Академик Жамин Акималиев: БИЗГЕ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ КЕРЕКПИ?
- 17.01.2025
- 0
Дегеле бул кызмат кандайча жаралып калган? Анын пайда болушунун негизги себеби 1991-жылы СССР кулап, Кыргызстандын эгемен мамлекет катары жарыяланышында турат. Коммунисттик партиянын идеология боюнча секретары орчундуу орунду ээлеп, ал жогорку бийиктин экинчи тепкичи болуп эсептелген. Бул маселеге совет доорунда өзгөчө көңүл бурулуп, коммунисттик идеологияны иш жүзүнө ашыруу түздөн-түз КПСС БКнын идеологиялык секретарына жүктөлүп келген жана мындай маанилүү кызматка өтө жооптуу адамдар гана дайындалчу. Буга мисал катары Жданов, Суслов, Яковлевди келтирсек жетиштүү чыгар. Ошол мезгилдеги идеологиянын күчтүүлүгүн төмөнкү фактылар менен тасыктасак болот. Эгерде Сталин, Киров, Ждановдун учурунда өлкөбүздө социализмди орнотсок, анда Хрущев, Брежнев, Сусловдун мезгилинде коммунисттик коомду курууга аракет жасалган. Ал эми Горбачев менен Яковлев мамлекетти башкарып турган кезинде буржуазиялык идеология аркылуу “Кайра куруу” деген ураан астында СССР кулатылган. Кыскасы, идеология өлкөнү алдыга жылдырууга же артка кетирүүгө алып келүүчү абдан күчтүү курал болуп саналат.
Чын-чынына келгенде, биз өткөн кылымдын 90-жылдарында мына ошондой омоктуу күчтөн ажырап, кайсы жол менен кетүүнү билбей нес болуп турдук. Мына ушундай учурда 1995-жылы Мамлекеттик катчы кызматы пайда болду. Бул жооптуу кызматты Жумабек Ибраимов, Ишенбай Абдыразаков, Накен Касиев, Осмонакун Ибраимов, Дастан Сарыгулов, Адахан Мадумаров, Нур уулу Досбол аткарып келди. Ал эми 2009-жылы Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Мамлекеттик катчы кызматы таптакыр жоюлуп калды. Ошентип, кийинки 12 жылда Кыргызстан Мамлекеттик катчысы жок өмүр сүрдү. Ачыгын айтыш керек, ушул учурда бул кызматтын жоктугу сезилип эле турду. Анткени социалдык тармактарга, өзгөчө маданият менен адабиятка, деги эле жалпы искусствого, илим менен билимге, саламаттык сактоо менен социалдык камсыз кылууга, спорт менен туризмге жетиштүү бурулбай калган. Идеологиябыз болсо чар-жайыт болуп, бара-бара унутула баштады.
Садыр Жапаров бийликке президент болуп келгенден кийин бул маселеге кызыгуу күчөдү жана тийиштүү иш-чаралар кабыл алына баштады. Биринчиден, 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган жаңы Конституцияга Мамлекеттик катчы кызматы кайра киргизилди. Атайын жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген Кыргыз Республикасынын кызмат адамы болуп саналат. Бул Мамлекеттик катчы мамлекеттик жогорку бийликтин өтө маанилүү бутагы экенин таамай көрсөтүп турат.
2021-жылы Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болуп 3 ай иштеди. Ал эми 2021-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп
Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Бул жигитти мен 90-жылдарда Легендарлуу парламенттин депутаты болуп турган кезден баштап жакшы билем. 1993-жылдан 2020-жылга чейин же чейрек кылымдан ашык С.Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратында иштеди. Ал катардагы жөнөкөй адистен Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчилигине чейин өсүп, өзүн өтө дыкан жана билимдүү кызматкер экенин далилдей алды. Мындай көп жылдык мол тажрыйбасын эске алып, Садыр Жапаров аны 2020-жылдын октябрь айында Президенттин аппаратынын башчысы кылып дайындады, анан бир жылдан кийин Мамлекеттик катчы кызматына көтөрдү.
Ушул учурда Сүйүнбек инибиз өлкө үчүн тынымсыз иштеп жатат десек жаңылышпайбыз. Эң негизгиси, өзүнүн үзүрлүү эмгеги менен Мамлекеттик катчы кызматын көркүнө чыгарды. Жүрүп олтуруп, үч жылдан ашык жигердүү эмгегинин үзүрүн көрдү. Ал КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу болду. Мындай орчундуу улуттук идеологияны өзүнө камтыган маанилүү мамлекеттик документти иштеп чыгуу үчүн Президенттин буйругуна ылайык атайын комиссия уюшулган. Анын төрагалыгына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган болчу. Комиссиянын курамына 30дан ашык көрүнүктүү илимпоздор, коомдук ишмерлер жана саясатчылар кирген. Сөзсүз, доктринаны иштеп чыгууда бардык катышуучулардын эмгеги бар. Ошентсе дагы, кызыл чеке талаштарды жана ар түрлүү пикирлерди бириктирүүдө жана аларды иреттөөдө комиссиянын төрагасынын иши айрыкча байкалды. Бул жагынан Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өзүнүн тарыхчы адисинин артыкчылыгын көрсөтө алды жана бай тажрыйбасы менен бөлүштү. Карама-каршы кайчы пикирлерди жөнгө салып, комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн жалпы пикирге келишин камсыз кылды. Бул оңой-олтоң иш эмес, муну өзгөчө белгилеп кетишибиз абзел.
Эми Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун изилдөө жана аны ишке ашыруу – алдыда турган чоң жумуш. Аны бардык мамлекеттик бийлик бутактары, ачык айтканда Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети, өлкөбүздүн өз алдынча башкаруу органдары жана жалпы коомчулук жүзөгө ашырууга милдеттүү. Бул максатта Уңгужолду ишке ашыруу боюнча атайын Жобонун кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул доктринада өлкөбүздүн жана элибиздин өсүп-өнүгүшүнө байланышкан өтө орчундуу жана маанилүү маселелер каралган. Бир макала менен алардын баарына токтолуш мүмкүн эмес. Ошондой болсо дагы айрымдарын айта кетейин. “Башкасын коюп, Манасты айт” дегендей, мен ушундан баштайын. Кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн талашсыз аныктап турган далили жана түрткүчү – «Манас» үчилтиги.
Дүйнөдө 2000ден ашык улут болсо дагы, аларда кыргыздын “Манасындай” дастан жок. «Манас» – байыркы кыргыз элинин идеологиясы, философиясы, филологиясы, социологиясы жана тарыхы, адабияты жана маданияты, салты жана наркы. «Жер каймактагандан бери эле жазуубуз болгон» деп мактанган улуттарда дагы кыргыз элинин оозеки «Манасындай» эпикалык мухит жок. «Манас – жомок» деген келжирек сөздөргө биз караманча каршы турушубуз зарыл. Жомок болсо, ага эл ишенет беле? «Манас» кыргыз элинин каны жана жаны менен кошо жаралган. Ушул себептен кыргыз эли миңдеген жылдары «Манасты» ыйык тутуп, улуу дастанды чыркыраган чындык деп эсептейт. Ушундан улам «Манас» кылымдар бою калкыбыздын жана мамлекетибиздин деми болууда.
Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов залкар манасчы Саякбай Каралаевди бекеринен «XX кылымдын Гомери» деп айтпаса керек. Бир мисал, 50-жылдарда мен институтта жана аспирантурада окуп жүрүп, атактуу манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун үйүндө жашап калдым. Анын жер тамы азыркы Тыныстанов менен Киев көчөлөрүнүн бурчунда эле. Молдобасан атанын куттуу үйүнөн конок үзүлчү эмес. Кыргыздын өнөр залкарларынын көбүн ошол жерден көрүп жана таанып калдым, алардан таазим алдым. Бир күнү эле жулуна баскан, кара мурут, кыймылы шайдоот, бакылдаган бир киши келип калды. Көрсө, ал Саякбай Каралаев экен. Молдобасан менен ийиндешип көрүштү. Короого шырдак салынып, Саякбай бакылдап-шакылдап сүйлөп отурду. Экөө катуу тамашалашкан, азилкеч курбулар экени көрүнүп турат. Молдобасан өзү манаптын тукуму болгондуктан, сынынан жазбаган сыпаа киши эле.
Бир маалда Саякбайга «Ой, сен эми бакылдай бербей, Тайторунун оозун бир коё берсеңчи» деп калды. Анан кетти Сакең. Ошондо Саякбай бирде үнүн басаңдатып, бир жеринде кирген суудай күрпүлдөп, бууракандата айтты. Бирде жашып, аккан жашын жүз аарчысы менен аарчый салып, бирде ботодой боздоп, Каныкейдин Тайторуну сүрөгөн жерине келгенде өзү сүрөп бараткансып айкырып, күпүлдөтө соктурду. Киноң быякта эле калды. Баарыбыз эле арбалып, башка дүйнөгө кирип кетиппиз. Мен эсимден танып, дел эле болуп калыптырмын. «Саякбай манас айтып отуруп төрдөн босогого жетип калчу» деген сөз ырас окшойт. Босогого жеткенин көрбөдүм, бирок теминип манас айтып жатып, үйдүн ортосуна чейин барчу. Анын кантип барып калганын биз деле байкабай калыппыз. Эми Сакемдин ушундай берилип айтканын көргөндөн кийин, кантип Манаска ишенбей коюуга болот? «Манас» – кыргыз элинин кырмызы кызыл туусу, аны дайыма бийик көтөрүп жүрүшүбүз керек. Антпесек ишибиз оңолбойт, антпесек кыргыз улуту бөлүнүп-жарылып, жок болуп кетиши мүмкүн.
Бул жагына келгенде Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун жасаган кадамдары алгылыктуу. Оозунан «Манасты» түшүрбөйт, ичип аткан ашын жерге коёт. Өзү дагы «Манасты» жакшы айтат. Себеби атасы Сапарбек Касмамбетов чоң манасчы болгон, төкмө акын эле. Ал киши 2020-жылы 86 жашында арабыздан өтүп кетти. Манасчылык өнөрүн Саякбай Каралаев жана Шапак Рысмендеевден алган. Сапарбек Касмамбетовдун айткан «Манас» эпосу англис тилине которулуп, Улуу Британияда жарык көргөн. Ошентип, залкар манасчынын өнөрү анын уулу Сүйүнбекке өткөн. Ушундан улам Мамлекет катчыбыз «Манас» дастанын элге, өзгөчө жаштар арасында жайылтууда көп жумуш аткарууда. «Манас» театрынын жана «Манас» академиясынын ийгиликтүү иштеп жатканы дагы Сүйүнбек Касмамбетов менен байланыштуу. Муну азыр айта кетпесек, калыстык болбой калат.
Эми экинчи олуттуу маселе – бул эне тилибиздин тагдыры. «Эне тил» деп бекеринен айтылбаса керек. Анткен себеби, кыргыз баласына анын тили эненин ууз сүтү менен келет. Тили жана жери жок улут болбойт. Дагестандын улуу акыны Расул Гамзатов: «Эгер эне тилим бүгүн өлсө, анда эртең мен өлүүгө даярмын» деп бекеринен айтпаса керек. Президент Садыр Жапаров бекиткен Уңгужол идеологиялык доктринасында калкыбыздын аң-сезимин калыптандырууда, өлкөбүздүн өнүп-өсүшүндө жана улуттук маданияттын сакталышында мамлекеттик тилдин өзгөчө мааниси бар экенин айрыкча баса белгиленген. Туу, Гимн, Герб сыяктуу эле эне тилибиз да кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башкы белгилеринин бири болуп саналат.
Кийинки жылдары кыргыз тилибиздин акыбалы бир топ эле жакшырды. Буга далил катары мамлекет башчыбыздын өлкө аймагында эле эмес, чет мамлекеттерде дагы, ал тургай БУУ трибунасынан кыргызча сүйлөгөнүн келтирсек болот. Азыркы учурда жогорку деңгээлде өткөрүлгөн жыйналыштар жана иш-чаралардын бардыгы эне тилде өтүп жаткандыгы кимди гана кубандырбайт. Мындан ары дагы мамлекеттик тилибиздин өнүгүшү жана турмушубуздун бардык тармактарында кеңири колдонулушу Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана эркиндигин камсыз кылат жана күчөтөт.
«Кыргыз тилинин кору абдан аз жана аны башка максаттарда кеңири колдонууга мүмкүн эмес» деген былжырак сөздөр суу кечпейт. Эгер андай болсо, дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос – кыргыз элинин «Манасы» мынчалык көлөмдө жаралбайт эле. Болбосо өзүбүздүн жердешибиз академик Константин Юдахин жазып кеткен «Кыргыз-орус сөздүгү» 51 000 сөздү түзбөйт эле го. «Кыргыз тили жарды» дегендин өздөрү тайкы. Алар эне тилин толук билбегендиги жана аны сыйлабагандыгынан ушундай жалган сөздөрдү таратып жүрүшөт.
Мамлекеттик тилди ардактап, аны колдоп жана кубаттап жогорку деңгээлге жеткирүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз болуп эсептелет. Ошентсе дагы, эне тилди эркине жеткирүүдө Мамлекеттик катчынын ролу чоң жана бул милдетти Сүйүнбек Касмамбетов тийиштүү деңгээлде аткарып жатат десек жаңылбайбыз. Ал өзү кыргыз тилин суудай билет, кыргыз ырларын тим эле төгөт. Өзгөчө кыргыз телевидениесинин «Маданият» каналынан жума сайын берилген «Нарк куржунунан» элибиздин байыркы, кайталангыс жана таамай айтылган сөздөрү кимдин гана көңүлүн бурбайт. «Адегенде Сөз болгон» деген накыл кептин чындыгы бар. «Сөздү укканга айт», «Жакшы жашагың келсе, жакшы нерсени айт», «Кандай сүйлөсөң, ошондой жашайсың» деп бекеринен айтылбаса керек.
Ошентип, жүрүп-жүрүп олтуруп эле, макала башында коюлган соболго өзүбүз эле жооп бердик окшойт. Азыркы заманда Мамлекеттик катчы сөзсүз керек, анткени ал кызмат Президенттик бийликтин ажырагыс бөлүгү катары калыптанды. Ушу тапта Мамлекеттик катчы улуттук идеологияны уңгу жолго салып, аны жалпы улуттун кызыкчылыгына иштете турган күчкө айланды десек болот.
Жамин Акималиев,
Улуттук илимдер академиясынын академиги, Легендарлуу парламенттин депутаты
Комментарийлер