СОВЕТ ДООРУНУН БААТЫР МУГАЛИМДЕРИ

  • 04.10.2024
  • 0

Совет доорунда  чыгармачылык изденүү менен иштеген эл агартуу ишмерлеринин эмгеги татыктуу бааланганынын бир мисалы Кыргызстандан эки мугалимге СССРдин эң жогорку наамы “Социалисттик Эмгектин  Баатыры” ыйгарылган. Алар мугалимдик ишмердиги менен өлкөбүзгө кеңири таанылган таланттуу педагог, Кыргыз ССРине эмгек сиңирген мугалимдери Көкөбай Мамбеталиев менен Апыш Койчуманов болгон.

КӨКӨБАЙ МАМБЕТАЛИЕВ

Көкөбай Мамбеталиев  1913-жыдын  10-январда Кочкор районуна караштуу Дөң-Алыш айылында туулган. Учурунда ал мугалимдердин Бүткүл союздук II сьездинин делегаты, Кыргыз ССРинин Эл агартуунун отличниги болгон. Өзүнүн ак ниет жигердүү эмгеги менен, дайым мактоого арзыган Көкөбай агай бүт өмүрүн жаш жеткинчектерге билим, таалим-тарбия берүүгө арнап, убактысын кур бекер өткөрбөгөн асыл адамдардын бири эле дешет замандаштары.

Анын колунан жасалган мектептин биологиялык музейиндеги экспонаттар жаш муундарды сулуулукка, руханий бийиктикке умтулууга, жаратылышты коргоого, эмгекчилдикке тарбиялаган. Көкөбай агайдын эмгегинин үзүрүн көргөн окуучулар, мугалимдер ушул мекенчил инсандай бийик, нарктуу, адамгерчиликтүү, эмгекчил болууга далалат кылып, үлгү тутуп, жаркын маанайда эскерип жүрүшөт.

Ал эми бул мектепке семинарга келген агайдын кесиптештери көр оокаттан башка, андан улуу асыл нерсе – адамдын өлбөс-өчпөс ак ниет эмгеги, жан дүйнөнү байыткан касиети бар экендигин өз көздөрү менен көрүп, ынанып, чыгармачылык менен иштөөгө умтулган.

Көкөбай агай өзү эң жөнөкөй, тамашакөй, адамды өзүнө бат эле тартып алган жайдары ачык мүнөз адам эле. Ал ар дайым адамга жолукканда, сүйлөгөндө элди ынандырып, кубандырып, шыктандырып турган өзгөчө касиетке ээ адам болгон.

СОВЕТ ДООРУНУН БААТЫР МУГАЛИМДЕРИ

Өзү окуткан ботаника, биология сабактарын окуучуларга түшүндүрүүдө аны айлана-чөйрөгө, жаратылышка байланыштырып өтүп, сабакты максатына жеткире билчү. Балдардын жан дүйнөсү менен аралашып, көрсөтмө куралдарды даярдоо үчүн Фрунзеге (Бишкекке) чейин баргандан да жадачу эмес. Жаз, жай, күз мезгилдеринде окуучулар менен экскурсияга көп чыгып, ар кандай гүлдөрдү, чөптөрдү чогултуп, аларды гербарий кылып катырып, 5 күндүк өсүшү, 10 күндүк өсүшү жана башка абалдарын көрсөтүп, сабагын көрсөтмөлүү өтөөр эле. Ошондой эле жан-жаныбарлардын кебин да жакшы катырчу. Эл-журт менен жакын тыгыз мамиледе болгондуктан, музейди да көпчүлүк менен бирге түздү. Арпа, буудай толук бышпаган өрөөндө ар кандай жер-жемиш, жашылчаларды өстүрдү. Кыскасы, өз ишине жан дили менен берилген эмгекчил бул адам айылдаштары үчүн да кадырлуу адам болгон.

Эгерде учурда дагы туз, насип буйуруп, Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Көкөбай Мамбеталиев түзгөн мектеп музейине барып калсаңыздар, не деген жаныбарларды көрүп, көңүлүңүз көкөлөйт.

Көкөбай агайдын билим берүүгө кошкон салымдары жана ишиндеги ийгиликтери жогору бааланып, учурунда “Социалисттик Эмгектин Баатыры” наамынын Алтын жылдызы, «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендер жана бир нече медалдары менен сыйланган. Анын ысымы өзү көп жыл иштеген Талаа-Булак орто мектебине ыйгарылган.

“Аккан арыктан суу агат” дегендей Көкөбай агайдын күжүрмөн педагогдук жолун уулу Нукан ушул мектепте биология мугалими болуп иштөө менен улантууда.

АПЫШ КОЙЧУМАНОВ

Апыш Койчуманов 1923-жылы 17-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1940-жылы өз айылындагы жети жылдык мектепти бүтүргөн соң башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. Ал фронтко чакырылып, Ата Мекендик согушка катышып, эки жолу жараат алган. 1945-жылы декабрда демобилизацияланып, мектепте иштөөнү уланткан. Ал өмүрүнүн акырына чейин Кызыл-Дыйкан орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими болуп, үзүрлүү иштеп келген.

СОВЕТ ДООРУНУН БААТЫР МУГАЛИМДЕРИ

Койчуманов Апыш 1949-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1969-жылы Фрунзедеги В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика-методикалык факультетинин башталгыч мектептерде окутуу кафедрасында сырттан окуу бөлүмүндө жогорку педагогикалык билим алган.

Апыш Койчуманов эмгек чыйырын баштаган алгачкы жылдан өмүрүнүн акырына чейин өзүнүн жогорку деңгээлдеги адис, ишке жан-дилин койгон, кесибин терең сүйгөн, өзгөчө тартиптүү жана чыгармачылык жигер менен иштеген ишмер мугалим катарында өзүн көрсөтө алган. Апыш агай боорукердиги, кичи пейилдиги, кен пейилдиги, балдарды сүйгөндүгү, терс көрүнүштөргө келишпес мамиле жасагандыгы менен айырмаланып турган. Апыш агай мектептин коомдук иштерине активдүү катышып, окуу-тарбия иштерин жүргүзүүдө зор эмгек
сиңирген.

Ал мектептин баштапкы партиялык уюмунун секретары болуп иштеген. 14 жолу окууга арналган теле көрсөтүү аркылуу көрсөтмөлүү сабак өтүп, 19 жолу илимий-теориялык конференцияларда педагогикалык окууларга доклад жасаган. Окуу тарбия ишиндеги алдыңкы тажрыйбалары жөнүндөгү атайын брошюралар, китепчелер чыгарылган.

Ошол учурдагы совет өкмөтү Апыш Койчумановдун эмгегин жогору баалаган. Жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу сиңирген эмгеги үчүн ага СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1978-жылдын 27-июнундагы Указы менен «Социалисттик Эмгектин Баатыры» деген ардактуу наам ыйгарган. Андан сырткары “Ленин”, “Кызыл Жылдыз” ордендери, «Орок жана Балка» алтын медалы, “Каармандыгы үчүн”, “Согуштагы каармандыгы үчүн” медалдары менен да сыйланган.

Апыш агайга «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими», «Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги» деген ардактуу наам берилген. Ал өтө карапайым. мээримдүү адам болгон. Апыш агай мугалим жана сүрөтчү кол өнөрчү да болгонун кесиптештери айтып, эскерип калышат. Агай окуучуларды сабакка кызыктыруу максатында беш жарым миңдей көргөзмө куралды өз колу менен даярдаган. Апыш Койчуманов агай жөнүндө «Мугалим» даректүү тасмасы 1982-жылы “Кыргызтелефильм” киностудиясында тартылган. Сценарийдин автору жана режиссеру, Кыргыз эл артиси Асанкожо Айтикеев.

Апыш агай 1984-жылы 4-июлда жол кырсыгынан улам каза болгон. Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылындагы мектеп Апыш Койчумановдун ысымын сыймык менен алып жүрөт. Улуу устаттын айкели айылда жана өзү иштеген мектептин имаратынын жанында, ошондой эле Ат-Башы айылындагы райондук мамлекеттик администрациянын алдына тургузулган.

Чыгаан устат жөнүндө акын Өскөнбай Бердибаевдин “Түбөлүк өчпөс издер (Эскерүүлөр жана ой толгоолор)” аттуу китеби жарык көргөн.

СОВЕТ ДООРУНУН БААТЫР МУГАЛИМДЕРИ

Кабыл Макешов

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер