12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП МОДЕЛИНЕ ӨТҮҮ ЭТАБЫ
- 31.10.2024
- 0
Муратбек Касымалиев,
билим берүү жана илим министринин орун басары
Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн актуалдуулугу дүйнөлүк жана улуттук билим берүү системасынын өнүгүү тенденциялары менен шартталган. Бул өзгөрүүлөрдүн маанилүү аспектилери төмөнкүлөр:
Эл аралык тажрыйба жана интеграция
- Учурда 150дөн ашуун өлкө 12 жылдык мектептик билим берүү системасын колдонуп келет, анын ичинде дүйнөнүн алдыңкы билим берүү системалары бар. Бул системага өтүү Кыргызстандын билим берүү стандарттарын эл аралык талаптарга шайкеш келтирип, бүтүрүүчүлөргө глобалдык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү болууга шарт түзөт.
- Кыргызстандын окуучулары, башка өлкөлөрдүн мектеп бүтүрүүчүлөрү менен бирдей билим деңгээлине ээ болуп, билим берүү мобилдүүлүгүн камсыз кылат жана дүйнөлүк жогорку окуу жайларга кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
- 12 жылдык система башталгыч мектепте балдардын базалык билим жана көндүмдөрүн терең өздөштүрүүсүн камсыз кылат. 6 жылдык башталгыч билим берүү (1-6-класстар) ар бир балага функционалдык сабаттуулукту, коомдук көндүмдөрдү, ошондой эле STEM предметтерине кызыгууну калыптандырууга өбөлгө түзөт.
- Негизги билим берүү этабында (7-9-класстар) окуучулардын социалдык жана коммуникативдик жөндөмдөрү өнүгүп, өз алдынча окуу көндүмдөрү калыптанат. Жалпы орто билим берүүчү мектепте (10-12-класстар) профилдик жана кесипке багытталган билим берүү окуучуларды ишке же жогорку окуу жайларга даярдайт.
Эмгек рыногунун жана жашоо шарттарынын талаптарына ылайык келүү
- Жаңы кесиптердин пайда болушу, экономиканын жана технологиянын өнүгүшү заманбап билим берүүгө өзүнүн талаптарын коюуда. 12 жылдык система окуучуларга жогорку квалификациялуу билим берүү жана компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүгө даярдайт.
- Жогорку класстарда кесипке багыттоо менен коштолгон окутуу окуучулардын келечектеги ишке жана коомдо өз ордун табууга даярдыгын камсыз кылат.
Балдарды мектепке эрте кабыл алуу жана тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу
- Алты жаштагы балдарды мектепке кабыл алуу менен башталгыч мектептеги билим алуу мөөнөтү узарып, балдар социалдык көндүмдөрдү эрте куракта калыптандырып баштайт. Бул башталгыч баскычта билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ар кандай социалдык деңгээлдеги балдар үчүн бирдей башталгыч мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.
- Мектепке чейинки даярдык программасы («Наристе») окуучуларга мектепке жеңил көнүгүүгө жана билим берүүдө үзгүлтүксүздүктү камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
Санариптик жана практикалык билим берүүнү өнүктүрүү
- 12 жылдык системанын алкагында санариптик жана техникалык билим берүү ресурстары киргизилип, окуучуларга STEM жана маалыматтык технологиялар боюнча тереңдетилген билим берүү каралган. Бул заманбап муктаждыктарга жооп берип, практикалык билимди өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.
- Электрондук китептерди жана санариптик лабораторияларды колдонуу, мугалимдердин жана окуучулардын маалыматтык көндүмдөрүн жогорулатат жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрөт.
Социалдык жана маданий потенциалды өнүктүрүү
- Билим берүү системасы коомдогу социалдык жана маданий мурастарды сактоо, ошондой эле жалпы билим берүү экосистемасын түзүү менен билим берүүнүн социалдык милдетин аткарат. 12 жылдык системанын киргизилиши окуучуларга коомдук жана маданий баалуулуктарды үйрөтүүгө, ошондой эле улуттук идентификацияны бекемдөөгө шарт түзөт.
- Окуучулардын социалдык көндүмдөрүн жана жеке жоопкерчилигин калыптандыруу аркылуу Кыргызстандын келечектеги жарандарын даярдайт.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүү системасына өтүү – заманбап билим берүүнүн талаптарына жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп берүү үчүн маанилүү кадам. Бул система ар бир баланын индивидуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, билим берүү процессин үзгүлтүксүз жана сапаттуу уюштуруу, ошондой эле социалдык жана экономикалык муктаждыктарга жооп берүү аркылуу Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Этаптар боюнча аткарылуучу жумуштар: даярдык этабы (2024-сентябрь – 2025-август)
Максат: 12 жылдык билим берүү системасына өтүү үчүн нормативдик база, педагогикалык курам, инфраструктура жана окуу материалдарын даярдоо.
Нормативдик-укуктук база:
- Компетенттүүлүк мамилеге басым жасап, функционалдык сабаттуулукту жана XXI кылымдын көндүмдөрүн (критикалык ой жүгүртүү, көйгөйлөрдү чечүү, коммуникативдик көндүмдөр) калыптандырууну камтыган жаңыланган билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү.
- Башталгыч, негизги жана орто мектептер үчүн предметтик стандарттарды жаңыртуу.
- Кыргызстандын коомдук жана маданий керектөөлөрүнө негизделген улуттук компоненти бар окуу программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү.
Мугалимдерди даярдоо:
- 2025-жылдын январынан 2027-жылдын августуна чейин 83 000 мугалим жана 7 300 мектеп директорлору жана алардын орун басарлары үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү.
- Мугалимдерди жаңы 12 жылдык системанын талаптарына шайкеш келтирүү үчүн кайра даярдоо программаларын түзүү.
- Педагогикалык факультеттердин (3-4 курстар) студенттерине дуалдык система негизинде мектептерде стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
Инфраструктура:
- Окуучулардын санынын өсүшүн эске алуу менен 6 жаштагы балдар үчүн жаңы мектептерди жана кошумча класстарды куруу. Болжол менен ар бири 69450 окуучуга ылайыкталган 223 жаңы мектеп куруу талап кылынат.
- Окуу класстарын базалык жабдуулар менен камсыздоо, анын ичинде компьютердик класстар, STEM лабораториялары жана санариптик инфраструктураны түзүү, бардык мектептерди жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтыруу иштери аткарылат.
Окуу материалдары:
- STEM предметтери жана тилдер боюнча окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) кайра карап чыгуу жана түзүү, башталгыч класстар үчүн дүйнөлүк жалпы орто билим берүү системасындагы алдыңкы ийгиликтерди кѳрсѳткѳн программалардын негизинде улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жаңы окуу китептерин түзүү.
- Материалдарды кыргыз жана орус тилдерине которуу жана адаптациялоо. ОМК чыгарууга жана биринчи класстар үчүн даярдоого жыл сайын жетиштүү каражат бөлүнмөкчү, 2026-жылдан баштап жыл сайын окуу китептерин жаңылоо каралат.
Киргизүү этабы (2025-2028)
Максат: Жаңы системага курактык жана мурунку 11 жылдык моделдин этаптарын эске алуу менен поэтаптуу окутууну баштоо.
- 2025/2026-окуу жылы:
- 12 жылдык системага өтүү 6 жаштагы балдарды биринчи класска кабыл алуу, ал эми мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдарды экинчи класска кабыл алуу менен башталат.
- 11 жылдык мектептин үчүнчү класстары 12 жылдык мектептин бешинчи классына өтөт, бул окуу деңгээлиндеги үзгүлтүксүздүктү камсыз кылат.
- Ал эми 11 жылдык мектептин алтынчы класстары 12 жылдык мектептин сегизинчи классына өткөрүлөт, бул эки системанын ортосундагы айырмачылыкты азайтууга жардам берет.
- 2026/2027-окуу жылы:
- Тогузунчу класстын бүтүрүүчүлөрү эки системада бүтүрүү экзамендерин тапшырышат.
- 12-классты бүткөн биринчи окуучулар аттестат алып чыгат, жана алардын билими эл аралык деңгээлде таанылат.
- Окуу программалары:
- Жогорку класстар үчүн профилдик окутуу программаларын түзүү. 10-12-класстарда окуучулар келечек кесибине багыт алып, физика-математика, гуманитардык, социалдык илимдер ж.б. багыттарды тандашат, бул алардын жогорку окуу жайга даярдыгын жогорулатат.
Толук 12 жылдык программага өтүү (2028-жылдан баштап)
Максат: 12 жылдык билим берүү системасын толук кандуу ишке ашыруу жана биринчи толук бүтүрүүчүлөрдү 2028-жылы чыгаруу.
- Билим берүү стандарттары:
- Профилдик окутуу менен практикалык багыттагы программалар толугу менен киргизилет. Ар бир окуучуга башталгыч, негизги жана орто мектепти бүтүрүп, практикалык жана кесиптик жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
- Билим сапатын баалоонун оптималдуу системасына өтүү: бул ар бир окуучунун жетишкендиктерин так баалоого шарт түзөт.
- Социалдык адаптация жана тең мүмкүнчүлүктөр:
- Ар бир 6 жаштагы балага башталгыч билимге бирдей жетүү шарттарын камсыздоо, мектепке чейинки даярдык деңгээлин эске алуу менен.
- Окуучуларга жана ата-энелерге жаңы система менен таанышуу жана адаптациялоо үчүн маалыматтык жана билим берүү ресурстарын жеткирүү.
Адаптация жана адистештирүү этабы (2030-2037)
Максат: Окуучулардын заманбап коомдун жана дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарына шайкеш көндүмдөрдү калыптандыруу.
- Профилдик жана кесиптик окутуу (2030-2031):
- 10-12-класстарда кесипке багыт берүүчү окутуу киргизилет. Окуучулар техникалык жана гуманитардык багыттар боюнча адистешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
- Кесиптик билим берүү курстары менен ишке ашуучу кесиптерди (ашпозчу, жыгач уста, тигүүчү) алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
- Санариптик жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү (2032-2034):
- Санариптик билим берүү ресурстарын киргизүү жана мектептерде STEM сабактарын тереңдетүү үчүн заманбап лабораторияларды түзүү.
- Санариптик окуу китептери, электрондук китепканалар жана аралыктан окутуу үчүн интерактивдүү элементтерди ишке киргизүү.
- Толук адаптацияны аяктоо (2034-2036):
- 12 жылдык мектепти бүтүрүүчүлөр үчүн эл аралык деңгээлде таанылган жыйынтыктоочу аттестация киргизүү.
- Жогорку окуу жайларга же эмгек рыногуна даярдоо, бүтүрүүчүлөрдү дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү кылуу үчүн шарттарды түзүү.
Бул этаптар Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүү системасына толук кандуу өтүүнү камсыз кылууга багытталган жана жалпы билим берүү сапатын жогорулатуу, окутуу процессинде талап кылынган көндүмдөрдү калыптандыруу жана коомдун замандын талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылат.
Комментарийлер