12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: ЖАҢЫ МОДЕЛЬ — ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК
- 30.10.2024
- 0
Билим берүү тармагы жалпы трансформациялоого багыт алды. «Алтын казык» мамлекеттик программасынын алкагында мектептик билим берүүнү 12 жылдыкка өткөрүүгө Билим берүү жана илим министрлиги бардык иш-аракеттерди көрүп жатат. Модернизациялоого кайдигер карабаган билим берүү тармагында иштеген жетекчилер, ата-энелер дагы өз пикирлерин ортого салып жатат.
Эржан АСЫРАНОВ, Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектебинин директору, Талас облусу:
— Кыргызстандагы билим берүү тармагын трансформациялоо боюнча “Алтын Казык” программасы иштелип чыгып, мектептик жалпы билим берүү системасында окутуунун узактыгы 12 жылдык болуп киргизилгени турат. 12 жылдык билим берүүдө: 6 жаштагы балдарды 100% билим менен камтуу; башталгыч класстарга ысык тамак берүү; адистештирилген мектептерди түзүү (физика, математика, лингивистика, программалоо); 10-11-12-класстарда кесипке багыттап окутуу (тигүүчү, ашпозчу, жыгач уста); күнүмдүк турмушка багытталган функционалдык сабаттууулугун калыптандыруу, практикалык билим берүүгө өтүү; окуучулардын жетишкендигин Улуттук баалоо аркылуу аныктоо жана PISAга даярдоо; мектептин сапаты, анын ичиндеги мугалимдердин, жүздөгөн окуучулардын тагдыры жетекчиге байланыштуу.
Билим берүү системасындагы жетекчини шайлоодогу киргизилген жаны пункттар мектептин ишин алга жылдырат. Эгерде жетекчи финансылык, тарификациялык документтерди, методикалык сабакка баа берүү системасын, мектеп менеджментин билбесе, мектептин билим берүү сапаты төмөндөйт.
Мектептерде санариптик трансформация аркылуу мугалим өз деңгээлин жана профессионалдык кудуретин аныктап өзүн-өзү баалайт. Мугалимдер үчүн семинарлар, конференциялар, квалификациясын жогорулатуучу курстар болуп туруусу керек.
Ваучердик системанын мектептерге киргизилбегени туура болду. Окуучулардын бардыгы бирдей шартта билим алуусу зарыл.
Кэмбриждин окуу стандарттарын жана Сингапурдун педагогикалык тажрыйбаларын киргизүү, мектептерде санариптештирүү процесин тездетүү жана кесиптик окуу жайларды өнүктүрүү аркылуу Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизин түзүү керек экендиги зарыл.
Гульнара САТЫМКУЛОВА, Дооронбек Дүйшебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору:
— Менин жеке пикиримде 12 жылдык моделге көчүү эң туура жана аны жалпы колдоого алуубуз керек. Тилекке каршы, эл арасында, айрыкча, ата-энелер арасында түшүндүрүү иши жакшы жолго коюлбагандыктан, ал каршы пикирлерди жаратууда. Айрыкча ата-энелер үчүн «12 жыл» дегендин өзү өтө көп мезгилди көрсөткөндөй туюлууда. Чынында балдарыбыз бүгүнкү күнгө чейин эле ошол 12 жылды баштан өткөрүп жатышканын түшүнүшпөгөндөй. Болбосо даярдоо классында («нөлүнчү» класста) окуп, анан ал бир жыл окуганын эмне көрбөй жүрөт дейсизби? Дал мына ошону жана жаңы 12 жылдык делген модель жаңыча билим берүүнүн эң сонун багыты экени талашсыз.
Баарынан да биз жашаган айылдык мектептерде 10-12-класстарда окуучулардын бир кесипке багыт алып, ага ээ болуп чыкканы өтө кубанычтуу жана колдоого аларлык жакшы көрүнүш.
Мына ушуну эле ата-энелерге жана коомчулукка кеңири түшүндүрүү — башкы милдет болууга тийиш.
Бүгүнкү ата-эне XXI кылымдын жаштары: алар өзүлөрү да билимдүү, кайсыл бир кесиптин ээлери. Алар өз балдарынын жогорку интеллекттүү, ар тараптан өнүккөн адам болуусун каалашат. Айыл жерлеринде балдарынын англис, орус тилдерин, математика, информатиканы, мыкты деңгээлде өздөштүрсө, чет өлкөдө билим алышса деген үмүт, максатта карашат.
Алардын дал ушул максаттарынын ишке ашуусуна 12 жылдык билим берүү модели туура келет. Ошону ата-эне эске алуусу зарыл.
Келечек — бүгүнкү жаштардын терең билим алуусунда.
Мен жетектеген мектепте министр Д.Кендирбаева айткандай, даярдык эң жогорку деңгээлде.
Назгүл МАМАТБАЕВА, эне:
— Мен 12 жылдыкка өтүүнү туура көрөм. Ар бир доордо билим берүү тармагында реформа жүрүп келген. Бул мыйзамченемдүү. Ириде башталгыч мектеп, анан 7 жылдык, 8 жылдык, 9 жылдык, 10 жылдык, 11 жылдык болуп келди. Эми биз дүйнө жүзүндөгү билим берүү системасына тең тайлашып, балдарыбыз чет өлкөдө окуп, Кыргызстанды дагы билим жагынан дүйнөгө тааныткандын эмнеси жаман?! Анан калса даярдоо классын кошкондо деле 12 жыл окуп келишпеди беле. Ата-энелер санап көрүшү керек. “12” деген эле сан баарын үркүтүп жатат. Дегинкиси жаңы нерсени коом ириде терс кабыл алат, себеби орто жердеги упай топтой билген саясатчылардын да оюну жүрүп, коомчулуктун башын айланткан учурлар да жок эмес го. Негизинен 12 жылдыкта биз ата-энелер утабыз, биринчиден, балдарыбыз мектеп партасынан эле кесип алып чыгат. Экинчиден, балдарыбыз чет өлкөдө окуусун уланткысы келсе, мектепти бүтүргөндүгүн тастыктаган мамлекеттик документти таанышат.
Малика КАМБАРБЕК кызы, эне:
— Билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформага соцтармактарда каршы пикирлерди, абдан жүрөктү ооруткан ачуу сөздөрдү окуп жатам. Айрым ата-энелердин өз балдарынын жолуна өздөрү тоскоол болуп жатканы да түшүнүксүз. Биз ааламдашуу доорунда башка мамлекеттерден артта калбай, керек болсо алардан да алдыга кетишибиз керек. Ал үчүн келечек муун доордун чакырыктарына даяр болуп, заманбап технологияларды беш манжасындай билүүсү зарыл. 12 жылдыкта Сингапурдан алынган окуу китептери менен билим алышат экен. Эмнеси жаман?
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер