуп, таптаза көрүнгөнү мекемеге иш билги жетекчи келгенинен кабар берип турду.
Китепкананын фойесинде улуттук мелодияларды аткарып жаткан чакан оркестр келген коноктордун маанайын көтөрүп, өзүнө тартып турганын айтпай кетпесек да болбойт. Биринчи кабатта «Улуттун жүзү улуттук китепканага — 90 жыл» көргөзмөсү жайгашса, сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу китептер фондусунун залында «Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этабы» аттуу көргөзмө да уюштурулган.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле маданий жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү, изилдөөчүлөр, жазуучулар жана китеп сүйүүчүлөр катышты.
Илимий-практикалык конференцияны ачып жатып, маданият министри Алтынбек Максутов өз сөзүндө: «Улуттук китепкана — бул китептердин жыйындысы гана эмес, бул улуттук өзгөчөлүктүн жана маданий мурастын символу, билим жеткиликтүү болуп, тарых жашоосун уланткан ыйык жай», – деп белгиледи.
90 жыл ичинде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана өлкөнүн маданий жана интеллектуалдык мурастарын сактоо жана жайылтуу боюнча маанилүү роль ойногонун, ал илимпоздордун, жазуучулардын жана адабият сүйүүчүлөрдүн муундарын бириктирип, билим берүү, илимий жана маданий демилгелер үчүн аянтча болуп калганы да баса белгиленди.
Юбилейдин алкагында китепкананын тарыхын чагылдырган сейрек кездешкен китептердин жана архивдик материалдардын көргөзмөсү; электрондук китепкананы өнүктүрүү жана жаштар арасында окууну жайылтуу багытындагы жаңы санарип долбоорлорунун таанытымы көрсөтүлдү. Мындан сырткары, “Китепканалар — мамлекеттин өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу” аттуу илимий-практикалык конференцияда китепканалардын мамлекеттик түзүлүштү калыптандыруудагы тарыхый ролу, тилди жана маданий салттарды сактоо, ошондой эле маалыматтык технологиялар доорунда китепканалардын ишмердүүлүгүн жаңыртуу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын алкагында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “100 китеп” сериясынын алгачкы 30 китеби сунушталды; “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаттары” аттуу библиографиялык көрсөткүч жарыяланды. Ошондой эле китепкананын кызматкерлерине Жогорку Кеңештин, Маданият министрлигинин Ардак грамоталары, айрым мекемелер дагы кур келбей медалдарын тапшырышты. Бул дагы китепкананын директору Айнура Аскарованын жамааттагы кызматкерлердин эмгектерин туура баалай билгенинен кабар берип турат.
Китепкананын тарыхы
Аталган акыл казынасы 1934-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу республикасынын мамлекеттик китепканасы катары ачылып, 1939-жылы Чернышевскийдин, 1981-жылы СССР Министрлер чечими менен В.И.Лениндин (Эсиңиздердеби? Ленинкага барабыз дечү элек) наамдары ыйгарылган. Кыргыз ССРнин Компартия Борбордук Комитетинин 1-секретары Т.Усубалиевдин жетекчилиги менен азыркы имарат курулуп, жамаат 1984-жылы ага көчүп кирген. 1993-жылы Президенттин жарлыгы менен улуттук макам берилсе, 2015-жылы классик акын А.Осмоновдун ысымы ыйгарылган. 1959-жылы китепканада “Манас” эпосу боюнча алгачкы илимий конференция өтүп, ага залкарлар А.Токомбаев, Т.Үмөталиев, Т.Сыдыкбековдун катышуусу менен Саякбай Каралаевдин айтуусунда манас жаңырган. 1984-жылы китепкананын 50 жылдык мааракесинин урматына азыркы имарат салтанаттуу ачылып, даңазалуу белгиленгенин ошол кездеги муун жакшы билет. 1986-жылы бул ыйык очокто Ч.Айтматовдун демилгеси менен 1-эл аралык Ысык-Көл форуму өткөрүлгөн.
2024-жылдын 17-июлунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын директорлугуна Айнура Аскарова дайындалган. Жаңы жетекчи келгенден баштап китепкананын көйгөйлөрүн жана орчундуу маселелерин ар бир өткөн жыйында жамаат менен чогуу-чаран талкуулап, орчундуу ойлор айтылып, учурдагы жасалчу иштерди чечүүнүн жолдору жана башка китепканага тийиштүү маселелер күн тартибинде каралып турат.
А.Аскарова келгенден бери эл аралык кызматташтык жаатындагы иштер да алгылыктуу жолго коюулду.
Баса, түрк тилдүү өлкөлөрдүн он биринчи саммитинде Президентибиз Садыр Жапаровдун түрк тилдүү өлкөлөрдүн китепканаларын ачуу демилгеси китепканачыларды кубантпай койгон жок.
Улуттук китепкананын 90 жылдык юбилейи анын улуттук мурастарды сактоодогу, китеп окууну жайылтуудагы жана калкты агартуудагы маанилүү ролун дагы бир жолу тастыктады.
Интеллектуалдуу өсүүнүн, маданий-агартуунун, илимий өнүгүүнүн ордосу болгон А.Осмонов атындагы китепкананын 90 жылдык маараке майрамы куттуу болсун!
“КИТЕП — АДАМДЫ ТАРБИЯЛАЙТ”
Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы:
— Бүгүн чыныгы майрам, китеп майрамы! Кыргыз салтында мындан көп болсо 30-40 жыл мурда бир китепти бир айыл окучу. Бир үйдөн экинчи үйгө кеткенде жүз аарчыга бир муштум эт же кант, же боорсок салып, андан ары узатчу. Китеп жетпейт, күн-түн деп окушчу эле. Ыгы келген жерден китеп уурдап алган муун отурат. Бычакты, китепти уурдаган жакшы деп кыргыз ырымдап койчу. Китепти жазданып окуган муун отурат. Ушул маданият 1965-жылдан кийин акын-жазуучулар бири-бирине китепти бергенде “жаздыгыңдын алдыда болсун” дешчү. Буга чейин көчмөндөр салтында жаздыктын алдында бычак коюп, уктачу элек. Кийин ал заман өткөндөн кийин, китеп жазданып уктай баштадык. Дүйнөдө китеп кызматкерлерине өзгөчө маани берилет. Тарыхтын атасы Геродоттун маалыматына таянсак, эң биринчи китеп байыркы Кытай мамлекетинин биринчи басмаканасында басылып чыккан экен. Эң биринчи китептин бир капталынын узундугу 11-12 метр, туурасы 3-4 метр болуптур. Китептин биринчи барагында тоо-таштар, же ар кандай көрүнүштөр чегилген. Ошентип, дүйнө маданиятын биринчи тамгалар, сүрөттөр, элестер менен тааныткан экен. Ушул күнгө чейин дүйнөдө 32% өлкө ошол белгилер менен китеп окушат. Корейлер, япондор, кытайлар, армяндар, грузиндер – буларда илеп белгиси, суроо белгиси, үтүр, чекит белгилеринин баш-аягы жок. Кытай көп тилдүү өлкө. Бири-бири менен иероглифти жаза коюп, сүйлөшөт. Миңден ашуун улут бар экен.
Эң чон китепкана Кытайда. 27 га жерди ээлейт, ар бир китепкананын бөлүмүнө кирип-чыгыш үчүн эле бир күн өтүп кетет, чети да оюлбайт. Эң чоң китепканалар өнүккөң өлкөлөрдө жайгашкан. Кайсы өнүккөн мамлекетке барба, конгресстин оң жагында, болгондо да биринчи кабатта китепкана жайгашкан.
Каганат доорунун баш-аягы жок, кыргыз үчүн оор болуп турганда, 2-3 даанышман чогулуп, тиликараак, чыйрак балдардан үчөөнү тандап, “калкыңды башкарасыңбы, калктын казынасына эмне көтөрүп бересиң? — деп даанышмандар тапшырма берет экен. Эртеси күнү үч жигит даанышмандардын алдына келип, биринчиси — калкымды башкарсам, калкымдын казынасына жер салам дейт. Баракелде, — дешти даанышмандар, — жери жок эл болбойт деп. Экинчи жигит көтөрүп келген куржунунан тамак-аш, кийим-кече, буюм-тайымдарды чыгарып, “кийими бүтүн эмес, курсагы ач эл тамак, кийим, жылуу жер, мал издеп, чачырап кетет”, — дептир. Үчүнчү жигит – үч китепти алып чыгып, “биринчи китепте кыргыздын тарыхы, экинчиде кыргыздын наркы, үчүнчү китепте кыргыздын салты”, — дептир. Даанышмандардын ичинен бирөө суроо берет: “Үч китебиң менен элдин курсагын кантип тойгузабыз? Бул эмне деген жөрөлгөң? ” — дейт. Тиги жигит: ”Биринчи китеп — тарых. Тарыхын билбеген эл, алдын көрбөйт. Экинчи китебим — салт-санаа. Салты жок эл көрүнгөң салтты ээрчип, тарап кетет. Салт бириктирген эл кайсы жерде болбосун чогуу жүрөт. Бири-бирин тааныйт. Үчүнчүсү — нарк. Анын ичинде салт-санаа, азат, абийир, намыс, күч, тил-дил дегенибиз бар дейт. Наркын, салтын, тарыхын билген эл, кайсы жерде жүрбөсө дагы чачырабайт, жоголбойт”. Даанышмандар ордуларынан ыргып туруп, бата берип, үч китеп көтөрүп келген жигитке эл башкартыптыр.
Биздин улуу акын-жазуучуларыбыз улуу наркты, салтты, тарыхты тирүүлөй алып жүрүүчүлөр.
Мындан үч ай мурда эле китепкана кызматкерлери 1500 сомдон 7500 сомго чейин эле айлыкка жашап жүрүштү. 11000-12000 сом айлык алганына үч ай эле болду. Мына ушундай фанаттарга, көгөрүп, өжөрлөнүп иштеп жаткандарга, китеп дүйнөсүнүн негиздөөчүлөрүнө, акын-жазуучуларына айлыкты өзгөчө көтөрүп, китепкананы байытып, көбөйтүп, абдан жакындан жардам берген өлкөгө айланалык.
Япония менен Кытайда эң көп айлык алгандар мугалимдер менен китепканачылар. Китеп — сыймык.
“МАКСАТ БИЙИК, ИШТЕР АРБЫН”
Айнура АСКАРОВА, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору:
— Китепкана советтик курулуштун мыкты үлгүсү катары салынып, кыргыз элине, жалпы окурмандарга илимий агартуучулук кызмат өтөп келди. Ошентсе да китепкана ишмердүүлүгүн жаңылоо — учурдун талабы.
Улуттук китепкана Борбордук Азиядагы дүйнөлүк адабияттын эң чон казынасын сактаган ири китепкана катары коомго кызматын кылып келатат. Улуттун баалуулугу катары маданий мурастардын тизмесин толуктайт жана 90 чет тилиндеги 6,5 млн басылма фондусуна ээ. Китепкананын эң чон байлыгы сейрек кездешүүчү жана баалуу китептер фондусу аталган фонд республика боюнча жападан жалгыз улуттук китепканада гана бар. 500 жылдык тарыхы бар сейрек кездешүүчү китептер улуттук китепкананын раритеттүү казынасы. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн көч башында турган И.Арабаев, К.Тыныстанов, Тоголок Молдо сыяктуу кыргыз адабиятынын залкарларынын араб тамгасындагы алгачкы эмгектери, “Манас” эпосунун латын тилиндеги алгачкы котормолору сакталган. Дүйнө жүзүндөгү китепкана тармагынын функциясы өзгөрүп, замандын талабына ылайык көп функционалдуу инновациялык китепканалар көбөйүүдө. А.Осмонов атындагы улуттук китепкана дагы советтик стандарттан заманбап инновациялык сапатка өтүү талабына келди.
Реконструкция ишинен баштап санариптештирүүгө чейин жаңы талаптар коюлууда. Ондогон жылдар мурун китепкана ишинин актуалдуулугу жогору болсо, учурда виртуалдуу дүйнөдө китепке болгон муктаждык солгундады. Демек, ааламдашуу доорунда акыл казынасы очогу болгон китепкана тармагын сактап калуу, өнүктүрүү, актуалдуулугун күчөтүү, агартуучулук вазийпасын жогорулатуу максатында коомдук китепканаларды замандын талабына ылайыкташтыруу процесстери маанилүү болууда.
Алдыда улуттук китепкананын жасачу иштери арбын. Заманбап, креативдүү иштерди аткара турган бир топ багыттарыбыз бар. Ошол багыттарды чогуу: коомчулук, жетекчилик, акыл казынасы болгон улуттук китепкананын эмгек жамааты жана окурмандарыбыз менен бирге ишке ашырабыз деген тилектебиз. Биздин китепкана дагы дүйнөдө болуп жаткан жаңылануудан артта калбай иновациялык кадам таштайт. Максаттарыбыз бийик, аткара турган иштерибиз арбын!
Улуттун акыл казынасы болгон улутук китепкана келечекке карай арыштуу кадам таштагысы келет. Анда өлкөнүн баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоочу архивдик фонд бар. Баса, анын жетекчиси ушул иш-чарада ЖК Ардак грамотасына татыктуу болду.
Келечекте Манас, Семетей, Сейтек залдары, Президенттик зал, амфитеатр, ботаникалык кооз турак-жайлар, маданий эс алуучу зоналар, лекциялык заманбап конференц-залдар, жасалма интеллект, жаштардын ордолору, робототехника, шахмат ж.б. мультимедиалык борборлор сыяктуу заман талабына шайкеш келген жаңыланууга кадам таштайбыз, буюрса.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер