КЫРГЫЗСТАНДЫН №1 ПСИХОЛОГУ

  • 29.04.2021
  • 0

Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын ректору, психология илимдеринин доктору, профессор Чынара Шакеева билим берүү тармагынын эң жогорку сыйлыгы – “КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамын алды. Биз төмөндө кыргыздын сыймыктуу кыздарынын бири, Россия Федерациясынын педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, Айтматов Эл аралык академиясынын академиги, Токио шаарынын “Сока” университетинин ардактуу профессору, Оксфорд Университетинин ардактуу профессору, Кыргызстандын психологдор коомунун төрайымы Чынара Асановна Шакееванын бейнесинин кээ бир сүртүмдөрү менен тааныштырабыз.

КЫРГЫЗСТАНДЫН №1 ПСИХОЛОГУ

Юрий Гагаринге гүл берген

Социалдык психология боюнча Кыргызстандагы жападан жалгыз кесипкөй адис Чынара Шакееванын алгачкы чыйыры кереметтүү көл жээгиндеги Тамга деген ажайып кооз айылдан башталган. Тамга айылы ал кезде союзга кеңири таанымал болчу, анткени ал айылда СССРдин аскер-өнөр жай комплекси – аскерлердин санаторийи бар эле. Ал окуган мектеп ошол санаторийге жакын жайгашкандыктан, ал жерге келген баардык атактууларды Чынара Асановна окуган мектептин окуучуларысыз тосушчу эмес. Ким келсе да, мектептин ачык көңүл окуучулары колдоруна Ысык-Көлдүн бажырайган гүлдөрүн алышып, жаркын жашоону даңазалаган ырларын ырдап тосуп алышчу. Ал атактуулар: космосту адамзаттан алгач багынткан Юрий Гагарин, алгачкы аял космонавт Валентина Терешкова, армиянын генералдары, дүйнө чемпиондору, сыймыктуу спорт чеберлери, деги койчу, СССР деген чоң державанын «мен, мен» деген атактуулардын жаркын элестери балалыгынын эң сонун учуру менен бирге жуурулушуп, эсинде түбөлүккө сакталып калды.

Чынара Асановна кыргыздын көл кылаасынан чыккан алдыңкы интеллигент үй-бүлөсүндө тарбияланып өстү. Ал төрт кыздын эң кенжеси. Улуу эжеси Айсалкын Асановна экономика илимдеринин доктору, профессор. Көп жылдар бою Кыргыз улуттук университетинде кафедра башчысы, декан, экономика институтунун директору болуп иштеген. Агасы Аскар Асанович Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин ийгиликтүү аяктап, көп жылдар партиялык жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Дагы бир эжеси учурда үй-бүлөсү менен АКШда жашайт. Ушундай баардык жагынан үлгүлүү үй-бүлөдө өскөн Чынара Асановна өзүн курчаган адамдарга, кесиптештерине камкордук көрүп, мээрим төгүп, билген билимин бөлүшүп келет.

Алты жашынан мектеп босогосун аттаган эселек кызды айланасындагылардын баары кызыктыраар эле. Балким, ошондо эле анын наристе жүрөгүнө психологиянын татаал сырлары тамчыдай тамып жыйылып отуруп, өзүнүн көйкөлгөн көлүндөй чалкып ташып, алыскы-алыскы Нева суусунун боюнда жайгашкан шаарга чыйыр салгандыр? Ким билет… А, балким, ошондогу космосту багындырган ары нурлуу, ары жайдары атактуулардын көзгө көрүнбөгөн энергиясы өтүп, ал көкүрөгүнө үрөн болуп себилип, чоң максат болуп өнүп чыккандыр, аны да ким билет… Айтор, ошол байма-бай болуп турган жолугушуулар, алардын ишеними, тазалыгы, аруулугу балдарды алдыга сүрөп, умтултуп, жүрөгүнө ишеним болуп ширелишип орноп калгандай эле.

Табиятынан жөндөмдүү, көптү билүүгө умтулган зирек кыздын тандоосу да көпчүлүккө күтүүсүз болду. Кыргыздарга жакшы тааныш эмес психология илимин багындыруу үчүн ал Санкт-Петербург шаарындагы мамлекеттик университеттин психология факультетине тапшырды.

Тамгадан – Петербургга

Чынара Асановнанын алыскы Невадагы шаарда окууну тандоосу менен көбүнө чакырык таштагандай болду. Анткени ал кезде психология сейрек адистик эле, айрыкча кыргыз чөйрөсүндө. Ал жерден союздун мыкты кадрларынын колунда окуп, классикалык европалык билим алганы талашсыз чындык. Ал жерден өзүнө Питердин нукура интеллектисин, терең маданиятын, жогорку руханий байлыгын сиңирип алды десек аша чапкандык болбос. Укук таануудан лекция окуган
Анатолий Собчак, психологиядан сабак берген Лев Маркович Веккер сыяктуу дүйнөгө аты таанымал окумуштуулардын лекцияларын угуу бактысына эгедер болгону да пешенесине жазылганына ыраазы.

Ал 1977-жылы эң мыкты бүтүрүүчүлөрдүн бири катары, өзү билим алган жогорку окуу жайында лаборант болуп иштеп калды. Ата-энесинин ишенимин актоо аракетинде алган билимин ишине айкалыштыруу менен, 1984-жылы социалдык психология боюнча кандидаттык диссертациясын,
1998-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаганга жетишти. Учурда Чынара Асановна психология тармагындагы Кыргызстанда алдыңкы адистердин бири болсо, социалдык психология боюнча базалык билими бар жалгыз адис. Ал алгачкы күндөн тарта психология бул илимби же искусствобу деген суроого тынымсыз жооп издөө жолунда келатат. Психолог тубаса, табиятынан болушу керекпи же билимине жараша болуш керекпи? Бир билгени, психолог болуу өтө кыйын, өтө татаал.

– Кесипкөй базасы бар психолог катары, жаштарга билим берген педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенген адис катары жана да эң мыкты психологиялык тажрыйба менен билимди талап кылган, чоң окуу жайдын жетекчиси катары, мени түйшөлткөн суроолор, маселелер арбын. Жаштардын эле маселесин алалы, азыркы жаштар башкача дешет. Албетте, алар башкача, алар заманга жараша ошондой башкача болушу керек. Бул табигый нерсе, жаштардын талабы, каалоосу өз заманына жараша өзгөрүп жүрүп отурат. Ар бир муундун өзүнүн каармандары бар, эң негизгиси, алар жок эмес, бар. Тек гана аларды бир алкакка салып карабаш керек, — дейт ал.

Жан дүйнө адисин түйшөлткөн ойлор

Чынара Шакеева учурда Кыргызстандагы жетекчилик кызматта активдүү иштеп келаткан аз сандагы жетекчи аялдардын алдыңкы сабында.

Өз кезегинде философия илиминин доктору, профессор Арон Брудный: “Чынара Шакеева – уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү менен айырмаланган терең конструктивдүү адам” — деп жогорку баасын берген. Азыр Чынара Асановнанын өзүнүн командасы бар. Анын жетекчилиги алдында активдүү чыгармачыл адамдар илимий иштерди жүргүзүп келет. Профессор айым ар бир адам тек гана өзүнүн ишин аткарышы керек деп эсептейт.

– Мага Маргарет Тэтчердин айтканы дайыма эсиме түшөт. Ал: “Менин чоң энем адам дайыма иштеп турушу керек, ал ишин жакшы аткарышы керек, ошондо аны сый-урмат өзү издеп келет, эл өзү аны башкалардан бөлүп көргөзүп, бийиктикке алып чыгат” — деп айтканы эсимден кетпейт” дегени бар. Айткандай эле, адам кайсы тармакта иштесе да, дайыма изденип, алдыга умтулуп иштөөгө тийиш. Биз Ленинградда окуп жүргөн кезибизде кимдин эмнеси “ооруса”, ошол иш менен алектенет деп тамашалап калаар элек. Мисалы, кимдин баласы менен кыйынчылыктар болсо, педагогикалык психологияны, кимдин экономикалык абалы оор болсо, ал экономикалык психологияны изилдейт дегендей. Бул чындык болушу ыктымал, азыркы учурда, тилекке каршы, адамдын жан дүйнөсүн иликтеген психологияга татыктуу баа бериле элек. Адамдарга азыр жан дүйнөсүнөн да кара курсактын камын көрүү биринчи орунга тургандай сезилип жаткандай. Анысы деле түшүнүктүү, каражат таап, үй-бүлөсүн багуу, балдарды окутуу керек деген сыяктуу күнүмдүк көр-тирлик менен алышып, жан дүйнөсүнө үңүлүүгө убакыт табылбайт. Бирок ошолордун артында адамдын жан дүйнөсү жатпайбы, адам көргөнүн, укканын жан дүйнөсү менен кабыл алып, жабыркап жатпайбы. Адам өзүнүн психологиясы кандай экендигин, айланасындагы көйгөйлөрдү кандай кабыл алып жатканын аңдап билүүгө убакыт бөлүшү керектигин мойнуна албайт. Албетте, мындай абалдан ар ким ар кандай чыгат, кээ бирөө оңой эле кутулат, кээ бирөөнү көр-тирлик көйгөйлөрү ушунчалык чүнчүтүп, кыйнагандыктан өзүн жоготуп, ал кырдаалдан чыгуу айласын таба албай кыйналат. Андай адамдарга жардам керек, анткени ал кыйынчылыктар адамды депрессияга тушуктурат. Буга мисалдар турмушта көп эле кездешип жатпайбы. Үй-бүлөдө аялына көргөзгөн кордугу, балдарына агрессивдүүлүгү, кай бир учурда арты кайгылуу аяктаган окуяларга да күбө болуп жатабыз. Ошонун баары адамдын жан дүйнөсүнүн жабыркагандыгынан улам пайда болууда, — деп ой бөлүштү профессор айым.

Билимдин улуу жолунда бирге

Адамдын аткарган ишинин баасын алган сыйлыктары жана жанында жүргөн кесиптештери, шакирттеринен артык ким баалайт дейсиз. Ансыңарындай, Чынара Асановнанын узун тизмедеги ийгиликтерин тастыктаган сыйлыктарын тизмелегенден көрө, узак жолдо ийиндеш бирге келаткан кесипштеринин пикирлерине кулак төшөөнү туура көрдүм. Чынара Шакееванын окуучусу, Кыргызстандагы кыргыз тилдүү эксперт психолог, КР Билим берүүсүнүн мыктысы Бермет
Наралиева устаты менен 35 жыл билим жолунда бирге келатат. Ал Чынара Асановна менен алгач таанышканын мындайча эскерет:

– Мен 1991-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы КУУ) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, аспирантурада окууну кыялданып жүргөн кезим эле. Бирок ал кыялым ишке ашчудай эмес, анткени эки жыл өндүрүштө иштеп келиш керек экен. Кыз баланын айылга барышы – биротоло ошол жакка калып калуу коркунучу менен коштолоору жашыруун эмес эле. Бир күнү филармониянын алдындагы аялдамадан Чынара Асановнага жолугуп калдым. Ал-жай сурашып, окуумду аяктаганымды уккан соң, өзүнүн кафедрасына иштөөнү сунуштап калды. Чынара Асановна бизге психологиядан сабак берчү, андан “беш” алганымды эсинде сактап калса керек. Жакшы окуган студенттер мугалимдердин эсинде жакшы сакталып калаарын кийин өз тажрыйбамдан билдим. “Көктөн издегеним жерден табылгандай” болсо да, күтпөгөн сунушка апкаарый түштүм. Күтүүсүз болгонунун себеби, ал – көлдүн кызы, мен – Түштүктүн кызы дегендей, же жердешчилик, же туугандык жайым болбосо, анын үстүнө, ал кезде жогорку окуу жайына ишке кирүү өтө татаал эле. Ошентип эже менен ээрчишип чогуу иштеп калдым. Психология илими кыргыздар үчүн азыр деле терең изилдене элек тармак.

Менин кыргыз тилдүү психолог адистигин аркалап калышыма Чынара Асановнанын салымы өтө чоң. Ал абдан кыраакы, көрөгөч илимпоз, окумуштуу. Ал теорияны практика менен айкалыштыра билген чыныгы практик дагы. Жапондордо жакшы адам күрүч өстүрөт, акылдуу адам аны отоо чөптөрдөн арылтат деген сөз бар, анысыңарындай, алысты көрө билген көрөгөч адам окуучу өстүрөт тура. Чынара Асановнанын айланасында өзү өстүргөн окуучуларынын жоон тобу бар. Бул жагынан ал өзүнүн көрөгөч жетекчи экендигин көргөздү деп ойлойм. Сиздей табигый, нукура окумуштуулар чанда. Мен ушундай адам менен замандаш болуп, илим жолунда үзөңгүлөш, турмуш жолунда эже-сиңди катары келатканыма чексиз сыймыктанам.

Сыйлыгыңыз кут болсун,
Чынара Асановна!

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим

 

Бөлүшүү

Комментарийлер