12 ЖЫЛДЫККА ЭМНЕ ҮЧҮН ӨТҮҮ КЕРЕК?

  • 29.10.2024
  • 0

12 жылдык билим берүү, “Алтын Казык” программасы боюнча өлкөдө эрте тургандын баары эле оң жана терс пикирлерин билдирип жатат. Бирок коомчулуктун көпчүлүгү 12 жылдыкка өтүү мезгил талабы, чет өлкөлүк билим берүү системасына теңдешүү керек экенин айтышууда. Ошол эле кезде инсфраструктуранын, мугалимдердин жетишсиздиги жаңыланууга жол бербейт деп  айтып чыккандар дагы жок эмес. Ошондуктан коомчулукка дагы бир ирээт түшүндүрүп берүүнү туура таптык.  

12 ЖЫЛДЫККА ЭМНЕ ҮЧҮН ӨТҮҮ КЕРЕК?

“Алтын казык”  – билим берүүнүн маягы

Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын трансформация кылуунун «Алтын казык» программасы иштелип чыгып, ал КР Президенти С.Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровго сунушталып, колдоого алынган.

Министр Д.Кендирбаева ушуга чейин эле каякка барбасын ириде ушул программаны ишке ашыруунун алкагында мектептик билим берүү системасын 12 жылдык форматка которуу боюнча бир катар абдан маанилүү чечимдер кабыл алынганын айтып да, түшүндүрүп да келатат.

Эсиңиздерге сала кетели, 2024-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында 12 жылдык окуу мөөнөтүн мектептик билим берүү тутумуна этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер Планы жана Концепциясы жактырылган. 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу үчүн “6+3+3” модели тандалганын дагы жазып чыктык эле. Трансформацияны каржылык жактан колдоо үчүн бюджеттик каражаттардан тышкары, атайын мыйзам менен Азия Өнүктүрүү Банкы менен, келечектеги мугалимдерди даярдоо үчүн мектеп жана жогорку окуу жайларында илим, технология, инженерия жана математикага өзгөчө басым жасоо менен, гранттык макулдашуу да ратификацияланган.

Министрдин айтымында, билим берүүнүн бардык баскычында жана түп-тамырынан бери трансформация кылуу боюнча чечкиндүү аракеттер жүрүп жатат. Анын ичинде STEM сабактары боюнча заманбап окуу китептер Сингапурдан алынып, которулуп жатат. Ошондой эле билим берүүнүн мазмунун, стандарттарын жаңылоо иши башталганын, мугалимдерди окутуу жана даярдоо системасында көп өзгөрүүлөр болуп жатканын да айтып кетпесек болбостур.

Министрликтин алдындагы «Окуу китеп» басма үйү Сингапурдун Marshall Cavendish Education билим берүү мекемеси менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Ал басмадан 83 млн сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынып, ушул тапта аларды англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которуу иштери кызуу жүрүп жатканын айтып кетүү парз.

Мындан сырткары, Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен санариптик китептер жана видео-контент үчүн платформа иштелип жатканы да белгилүү. Ошондой эле 2024-жылы жалпы билим берүүчү уюмдарды окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоого республикалык бюджеттен 152 млн. сом каралып, ал толугу менен өздөштүрүлгөн. 9 наамдагы китептер (5 окуу китеби, 4 окуу-методикалык комплекстер) 53 миң нуска менен, 1-класстар үчүн «Азбука», «Орус тили» окуу-методикалык комплекстери жалпы тиражы 375 миң нускадан ашык басылып чыккан. Ошондой эле 90 миң кызматкер PISA-2025 катышуу, медиасабаттуулук, жашыл көндүмдөр, санариптик сабаттуулук, чет тилдерди окутуунун коммуникативдик ыкмалары, инновациялык педагогикалык технологиялар, STEM билим берүү курстарынан өткөн. Ушул өңүттө жасалып жаткандардын баары эле 12 жылдыкка өтүүдөгү иш-аракеттер эмеспи.

Дүйнө жүзү билим берүүнүн жаңы моделин издөөдө

Кыргыз Республикасынын он эки жылдык мектептик билим берүү Концепциясын атайын топ иштеп чыккандан кийин гана  Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтүлүп, алардан колдоо тапкан.

12 ЖЫЛДЫККА ЭМНЕ ҮЧҮН ӨТҮҮ КЕРЕК?

Концепция Кыргыз Республикасынын Конституциясына (46-берене), Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, ошондой эле 2021-2040-жылдары билим берүүнү өнүктүрүү программасына жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына ылайык иштелип чыккан.

— Бүткүл дүйнө жүзү билим берүүнүн жаңы моделин/моделдерин издөөдө. Ошол эле учурда, билим берүү экономикалык тартипти индустриялаштыруу башталгандан бери концептуалдык жактан жаңыланган жок. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн жаңы   түзүмүнүн калыптанышынын жана мазмунун жаңылоонун контексти болуп бир катар глобалдык тренддер саналат. Алар: глобалдык технологиялык өзгөрүүлөр өнөр жай, экономика жана коомдогу өзгөрүүлөрдүн тездешин шарттайт. Глобалдык рыноктордун жана башкаруу системаларынын татаалдыгынын өсүшү жана жаңы тармактарды, кластерлерди жана иштин жана кооперациянын башка формаларын түзүүнүн эсебинен улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жаңы булактарын издөө жүрүп жатат. Экинчи — эмгек рыногу динамикалуу түрдө трансформацияланууда. Өндүрүштө жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө салттуу кесиптердин 70 пайызына чейини жасалма интеллект, роботтор, автоматташтырылган логистикалык системалар ж.б. киргизилгендигине байланыштуу 2035-жылга карата алмаштырылышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө түшүнүк калыптана элек билимди жана көндүмдөрдү талап кылган жаңы кесиптер пайда болот. Бул өмүр бою билим алууну түзүү зарылдыгын жаратат, анын түзүүчүсү болуп мектеп да, кошумча билим берүү түзүмдөрү да саналат, — дейт КББАнын президенти Н.Дүйшеева.

Климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү, технологиялык, финансылык жана экологиялык стандарттардын кысымы менен байланышкан адамзат үчүн маанилүү факторлорду актуалдаштыруу билим берүүдө жаңы жүрүм-турум стратегияларын чагылдырууну талап кылат. Ушундай шарттарда жалпы билим берүүчү мектепти жаңылоо жана билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн жаңы моделин түзүүнү талап кылат.

12 жылдык билим берүүнүн модели

Кыргызстан үчүн эң актуалдуу катары 12 жылдык мектептин моделин кароо сунушталууда (6+3+3), анда кошумча жыл окутуунун баштапкы баскычына киргизилет жана мектептик билим берүү системасына 6 жаштагы балдар тартылат. Мындай тандоо, биринчи кезекте, социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жана андан ары билим алуу, ошондой эле ар кандай мектепке чейинки даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө үчүн негиз катары башталгыч билим берүүнүн сапатын олуттуу жогорулатуу зарылдыгы менен аныкталат.

— Мындай ыкманы ишке ашыруу мектепке чейинки курактагы балдардын 75%ке жакынын камтыган мектепке даярдоо программасын (“Наристе” программасы, 480 саат) трансформациялоонун эсебинен жүзөгө ашырылат, бул 1-класста окутуу этабында балдардын билим деңгээлин теңдөө көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле 6 жаштан баштап балдарды мектепке кабыл алуу бала бакчаларды жеңилдетет жана 4-5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк камтууну камсыз кылат, бул алардын жаш кезинен когнитивдик, социалдык жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Сунушталып жаткан 12 жылдык моделде Кыргыз Республикасы үчүн орто жана жогорку баскычтагы окутуунун 3 жылдык (3+3) узактыгы билим берүүдөгү профилдештирүү жогорку баскычта пландаштырылгандыгы менен шартталган. Орто мектепте 3 жылдык окутуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет: окуучуларды ашыкча жүктөбөстөн, аларга профилдик даярдык алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана ЖОЖдо окууга мотивацияны калыптандыруу; жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычтарында (бакалаврларды даярдоо багыттары боюнча: педагогикалык билим берүү, гуманитардык, социалдык илимдер) мектепте окутулуп жаткан жалпы кесиптик предметтердин кайталанышын болтурбоо менен бакалавриатта окуу мезгилин 1 жылга кыскартуу, — дейт Назира Кубанычбековна.

9-класстан кийин башталгыч жана орто билим берүү түзүмүнө өтүүнү пландаган окуучулар 8-9-класстарда алдын ала даярдыктан өтүшөт, ошондой эле (каалоо боюнча) мектептик билим берүүнүн 3-баскычында (9-11-класстар) кошумча кесиптик билим берүүнүн кыска мөөнөттүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүдө 6+3+3 модели боюнча Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн бардык баскычтарында колдонуудагы системаны өзгөртүү божомолдонууда.

Модель төмөнкү баскычтарга бөлүнөт: башталгыч жалпы билим берүү 1-6-класстар (6-11 жаш); негизги жалпы билим берүү 7-9-класстар (12-14 жаш); жалпы орто билим 10-12-класстар (15-17 жаш).

Башталгыч мектеп (1-6-класс)

— Бул моделде башталгыч мектеп эки этапка бөлүнөт: 4+2 жыл. Бул мезгилде андан ары окутуунун пайдубалы түптөлүп, баланын инсандыгын өнүктүрүүгө, функционалдык сабаттуулугун, коммуникация көндүмдөрүн калыптандырууга басым жасалат. Балдарда окуу, жазуу, математиканын негиздери, социалдык жана коммуникация көндүмдөрү сыяктуу негизги жөндөмдөр жана көндүмдөр калыптанат. Бул деңгээлдин узактыгы (6 жыл) жалпы билим берүү деңгээлине өтүүнү кыйла жеңилдетет. 1-4-класстар үчүн стандарттар балдарды социалдык мамилеге көбүрөөк тартуу багытында кайра каралышы керек, “жумшак” (социалдык/негизги) көндүмдөрдү калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат. Функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу (эсептөө, окуу, жазуу) өнүктүрүүнүн жана окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу аркылуу ишке ашырылышы керек, — дейт Н.Дүйшеева.

Негизги жалпы билим берүү (7-9-класстар)

Бул деңгээлде окутуунун узактыгы кыйла аз (3 жыл). Негизги мектептин мазмуну билим берүүнүн узактыгынын олуттуу кыскарышын жана окутуунун багытын тандоону эске алуу менен түзүлөт.

Билим берүүнүн мазмуну окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана маданий-баалуулук багыттарын калыптандырууга, окутуу жана таанып-билүү иш-аракеттеринде заманбап компетенцияларды өнүктүрүүгө жана өз алдынча окууга умтулууга багытталган. Табигый-илимий, технологиялык, инженердик жана математикалык билим берүүгө (STEM), ошондой эле Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүктү калыптандырууга басым жасоо менен тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулат. Окуучулар санариптик билим берүү ресурстарын, онлайн окутуу платформаларын өздөштүрүшөт, чыгармачылык жөндөмдөр долбоорлоо-изилдөө иштери аркылуу өнүгөт.

Жалпы орто билим берүү (10-12-класстар)

Жалпы орто билим берүүнүн деңгээлинде окутуу – мектептик билим берүүнүн жыйынтыктоочу этабы – 10-12-класстарда ишке ашырылат (1 жылга көбөйөт), бул тереңдетилген профилдик жана зарыл учурда — (алдын ала) кесиптик билим алууга мүмкүндүк берет.

12 ЖЫЛДЫККА ЭМНЕ ҮЧҮН ӨТҮҮ КЕРЕК?12 ЖЫЛДЫККА ЭМНЕ ҮЧҮН ӨТҮҮ КЕРЕК?

— Бул этап үчүн жаңы максаттарга ылайык, жогорку мектепте билим берүүнүн мазмуну олуттуу түрдө өзгөртүлөт. Билим берүү процесси инновациялык технологияларды жана методикаларды, анын ичинде долбоордук ишти, кейс-методдорду, окутуунун интерактивдүү формаларын колдонуу, МТ, санариптик платформалар ж.б. менен иштөө менен түзүлөт. Критикалык ой жүгүртүү, коммуникация жана кооперация көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, креативдүү мамилеге, окуучулардын өз алдынча иштерин жана изилдөө долбоорлорун уюштурууга олуттуу көңүл бурулат. Профилдик окутуу ЖОЖдор жана кесиптик уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү божомолдойт. Бул модель мектепте окутулуучу кайталанган жалпы кесиптик предметтерди алып салуу менен кесиптик билим берүү баскычында бакалавриатта окуу мезгилин (зарыл болсо) 1 жылга кыскартууга мүмкүндүк берет, — деди Назира Дүйшеева.

Айтмакчы, жогорку окуу жайларга тапшырууну пландаган окуучулар Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтүшөт.

 12 жылдыкка качан өтөт?

12 жылдык окууга өтүүнү даярдоо үчүн минималдуу эки окуу жылы талап кылынат (2024-2025 жана 2025-2026) экен. Бул мезгил ичинде инфраструктураны жана МТСти даярдоо — башталгыч мектептердин жаңы типтүү (2-3 минимум) пландарын иштеп чыгуу жана аларды курууга каражат бөлүү; мугалимдер үчүн ноутбук сатып алуу; МБСти, предметтик стандарттарды жана программаларды иштеп чыгуу/жеткире иштеп чыгуу; башталгыч мектеп үчүн ОМКны даярдоо (Кембридждин ОМКсын которуу жана адаптациялоо ж.б.); окуучулар, мугалимдер, ата-энелер үчүн ачык жеткилүктүүлүк менен санариптик китепканага ОМКны жайгаштыруу; башталгыч класстардын мугалимдерин кайра даярдоо; башталгыч мектеп үчүн баалоо системасын иштеп чыгуу; жогорку класстар үчүн профилге чейинки жана профилдик компоненттердин концептуалдык жана уюштуруучулук көз карашын иштеп чыгуу; ченемдик камсыздоо;  ата-энелер жана мугалимдер үчүн маалыматтык колдоо жана түшүндүрүү иштери; ОКБ жана ЖКБ үчүн мугалимдерди даярдоо үчүн жаңы стандартты иштеп чыгуу; мектептердин педагогдорун (мугалимдерин), ОКБ жана ЖКБ педагогдорун даярдоонун кесиптик стандарттарын жана программаларын адаптациялоо (зарыл болсо).

— 2026-2027-окуу жылынан баштап 1-, 2- жана 3-класстарда жаңы стандарттар жана программалар боюнча окутууну баштоо, жыл сайын бирден класс кошулуп турат. 6 жаштагы балдар биринчи класска барышат. 7 жаштагы балдар жаңыланган “Наристе” программасынын алкагында даярдыктан өткөндөн кийин, 2-класска киришет. 1-класстын окуучулары 11 жылдык программа боюнча 3-класска өтүшөт. Ал эми жаңыланган стандарттар жана программалар боюнча окутууну 2028-2029-окуу жылынан баштап 11-класста баштоо. Кийинки окуу жылында 11-класстын окуучулары 12-класска өтүп, 2029-2030-окуу жылында окуусун аякташат. Жыл сайын, 6 жылдын ичинде (2033-2034-окуу жылына чейин) бул схема боюнча 11-класстын окуучулары 12 жылдык окуу программасына өтүшөт. Ушул жылдардагы профилдик мектеп 2 жылга гана созулаарын эске алуу менен бул билим берүү уюмдарына профилдик окутууга ыңгайлашууга жана профилдик окутуу циклине (3 жыл) жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет, — дейт КББАнын президенти.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер