АДЕП-АХЛАККА ҮЙРӨТКӨН GAKKEN МЕТОДИКАСЫ

  • 01.11.2024
  • 0

Бишкек шаарындагы “Илимтай” STEАM жеке менчик бала бакчасында япондук Gakken Classroom методикасы боюнча окуткан ийрим ачылды.

Gakken Classroom окуу методикасын Кыргызстанда негиздеген Асаяма Котоминин айтымында, бул жапон окуу методу беш жаштан 12 жашка чейинки балдарды окутуп тарбиялайт.

– Мен Япониядан келгем. Кыргызстанда 11 жылдан бери жашайм. Gakken Classroom окуу методун Ибарат Самакова менен биргеликте Япониядан алып келгениме үч жыл болду. Көп жылдык тажрыйбасы бар Gakken Classroom  методу беш жаштан 12 жашка чейинки балдарды окутуп, тарбиялайт. Биздин Gakken Classroom га киргенде эле балдар бут кийимин туура коюп кирет, ошондон баштап адепдүүлүккө үйрөтөбүз, анткени адеп жагына көбүрөөк маани беребиз. Gakken Classroom га келгенден үч айдан кийин эле жыйынтыктар көрүнө баштайт. Математика аркылуу ар кандай жөндөмдөрдү үйрөткөнгө аракеттенебиз. Сабактарда үй тапшырма беребиз, аны бала үйдө ата-эненин жардамысыз өз алдынча чыгарышы керек. Ата-энелер жөн гана үй тапшырма жөнүндө эскертип койсо жетиштүү, — дейт Асаяма Котоми.

АДЕП-АХЛАККА ҮЙРӨТКӨН GAKKEN МЕТОДИКАСЫ

Ал өзүнүн баласы беш жашка чыкканда сөзсүз Gakken Classroom га берерин, себеби өзү да кичинекей кезинде Gakken Classroom га барганын, ал тургай, анын ата-энеси дагы өз убагында ага катышканын айтып берди. Японияда анын көптөгөн китептери сатылгандыктан, балдардын баары эс тарткандан тартып эле Gakken китептерин окуйт. Окуу борборунан тышкары, китептери дагы бар.

Япон таануу адиси, Gakken Classroom жетекчиси Ибарат Самакова ийримдин башкы максаты – баланы өз алдынча окуганга, каталарын таап, аны четтетүүгө үйрөтүү экенин белгиледи.

–Бул окуу методун Япониядан алып келип жайылта баштаганыбызга быйыл төрт жылдын жүзү болду. Шаар боюнча беш филиалы бар. Математика ийрими 5-12 жаштагы балдар үчүн ылайыкталган. Эң башкы максаты – математика аркылуу бала өз алдынча окуганды, өзү алдынча ойлонуп, өз алдынча ката таап, анын үстүндө иштегенди үйрөтүү болуп эсептелет.  Биздин ийримде бала ошол жөндөмдөрдү жакшылап үйрөнүп алса, математикада гана эмес башка сабактарда дагы пайдасы тиеринде шек жок, — дейт.

Анын айтымында, алар мектепке жардамчы окуу борбору катары дагы иш алып барат. Балдарды мектептен тышкары окутууга, комплекстүү өнүктүрүүгө басым жасаган борборго мамлекеттик мектептерден жана жеке мектептерден жумасына эки жолудан барышат. Борбордун адистери жыйынтыгы эмитен эле көрүнө баштаганын белгилешүүдө. Балдардын окуу деңгээли жакшырып, жүрүм-туруму да тарбиялуу, адептүү болуп, өз алдынча болгонду үйрөнүп калганы байкала баштаган.

АДЕП-АХЛАККА ҮЙРӨТКӨН GAKKEN МЕТОДИКАСЫ

Японияда Gakken методикасы 1946-жылдан бери колдонулат. Андан тышкары, Таиланд, Малайзия өлкөлөрүндө дагы өнүккөн. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда алгачкы болуп ачылууда.

– Биздин мугалимдерди ишке алып жатканда педагогикалык билими, мугалимдик стажы бар же жоктугуна карап албайбыз. Себеби бизде мугалимдин жумушун Gakken окуу куралдары аткарат. Мугалимди биз балага туура мамиле жасоо, баланы мактоо, баланын өз алдынча кылган аракеттерине жөн гана көз салып, жетишпей жаткан учурда түрткү бергенге үйрөтөбүз. Мисалы, Тангүлү Кемелбек кызы Токиядан атайын онлайн сабактарды алып, башка филиалдардан практика өттү. Эми өзүнүн тайпасын топтоп жатат. Ал Токиядагы башкы офистен “Педагог Gakken Classroom” деген сертификатка ээ болду, — дейт Ибарат Самакова.

Бул методика менен иш алып барган адистердин айтымында, балдарды адегенде деңгээлине жараша бөлүп алуу керек. Мында төрттөн 10го чейинки деңгээли болот. Ар бир баланын жөндөмүнө жараша кабыл алынат. Мисалы, 3-класстын окуучусу 1-класстын темасын жакшы өздөштүрө албай калса, ага кайра кайталап өткөндөн кийин гана 3-класстын программасына көчүрөт. Же болбосо бала өзү 2-класста окуса, бирок 4-класстын программасын түшүнөм десе, анда 4-класстын деңгээли менен окуйт. Бала алты жаштан 12 жашка чейин диагностика өтөт. Диагностикада баланын күчтүү жана алсыз жактарын аныктап билгенден кийин гана жыйынтыгына жараша ар бир баланы жекече окутат. 12 жаштан кийин балдар өз алдынча жакшы окуп кетет. Дал ошол мезгилде мектепте физика, химия сыяктуу татаал сабактар кирип баштайт, ошого фундамент курулат десе да болот.

АДЕП-АХЛАККА ҮЙРӨТКӨН GAKKEN МЕТОДИКАСЫ

Эки баласы “Илимтай” бала бакчасына барган Эльнура Торобекова жогоруда аталган методика тууралуу көбүрөөк билүүгө кызыгып, социалдык тармактардан маалымат издеген.

– Мен бул Gakken Classroom методикасы жөнүндө жаңы окуу жылы башталганда билдим. Инстаграм баракчасынан кененирээк маалымат алган соң, кызыга баштадым. Баламды жакынкы күндө тестирлөөгө алып келем, анткени баламдын деңгээлин текшерткен мага дагы кызык. Кызым дагы бул бала бакчада эки жылдан бери тарбияланат. Бул методика менен кызымды дагы окутайын деп ойлоп жатам. Мага баланы өз алдынчалыкка, адептүүлүккө, өзүнчө ойлонгонго, ойлорун түз жеткиргенге үйрөткөндөрү жакты. Ошондой эле балдар өздөрүнө керектүү жакшы адаттарга дагы ээ болот, — деп келечек пландары менен бөлүштү.

Онлайн окуп “Педагог Gakken Classroom” сертификатына ээ болгон бала бакчанын башчысы Таңгүлү Кемелбек кызы бала бакчада өзүнүн тайпасын топтоодо.

– Мен ар дайым жаңыланууга, жаңы методдорду издеп табууга аракеттенемин. Изденүүлөрдүн натыйжасында Япониянын Gakken Classroom методикасын тандап, бакчабызга ийрим ачтык. Мен адегенде бул Gakken Classroom презентациясына барып катышкан элем. Бардык нерсени чакан кадам жасоо – “микрошаг” ыкмасы аркылуу көрсөтүп үйрөткөнү аябай кызыктырды. Балдарга эрте жаштан эле керектүү жаңы адаттарды үйрөтөт экен. Балдардын тарбиясына эрте жаштан эле маани берип, туура тарбиялашыбыз керек. Бул метод ошол миссияны аткарганга жакшы жардам берет. Ата-энелер жаңы курстарды, класстарды ачуу сунуштары менен көп кайрылып келгендиктен, ушундай ийрим ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканына баарыбыз кубанып жатабыз, — дейт Таңгүлү Кемелбек кызы.

Айгерим АБДИСАТАРОВА,
практикант

Бөлүшүү

Комментарийлер