12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: МУГАЛИМГЕ ЖООП

  • 02.04.2025
  • 0

Улуттук жаңы билим берүү модели: 100 суроого – 100 жооп

12 жылдык билим берүү системасынын киргизилиши жөнүндө коомчулукта ар кандай пикирлер жаралып жатат. Бул маселе мугалимдерди да ойлондурбай койгон жок. Модернизациялоо өлкө үчүн канчалык натыйжалуу болот, мектептер жаңы окуу курал менен качан камсыз болот, кабинеттер жетишеби ж.б.у.с. суроолор трансформациялоого тоскоолдук жаратпайбы деп тынчсызданган мугалимдер министрликке кайрылууда. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фаризат СОЛТОГУЛОВАга келген суроолорго жооп берүүнү өтүндүк.

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: МУГАЛИМГЕ ЖООП

– Фаризат Тыныстановна, 12 жылдык билим берүү Кыргызстан үчүн натыйжалуу болобу?

– Албетте. Жаңы моделдин артыкчылыктарына токтолуп кетейин. Билим берүү системасы жана коом үчүн артыкчылыктар – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Ал үчүн предметтерди тереңирээк үйрөнүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу жакшыртуу; эл аралык стандарттарга шайкештиги – 12 жылдык билим берүү көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө стандарт болуп саналат, бул бүтүрүүчүлөрдүн эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кирүүсүн жеңилдетет; билимдеги ажырымды азайтуу
ар кандай социалдык-экономикалык чөйрөдөгү окуучулардын ортосундагы билиминдеги ажырымын азайтууга жардам берет; квалификациялуу кадрларды даярдоо – сапаттуу билим экономиканын ар кайсы тармактары үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоого өбөлгө түзөт; келечекке инвестиция – билим берүү – бул өлкөнүн келечегине узак мөөнөттүү инвестиция жана 12 жылдык билимге өтүү узак мөөнөттүү келечекте олуттуу экономикалык жана социалдык пайда алып келиши мүмкүн; билим берүүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу – сапаттуу жана тереңдетилген билим берүү өлкөдөгү билим берүүнүн жалпы көрсөткүчтөрүн жакшыртууга алып келиши
мүмкүн.

– Сабактар кыскарып кетсе, ошол предметтин мугалимдери эмне болот?

– Предметти толук алып салуу болбойт. Жаңы предметтер үчүн убакыт бөлүп берүүгө же башка предметтерди тереңирээк окутуу үчүн белгилүү бир дисциплиналарды окутууга чектелген сааттарын кыскартуу мүмкүн. Окутулуп жаткан предметтердеги эскирген жана актуалдуу эмес маалыматтарды жок кылуу максатында окутулуп жаткан предметтердин мазмундары кайра каралып чыгат. Бул өзгөрүүлөр бардык предметтер боюнча дароо эмес, акырындык менен болушу мүмкүн экенин белгилей кетүү керек.

– Предметтер 12 жылдыкта интеграцияланабы?

– Жаңы предметтерди киргизүү жана учурдагы предметтерди өзгөртүү же интеграциялоо мугалимдерди даярдоо жана керектүү окуу материалдарды камсыз кылуу менен коштолот. Окуу планына конкреттүү өзгөртүүлөр Кыргыз билим берүү академиясынын расмий корутундусунун негизинде Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан коомдун керектөөлөрүн талдоонун жана эксперттердин сунуштарынын негизинде кабыл алынат.

– Мугалимдер кайра даярдоодон өтөбү, окуу куралдары иштелип чыкканбы, кимдер түзөт же түзүлүп, даярбы?

– Математика, табигый-илимий предметтер жана англис тили боюнча 24 000 мугалимди кайра даярдоонун экинчи этабы аяктады. Мугалимдерди окуу процессинде билим берүү программаларынын жана окуу-методикалык комплекстердин жаңыртылган версияларын колдонуу боюнча кайра даярдоонун 3-этабын өткөрүү үстүбүздөгү жылдын жай айына пландаштырылган. Мугалимдерди кайра даярдоо системасын санариптештирүү деңгээлинде жаңы түзүлгөн «Санарип Кампа» — билим берүү ресурстарынын электрондук китепканасы, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери жана окуучулары үчүн CEREBRY платформасын максималдуу интеграциялоо ишке ашырылууда. Келе жаткан окуу жылына карата квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттарды берүү менен мугалимдерди онлайн-окутуу (жылына 100 сааттан кем эмес) ж.б. жүзөгө ашырылып жатат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №654 токтому менен бекитилген жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын жана иштелип жаткан предметтик стандарттардын, окуу пландардын негизинде улуттук контенттеги предметтердин мугалимдерин кайра даярдоо боюнча окуу программалары иштелип баштады. Ушул жылдын жай айынан тарта даяр болгон окуу программалардын негизинде мугалимдерди кайра даярдоо иш-чаралар аткарылып баштайт.

– 12 жылдык билим берүүдө билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жана окуу китептери кандай өзгөрүүгө дуушар болот?

– Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы токтому менен Мамлекеттик билим берүү жаңы стандарты бекитилип, кабыл алынды. Анын негизинде предметтик стандарттар, окуу программалар кайра каралып, жаңыртылып жатат. Ошондой эле жаңы муундагы окуу китептери иштелип чыгат. Өзгөрүүлөр бардык предметтерде акырындык менен ишке ашырылат. Билим берүү мазмунуна конкреттүү өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз билим берүү академиясынын корутундусу менен ишке
ашырылат.

– Азыр «зомбулук» деген терминди жайылтып алдык. Бул боюнча кыргыздын адептүү мамилесинде ымала түзүү маданиятын үйрөтүү үчүн тарбиялык сабактарды жалаң «Манастын» ичинен алынган мисалдар менен өткөндөй кылып иштеп чыгып, ошол колдонмо менен өтүлгөндө же өзүбүздүн улуттук нугубузда тарбиялаганда гана окуучулар арасындагы суицид, эрте төрөп коюу, мушташ токтойт эле. Жаңы стандартта ушулар каралганбы?

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №654 токтому менен бекитилген жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартында биринчи жолу адамдын баалуулуктары билим берүүнүн жана тарбиялоонун бүтүндөй процессинин өзөгү катары каралган. Ошондой эле окутуунун үзгүлтүксүз бардык процессинде калыптанган окуучулардын функционалдык көндүмдөрү төрт негизги компетенттүүлүктөргө топтолгондугу менен шартталат. Окуу мезгилинде калыптанган негизги компетенттүүлүктөр жалпы билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүсүнүн жеке жана кесиптик өнүгүүсү үчүн жетиштүү болуп, бул жаштарга дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мамстандартта Кыргызстандын окуучуларынын олуттуу баалуулуктарын камтыган «Жалпы билим берүүнүн философиясы» аттуу жаңы 2-глава киргизилди; окуучулардын төрт негизги компетенттүүлүктөрү (таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк, социалдык-коммуникативдик, маалыматтык-санариптик, эмоционалдык-инсандык) кайра каралып чыгып, жаңыртылды. Мындан сырткары, жалпы билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсүнүн моделин аныктоочу жарандык баалуулуктардын, жарандык мекенчилдикти жана аң-сезимди, ошондой эле улуттук адеп-ахлактык негиздерге таянган сапаттарды түптөөчү тарбиялык жана социалдык-гуманитардык дараметти өстүрүү маселелерди, компетенттүүлүктөрдүн жана көндүмдөрдүн байланыштарын түшүнүүнү чагылдырган негизги компетенцияларынын алкагы диаграмма аркылуу берилген.

Гүлнара АЛЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер