АКСЫЛЫК ТӨКМӨ  АКЫН БАРПИЕВ

  • 14.02.2025
  • 0

Аксынын эли айылдык төкмө акын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ысак Барпиевдин 90 жылдыгын белгиледи.

АКСЫЛЫК ТӨКМӨ   АКЫН БАРПИЕВАйыл жергесинде туулуп өмүр кечирген нарктуу атабыз, аксылык төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ысак Барпиевдин 90 жылдыгынын урматына райондогу билим берүү мекемелеринде дубал гезиттер чыгарылды. Андан тышкары, мамлекеттик тилде жат жазуу, реферат, дилбаян жазуу жана акындын чыгармаларынан көркөм окуулардын сынагынын жыйынтыгы жарыяланды. Акындын ырларын көркөм окууда №5 А.Кабаев атындагы мектебинин 10-классынын окуучулары
Кадырбеков Элеман жана Асанов Азирет жана №1 “Жеткинчек” балдар бакчасынын тарбиялануучусу Акпаралиева Алия айырмаланса, жат жазуудан 10-класстан А.Абдыхалилова, С.Муратбекова , А.Дайырова, реферат жазуудан 8-класстан Т.Кудайкулова, С.Райымбекова, дилбаян жазуудан 8-класстын окуучулары С.Эрмекова, А.Токонова, Б.Керимбаевдер жеңүүчү аталып, атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Окуучулардын дилбаян, рефераттарында ар бир баланын Ы.Барпиевдин жашоо образынан таасирленгени байкалат, акындын нукура чечендиги турмуштук ар кандай кырдаалды өтө так маалымат менен сөз уйкаштыктары оозунда октой даяр турган, сөздөрүн комузунун кылдары менен ыр ыргагына жууруган, ар бир айтылган кебинде этнопедагогика жыттанган кең пейил атадай болууга ниеттенген пикирлер жазылганы байкалат.

АКСЫЛЫК ТӨКМӨ   АКЫН БАРПИЕВ

Жалпысынан алганда бардык билим берүү уюмдары кызыгуу менен жигердүү катышты. Айрыкча №14 Кербен инновациялык лицей жатак-мектебинин, №5 А.Кабаев атындагы жана №25 К.Алымкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин окуучуларынын эмгектерин баса белгилеп кетүүгө болот.

Ысак акындын ырларына көз чаптырып көрөлү. Мисалы, акындын “Асанбай мени күйгүздү” деген ырынын таржымалын мындайча айтат:

Жатсаң-турсаң кыңылдап,

Жарым кылым ыр ырдап.

Комузуңду тырмалап,

Көп акындан тың чыктың,

Жарым барак ырың жок…. деп намысына тийгенде,  2014-жылы “Китеп чыгаруу” деген ырында мындай деп жооп жазган:

Чыгарган менен отузду,

Чыгабы, жокпу окуучу,

Ал жагы дагы бахийма,

Акынды эзген ой ушу.

Калк ичи болсо канакей,

Китептин түнөк-конушу…, деп жооп ырдоо менен “Айылдан тапкан ырларым” аттуу китебин чыгарып, адамдарды китеп окууга маани берип, барктоого жана андан намыстуу тарбия алууга чакырган. Улуулардын нарктуу кептерин, барктуу таланттарын дароо оң кабыл алган элибиздин канында бар эмеспи!

Азыркы жаштарга мурас катары арабызда эле жашап, нечендеген эл аралык, мамлекеттик, коомдук иш-чараларда  кыргыздын айтыш, төкмөчүлүк өнөрүн таанытып, оош-кыйыш замандагы оң-тескери жоруктарды сылык айтып, таза жашоого, сабырдуу, эмгекчил болууга, мансапкорлук менен ысырапкорчулукту жоюуга жар чакырып, Кыргызстандын элин, кооз жерлерин, баалуу кендерин, сууларын, сейрек жашаган жаныбарларын коргоо тууралуу даңазалап, каада-салттуу карт тарыхыбызды да эскертип ырдаганын угуп калдык.

АКСЫЛЫК ТӨКМӨ   АКЫН БАРПИЕВ

А.Алымов атындагы райондук маданият үйүндө айылдык акындын 90 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган “Өнөрү өлбөс инсан” аттуу жыйынтыктоочу иш-чарага Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы З.Б.Сыдыков, акындын үй-бүлөсү, шакирттери Кыргыз Республикасынын эл акыны Рахматулла Козукеев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абдивали Акимбеков, СССР Журналисттер союзунун жана КР жазуучулар союзунун мүчөсү, көптөгөн сыйлыктардын лауреаты Абдымомун Калбаев, КР жазуучулар союзунун мүчөсү Сыдык Хайдаров катышып, абабыздын сабаттуулугу, эмгек, кырдаал, окуяларды даңазалаган, айтышкандан ашакеткен, кайталангыс чечендиги, улуттук өнөрдү аздектеп, кыргыз маданиятынын тарыхын өнүктүрүп, адамгерчиликтүү, боорукер адам болгондугун эскеришти. Иш-чаранын аягында айылдык алп акындын таланттуу уулу, педагог Үмөталы Барпиев бардык катышуучуларга атасынын өрнөктүү өмүрүн эскерүү менен азыркы муундарга үлгү катары таанытып жаткандыгы үчүн демилге көтөрүп уюштурган М.Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнө чоң ыраазычылык билдирди.

Аксы районунда 20дан ашык ар түрдүү улуттун өкүлү ынтымакта жашайт жана ар кандай иш- чараларда биримдикте болушат. Ар бир улуттун элдик наркы адамзаттын жан дүйнө казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат эмеспи, жалпы адамзаттык нарк улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт.

Улуттук нарк, каада-салт башка элдерге да жакын жана түшүнүктүү болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирет. Ошондуктан элдердин, этностордун ортосундагы ынтымак-достукка, өз ара маданияттуу мамилеге шайкешип, ынтымакка чакыруучу кызматты аткарат.

Миңдеген жылдар мурун өз алдынча ээлик түзүп, ага көз карандысыз башкаруу тартибин орнотуп, чоң жана кичине элдер менен тең ата мамиле жүргүзүүдө натыйжалуу ийгиликтерге алып келген кыргыз элинин эң негизги таянычы жана ишеничи эреже-тартиптерден, жүрүм-турум адебинен, каада-салтынын жыйындысынан куралып, сезимтал дүйнө таанымдарына ылайык улуттук нарк мыйзамы иштелип чыккан. Улуттук нарк кылымдар бою мезгилдин сынынан өтүп, айрым жерлеринде толукталып, бекемделип жүрүп отурган.

Нарктын таасири эң жогорку деңгээлге өсүп чыккан, алсак эл арасында «Хан бийлигинен нарк күчтүү», «Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок» деген накыл сөздөр Айкөл Манас атабыздын доорунда жаралып, азыркы мезгилге чейин өзүнүн күчүн жоготпой келе жатат.

Жаңы технологиялардын айдыңы менен ааламдашуунун чеңгээлине кирип, өзөгүбүздү жана тамырыбызды жоготуп албашыбыз үчүн адилеттүүлүккө жана акыйкаттуулукка негизделген нарктуу коомду куруу, коомго, өлкөгө жан дили менен берилген өрнөктүү, нарктуу жаранды калыптандырууда чөлкөмдүк, этникалык жана материалдык кызыкчылыктардан улуттук аң-сезимдин артыкчылыгы экенин билип эле жүрөбүз.

Улуттук нарк — элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанып, илгерки замандан башталып, муундан-муунга өтүп келген, ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти, биримдикти, сабырдуулукту сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн улуу кыргыз элинин уюткусу бойдон калууда.

Кыргыздар мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи болгон улуттук наркы, каада-салты, өнөрү, маданияты аркылуу кылымдар бою кошуна элдер менен жанаша жашаса да, жок болуп же башка элдерге аралашып кетпей, нукура салтын жоготпой, тарыхта өчпөс изин калтырды.

Өлкөбүздөгү ар бир жеткинчек-окуучуларыбыз адеп-ахлак менен элибиздин көп кырдуу намысын коргоп, интеллектуалдуу ийгилик жаратып, сыймыгыбыз боло берсин!

 

Уулжан ЖАНУЗАКОВА, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер