12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ 

  • 05.03.2025
  • 0

Билим берүү бардык замандарда коомдун бүтүндөй тармактарына таасир этүүчү факторлордун бири болуп келген. Өнүккөн өлкөлөрдүн ийгиликтеринин башкы сыры —  билим берүү тармагына артыкчылык берип, анын сапатын өнүктүрүүгө өзгөчө маани беришкенинде. Анткени, коомдун көздөгөн максатка жетиши билим берүү мекемелеринин максатка ылайык кайтарымдуу иштөөсүнөн көз каранды.  Билим берүү мекемелери  коомдук экономикалык чакырыктарга жооп бериш үчүн  системанын элементтерин такай талдап, өксүктөрдү четтетүү үчүн дайыма эл аралык өрнөктүү тажрыйбаларды  үйрөнүп, алгылыктуу жактарын колдонууга умтулуу  абалында  болгону ийги. Билим берүү системасын жаңы цивилизациялык тенденциялардын  талапарына ылайык түптөй алган Финляндия, Түштүк Корея, Гонконг, Япония, Сингапур сыяктуу ж.б. мамлекеттердин тажрыйбасы ар тараптан үйрөнүүгө татыктуу.  Анткени, мектептер учурда коомдук керектөөнү гана аткарбастан, коомду, экономиканы алдыга жетелеп, жылдыруучу реалдуу күчкө ээ болушу керек.  Мектептер кечээги күнгө эмес, келечекке кызмат кылуусу керек.  

Реформага карата  кайчы пикирлер мыйзам ченемдүү көрүнүш

Билим берүү чөйрөсүндөгү реформалар ар дайым түрдүү сындарга кабылып келген. Бул табийгый нерсе. Анткени, адамдардын дээрлик баары билим берүү системасын бир кездеги окуучу, студент, ата-эне же түздөн-түз тиешеси бар башка карым катыштагы адам катары  ар түрдүү деңгээлде билет жана баа бере алат. Арийне, билим берүү сыяктуу көп каражатты талап кылган  маселени чечүүдө кызыкдар тараптардын пикирлерин үйрөнүү жана эске алуу да маанилүү. Бирок, андай пикирлер дайыма эле маселени ичтен билип изилдеген адистер деңгээлинде негиздүү боло бербейт. Ошону менен бирдикте жаңылануу абдан татаал процесс болгондуктан, билим берүү  чөйрөсүндө  көп жыл иштеген адистер да бир жактуу позицияны кармана албай калышы мүмкүн. Америкалык белгилүү психолог E.M. Роджерс  ар кандай инновацияларга карата  мугалимдердин мамилесин беш топко бөлүп мүнөздөгөн. Биринчиси, жаңычыл  духка ээ мугалимдер (5% га чейин). Алар  — жаңыланууга ачык. Ар кандай нерседен жанылыкты издейт,  карым-катыш, баарлашуудан жаңы нерселерди издешет.  Экинчилер,  инновацияларды башкалар ишке киргизгенден кийинчерээк өздөштүрүп, аларды туурап, өзүн-өзү өнүктүргөндөр. Булар инновацияны  ишке киргизүүгө жай мамиле кылышат. Мындайлар адатта көпчүлүктү  (36%ке чейин) түзөт. Мугалимдер арасында ар кандай демилгелерге, инновацияларга  шектенип, ишенбөөчүлүк менен мамиле кылгандар 34%ды түзөт. Алар инновацияларды өз керектөөлөрүнө карап,  ошондой эле социалдык чөйрөнүн басымы астында  көпчүлүк жактап колдоно баштаганда гана аракетке өтүп өздөштүрө башташат.
Инновацияларга арсар мамиледегилер (16%)  салттуу педагогикалык баалуулуктарды жетекчиликке алышат. Алардын ишмердүүлүгү салттык тажрыйбаларга негизделет. Алар жанылыкты түшүнүүгө кызыгышпайт, ошондуктан башкалардын жаңычыл иш-аракеттерине терс мамиледе болуп, жаңычылдыктын жайылышына тоскоол  болушу мүмкүн.

“Алтын Казык» программасы — улуттук долбоор

 
12 жылдык билим берүүгө каршы болгондорду түшүнсө болот. Анткени алардын көбү «Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет» дегендей,  коомчулук мурдагы натыйжасыз   реформалардан чочуп калган.  Бир жагы мурдагы реформалардын көпчүлүгү ар кандай чет элдик уюмдар тарабынан таңууланып, алардын айткан дегениндей аткарылып, соңунда эч кандай жугуму жок иш-чаралар катары эсте калды.  Ошондуктан азыркы жалпы орто билим берүү системабыз, бир азыраак реставрацияланган советтик системанын чабал үлгүсү катары жашап келе жатат.

Буга байланыштуу мен педагогика илими жана билим берүү чөйрөсүндө 40 жылдан ашык иштеген адис катары сунушталган долбоор көптөгөн адистердин, билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси жана Кыргыз өкмөтүнүн колдоосу менен жактырылган  нукура улуттук долбоор экендигин тастыктай алам.

«Алтын Казык» программасы —  улуттук билим берүү системабыздагы көп жылдан бери топтолуп келген өксүктөрдү тыкыр талдоо менен бирдикте, салттык жана эл аралык тажрыйбаларды айкалыштыруу аркылуу улуттук таламдарга жана эл аралык талаптарга жооп катары иштелип чыккан прагматикалык  долбоор.   Анын алкагында билим берүүнүн  структурасын,  окуу  программаларын, технологиялык каражаттарын, мугалим кадрларын даярдоонун мазмунун  системдүү жаңылоо максаттары айкын белгиленип, аз-аздан ишке аша баштады.  «Алтын Казык» 12 жылдык билим берүүнүн мазмунунун өзөгүнө кыргыз коомун символдоштурган «Боз үй» коюлуп, тирөөчтөрү «Өз алдынчалык», «Кыргызстан жараны», «Ачык инсан», «Жаратман» деген түп максаттарга багыттаган баалуулуктардан турат. Алар жарандык аң-сезим жетик,   өз улутунун  тарыхы, тили, салттык маданияты менен жуурулушкан, көп түрдүүлүккө толеранттуу,  дүйнөлүк илимге өз салымын кошо алган, жаӊы маданиятты курууга даяр жаш муундарды  тарбиялоону көзөмөл тутат. Арийне, Алтын Казык» 12 жылдык билим берүү программасынын алкагындагы документтер ишке киргизүү процесстеринде такай талкууланып, рационалдуу сунуштар берилип турса деген ойдобуз.  Ошону менен бирдикте эл аралык донорлордун салымы чектелип турган азыркы чакта өкмөттүн олуттуу финансалык колдоолоруна реалдуу муктаждык жаралары анык.

 Балдарды алты жаштан окутуудан коркпойлу

12 жылдык билим берүүдө көпчүлүктү түйшөлткөн негизги маселелелердин бири — «Балдарды 6 жаштан окутуу эрте эмеспи?» деген суроо.

 Буга байланыштуу дүйнө алкагындагы илимий-практикалык тажрыйбаларга кайрыла кетүү зарылдыгы бар. Мезгилинде бул маселе тууралуу атайын изилдөө жүргүзгөн дүйнөлүк психологиянын залкар өкүлү Л.С.Выготский германиялык жана америкалык тажрыйбаларды  үйрөнүү менен бирдикте аны москвалык изилдөөлөр менен салыштырып олтуруп, 7-8 жаштагыларга караганда 5-6 жаштагыларды сабаттуулукка үйрөтүү кыйла жеңил болоорун далилдеген.

Балдарды алты жаштан окутууну баштоонун реалдуулугун  физиология илиминин жетишкендиктери да  ырастайт.  Физиологдордун айтуусунда бала төрөлгөндө анын мээсинин салмагы болжол менен 340 граммды түзөт жана алгачкы бир нече жыл ичинде ал укмуштуудай ылдамдыкта өсөт. Биринчи жылдын аягында анын салмагы болжол менен 1100 граммга жетет. 5 жашында баланын мээсинин салмагы чоңдордун мээсинин салмагынын 90%ын  түзөт. Мээнин көптөгөн структуралары да олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, жетилүүнүн белгилүү этаптарынан өтөт. Мээ кыртышынын болушу адамды жаныбарлардан айырмалап турат. Биздин жогорку акыл жөндөмдүүлүктөрүбүз – ой жүгүртүү активдүүлүгүбүз, эс тутумубуз, тил жөндөмүбүз, математикалык ой жүгүртүүбүз үчүн – мээ кыртышынын өнүгүшүнө милдеттүүбүз.  Учурда дүйнөнүн көпчүлүк тилдерине которулуп практикалык колдонмо катары колдонулуп келе жаткан жапон Масару Ибуканын теориясы боюнча бала үч жашка чейин өнүгүүнүн эбегейсиз жолун басып өтөт. Маанилүүлүгү боюнча аны адамдын калган өмүрү менен салыштырууга болот. Адамдын мээси жашоонун алгачкы үч жылында укмуштуудай ылдамдыкта өнүгөт. Дал ушул эрте куракта нейрон байланыштарынын негизги бөлүгү клеткалардын ортосунда түзүлөт. Кийинки ийгиликтүү окуу үчүн зарыл болгон бекем пайдубалды түзүү үчүн бул убакытты текке кетирбөө керек. Ошондуктан  гениалдуу жазуучу жана педагог Л.Н. Толстой «Балалык – бул адамдын пайдбуалы. «Беш жашар баладан мага чейин бир гана кадам. Ал эми ымыркайдан беш жашар балага чейинки аралык жүрѳк түшүрткүдѳй алыс. Карылыктын бир жылы – он эки эле ай,  балалыктын бир жылы – доор” деп жазып олтурат.  Бала дайыма эртерээк чоңоюшун самап, эртерээк окууну каалайт. Ошону менен бирдикте алты жашар баланын окуучулук  ролду жеткиликтүү аткарып кетүү үчүн окуу ыкмаларын үйрөнүүдөн тышкары социалдык-адептик көндүмдөрдүн белгилүү бир деңгээлин өздөштүрүүсү абзел. Айталы алты жаштагы бала мектеп босогосун аттаганда эле, ойноп жаткан оюндарын таштап дароо окуучулук милдетти аткарууга көңүл топтой албайт. Ш.А.Амонашвили адилет белгилегендей, алты жаштагы бала  мектепке окуу үчүн гана эмес, жолдошторуна жолугуу,  алар менен бирге ойноо, жаңылыктарды ортого салуу, жаңы оюнчуктар менен ойноо максатында келет.  Буга байланыштуу башталгыч класс мугалими бир эле мезгилде балдар бакчасынын тарбиячы педагогуна таандык компетенттүүлүктөргө да ээ болушу талап этилет. Ал балдарга талап коюу менен бирдикте алардын табиятын даанышмандык менен ичтен түшүнүп, мээрмандык менен мамиле кылып жолдошчулуктун маанайын түзө алышы абзел.  Ошондуктан балдарды алты жаштан окутууну баштоону алар  алар менен иштеген мугалимдердин компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү иши менен туташ биримдикте кароо абзел. 2014-жылы  сингапурдук мугалимдердин, мектеп директорлорунун, ата-энелеринин, окуучуларынын жана илимпоздорунун арасында  жүргүзүлгөн  сурамжылоо иштеринин натыйжасында  мугалимдин эң маанилүү 10 сапатынан ичинен алардын окуучуларга гумандуу мамилеси жана алардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн таануусуна артыкчылык берилген.

Жаңы моделдеги билим берүүнүн артыкчылыктары

 
Балдар инсан катары активдүү өнүгүү калыптануу мезгилинин көпчүлүгүн алдын-ала  даярдалган ар бир жылы, күнү тыкыр максаттуу уюштурулган программа боюнча пландалып ишке ашырылган, баа өлчөмүнөн өткөрүлгөн, инсанды натыйжалуу үйрөтүү максатын көздөгөн жана жалпысынан сабак формасында же башка жолдор аркылуу жүзөгө ашырылган иш-чаралардын  таасиринде өтөт.  Баарыбызга белгилүү болгондой, мурдагы жалпыга милдеттүү билим берүү 9-жыл менен чектелген 10-11 класстарда окуусун улантууну каалабагандар заматта ылайыгы келген турмуштук чөйрөдө стихиялуу таалим-тарбиянын таасиринде кала берген.  Мектептен тыш таалим-тарбия шартка жараша жеке адам жашаган чөйрөдө атайын программасыз, плансыз көзөмөл алдында же көзөмөлсүз деле ишке ашып пайдалуу нерселер менен бирдикте жосунсуз жоруктар деле үйрөтүлө бериши мүмкүн.

“Алтын казык” программасына ылайык функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүүгө басым жасалат. Функционалдык сабаттуулук —  концепция, окуу, математикалык, илимий, финансылык жана компьютердик сабаттуулук, глобалдык компетенциялар жана креативдүү ой жүгүртүү сыяктуу сапаттардын тутуму. Бул алган билимдерин жана көндүмдөрүн ар кандай турмуштук чөйрөдө колдонууга үйрөтүү дегендик.  Учурда билим сапатынын көрсөткүчү  бул —  функционалдык сабаттуу окуучу. Жашоодо ийгиликтүү болуу үчүн бир гана академиялык билим жетишсиз. Айталы азыр тил сабактарынын эрежелерин он жыл окуп, бирок сабаттуу кат же арыз  жаза албаган окуучулар бар экендиги чындык.

Ошентип, 12 жылдык билим берүүнүн алкагында  окутуунун натыйжасы  катары көптү билүүгө үйрөтүү  менен бирге, билгендерин жашоо турмушта колдонуу  тажрыйбасы, билгичтик жөндөмдөрү биринчи планга чыгат. Мындай натыйжаларга жетишүү үчүн дүйнөлүк билим берүү технологияларынын өнүгүүсүнүн жаңы этабы болгон окуучулардын  реалдуу турмуштук маселелерди чечүү  компетенттүүлүгүн калыптандырууга багытталган STEAM  жана STEM ыкмалары колдонулат. Бул технологиялар  предметтик билимдерди бири-бирине байланышы чабал, үзүл-кесил маалыматтар таризинде окутуудан арылуунун амалы. 12 жылдык билим берүү  — өз алдынча ой жүгүртүп билим ала билген жаратман окуучуну калыптандыруу парадигмасына негизделет. Демек, бул системанын алкагында  үйрөнүү «бармактын мөөрү сыяктуу ар бир кишинин өзүнө гана таандык» иш болгондуктан, окуучунун ролу да өзгөрөт. Мугалим окуучуга жол көрсөткөн, сүрөөнчү-жетекчиге айланат. Мугалимден окуучулардын айырмачылыктарын, үйрөнүү өзгөчөлүктөрүн жакшы билүү, үйрөнүү багыттарын аныктоо жана буга шайкеш үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн ачыкка чыгара билүү  компетенттүүлүктү талап кылат. Окуучунун үйрөнүүгө үйрөнүү иши деген бул ·  өзү ээ болгон билимдерине таянып, жаңы билимдерди өз бетинче үйрөнүү жөндөмү.  Бул  окуучуну өз алдынча ой жүгүртүүгө, башкача айтканда, акыл парасатын толук колдоно билүүгө мажбурлайт. Арийне, окуучуларды өз алдынча ой жүгүртүүгө,  жаратмандыкка үйрөтүү ага шайкеш окуу китептерди жаратууну талап этет.  Ошондуктан физика, математика, химия, биология, англис тил сабактары боюнча  Сингапур мектептеринин окуу китептерин адаптациялоо иштери жүрүп жатат.

Көп нерсе мугалимдерди даярдоодон көз каранды

Билим берүү чөйрөсүндөгү ар кандай ийгилик мугалимдин ишмердүүлүгүнөн көз каранды.  Мыкты мугалимдер болбогон мектепте таалим-тарбия иши сапаттуу болбойт.  Программаларды өзгөртсө болот, өтө көп каражаттарга да ээ болушубуз мүмкүн, физикалык чөйрөнү жаӊыласак болот, окуу сааттарын узартуу, жаӊы муундагы окуу китептерин жаратуу да кыйын эмес, бирок компетенттүү иш билги мугалимдерсиз, аталган аракеттердин кайтарымы ойдогудай ишке ашышы күмөндүү. Бүгүн мектеп үчүн мугалим даярдоонун жалпы философиясын өзгөртүү зарыл. Арийне, мугалимдин билими терең жана көп кырдуу болушу өзгөчө далилди талап кылбаган постулат. Бирок, мугалимдин ишинин натыйжасы башкаларды өзгөртүү, өнүктүрүү, өзүн-өзү өнүктүрүүгө үйрөтүү менен өлчөнүп бааланат.  Мугалим билимди берүүчү, ал эми  окуучу алуучу деген түшүнүктөр башка социалдык-экономикалык кырдаалдарда өзүн актаган парадигмалар. Мугалимдин максаты үйрөнүүгө үйрөнүүчү окуучулардын сандык жана сапаттык жактан өнүктүрүү болуу керек. Заманбап педагог – бул кызыктуу, түшүнүктүү, өз сабагын сүйгөн, жаңы технологияларды өз сабагында колдоно билген, ар бир окуучу менен мамиле  куруп, аны үйрөнүүгө үйрөтө билген  адам.   Тилекке каршы, көпчүлүк ЖОЖдордун окуу пландарынын мазмунунда мугалимди кесиптик ишмердүүлүккө даярдоонун  модели толук долбоорлонгон эмес. Мугалимдерди даярдоонун саясатын, мазмунун, технологиясын иштеп чыгуу милдетин аркалаган  уюмдардын калыптанышы мезгил талабы. Бүгүн ошондой типтеги ЖОЖдордун катарында ОшМПУ гана бар. Мугалимдерди даярдоо үстүндө иштеген ЖОЖдордо кесиптик билим берүүнүн багыттарына карай структуралык реформаларды жасоо. М. Физика багытындагы адисти  жана физика мугалимин бир факультеттин базасында даярдоого болбойт. Буга байланыштуу мугалимдерди даярдаган программалардын баары педагогика факультетинин базасында адистик багыты боюнча программаны ишке ашырган бөлүм, кафедра катары  иштеши  зарыл.  Мындай тажрыйба көпчүлүк мамлекеттерде өзүнүн жемишин берген.

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ 

Aкматали АЛИМБЕКОВ,
Kыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илиминин доктору

Бөлүшүү

Комментарийлер