ЭҢ МЫКТЫ АРАЛЫКТА ӨТКӨРҮЛГӨН САБАККА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 30.03.2020
  • 0

КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин жетекчилиги 30-марттан карантин бүткөн убакытка чейин мугалимдер арасында «Эң мыкты аралыкта өткөрүлгөн сабакка» сынак жарыялады.

КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин директору, тех.и.д, профессор Жыргалбек Шаршембиевдин маалыматына караганда, сабак негизинен үч бөлүктөн туруп, сынакка колледждин бардык мугалимдери катыша алат.

— Бул сынакка азыркы семестрде сабагы бар жана сабагы жок мугалимдер катыша алат. Ушул семестрде сабагы жок мугалимдер расписание боюнча карап, өзүнө жакын бир сабакты тандап алып, ошол сабакка даярданса болот. Сынакка катышкан мугалимдер бекитилген сабактын КТПсы (календардык тематикалык план) боюнча расписаниеге ылайык үчтөн кем эмес сабак даярдап жөнөтүүлөрү керек, — дейт окуу жайдын директору.

Сабактын 1-бөлүгү — 8-10 слайддан турган презентация: мында сабактын темасы, сабакта каралуучу суроолор жана алардын теориялык негиздерин түзгөн маалыматтар, үй тапшырмалары болушу керек. 2-бөлүктө — 8-10 минуталык аудио түшүндүрмө. Бул жерде мугалим өз үнү менен жазышы керек болот жана 3-бөлүктө — 8-10 минуталык видеосабакка мугалим өзү катышуусу керек.

Администрация тарабынан эң мыкты деп табылган сабактын мугалимдери акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланат. Тактап айтканда, 1-орунга чыккандар үчүн 5000 сом, диплом; 2-орунга — 3000 сом, диплом; 3-орун — 2000 сом, диплом; 4-орун — 1000 сом, грамота жана 5-орунга чыккан үчүн 500 сом, ыраазычылык кат тапшырылат.

Баса, карантинге байланыштуу гезит убактылуу чыкпай турган үчүн сынакка катышып жаткан мугалимдердин сабактарынын жүрүшү тууралуу сайтка берип турабыз.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии