А.Бейшеналиев: “КОНЦЕПЦИЯ МАМЛЕКЕТКЕ ПАЙДАЛУУ, ИШКЕ АШЫРУУГА РЕАЛДУУ ДОКУМЕНТ БОЛУШУ КЕРЕК”

  • 28.04.2021
  • 0

22-апрелде И. Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021-2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы талкууланды. Концепциянын долбоору буга чейин эки жолу талкуудан өткөн. Бул жолу жыйынтыктоочу катары болуп, ага практик мугалимдер, окутуучулар чакырылды. Талкуу онлайн форматта да уюштурулуп, алыскы аймактардагы кайдыгер эмес агартуучулар аралыктан сунуш-пикирлерин айтышты.   

А.Бейшеналиев: “КОНЦЕПЦИЯ МАМЛЕКЕТКЕ ПАЙДАЛУУ, ИШКЕ АШЫРУУГА РЕАЛДУУ ДОКУМЕНТ БОЛУШУ КЕРЕК”

  • Тарбияга айкалышкан өзүбүздүн билим берүү концепциябыз болушу керек. Концепцияны жазуу иши 2018-жылы эле башталган. Буга чейин илимий чөйрөдө да талкууланды. Бүгүн акыркы ирет талкуулап жатабыз. Атайын практиктер чакырылды. Бүгүнкү айтылган сунуш-пикирлерди, толуктоолорду эске алуу менен акыркы вариантын иштеп чыгып, 6-майда өтө турган Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына алып чыксак деген планыбыз бар. Буюрса, расмий документ кылып бекитип алсак, билим берүү тармагы ушул концепциянын негизинде иш алып барат. Кечээ жакында министрликтин алдыга койгон үч жылдык программасы менен коомчулукту тааныштырдык. Концепция ошол программа жана 2040-жылга карата түзүлгөн стратегия менен шайкеш келет. Долбоордо иштеген илимпоздорго, эксперттерге ыраазычылык билдирем. Бүгүн Эсенбек Мамбетакунов өңдүү корифейлер он лайн катышып жатат. Сиздерден дагы жакшы сунуштарды күтөбүз. Ой-пикирлерди ачык айтып, мамлекетке пайдалуу, ишке ашырганга реалдуу бир документ чыгарабыз деп ишенем, — деди министр Алмазбек Бейшеналиев өз сөзүндө.

 

НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Концепцияда билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

  1. Максат менен натыйжанын дал келишине ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу;
  2. 21-кылымдын көндүмдөрүн калыптандыруу;
  3. Окуу китептеринин компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга негизделиши;
  4. Окуучуларда улуттук баалуулуктар системасын калыптандырууга багытталган тарбиялоо;
  5. Кыргыз Республикасынын өнүгүү артыкчылыктарына жараша илимий изилдөөлөр жүргүзүү;
  6. Көп тилдүүлүк билим берүүнү ишке ашыруу;
  7. Инклюзивдик билим берүүнүн өнүгүүсү;
  8. Маалыматтык технологиялар боюнча адистерди даярдоо;
  9. Инсанга багытталган, коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу маанилүү багыт.

 

 

ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Бул документтин иштелип чыгышы жана негизги өзгөчөлүгү тууралуу концепцияны иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди:

— Концепцияны иштеп чыгуу демилгесин 2018-жылы билим берүүдө өзүнүн көз карашы, айта турган сөзү бар эксперттер көтөрүп чыгып, иштеп башташкан. Буга кимдир бирөөдөн буйрутма болгон эмес жана акча каражаты да бөлүнгөн эмес. Болгону өз алдынча демилгелүү топ иш баштаган. Ошол топтун башында азыркы Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев турган. Мен дагы мүчө болуп киргем. Биз иштеп жаткан кезде Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары дагы мезгил азыр тездик менен өзгөрүп жатат, биздин документтер эскирип калды, Билим берүү академиясы катары жаңы концепция иштеп чыгалык деп, ал жакта да жумушчу топ түзүлүп, жазыла баштаган. Ошентип, бир эле убакта эки жерде концепция даярдалды. Биз азыр ошол экөөнү бириктирип, алымча-кошумчасы менен бир вариантты иштеп чыгып, талкууга коюп жатабыз.

Бул концепциянын негизги өзгөчөлүгү анын кадамдарга, жаш курагына жана билим берүүнүн этаптарына жараша бөлүштүрүлгөндүгүндө. Мектепке чейинки билим берүү, башталгыч билим берүү, негизги орто жана орто жалпы билим берүү, кошумча билим берүү, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү, жогорку кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү, илимдин ѳнүгүүсү, мугалимдин кадыр-баркы, окуу китептери, кѳп тилдүү билим берүү, инклюзивдик билим берүү деген бөлүмдөр каралып, ар биринин азыркы абалына анализ жасалып, келечекте күтүлүп жаткан натыйжалар да жазылды. Эң негизгиси ар бир бөлүмгө бүгүнкү замандын талабына ылайык келген талаптарды жана жаңылыктарды киргизүүгө аракет кылдык. Мектепке чейинки билим берүүнү күчөтүү, эрте жаштагы өнүктүрүү деген түшүнүк кирди. Мектеп билим берүүсүнө бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп жаткан профилдик билим берүү кошулду. Биз азыр ушул жагынан аксап жатабыз. 11-классты бүтсө дагы каякка барып тапшырышты, кандай кесипке ээ болууну билбеген бүтүрүүчүлөр көп. Экинчиден, 11-классты бүткөн бала кайсы бир деңгээлде бир кесипке даяр болуп калышы керек. Концепциядагы негизги багыттардын бири ушунда болду.

 

ОКУУ ЖҮГҮ АЗАЙЫП, ПРЕДМЕТТЕР КЫСКАРАТ 

Бизде азыр жашыруун эмес, мектепте сааттын саны, башкача айтканда, окуу жүгү абдан көп. КМШ мамлекеттеринде гана эмес, дүйнө боюнча эң көп саат бизде. Дүйнөдө негизинен 700-800 сааттын тегерегинде болсо, бизде 1030 саатты түзөт. Андан да жогору учурлар да бар. Саатты көбөйтүү менен билим берүүнүн сапаты жакшырып кетет деген туура эмес түшүнүк экенин турмуш өзү далилдеди. PISA эл аралык баалоосуна эки жолу катышып, эки жолу тең эң акыркы орунду ээледик.

Экинчи маселе, предметтердин саны өтө эле көбөйүп кетти. Биз акыркы 15 жылдын ичинде сегиз жаңы предмет кошуптурбуз, абсурддук деңгээлге жетти. Мисалы, бала сууга сүзгөндү үйрөнсө ал дене тарбия сабагы, сууга чөгүп кетсе аны башка, азыркы турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери деген сабакта окутулат. Физикада мисалы, электр жарыгын колдонсо бул физика, эгер токко урунуп алса коопсуздуктар башка сабакта окутулат.  Биз ушунчалык майдалап жибердик. Мисалы, башталгыч класста он предмет болсо, анын бешөө бир сааттан. Бир сааттык предметтер өтө көбөйүп кетти. Ошондуктан концепцияда жалпы жүктү, предметтердин санын азайталы деп сунуштадык. Бул бир предметти алып ыргытып жиберүү эмес, аны башка предметтерге интеграция кылуу, жуурулуштуруп окутуу дегенди түшүндүрөт. Анткени бүгүнкү күндө заман ушундай чечкиндүү кадамдарды талап кылып жатат.

 

БАЛА МЕКТЕПТЕН БИР КЕСИП АЛЫП ЧЫГАТ

Профилдик билим берүүгө да көңүл бөлүндү. Базистик окуу планын иштеп жатканда кесиптик багыт берүү үчүн вариативдик компонентти 10-11-класстарга киргизип, он саатка чейин жогорулаталык деп жатабыз. Кайсы багытты тандашты болсо  мектеп өзү чечет. Бул вариативдик компонент бүгүнкү күндө 5-класска гана бир саат менен берилип келет. Ал саат үчүн мамлекет акча төлөп берет, бирок аны кайсы саатка колдонушту мектеп өзү ата-энелер менен бирге чечип алышчу. Эми биз ушул саатты көбөйтүп, профилдик билим берүүгө берелик деп жатабыз.

 

 

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ

Көп тилдүү билим берүүгө басым жасоо зарыл. Азыр кыргыз мектептерде орус тили окутулат, орус мектептерде кыргыз тили окутулат. Анын натыйжасы кандай экени эч кимге жашыруун эмес. Англис тилине көбүрөөк көңүл бөлөлүк деп  5-класста беш саатка чейин чыгарып койдук, натыйжасы кандай болуп жатканы да белгилүү. Көп тилдүү билим берүүгө өтүүнүн Кыргызстанда үлгүсү бар, аны “Сапат” мектептери колдонуп жүрөт. Бир нече предметтерди кыргыз тилинде, бир канчасын орус тилинде, дагы бир канчасын англис тилинде окутушат. Мунун негизги өзгөчөлүгү бала каалайбы, каалабайбы сөзсүз ошол үч тилде сүйлөй турганында. Бүгүн биз балдарга тил үйрөтөбүз десек, ушул жолго түшүшүбүз керек.

Жогорку билим берүүгө чейинки жолдун ырааттуулугун да сактоо зарыл. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүүнүн ортосунда ырааттуулук анчейин так эмес. Анан өмүр бою билим алуу деген маселе кирип жатат. Азыр талап ошондой, алган билимиң беш жылда эскирип калып жатат. Тынымсыз билим алып турмайынча кесиптик касиетин, сапатын жоготуп коёт. Концепцияда ушуга дагы көңүл бурулду.

Илим дагы көңүл сыртында калган жок. Себеби билимдин өзөгүн илим түзүш керек. Илимдин негизинде гана билим берүүдөгү чечимдер кабыл алынууга тийиш.

Билим берүүгө шарт түзүү, окуу китептери менен камсыз кылуу, тарбия маселеси да камтылды. Бир топ пункттары бүгүнкү күндө ишке аша баштады.

 

КОНЦЕПЦИЯНЫН ЗАРЫЛДЫГЫ

Эл арасында эмне үчүн билим берүүнүн стратегиясы турса, кайрадан концепцияны иштеп чыгып жатасыңар деген суроо жаралышы мүмкүн. Мыйзамдар боюнча алгач стратегия кабыл алынат, андан кийин концепция иштелип чыгат, анан аны ишке ашыруу планы, же болбосо жол картасы иштелип, ушул үч документ кабыл алынышы керек. Стратегия чоң документ болгондуктан, аны ата-энелердин же мугалимдердин кабыл алышы кыйыныраак болуп калат. Ошондуктан концепцияны абдан жөнөкөйлөтүп, көлөмүн азайтып, керексиздеринин баарын алып, мугалимдердин, коомчулуктун, ата-энелердин арасында түшүнүктүү болсун деп ыңгайлуу кылганга,  жөнөкөй тил менен жазганга  аракет кылдык. Бүгүн билим берүү саясаты ишке ашыш үчүн сөзсүз түрдө эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турушу керек. Бул концепциянын ыңгайлуулугу эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, деги эле билим берүү багытынын каякка баратканын түшүндүрүүгө бир топ ыңгайлуу деп айтсак болот.

Кандай стратегия же концепция болбосун ал иш-чаралардын планы аркылуу ишке ашат. Ошол планга аткарыла турган иштердин баардыгы, үтүр, чекитине чейин жазылат. Ал дагы ийкемдүү болушу керек.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер