ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКЕРДИК УНИВЕРСИТЕТИ (мурунку Жалал-Абад Коммерциялык институту)
- 28.05.2015
- 5
ЭИУ ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ, ЭИУ ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ТҮРК КОЛЛЕДЖИ
2015-2016-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялашат
КР Билим берүү жана илим министрлигинин ЖБ №35, №LD130000265, №LC140000365 лицензияларынын негизинде
ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ:
бакалавриат
(күндүзгү окуу — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл)
• Экономика:
— Финансы жана кредит;
— Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл.
- Менеджмент;
- Юриспруденция;
- Туризм;
- Эл аралык мамилелер;
- Колдонмо математика жана информатика;
- Филологиялык билим берүү (түрк/кыргыз/орус тили жана адабияты).
магистратура
(күндүзгү окуу — 2 жыл, сырттан окуу — 3 жыл)
• Экономика; • Менеджмент.
ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ:
(күндүзгү окуу: 9-класс билиминин негизинде – 2 жыл 10 ай, 11-класс билиминин негизинде – 1 жыл 10 ай; сырттан окуу: 11-класс билиминин негизинде – 2 жыл 6 ай)
ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ
• Экономика жана бухгалтердик эсеп;
- Салык жана салык салуу;
- Финансы;
- Банк иши;
- Укук таануу;
- Менеджмент;
- Туризм;
• Социалдык иш;
- Башталгыч класстарда окутуу;
• Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу;
• Тигилген буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо;
- Укук жана социалдык камсыздандырууну уюштуруу;
- Мектепке чейинки билим берүү.
ЭЛ АРАЛЫККЫРГЫЗ–ТҮРК КОЛЛЕДЖИ
• Банк иши;
• Камсыздандыруу иши;
• Коммерция;
• Маркетинг;
• Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү;
• Тышкы соода; • Жарнама;
• Котормочулук иши;
• Мейманкананы тейлөө;
• Туризм;
• Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу;
• Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу.
ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАЛАЛ-АБАД ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКЕРДИК УНИВЕРСИТЕТИН, АНЫН КОЛЛЕДЖДЕРИН ТАНДОО КЕРЕКТИГИНИН жети СЕБЕБИ:
1. Биздин ураан: Сапаттуу билим – келечекке айкын жол!
2. Жогорку жана орто кесиптик билим берүү укуктарынын тастыкталышы: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү укугун тастыктаган ЖБ №35, №LD130000265, №LC140000365 лицензиялары жана Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин уруксаты.
3. Үзгүлтүксүз ачык билим берүү: колледж, университет: бакалавриат жана магистратура, жогорку жана орто кесиптик билими негизинде кайра даярдоо, аспирантура, диссертациялык кеӊеш.
4. Билим алуунун ийкемдүү мүмкүнчүлүктөрү: күндүзгү окуу, дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен сырттан окуу.
5. Бардык шарттар: кенен, жылуу жана жарык аудиториялар, лекциялык залдар, адистештирилген кабинеттер, заманбап компьютерлер паркы, чексиз жана акысыз Интернет-байланышы, кыргыз, орус, англис, түрк, кытай тилдеринде окуу китептери жана колдонмолору, жатакана (тарбиячылары менен), ашкана, буфет, медициналык тейлөө пункту, мончо, коопсуздук кызматы, “Ден соолук” спорт клубу, Маданий-эстетикалык борбор, бала бакча, таланттуу балдар үчүн мектеп-лицей.
6. Коррупциянын жоктугу: Бардык экзамен-зачёттор компьютердик каттоо жана компьютердик тестирлөө менен жүргүзүлөт.
7. Материалдык шарттарыӊыздарга жараша окуу акысы жана жеӊилдиктер берилет.
Окуу жайга тапшыруу үчүн керектүү документтер:
(документтер 2015-ж. июнь айынан баштап кабыл алынат)
• ректор наамына арыз;
• билими тууралуу документтин түп нускасы — аттестат, күбөлүк, диплом;
• паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана көчүрмөсү);
• №086-у талабындагы медициналык аныктама;
• 3х4 өлчөмүндөгү сегиз фото сүрөт;
• аскердик катталуу тууралуу күбөлүк же аскердик билет;
• жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты (колледжге тапшыргандар үчүн милдеттүү эмес).
Окутуу: кыргыз, орус, түрк, кытай тилдеринде жүргүзүлөт.
ОКУУ ЖАЙДЫН ДАРЕГИ: 715613, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, «Спутник» кичи району, Жеӊижок көчөсү – 30, Экономика жана ишкердик университети; телефондор: (03722) 51687, 55908, 51215, 53231, 50716; факс: (03722) 50705. Web – сайт: www.uep. kg. E – mail: [email protected].
САПАТТУУ БИЛИМ – КЕЛЕЧЕККЕ АЙКЫН ЖОЛ! КОШ КЕЛИӉИЗДЕР!
Комментарии