Ак баракка төгүлгөн эне жүрөгү

  • 10.04.2026
  • 0

Эл ичинде “эне сөзү — накыл, эненин ыры — жан азыгы” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Менин таенем Жоробекова Майликан дагы дал ошондой адамдардан эле. Көп жашап, көптү көргөн таенем, кат-сабаты терең болбосо да, жүрөгүнөн чыккан таза ойлорду, турмуштук таасирлерин кагазга сап кылып түшүргөнүн эстеген сайын таң калам.

Ыр деген нерсе — ак баракка төгүлгөн ыйык сезим, жүрөктөгү терең сыр эмеспи. Ал 1937-жылы 18-майда Сузак районуна караштуу, Таран-Базар айылында төрөлүп, өскөн. Бой жеткен соң, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылына келин болуп, таятам менен 7 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Бүгүнкү күндө алардын артында 29 небере, алтымыштай чеберелери бар.

Таенем бир гана сөзгө чечен эмес, колунан көөрү төгүлгөн чебер адам эле. Анын оң манжасынан өнөр тамып, сайган саймалары, тиккен буюмдары үйгө көрк берип турчу. Анын уздугу менен ыр дүйнөсү бири-бирин толуктап турчу. Сайманын жиптерин кандай кылдаттык менен тандаса, ыр саптарын да ошондой бири-бирине кынаптап тизчү.

Ак баракка төгүлгөн эне жүрөгү

Абадан алам ырымды,

Айтайын ички сырымды.

Ардактап баккан балдарым,

Силерге айтаар сөзүм бул.

Шамалдан алам ырымды,

Силерге айтам сырымды.

Сыйлагын балдар, сыйлагын,

Силерге айтаар сөзүм бул.

Таенем өз алдынча эле обон чыгарып, ар бир ырды жан-дүйнөсү менен жазып, кээде мага жана башка неберелерине окуп берчү. Анын ырларында эне жөнүндө, жаратылыш, эл-жер, сүйүү, турмуш сыяктуу темалар кеңири камтылган. Убакыт өтүп, таенем бул дүйнөдөн узап кетти. Бирок артында калып кеткен ырлары бизге ээнсиреген дүйнөдө жылуулук тартуулап келет.

Көпкө чейин ал ырлар эски дептерлерде, эски жазмаларда эле жаткан. Акыры мен аларды жыйнап, иреттеп, «Таенемдин ырлары» деген аталышта чакан китеп кылып чыгарууну чечтим. Бул ишимди таенемдин ысымын сактоо, мурастап калган сөздөрүн муундан муунга өткөрүү деп эсептейм. Бул китеп — бир гана биздин үй-бүлөгө эмес, айыл элине, жаш муундарга да үлгү боло алат деп ишенем.

Ак баракка төгүлгөн эне жүрөгү

Мугалимдер — коомдун көзү, жүрөгү, жүрүм-туруму. Эгер ар бир мугалим, ар бир үй-бүлө өз энесинин, чоң энесинин, аталарынын сөз байлыгын, тарыхын сактап калууга аракет кылса — бул элдик маданиятка кошулган зор салым болмок.

Мына ошондуктан, мен бүгүнкү күндө жаштарга кайрылгым келет. Чоң ата-энеңердин айткандарын угуп жүрүңүздөр, жазып жүрүңүздөр, аларды эстеликке айлантуудан коркпоңуздар. Себеби эскерүү — унутпоонун эң аруу жолу.

Жаштыкты эңсѳѳ

Жайлоонун гүлү жайкалган,

Жаш элем мен да маңкайган.

Жаш кезим кетип арадан,

Чоң эне болдум картайган.

 

Кыштоонун гүлү жайкалган,

Кыз элем мен да маңкайган.

Кыйла жыл ѳтүп арадан,

Таене болдум картайган.

 

Уулдарга барам сүйүнүп,

Уулдары чыгат жүгүрүп.

Улгайганым сезилет,

Чоң энелигим билинип.

 

Кыздарга барам сүйүнүп,

Кыздары чыгат жүгүрүп.

Картайганым сезилет,

Таенелигим билинип.

 

Ѳкүнбѳйм ѳткѳн жашыма,

Байбиче болсом жакшыда.

Ден-соолук берип кудайым,

Тең пайым жүрсүн кашымда.

 

Бир эне канча баласы болсо да багат экен,

Сѳз таап ар бирине жагат экен.

Эненин канча болсо уул-кызы,

Ошончо жүрѳк ага жарайт экен.

 

Туулган жерди элестѳѳ

Кѳк-Арттын суусу кашка суу,

Атам-апам ичкен суу.

Кѳпүрѳ салып бойлотуп,

Нары-бери ѳткѳн суу.

 

Кѳк-Арттын суусу тунук суу,

Жеңем, эжем ичкен суу.

Кыз-жигиттер чогулуп,

Кѳңүл ачып кеткен суу.

 

Кѳк-Арттын суусу шар агат,

Жээгине чыгат карагат.

Тууган-урук, эл-журтум,

Жүрсѳ экен дайым саламат!

 

Ээриген суулар соолбосун,

Эч качан согуш болбосун!

Эркиндик ушул заманда,

Эрегишкен оңбосун.

 

Арыкта суулар соолбосун,

Ааламда согуш болбосун.

Айланам ушул заманга,

Болбосун согуш, болбосун.

 

Эркиндик ушул заманда,

Эркелеп жыргап жүрѳлү.

Жол башчыбыз, ажобуздун,

Эмгегин баалай билели!

 

Ак баракка төгүлгөн эне жүрөгүБаргыбаева Айназик, Жалгыз-Жаңгак айылындагы №10 «Кѳк-Арт» жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика мугалими, Жалал-Абад областы, Сузак району

Бөлүшүү

Комментарийлер