12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

  • 17.03.2025
  • 0

Кыргызстанда билим берүү системасын өркүндөтүү максатында 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселеси актуалдуу бойдон калууда. Бул реформанын ийгиликтүү ишке ашышы үчүн анын негизги багыттарын, билим берүү стандарттарына жана мугалимдерди даярдоого тийгизген таасирин терең талдоо зарыл. Дал ушул максатта Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде тегерек стол өтүп, анда окумуштуулар, педагогдор, мектеп жетекчилери, мугалимдери жана билим берүү стандарттарын түзүүчүлөр бул теманы кеңири талкуулашты.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

Талкуунун негизги маселелери — тегерек столдун алкагында негизги маселелер көтөрүлдү: 12 жылдык билим берүү концепциясы жана анын зарылдыгы – дүйнөлүк практикадагы тажрыйбалар жана Кыргызстандын билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр; мугалимдерди даярдоонун жаңы талаптары – педагогикалык ЖОЖдордун окуу программаларын реформалоо, мугалимдердин кесиптик стандарттарын жаңылоо жана мамлекеттик билим берүү стандартынын реформасы – жаңы программалардын мазмуну, окуу жүктөмүнүн туура бөлүштүрүлүшү жана заманбап методикаларды киргизүү.

Талкуудан тактык жаралат

 Н.Ишекеев, Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, УИАнын мүчө-корреспонденти, п.и.д., профессор:

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

— Бүткүл дүйнөдө билим берүүнүн методологиясы, философиясы чоӊ реформага кабылып жатат. Биз ошол агымдан сыртта калбай, дүйнөлүк агымга аралышыбыз керек, интеграция болушубуз керек. Мына ушул өӊүттөн алып караганда,  Билим берүү  жана илим министрлиги абдан чоӊ реформаны баштады. Муну эчак эле башташыбыз керек болчу, биз кыйла жылдар бою кечиктик. Максаты эмнеде? Максат — билим берүү сапатын жаӊы деӊгээлге алып чыгуу.

Р.Сулайманова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор:

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

 

 

— Мугалимдерди даярдоо — 12 жылдык билим берүүнүн ийгиликтүү ишке ашышынын башкы шарты. Мугалим — билим берүү реформаларынын жүрөгү. 12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө мугалимдерди сапаттуу даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу негизги маселелердин бири болуп саналат. Учурда педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Бирок реформа ийгиликтүү ишке ашышы үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө ишке ашырылышы керек.

ЖОЖдордогу педагогикалык билим берүүнү реформалоодо мугалимдерди даярдоо системасы 12 жылдык билим берүүнүн талаптарына шайкеш келиши зарыл.

Бүгүнкү күндө педагогикалык адистиктер боюнча окуу программалары жаңыланып, заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүү боюнча курстар иштелип чыгууда. Бирок бул жетишсиз. Ал үчүн педагогикалык институттардын, факультеттердин окуу пландарын кайра карап чыгуу, заманбап мугалимге керектүү көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган сабактарды көбөйтүү керек. Өтүлүп жаткан дисциплиналар практикага негизделген, интерактивдүү жана өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк бергендей форматта болсо. XXI кылымдын мугалими жөн гана билим берүүчү эмес, билимди башкаруучу жана жетектөөчү болушу керек. Андыктан мугалимдерге лидерлик, тайм-менеджмент, чыгармачылык ой жүгүртүү сыяктуу заманбап көндүмдөрдү калыптандыруу зарыл.

А.Токтомамбетов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору, п.и.к., доцент:

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

 

— Билим берүү тутумунун сапаты — коомдук өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири. Бирок учурдагы билим берүү абалы көпчүлүк тараптарды, анын ичинде мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди канааттандырбайт. Кыргызстандын бардык билим берүү баскычтарында — бала бакчадан тартып жогорку окуу жайларына чейин олуттуу көйгөйлөр бар.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, жогорку окуу жайын бүтүргөн 100 бүтүрүүчүнүн болгону 15и гана мектепте эмгектенүүгө калат. Бул көрсөткүч билим берүү системасындагы кадрдык потенциалдын начарлашы жана мугалимдик кесипке болгон кызыгуу төмөндөп жатканын көрсөтөт. Демек, биздин башкы максатыбыз — билим алып, бирок аны практикада колдонбогон бүтүрүүчүлөрдүн санын кыскартуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.

Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо үчүн «Алтын казык» программасы сунушталууда. 12 жылдык билим берүүнүн концепциясын ишке ашыруу  “Алтын Казык” программасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Программа үч негизги багытта жүргүзүлөт: Инфраструктураны өнүктүрүү — заманбап класстарды, окуу жайларын жана мектептерди куруу, техникалык жабдууларды жаңыртуу; окуу мазмунун реформалоо — билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, окуу китептерин жана усулдук колдонмолорду жаңылоо; мугалимдерди жана мектеп жетекчилерин кайра даярдоо — жаңы технологияларды өздөштүрүү, педагогикалык квалификацияны жогорулатуу.

Бул өзгөрүүлөрдүн өзөгүн окутуу методикасынын жаңыланышы түзөт. Билим берүүдө эки негизги түшүнүк бар:

Билим алуу же билим берүү (information acquisition) — адам керектүү билимди алат, бирок ал ар дайым турмуштук жүрүм-турумга таасир эте бербейт;

Өзгөрүү (transformation) — алынган билим адамдын көз карашын, жүрүм-турумун жана жашоо образын өзгөртөт. Мисалы, көпчүлүк тамекинин жана алкоголдун зыянын жакшы билгени менен, ага карата жүрүм-турумду өзгөртпөйт. Демек, билим берүү процесси жөн гана маалымат берүү менен чектелбестен, инсандык өнүгүүнү жана коомдук жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталышы керек.

Билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдүн негизги векторлору

12 жылдык билим берүү реформасынын негизги максаты — билим берүү методикасын жаңыртуу жана коомдун талабына ылайык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу. Бул үчүн төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл:

Методиканы өзгөртүү — мугалимдер окутуу усулдарын заманбап шарттарга ылайыкташтырып, окутуунун активдүү, критикалык ой жүгүртүүгө жана практикалык жөндөмдөргө багытталган моделдерин иштеп чыгышы керек; өз алдынча билим алуу жана өнүгүү — окуучуларга маалыматты жаттоо эмес, анализдөө, талдоо жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу маанилүү; өзүн таануу концепциясын киргизүү — билим берүү инсандын интеллектуалдык гана эмес, эмоционалдык жана моралдык өнүгүүсүн да камсыз кылышы керек.

Билим берүү системасынын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн мугалимдер өзү өзгөрүүгө даяр болушу зарыл. 12 жылдык билим берүү реформасы мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, билим берүү методикасын жаңылоого жана окуучуларды активдүү үйрөнүүгө багыттаган жаңы стандарттарды иштеп чыгууга умтулат. Өлкөнүн өнүгүүсү жаратылыш байлыктарына гана эмес, адам капиталынын сапатына көз каранды. Ошондуктан, билим берүү процесси терең билимди гана эмес, коомдогу позитивдүү өзгөрүүлөрдү жаратуучу жаңы муунду тарбиялоого багытталышы керек.

У.Мамбетакунов, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору, п.и.д., профессор:

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

&nbsp-  Мектепке чейинки билим берүү стандартынын максаты — сапаттуу мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү

камсыз кылуу; жашоону коргоо жана ден соолукту чыңдоо, балдардын жекече муктаждыктарын жана курактык өзгөчөлүктөрүн, социалдык ыңгайлашуусун жана мектепте окууга психологиялык даярдыгын эске алуу менен өнүктүрүү.

Мектепке чейинки стандартты түзүү алдында министрлик тарабынан мазмуну боюнча жөнөкөй тарбиячыга, ата-энеге ж.б. бардык адамдар үчүн түшүнүктүү болсун жана көлөмү жактан кыскартылсын деген тапшырма берилген. Биз аларды эске алдык.

Биз колдонуп жаткан стандарт менен сунушталып жаткан стандартта кандай өзгөрүүлөр болду?

Колдонулуп жаткан стандарт 18 бөлүмдөн, 85 пункттан, 2 тиркемеден туруп, 52 бет көлөмдө болгон, ал эми сунушталып жаткан стандарт 5 бөлүмдөн, 31 пункттан, 4 тиркемеден туруп, 24 бет көлөмүндө жазылды.  Ошондой эле колдонулуп жаткан стандартта 51 негизги түшүнүк камтылып, физикалык, когнитивдик, социалдык жана эмоционалдык, чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү, сабаттуулук жана коммуникация жаатындагы билим берүүнүн натыйжалары сүрөттөлөт болчу,  ал эми сунушталып жаткан стандартта 44 негизги түшүнүк камтылып, 4 компетенттүүлүккө басым жасалды.  Алар, өз алдынча, жоопкерчиликтүү жана ийкемдүү инсан, ачык, сезимтал жана өз дараметине ишенген адам, чыгармачыл жаратман жана эмгекчил адам, Кыргызстан жараны. Жүрөгү Кыргызстан жараны деп согуп турушу керек. Бул улуттук баалуулуктардын принциптерине кармануу дегендик. Мектепке чейинки билим берүүнүн негизги компетенттүүлүктөрү эрте курактагы жана мектепке чейинки курактагы балдардын негизги иш-аракеттери аркылуу өнүгөт. Компетенттүүлүктөр баланын өнүгүү чөйрөсүнө негизделет, мектепке чейинки жана жалпы мектепте билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат жана заманбап дүйнөдө өмүр бою билим алуу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган. Бала бакчада бул компетенттүүлүктөрдүн башталышы негизи калыптанат, андан ары мектепте, жогорку окуу жайларда толукталып, өмүр бою калып туруучу процесс. Ошондой эле колдонуп жаткан стандарттын айрым бөлүмдөрү калды, анткени алар стандартта болушу керек.

Эӊ негизгиси мектепке чейинки билим берүүнүн философиясы — КРнын мектепке чейинки билим берүү системасы жашоону өз алдынча жана жоопкерчиликтүү тандоого, чыгармачылык менен өзүн көрсөтүүгө, коомдо натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жана өлкөнүн турмушуна активдүү катышууга жөндөмдүү инсанды калыптандырууга багытталган.

Мамлекеттик стандарт зарылчылыкка жараша кайра каралат,

толукталат жана актуалдаштырылат.

Мамлекеттик стандарт кесиптик жана жогорку кесиптик билим

берүүнүн, ошондой эле педагогикалык кызматкерлерге кошумча билим берүүнүн мазмунун калыптандырууда негизги ченемдик-укуктук документтердин бири болуп саналат. Бул стандарттар Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жайгаштырылган, коомчулуктун талкуусунда турат, ар бир адам таанышып, сунушун айтса болот.

А.Алимбеков, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Педагогика бөлүмүнүн профессору, п.и.д., профессор:

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

— Эӊ биринчи бул маселе боюнча бүгүнкү коомдо, өзгөчө педагогикалык коомчулукта реалдуу талкуу жүрүп жатат, анткени мектепке тиешеси жок адам жок.  Мугалим катары, ата-эне катары, окуучу катары бардык адамдардын мектепке тиешеси бар. Анын үстүнө Кыргызстанда 7 млн калкыбыздын 37%ы мектеп окуучусу. Реформа боюнча пикирлер реалдуу тарыхыбызда жаралган нерсе, реформага этият мамиле жасоо керек.

Менин жеке пикирим, бардык эле учурда жаӊылык оӊойлук менен кабыл алынбайт. Америкалык окумуштуу E.M. Роджерс: «Мугалимдердин 5%ы гана жаӊычылдыкта болот, 36%ы башкалар киргизген демилгени дароо колдоп кеткендер, 34% жаӊычылдыкка ишенбөөчүлүк менен мамиле кылгандар, 16%ы өзүнүн ишине көнгөндөр. Мына ушулар тоскоолдук  кылып, реформага кедергисин тийгизет» дейт. Бул 12 жылдык “Алтын Казык” программасы, мен адис катары айта аламын, өнүккөн мамлекеттердин сын-пикиринен өткөн. 12 жылдык билим берүү дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп, жогорку натыйжа берип жатат. Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү негизги артыкчылыктары катары алты жаштан окутуу болуп жатат. Алты жаштан окутуу бул эч кандай күмөн жаратпайт. Совет окумуштуусу, психолог Л.С.Выготский германиялык жана америкалык тажрыйбаларды  үйрөнүү менен бирдикте аны москвалык изилдөөлөр менен салыштырып олтуруп, 7-8 жаштагыларга караганда, 5-6 жаштагыларды сабаттуулукка үйрөтүү алда канча оӊой болоорун далилдеген. Экинчиден, 12 жылдык билим берүүдө баалуулук маселеси башкы орунга коюлган. Азыркы учурда мектепте иштеп жаткан моделдер баалуулук жактан өксүп калган учур. Баардык кесиптин жыйынтыгы, олимпиаданын жыйынтыгы. Билим берүүнүн борборуна адам инсанын коюу экинчи планда калган. «Алтын Казык» 12 жылдык билим берүүнүн мазмунунун өзөгүнө кыргыз коомун символдоштурган «Боз үй» коюлуп, тирөөчтөрү «Өз алдынчалык», «Кыргызстан жараны», «Ачык инсан», «Жаратман» деген түп максаттарга багыттаган баалуулуктардан турат, демек, бул улуттук баалуулуктарга негизделген улуттук долбоор.

Үчүнчү артыкчылыгы — функционалдык сабаттуулуктун маанилүүлүгү жана билим берүүдөгү актуалдуулугу.

Функционалдык сабаттуулук — заманбап билим берүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Ал окуучулардын алган билимдерин реалдуу турмушта колдонуу жөндөмдүүлүгүн камтыйт. Учурдагы билим берүү практикасы көрсөткөндөй, көпчүлүк окуучулар мектепте алган теориялык билимдерин күнүмдүк жашоодо натыйжалуу пайдалана албай жатышат. Мисалы, 11-классты аяктаган окуучулардын жазуу иштери анализденгенде, алардын кыргыз тилин 11 жыл окуганынын белгилери анча байкалбай турганы белгилүү болду. Бул функционалдык сабаттуулуктун жетишсиздигин көрсөтөт. Ошондой эле табигый илимдер багытында окутулган материалдар турмуштук контекст менен байланыштырылбай жаткандыктан, окуучулар химия сабагында Coca-Cola суусундугунун курамы жана анын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу так маалымат ала алышпайт. Мындан тышкары, билим берүү процесси окуучуларды проблеманы чечүү жөндөмдүүлүгүнө үйрөтүүгө тийиш болсо да, кээ бир учурларда окуучулар коомдо жана үй-бүлөдө көйгөйлөрдү чечкендин ордуна, тескерисинче, жаңы социалдык маселелердин жаралышына түрткү берип жатышат. Мындай абал билим берүү методикасында проблема чечүүгө багытталган окутуу стратегияларын күчөтүүнү талап кылат. Ар бир сабактын мазмуну жана окутуу ыкмалары окуучулардын сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүүгө жана турмуштук кырдаалдарда колдонулуучу билимдерди берүүгө багытталууга тийиш.

Жалпылап айтканда, билим берүүнүн сапатын жогорулатууда функционалдык сабаттуулук негизги факторлордун бири катары каралышы керек. Окуучуларга билимди механикалык түрдө берүү эмес, аны турмуштук кырдаалдарга ылайыкташтыруу жана күнүмдүк жашоодо натыйжалуу пайдалануу көндүмдөрүн үйрөтүү заманбап билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыты болушу зарыл.

Мындан тышкары негизги маселе, бардык нерсени ишке ашыра турган мугалимдерди даярдоодо турат. Бул үчүн ЖОЖдоргу структура өзгөрүшү керек, мугалимдик адистикти даярдаган бөлүмдөрдө билим берүүдө дайыма бала кайсы жерде, кайсы деӊгээлде экенин билип туруу керек, ал үчүн  “Окутуунун натыйжаларын өлчөө жана баалоо” дисциплинасы киргизилиши керек. Балдар мектептин эле таасири менен жашабайт, социалдык чөйрөнүн таасири күчтүүрөк. Анын жакшы жактарын актуалдаштыруу үчүн, жаман жактарын нейтралдаштыруу үчүн “Социалдык педагогика” деген сабак бардык мугалимдерди даярдоо программаларында болушу талапка ылайык. Кыргыз элинин тилин, тарыхын, маданиятын жаш муундар үчүн жашартуу үчүн Президентибиз “Уӊгүжол” программасын сунуштап, ишке ашыруу процесси жүрүп жатат, бул деген кыргыз баласы кыргыз болушу керек деген сөз. Тилекке каршы, өӊү кыргыз, бирок өзү кыргыз эмес балдарыбыз көп. Мына ушундай балдарды тарбиялоодо “Кыргыз этнопедагогикасы” сабагын өздөштүрбөгөн мугалим, аны ишке ашыра албайт. Мен азыр 2-3 сабактардын гана мисалын айттым. Мектеп талабы көптөгөн сабактарды киргизүүнү талап кылат. Жогорку окуу жайлар структуралык реформага муктаж.

Г.Мадаминов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, п.и.к., доцент:

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

— Бул сыяктуу жогорку окуу жайларындагы талкууларга мектеп өкүлдөрү катышса абдан жакшы. Анткени, албетте, теорияны өздөштүрүү жакшы, бирок бардык проблема жон териси менен тартып иштеп жаткан мугалимдерге ачыгыраак көрүнүп турат. Мен бул жаӊылануулардын болуп жатканына өтө сүйүнүп турам. Анткени мен бул маселени 30 жылдан бери айтып, жеткире албай жаткан экенмин. Жаңылануунун  артыкчылыгы катары азыркы балдар проблеманы жаратуучу эмес, проблеманы чечүүчү болуусу керек деген талаптар коюлуп жатат, биз тараптан бул убакытка чейин проблемалуу лаборатория ачылган. Ошондой эле “Акыл эмгеги” деген китепте биздин балдар үч өзөктүү нерсени өздөштүрө албай жатат деп 1999-жылы жазылган. Алар: биринчи — укканын түшүнбөйт, экинчи — окуганын түшүнбөйт, үчүнчү — көргөнүнөн маалымат ала албайт. Эң негизгиси окуган маалыматтын ичинен негизгисин бөлүп ала албайт. Ушул үч чоң проблеманы чечүү үчүн бир нече китептер жазылган. Алар орус, түрк, англис тилдерине которулуп, башка өлкөлөдө да колдонулуп жатат.

Билим жана тарбия берүү үй-бүлөдөгү ата-эненин психологиялык абалынан көз каранды. Балага үй-бүлөдө ыӊгайлуу жагдай түзүлбөсө, биздин сөздөрүбүздүн баары көп сөз бойдон калып кетет деп 1996-жылдан бери “Энелер мектебин” окутуп келе жатабыз. Баланын социалдашуусу үчүн ата-энени даярдашыбыз керек.  Мектепке чейинки мекеме болобу, мектеп болобу, орто кесиптик же жогорку окуу жай болобу ата-энелер менен бирге тыгыз иш алып барганда гана билим берүүнүн натыйжасы жогорку деңгээлге чыгууга мүмкүн.

Билим берүү жана илим министринин бакчадан баштап, мектеп, орто жана жогорку окуу жайларды комплекстүү өзгөртөм деп жатканы өтө жакшы. Азыркы  жаңыланууга мектепке чейинки билим берүү мекемелери, мектеп, ЖОЖдор чогуу аралашуусу маанилүү. Директорлордон көп нерсе көз каранды, ошондуктан директорлорду да бул процесстерге аралаштыруу керек.

Г.Казиева, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика жана психология институтунун директору:

— 12 жылдык системага өтүүдө мугалимдердин айлык төлөө маселесин кароо маанилүү. Жаңы билим берүү системасына өткөндө бардык мугалимдерге ноутбук берилип, айлык акы текши көтөрүлгөнү менен мугалимдин өзүндө өзгөрүү болбосо эч кандай натыйжа болбойт. Мугалимдин кесиптик деңгээлин көтөрүү үчүн дифференциалдык эмгек акы системасын киргизүү зарылдыгы бар. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган, инновациялык усулдарды колдонгон, чыгармачыл жана жигердүү мугалимдерди материалдык жактан колдоо – бул билим берүү системасын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү. Мындай жагдайда мугалимдер арасында атандашуу жаралып, аларды шыктандырат. Ошондой эле, ата-энелер үчүн кызыктуу семинарларды өткөрүү таржрыйбасын колдонуу да  маанилүү.

Экинчиден, мектеп 12 жылдык билим берүү системасына өтүп дүйнөлүк тенденцияга ылайыкташып жаткандан кийин жогорку окуу жайларда дагы дүйнөлүк тенденциядагы тажрыйбалар эске алынышы керек. Мисалы, мектепте 12 жылдык билим берүү жүргүзүлсө, жогорку окуу жайларда бакалавр үч жылдык болуп, 1-2-курстагы базалык бөлүмдөгү мектепти кайталаган дисциплиналар алынышы керек. Ошону менен бирге бакалаврды бүтүп, өзүнүн профили боюнча магистратурада билим алууну улантса бир жыл, ал эми профилин алмаштырса эки жыл болуусу талапка ылайык. Мисалы, бакалаврда кыргыз тили мугалимин аяктап, магистратурага башталгыч билим берүү профилинде окууну улантууну кааласа эки жыл окутулуусу туура деп эсептейм.

&nbspҮчүнчүдөн, билим берүү процессинде мектепке чейинки мекемелерде, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлери чогуу иш алып баруу керек деген маселе ушул сыяктуу тегерек столдордо гана айтылып сөз боюнча эле калып ишке ашпай жатат. Мектептин билим берүү стандарттарын жазууда ЖОЖдор, ЖОЖдун стандарттарын жазууда мектеп катышпай жатат. Мисалы, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика жана психология институту 80 жылдан бери башталгыч класстардын мугалимдерин даярдап келет, бирок башталгыч класстардын билим берүү стандартын түзүүдө жумушчу топко эмне үчүн биздин институттан окутуучулар чакырылбайт? — деген суроо жаралат. Азыркы учурда жаңы жазылган билим берүү стандартында кандай өзгөрүүлөр болуп, эмнелер камтылганы бизге белгисиз, тунгуюк болуп турат. ЖОЖдордогу окуу-методикалык комплекстер 12 жылдык билим берүү системасына ылайык түзүлгөн стандарттарга карата өзгөртүлүшү керек деп жатабыз,  мектепте эмне өзгөрүү болгондугун азырынча билбейбиз. Качан гана “Кут Билим” гезитине чыккандан кийин гана өзгөртпөстөн, ошол процесске чогуу аралашып, окуу-методикалык комплекстерди стандарт менен чогуу паралель өзгөрткөнүбүздө продуктивдүү иш жаралмак. Тилекке каршы, андай болбой ар ким өзүнүн казанында кайнап жатканы өкүнүчтүү.

Ж.Абдыракунова, К.Карасаев атындагы БМУнун педагогикалык билим берүү факультетинин башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы:

— 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө  эң негизги маселе катары төмөнкүлөрдү белгилегим келет:

  1. Материалдык-техникалык база жана инфраструктура. 12 жылдык билим берүү системасы үчүн мектептердин жетиштүү материалдык-техникалык камсыздалышы абдан маанилүү. Бул үчүн: мектептердин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери лабораториялар, китепканалар, заманбап класстар менен камсыздоо, санариптик технологияларды интеграциялоо талап кылынат.
  2. Ата-эне, мектеп жана коомчулуктун биргелешкен ишин күчөтүү. Билим берүү процесси жалгыз мугалимдердин мойнунда болбошу керек. Ата-энелер жана коомчулук активдүү катышса, билим сапаты кыйла жогорулайт. Мисалы,ата-энелерге бала тарбиялоодо методикалык колдоо көрсөтсө, коомдук уюмдар менен өнөктөштүк түзүү окуучуларга жашоо-тиричилик көндүмдөрүн үйрөтүүдө жогорку натыйжа берет.
  3. Жаңы программаны иштеп чыгуу жана кыргыз маданиятына шайкеш келтирүү. Дүйнөлүк тажрыйбага таянуу менен жогоруда айтылгандай,кыргыз элинин өзгөчөлүгүн эске алуу маанилүү. Бул үчүн: Окутуу программалары кыргыз менталитетине ылайыкташтырылышы керек. Мугалимдерди даярдоодо улуттук баалуулуктарга негизделген методикалар иштелип чыгышы зарыл. Алимбеков Акматали агай белгилегендей,Кыргыз мугалиминин жаңы моделин иштеп чыгуу керек.
  4. Билимди жашоого байланыштырып үйрөтүү. Окуучулар алган билимин турмушта колдоно билүүсү керек. Теория менен практиканын байланышын чыңдоо үчүн: STEM (илим, технология, инженерия, математика) окутууну күчөтүү зарыл деп эсептейм.

Э.Куштарбек кызы, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

— 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мектепке чейинки билим берүүдөн келип чыккан көйгөйлөргө токтолуп кетүүнү туура көрүп турам:

Эң эле биринчи көйгөй — бул бала бакчалардын жетишсиздиги, расмий маалыматтар боюнча өлкө боюнча бала бакчаларга муктаждык өтө жогору,  айрыкча, айыл жерлеринде бала бакчалар жок же жетишсиз;

Ошондой эле каржылоонун жетишсиздиги. Мектепке чейинки билим берүү учурда мамлекеттик бюджеттен жетиштүү каржыланбайт, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасы начар, жеке бала бакчалардын кызматы кымбат болгондуктан, көпчүлүк үй-бүлөлөр колдоно албайт, ошол себептен балдар үйдө; педагогдордун жетишсиздиги жана квалификациясынын төмөндүгү. Бала бакчаларда иштеген тарбиячылардын эмгек акысы төмөн болгондуктан, адистердин иштөөгө туруксуздугу. Заманбап окутуу методикалары жана педагогикалык даярдык жетишсиз; бала бакчалардагы ашыкча жүктөм. Топтордо балдардын саны ашыкча болгондуктан, тарбиянын жана билим берүүнүн сапаты төмөндөйт; мамлекеттик көзөмөлдүн жетишсиздиги. Жеке бала бакчалардын ишмердүүлүгү толук көзөмөлдөнбөйт, сапат стандарттары ар кандай; ата-энелердин маалымдуулугунун төмөндүгү. Жаңы реформаны түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги, коомчулуктун 12 жылдык билим берүү боюнча ар кандай пикирлери.

Педагогдордун билимин жогорулатуу стратегиялары

1) Окуу программаларын жаңылоо. Педагогдор үчүн 12 жылдык билим берүү стандарттарына ылайык жаңы окуу курстары иштелип чыгышы керек.

2) Тарбиячыларды жана мугалимдерди кайра даярдоо. Педагогикалык жогорку окуу жайларда жана колледждерде мектепке чейинки билим берүү боюнча адистерди окутууну күчөтүү. Учурда иштеп жаткан тарбиячыларды квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөрүү.

3) Эл аралык тажрыйбаны колдонуу. Чет өлкөлүк педагогикалык тажрыйбаларды жергиликтүү шартка ыңгайлаштыруу. Онлайн курстар жана алдыңкы тарбиячылар үчүн тажрыйба алмашуу программаларын киргизүү.

Ата-энелердин ролун күчөтүү

1) Мектепке чейинки билим берүүнү колдоо. 12 жылдык билим берүүгө даярдык көрүү үчүн ата-энелердин маалыматтуулугун жогорулатуу. Баланы эрте куракта өнүктүрүү үчүн бала бакчалардын ролун түшүнүү жана ага колдоо көрсөтүү.

2) Бала бакча менен үй-бүлөнүн кызматташтыгын күчөтүү. Ата-энелерди бала бакчанын ишмердүүлүгүнө тартуу, педагогдор менен үзгүлтүксүз байланышта болууга үгүттөө. Үйдө окутуу жана тарбиялоо аркылуу баланын интеллектуалдык жана социалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү керек экенин түшүндүрүү.

3) Ата-энелердин билимин жогорулатуу. Бала тарбиялоо жана психология боюнча тренингдерге, консультацияларга катыштыруу. Ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугун арттыруу үчүн маалыматтык ресурстарды колдонуу.

4) Бала бакчалардын өнүгүүсүнө көмөктөшүү. Жарандык демилгелерди колдоо, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга салым кошуу. Балдардын өнүгүүсү үчүн кошумча билим берүү программаларын уюштурууга көмөктөшүү.

Ү.Нурматова, Бишкек шаарынын №64 орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары:

— Мектеп мугалимдери билим берүү системасындагы эң маанилүү фигура болуп саналат. Мугалимдер – билим берүү системасындагы негизги каарман. Алар билим берүү менен гана чектелбестен, окуучулардын инсандык өнүгүүсүнө, алардын дүйнө таанымына, ишкердик, социалдык жана эмоционалдык жөндөмдөрүнө таасир этет. Мугалимдин өзгөрүүлөргө даярдыгы — бул анын заманбап муктаждыктарды жана билим берүү ыкмаларын кабыл ала алган жөндөмдүүлүгү.

Өзгөрүүгө даяр мугалимдер окуучулардын келечектеги жетишкендиктерине таасир этет. Билим берүү тармагындагы оң өзгөрүүлөр коомдо чоң жыйынтыктарды алып келет. Өзгөрүү – бул бардык мугалимдер үчүн чоң мүмкүнчүлүк, алар өзүн-өзү өркүндөтүү жана билим берүү чөйрөсүндө чоң ийгиликтерди жаратат.

А.Жолдошева, Ош мамлекеттик университетинин Психология кафедрасынын профессору:

— Билим берүү системасын өнүктүрүү ар бир мамлекеттин

келечегинин негизи болуп саналат. Кыргыз Республикасындагы билим берүү тармагында 12 жылдык окутуу системасына өтүү демилгеси балдардын интеллектуалдык, психологиялык жана социалдык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзөт. Ошол эле учурда, билим берүү процессинде окуучулардын психологиялык абалын көзөмөлдөө жана аларга кесип тандоо жаатында колдоо көрсөтүү маселеси актуалдуу бойдон калууда. Ушуга байланыштуу, мектептерде психологдордун штатын түзүү жана алардын ролун күчөтүү билим берүү системасынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мектептерде психологдордун штатын түзүүнүн маанилүүлүгү Окуучулардын психологиялык абалы алардын окуудагы жетишкендиктерине жана келечектеги социалдык ийгиликтерине түздөн-түз таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө көптөгөн окуучулар стресстик абалга туш болушат, эмоционалдык кыйынчылыктарга кабылат жана кесип тандоодо чечим кабыл алууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Бул маселелерди чечүү үчүн мектептерде квалификациялуу психологдор иш алып барууга тийиш. Алар төмөнкү негизги багыттар боюнча иш алып бара алышат:

Психологиялык кеңеш берүү — Окуучулардын стресске туруштук бере алуусун, эмоционалдык туруктуулугун жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү.

Кесиптик багыт берүү — Окуучулардын кызыкчылыктарын, жөндөмдүүлүктөрүн жана потенциалын анализдөө аркылуу аларга туура кесип тандоого жардам берүү.

Ата-энелер менен иштөө — Балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берип, алардын окуусуна жана өнүгүүсүнө ата-энелердин туура мамиле жасоосун камсыз кылуу.

Мугалимдерге жардам берүү — окуучулардын жүрүм-турумун анализдеп, мугалимдерге окутуу методикасын тууралаш үчүн кеңеш берүү.

Кесип тандоодо психологдун орду

Кесип тандоо — бул адамдын жашоосундагы маанилүү чечимдердин бири. Кыргызстанда көпчүлүк окуучулар кээде кысымдын же маалымдуулуктун жетишсиздигинин негизинде туура эмес кесип тандап алышы мүмкүн. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мектеп психологдору төмөнкү методдорду колдонушу зарыл:

Психодиагностикалык тесттер — окуучулардын жөндөмдүүлүгүн жана кызыкчылыктарын аныктоо үчүн атайын тесттерди колдонуу.

Жеке жана топтук консультациялар — окуучулар менен жеке жана топтук негизде жолугушууларды өткөрүү.

Практикалык тажрыйба берүү — кесиптик багыт берүү программаларын уюштуруу, ишканалар менен кызматташуу аркылуу окуучуларга реалдуу тажрыйба алууга шарт түзүү.

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү билим сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам. Бирок бул процесс окуучулардын психологиялык абалын жана кесип тандоо процессин эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Ошондуктан, мектептерде психологдордун штатын ачуу жана алардын ролун күчөтүү билим берүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Министрлик бул демилгени колдоп, окуучулардын психологиялык жана карьералык өнүгүүсүнө жардам берүүчү механизмдерди түзүүсү абзел.

Соңку сөз

Талкуунун жүрүшүндө 12 жылдык билим берүүгө өтүү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн маанилүү экени белгиленди. Ошондой эле, бул реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн төмөнкү сунуштар айтылды:

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

Педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу программаларын ишке ашыруу.

Окуу программаларын жаңы стандарттарга ылайыктап жаңыртуу.

12 жылдык билим берүүнүн этап-этабы менен ишке киргизилишин камсыздоо.

Ата-энелердин тарбия методикасы боюнча билимин өркүндөтүү — билим берүү системасын өркүндөтүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ата-энелер үчүн атайын билим берүү программаларын ишке ашыруу жана ата-энелердин катышуусун милдеттендирилиши зарыл.

Мектептерде психологдордун штатын түзүү жана алардын ролун күчөтүү. Ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасынын артыкчылыктарын жана анын зарылдыгын коомчулукка жеткирүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Бул маселенин маанилүүлүгүн кеңири коомдук талкуулар аркылуу ачып көрсөтүү, маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жана билим берүү жаатында туруктуу иштерди жүргүзүү келечекте ийгиликтүү реформалардын ишке ашуусуна өбөлгө түзөт.

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,

Р.СУЛАЙМАНОВА, Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор,

А.ЖУМАТАЕВА,  п.и.к., доцент

 

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛДУН

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

 Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн «12 жылдык билим берүү: Алдыга кадам» аттуу тегерек столдун жыйынтыгы боюнча төмөнкү резолюция кабыл алынды.

  1. 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн зарылдыгы

Тегерек столдун катышуучулары билим берүү системасын өркүндөтүү максатында Кыргызстандын 12 жылдык билим берүү системасына өтүүсү актуалдуу жана зарыл реформа экенин белгилешти. Бул процесс эл аралык тажрыйбага негизделип, балдардын сапаттуу билим алуусуна жана атаандаштыкка жөндөмдүү инсан болуп калыптанышына шарт түзөт.

  1. Билим берүү стандарттарын өркүндөтүү

Сапаттуу билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо зарыл. Жаңы стандарт балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн, социалдык ыңгайлашуусун эске алуу менен түзүлүшү керек. Мектепке чейинки билим берүү стандарттары компетенттүүлүккө негизделип, «Кыргызстан жараны» түшүнүгүн бекемдөө зарылдыгы белгиленди. Билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүүдө мугалимдердин, тарбиячылардын жана ата-энелердин катышуусун камсыз кылуу сунушталат.

  1. Мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу

ЖОЖдордо мугалимдерди даярдоо программаларын реформалоо керек. 12 жылдык билим берүү системасына шайкеш «Окутуунун натыйжаларын өлчөө жана баалоо», «Социалдык педагогика», «Кыргыз этнопедагогикасы» сыяктуу жаңы сабактарды окуу программаларына киргизүү зарыл.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн онлайн, офлайн жана аралаш форматтагы курстар кеңири жүргүзүлүүгө тийиш.

Дифференциалдык эмгек акы системасын иштеп чыгуу сунушталат. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган, инновациялык методдорду колдонгон мугалимдерге кошумча стимул берүү каралышы керек.

  1. Билим берүү стандарттарын өркүндөтүү жана окуу программаларын жаңылоо

Билим берүү стандарттарын түзүүдө ЖОЖдор менен мектептердин өз ара тыгыз кызматташуусу камсыздалышы керек.

Окуу программалары функционалдык сабаттуулукка багытталып, окуучулар алган билимди реалдуу жашоодо колдоно алышы керек.

STEM билим берүү, Кембридж системасы, Сингапур методикасы, критикалык ой жүгүртүү жана чыгармачылык көндүмдөрдү өнүктүрүү багыттары окуу программаларына киргизилиши зарыл.

ЖОЖдордо бакалавриат программаларын реформалоо каралып, 3 жылдык бакалавр жана 1-2 жылдык магистратура системасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талданууга тийиш.

  1. Мектеп, ЖОЖ жана ата-энелердин кызматташтыгын бекемдөө

Билим берүү стандарттарын жаңылоо процессине мектеп мугалимдеринин, ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын, ата-энелердин жана коомчулуктун активдүү катышуусун камсыз кылуу керек. Ата-энелер үчүн маалыматтык жана билим берүүчү семинарларды уюштуруу, аларды билим берүү процессине тартуу сунушталат.

Мектеп директорлорунун жана администрациясынын билим берүү реформасын ишке ашыруудагы жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.

  1. Мамлекеттик деңгээлде колдоо жана мониторинг жүргүзүү

12 жылдык билим берүү реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде комплекстүү колдоо көрсөтүлүшү керек.

Билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун баалоо үчүн мониторинг жана изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүү талап кылынат.

  1. Мектептерде психологдордун штатын түзүү

Окуучулардын психологиялык абалы алардын окуудагы жетишкендиктерине жана келечектеги социалдык ийгиликтерине түздөн-түз таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө көптөгөн окуучулар стресстик абалга туш болушат, эмоционалдык кыйынчылыктарга кабылат жана кесип тандоодо чечим кабыл алууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Бул маселелерди чечүү үчүн мектептерде квалификациялуу психологдор иш алып барууга тийиш

Билим берүү стандарттары жана реформалар боюнча коомдук талкууларды улантуу жана сунуштарды эске алуу маанилүү.

Жыйынтык

Тегерек столдун катышуучулары 12 жылдык билим берүүгө өтүү Кыргызстандын билим берүү системасынын сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, бул процессти ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн комплекстүү чараларды көрүү зарыл деген бүтүмгө келишти.

Бул резолюция билим берүү жаатындагы мамлекеттик мекемелерге, ЖОЖдорго, мектептерге жана коомчулукка сунушталат.

 

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн тегерек столдун катышуучулары

Бишкек, 2025-жыл

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер