12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: КЕҢЕШИП КЕСКЕН БАРМАК ООРУБАЙТ

  • 12.03.2025
  • 0

Өткөн жумада  өкмөттүн коомчулукта ар кандай  пикирлерди жараткан 12 жылдык мектепке өтүү демилгесине  Президент Садыр Жапаров өзү акыркы чекитти койду.

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: КЕҢЕШИП КЕСКЕН БАРМАК ООРУБАЙТ

 Бул жолу да билим берүү тармагынын жетекчиси Догдуркүл Кендирбаеванын «ар кандай жаңылыкты жайылтууда коомчулукта сөзсүз түрдө аны  колдоого алгандар, пассивдүү байкоочулар, ошондой эле карама-каршы ойду карманган тараптар болору шексиз» деп айтканы чындык болуп чыкты. Анткени Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камила Талиеванын улуттук жаңы билим берүү моделине карата сын пикири каршы чыккандардын билигине май тамызды окшойт, «бизге 12 жылдык мектептин кереги жок» дегендердин бир беткей ойлору интернет бетин каптап кетти. Буга кошул-ташыл өлкөнүн саясий олимпинде таасири боюнча президенттен кийин турган Камчы Ташиевдин аталган маселеге байланыштуу кат жүзүндө элге кайрылууусу маселени андан бетер курчутту. Өзүнүн кайрылуусун ал «мектепте окуу мөөнөтүн 12 жылга чейин узартуу боюнча жүргүзүлгөн аналитиканын негизинде жаралды» деп баштап,  андан ары өз оюн «Биздеги мектептеги билим берүү өтө начарлап кетти, ушул түйшүктү чечмейинче, башка системага умтулуунун кереги жок» деп улантты. УКМК төрагасы бул катында мектептеги окуу мөөнөтүн дагы бир жылга узартуунун бизге зарылдыгы жоктугун «чет мамлекетке барып окууга ыңгайлуу болот дешет, статистиканы алып көргүлөчү, болгону 3-5 % гана бүтүрүүчү Европа, Америкага барып окушат экен,  калгандары КМШ мамлекеттеринде жана өз өлкөбүздө эле жогорку билим алууну улантышат», «каржылык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз, 30,0 минден ашык кошумча мугалим, 200дүн тегерегинде кошумча мектеп зарыл болот’ деп түшүндүрдү. УКМК башчысы азыркы мектептер тууралуу «Биз алдыңкы мектептерди жоюп, аларды  артта калган мектептерге теңеп салдык, бул да чоң көйгөй болду», «билим берүү боюнча негизинен эле айта турган болсок, биз өтө чоң кооптуу абалга бара жатабыз, себеби жогорку окуу жайда окуу жөнөкөй эле акча төлөө, зачётканы толтуруу жана кимдир бирөөлөр үчүн байлык топтоо системасына айланды. Университеттерге окууга барбай эле, миграцияда же чет өлкөлөрдө жүрүп эле диплом алгандар көбөйдү жана бул көрүнүш бардык жогорку окуу жайларда кездешип жатат. Университетти 200,0 студент диплом албаса да, таза жакшы эмгеги менен билим алган 20,0 студент диплом алса, мамлекет үчүн алда канча пайдалуу эмесби!’, ошондуктан «ар бир жогорку окуу жайды текшерүүгө жетишебиз, жакынкы эки жылда коррупциясы жок мамлекетке айланабыз» деди.

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: КЕҢЕШИП КЕСКЕН БАРМАК ООРУБАЙТ

Тилекке каршы, Камчыбек Ташиевдин жаштардын келечегине байланыштуу бул ойлору улуттук жаңы билим берүү моделине карата терс пикирдегилерге майдай жакты. Айрым эл өкүлдөрү, коомдук ишмерлер маселени терең иликтеп көрбөй эле бир тараптуу «Жарабайт!», «Болбойт!» деген пикирлерди айтып жатышты. Реалдуулуктан караманча алыс, абсурд ойду кармангандар «Англия дагы мурунку советтик он жылдык  мектеп системасына өткөнү жатат» деп да  жиберишти. Мунун канчалык»чындыгы» бар экенин Европада билим алып, ошол жакта илимий изилдөө иштерин жүргүзүп жүргөн Рахат Жолдошалиева аттуу биздин мекендешибиз Жогорку Кеңештин комитет жыйынындагы сөздөрдөн кийин: » Ушундай адамдар билимди 12 эмес өмүр бою алса дагы оңолбойт окшойт. Кайдагы Англия СССРдин билим берүү системасына өтүп атат? Бул кайдагы калп!,  Ушул маалыматты ким таратып атат?» деп өз  сунуштарын берди.

 — Биринчиден, эмнеге билим берүүгө келгенде эле ата-энелер дагы, коомчулук, бийлик дагы акча үнөмдөөнү сунуштайт?
Экинчиден, туура эмес маалыматты микрофондон бакыргандар бул системанын тарыхын дагы так билбесе керек.  Бай болгурлар, азыркы Британия тарыхтагы Совет өлкөсүнүн билим берүүсүнүн эч нерсесине кызыкпаса керек. Булардын билим берүү системасынын тамыры терең. Ошол саясатчыларды Англияга, дегеле Британияга жөнөтүп койгулачы сураныч. Капа болбосун, бирок жалпы билим берүү системасын курууда большевиктер кээ бир Америкадагы, Германиядагы окумуштуулардын ойлорун дагы колдонушкан (мисалы, John Dewey).
Үчүнчүдөн, сапатка басым кылган реформалар азыркы системага абдан керек. Ошону менен катар калктын саны өскөндүктөн, баланын саны да өсүп жатат. Демек, сандык дагы маселеси бар. Азыркы билим берүүгө дагы көп инвестиция керек. Мугалимдер жетишпей келет. Жаңы мектеп, көп мугалимдер, окуу куралдары керек. Туура. Бул реформаларды дагы жасаш керек. Кээ бир маселелер кечээ эле башталган жок. Кээ бири ошол совет доорунан бери келе жатат (мисалы, айыл жана шаардын ортосундагы, кыргыз тилдүү жана орус тилдүү мектептердеги билим сапатынын айырмасы). Бирок, туугандар, калайык калк, саясатчылар эмес, жөнөкөй жарандар, айланайындар, жаңы доор жаңы талаптары менен кошо келди. Аларды дагы ойлонушубуз зарыл. Келечектеги коомду, экономика кандай элестетебиз? Ошого карай азыртан кам көрүшүбүз керек. Келечекте дагы деле башка өлкөлөргө ресурс катары орто мектеп билими бар мигранттарды жөнөтөбүзбү? Же туруктуу өнүгүү жолундагы, илим-билимге таянган экономикалык өсүшкө басым кылган коом түзгүбүз келеби? Кеп мына ушунда, – деди.

 Рахат Жолдошалиеванын пикиринде «соңку талкууга катышкандар бир алдын илгерки өткөн доорду мактаса, экинчиси азыркы маселелерди чечүүгө түртсө, калганы келечектеги билим берүү, коом, экономика боюнча сөз кылбай атканы кабатыр кылат».

 — Акырында айтаарым, эгер системаны сапаттуу, сарамжалдуу өнүктүрүү керек десеңиз, анда стратегиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн институттар керек. Билим берүүгө келгенде, Билим берүү академиясы мына ушундай билим берүү саясатына, реформаларга байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттендирилиши керек, – деп өз оюн айтты.

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: КЕҢЕШИП КЕСКЕН БАРМАК ООРУБАЙТ

Батыштын окутуу системасын жакшы билген, креативдүү ойлору менен коомчулукка таанымал ишкер айым Рысгүл Акимжанованын 12-жылдык билим берүү боюнча алгы пикирине да орун берсек. Ал өзүнүн Фейсбуктагы «12 жылдык мектеп сөзсүз керек!» деген постунда «12 жылдык мектеп  чет өлкөдө окууну каалагандар үчүн окуу жайды бүтүргөндүгү тууралуу аттестаттын чет өлкөдө таанылышын жеңилдетет. Буга өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Бул балдардын эрте куракта билим алуусуна шарт түзөт.  Ошондуктан Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын 12 жылдыкка өткөрүү керек» деп жаңы окутуу моделин колдоого алып,  ЖОЖдорду да реформалоо керектигине токтолот.

 — ЖОЖдон көп нерсе жок, студенттерди пачкалап эле чыгарышат, бирок кадр жок. Эптеп эле ата-эненин акчасын каккан, баланын убактысын алган,  жумушсуздукту беш жылга ары жылдырган алаксытма бирдеме болуп калды. Биздин 11 жылдык билим берүү системасы дүйнөлүк системага шайкеш келбеген үчүн, бүтүрүүчүлөр башка өлкөдөгү ЖОЖдорго тапшырса “foundation» деп бир жыл ошол курска окушат. Анын акчасы ошол университеттин төлөмүнөн кем эмес.

 Өз оюн ишкер айым: «Эл аралык стандарттарга жооп бербеген билим берүү системасы кимге ыңгайлуу? Билими жок эл кимге керек? Эл билими жок болсо, кесиби жок болсо, профессионалдык атаандаштыкта жеңилсе, анда кара-күч катары, мигрант катары башка бир өлкөлөргө керек. Эгерде кыргыздар билимдүү болсо, мигрант катары барса да, жогорку квалификациядагы адистерге атаандаштык түзөт. Ошондон коркушат. Билимдүү элден коркушат» деп улантып келип, «Азыркы кылымдын балдарына өткөн кылымдын системасын сунуш кылып отурабыз» деп жыйынтыктайт.

 Ал арада Камчыбек Ташиев «12 жылдык билим берүүгө өтүүгө каршы» пикирин Президент катышкан жыйындан кийин өзгөрткөнүн жарыялады.

 «Мен буга чейин 12 жылдык билим берүүгө карата өзүмдүн тынчсыздануумду билдиргем. Ошол кайрылуумдун натыйжасында, бул маселе боюнча эксперттер, КР Билим берүү министрлигинин жетекчилиги, окумуштуулар жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин катышуусунда атайын жыйын өтүп, кеңири пикир алышып, талкуу кылдык. Мамлекет башчысы да бул маселеге көңүл буруп, тынчсыздануусун билдирип, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен, билим берүүдөгү реформаны этаптарга бөлүү менен дыкат ишке ашыруу чечимин кабыл алды», деп жазды УКМК төрагасы.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер