№69: ГИМНАЗИЯ ЖӨНӨКӨЙ МЕКТЕПКЕ ТЕҢДЕШТИРИЛДИ

  • 04.11.2024
  • 0

Билим берүү боюнча жаңы мыйзамга ылайык, “гимназия” жана “лицей” макамына ээ мектептер катардагы жалпы билим берүү мекемелери менен теңдештирилди. Ошондой эле мурда гимназия/лицей  компоненттерин ишке ашырууга жана окуучуларды кошумча өнүктүрүүгө багытталган ийримдик иштердин тарифтери, мисалы, музыка, чет тилдер боюнча ийримдер, спорт секциялары жана башкалар алынып салынды. Бишкектеги айтылуу №69 мектептин директору, КР эмгек сиңирген кызматкери Сайрагүл Атаеваны бул маселе боюнча кепке тарттык.

№69: ГИМНАЗИЯ ЖӨНӨКӨЙ МЕКТЕПКЕ ТЕҢДЕШТИРИЛДИ№69: ГИМНАЗИЯ ЖӨНӨКӨЙ МЕКТЕПКЕ ТЕҢДЕШТИРИЛДИ

№69: ГИМНАЗИЯ ЖӨНӨКӨЙ МЕКТЕПКЕ ТЕҢДЕШТИРИЛДИ

— Сайрагүл Токтосуновна, Сиз жетектеген мектептен гимназия статусун алып салгандан кийин иш кайсы нукта жүрүп жатат? Эмгек акы азайып калганына байланыштуу мектепти таштап кеткен мугалимдердин жумуш ордун кантип толуктадыңыз?

— Мүмкүн болсо, мен тарыхтан баштасам. Жалпы коомчулукка белгилүү болгондой, гимназия (грекче gymnаsion), биринчиден,  жалпы билим берүүчү орто окуу жайы. Негизинен гуманитардык билим берет жана окуучуларды жогорку окуу жайларга кирүүгө даярдайт. Экинчиден,  окуучуларды жөндөмүнө жараша терең, профилдүү, жиктелген окутууну жүзөгө ашыруучу жалпы орто жана кошумча билим берүүчү мекеме. «Гимназия» термини Байыркы Грециядагы мамлекеттик окуу-тарбия мекемелери гимнасий дегенден алынган. 1538-ж. Францияда ачылган орто мектеп гимназия деп аталган. Россияда болсо гимназия адегенде 1726-ж. Петербургда, кийин 1755-ж. Москва университетинин алдында, 1758-ж. Казанда ачылган. Россияда 19-кылымдын 60-жылдарында аялдар гимназиясы пайда болгону белгилүү. Анда коомдук жана табият илимдери окутулган. Биздин Кыргызстанда гимназия 1990-жылдары Бишкек шаарындагы № 5 жана № 6 мектептердин базасында ачылган. 2006-жылы республикада 100дөн ашык гимназия ачылган экен. Бул жылдары балдардын окууга болгон ынтызарлыгы күчөп, билим берүүнүн сапаты жогорулаганын кантип жашырабыз? Бул мен үчүн оор маселе, себеби күнү-түнү эмгектендик, келечек муундун сапаттуу билим алуусуна болгон күчүбүздү жумшадык, дагы деле жумшай беребиз деңизчи. Ооба, быйылкы окуу жылынан тартып мыйзам чыккандыгына байланыштуу бизден статус алынып, жөнөкөй жалпы билим берүү мектебине айландык. Өкмөттүн чыгарган чечимине баш ийебиз. Баары мыйзам чегинде болду.

— Коомчулук, ата-энелер чурулдап чыгышты го. Аларга кандай түшүндүрүү иштерин жүргүздүңүздөр?

— Мурда Бишкек шаарында 37 статустуу мектеп бар болсо, 2024-жылдын 1-сентябрына карата статусу бар 11 жалпы билим берүү уюмунун “лицей” жана “гимназия” түрүндө аккредитациялык сертификатынын мөөнөтү бүтүптүр. Ал эми 26 мектепте аккредитациялык сертификаттардын күчү сакталууда (орточо алганда 2028-жылга чейин) экен. Коомчулукка, ата-энелерге бул маселени түшүндүрүп бердик.

Өз кезегинде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева дагы 2023-жылы август айынан тарта жаңы мыйзам күчүнө киргенин, анда “гимназия” жана “лицей” деген түшүнүктөр жок экенин ЖКнын айрым депутаттарынын суроосуна жооп берген. Ошондуктан алардын статусун сактап калуу мүмкүн эмес баарына маалым болду.  Бул өзгөртүүлөргө карабастан, жарактуу аккредитациялык сертификаты бар билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин эмгек акысы 15% үстөк менен кала берерин дагы билдирген.

Жаңы окуу жылынын башталышында №69 мектепте гимназиялык компоненттин кыскаргандыгына байланыштуу   ийримдердин 34 жетекчиси жана 9 мугалим жумуштан түшүнүү менен  кеткен. Бүгүнкү күндө мектеп штаттык режимде иштеп жатат жана вакансия жок. Буга чейин нукка салып алган билим  багыттарды, т.а. базалык окуу планында жок — кытай, корей тили жана базалык планда бар  — немис  тилин акы төлөнүүчү кошумча сабактар (ата-энелердин колдоосу аркылуу) менен гимназиялык компонент бар кездегиден, жок дегенде жарымын сактап  калганга аракет жасап жатабыз. Бизде  байлардын балдары эмес, жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн, б.а.,  чет өлкөгө акча төлөп окута албаган ата-энелердин балдары окушат. Биз балдарды байга, кедейге бөлгөн жокпуз. Укугун да бузган жокпуз. Болгону жөнөкөй мектептен айырмаланып айрым предметтерди тереңдетип окуттук. Азыр деле ошону уланта беребиз, бирок мугалимдердин эмгек акысы азайып калганы баары бир ишке терс таасирин тийгизбей койбойт экен. Ошого карабастан, энтузиаст мугалимдерибиз баягыдай эле иштеп жатат. Ийгиликтерибизди айтып кетсек, маселен, 2023-24-окуу жылынын жыйынтыгы менен гана 21 бүтүрүүчү Кытайдын ЖОЖдоруна гранттык орундарга ээ болушту. Анын ичинен төртөө Кытай өкмөтүнүн стипендиясын алышты, алар  өзү каалаган, өзү тандаган Кытайдын шаарындагы ЖОЖдо окуйт. Бүт шарттары акысыз, стипендиясы  айына 32000 сомду түзөт. Ал Эми Германияга  DSD2  дипломун алган 18 бүтүрүүчү Ausbildung, б.а. окуп, практикасы менен айкалыштырып 1000 евродон турган  стипендиясын ай сайын алып, кесипке ээ болушууда. Биздин бүтүрүүчүлөр жөнүндө КР Германиядагы элчи Ө.Текебаев жакшы пикирин айтты. Корей тили боюнча дагы алгач ийгиликтер боло баштады эле. Буюрса, эмдиги жылы жыйынтыгы болот. Бир окуучубуз ноябрь айына Түштүк Кореяга жолдомо утуп алды. Жайында 34 окуучубуз Кытайдын Пекин, Чанша, Тяньцзинь шаарларына барып келишти. Ушуга окшогон сонун нерселер болгон, сөзсүз,  гимназиялык компонентин колдонуп, ушул жана башка  жагдайларды түздүк.

— Ал эми 1000 окуучу комузда ойнонут келген ийримдин жетекчиси дагы кетип калдыбы? Сактап калууга мүмкүн болобу?

— Эстетикалык, маданий багытта билим берүүдө 1000 деген окуучуларыбыз акысыз кыргыз аспаптарын өздөштүргөн. Гимназиялык компоненттин эсебинен 35-36 ийрим жетекчиси иштеген, азыр ата-энелер менен сүйлөшүп атып сегиз ийрим жетекчисин алып калдык, бирок маянасы  аз болууда. Анткени,  акы төлөнүүчү кошумча сабактардын төлөмдөрү министрликтин 17-сентябрында буйругу менен ОМдин АТКСдын төлөмдөрүнө теңделген. Учурда улантып иштөөгө аракет кылуудабыз, ата-энелер бул иштердин жемишин көрүп калышкан  үчүн балдарын жумасына үч саат кытай тилин окутуу үчүн айына  932 сом,  немис тилин окутууга жумасына эки саат үчүн бир айга 622 сом төлөп берип жатышат. Бирок  окуучулардын ата-энелеринин ичинен баары төлөй албагандыктан, 10-15% окуучуларга акысыз окууга мүмкүнчүлүктөр берилген. Билесиздер мугалимдердин маянасы ушул төлөмдөргө байланыштуу да?!

— Билишимче, жылда эле “Достук көпүрө” деген сынакка катышчу элеңиздер. Буга статустун тиешеси деле жок болуш керек, катыша бересиздерби?

№69: ГИМНАЗИЯ ЖӨНӨКӨЙ МЕКТЕПКЕ ТЕҢДЕШТИРИЛДИ

№69: ГИМНАЗИЯ ЖӨНӨКӨЙ МЕКТЕПКЕ ТЕҢДЕШТИРИЛДИ

№69: ГИМНАЗИЯ ЖӨНӨКӨЙ МЕКТЕПКЕ ТЕҢДЕШТИРИЛДИ

— Азыркы мезгилде Пекин шаарында Дүйнөлүк «Достук көпүрөсү» сынагында Кыргызстанды атынан эки окуучубуз, т.а., Уметбеков  Байнур (6-класс) менен Эралканы кызы Айгине (11-класс) катышып жаткан. Кечээ эле кубанычтуу кабарды айтышты. Окуучуларыбыз чемпиондордон кийинки берилчү сегиз орундун катарына киришиптир. Айгине дагы “Мыкты номер” деген номинацияда дүйнө жүзү боюнча өзүнчө төрт окуучу жеңүүчү деп табылса, биздин окуучубуз ошонун бири болду.  Аларды ата-энелери коштоп жүрөт. Баарын Кытай тарап төлөп берди. Байнурдун эки эжеси Кытай өкмөтүнүн стипендиясын алып,  Пекин мамлекеттик университетинде окушат. Ал эми Кореядагы Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова айым биздин гимназияны  ЖОЖдорго сунуштап, эки жыл катары менен жайында Кореянын  эки ЖОЖдордун студенттери, профессорлору жайкы лагерь өткөрүштү. Ага 100дөн ашуун окуучу катышты. Ийримдер боюнча көп айта берсек сөз түгөнбөйт, ал өзүнчө керемет! Ушул жылдар аралыгында жүздөгөн комузчу, ооз комузчулар, үйлөмө аспаптар, драма ийримдер, кол өнөрчүлүк, кинематография ж.б ийримдер иштеп келишкен.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер