ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: РЕФОРМАЛАР, АРАКЕТТЕР, ИЙГИЛИКТЕР

  • 29.01.2016
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2016-жылга карата милдеттери тууралуу министр Эльвира Сариева министрликтин жыйынтыктоо коллегиясында отчет берди.

Коллегияга катышып, сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Өкмөт мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын, мектеп мугалимдеринин айлык акыларын 50%  көтөргөнүн өткөн жылдын чоӊ жетишкендиги катары баса белгиледи.

— Өкмөт бул маселени чечүүүчүн 1,6 млрд. сом каражат жумшады. Мугалимдердин айлык акыларынын жогорулашы менен мектепке мугалимдер кайтып келе башташты, бул албетте, иштин оӊ таасири десек болот. 2015-жылы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн адистердин 76% өздөрүнүн айылдарына барып иштей башташты. Өкмөттүн чечими менен мамлекеттик ипотекалык компания түзүлүп, биринчи кезекте турак-жайы жок мугалимдер 12%  пайыз менен 15 жылга үч миллион сомго чейин насыя алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Былтыркы жыл Билим берүү министрлиги үчүн жемиштүү жыл болду. 2016-жылы дагы 100 мектеп салынат жана 100 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Быйылкы жылдан баштап өлкөдө физика, химия, математика мектептерин ачуу программасы ишке киргизилмекчи, — деди Г.Кудайбердиева.

Андан соӊ, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева  сөз алып, Билим берүү жана илим министрлиги туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана Өкмөттүн Программасында алдыга коюлган милдеттердин аткарылганына токтолду.

— Алдыдагы натыйжалуу ийгиликтерге жетүүүчүн Билим берүү жана илим министрлигинен баштап, ар бир билим берүү уюмдарына чейин башкаруу практикасын өзгөртүүгө бир нече чечим кабыл алынды. 2015-жылы атайын маалыматтык системасы түзүлүп, анын Концепциясы кабыл алынды. Бул маалыматтык системанын бир бөлүгү  — билим берүү уюмдарынын маалыматтык банкы. Ал реалдуу режиминде өзүнүн 200 көрсөткүчү менен мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү уюмдарынын маалыматын толуктайт. 2015-жылы ар бир мектеп боюнча маалымат аныкталып, атайын кодификация киргизилди – бул бирдиктүү маалыматтык базаны түзүп, ата-энелерге, билим берүү системасына жана башка мекемелерге ачык колдонууга өтөт, — деди министр айым.

Мектепке даярдоо

2015-жылдын сентябрь  айынан баштап  өлкөдө 480 сааттык мектепке даярдоо программасы ишке киргизилди. Азыркы күндө бул программанын алкагында 76692 тарбиялануучу бар. Мындан тышкары, билим берүүнүн ар кандай түрлөрү боюнча мектепке даярдоого 28755 бала тартылган. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мекемелерин кайра кайтарып алуу алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу, прокуратура жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштеп, 120 бала  бакча  кайтарылып алынса, КРнын Башкы прокуратурасынын кийлигишүүсү менен мурдагы 192 бала бакчанын ичинен 173ү кайтарылды. Кошумча жергиликтүү  бийликтин жардамы менен 161 жаӊы бала бакча ачылды.

Мектепке чейинки билим берүүнүөнүктүрүүүчүн керектүү шарттар менен камсыздоонун өзгөчө бөлүгү болуп, лицензиялоонун талаптарын жеӊилдетүү  жана бала бакчалардан салыктын алынышы болду.  Бул эки өзгөрүүнүн кириши биринчи жарым жылдыкта бала бакчалардын санынын 52%,  ал эми жыл жыйынтыгы  менен 121 пайызга өсүшүнө шарт түздү.

2014-жылдын октябрь айынан тартып, 2015-жылдын сентябрь айына чейин жалпы билим берүүчү уюмдардын имараттарында 40 мектепке чейинки билим берүү уюму ачылды. Бул деген жалпы билим берүүгө дагы 1274 бала тартылды дегенди билдирет.

Мектеп курулушу

Мониторинг көрсөткөндөй, Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын 78,6 пайызы 90-жылга чейин эле курулган, ошондуктан жалпы билим берүү уюмдары өз ресурстарын иштеп бүттү же ошого жакындап калды.  Мектептеги балдардын коопсуздугун сактоо үчүн КР Өкмөтүнүн токтому менен “2024-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки коопсуз уюмдар” программасы бекитилди.

“Ушул программанын негизинде, бир жылдын ичинде былтыр 73 мектеп курулуп + 100 мектепти ремонт жана реконструкциялоо иштери башталды.  Бул көрсөткүч өткөн жылдардын көрсөткүчүнөн  эки эсеге ашык болуп эсептелинет», — деди министр.

Окуу китептер

Отчетко караганда, жаӊы муундагы окуу китептерин чыгаруу үчүн автор – министрлик — басмакана сыяктуу эки жана үч тараптуу форматтагы келишим түрүндө иштер жүрүп жатат. Автордун мүлктүк укугун министрлик өзүнө алат, анткени китептер басылып чыккандан кийин ачыктан ачык Улуттук репозиторийге электрондук форматына жайгаштырылат. Азыркы убакытта окуу китептеринин 33 ар кандай аталышы, усулдук колдонмолор электрондук форматта жайгаштырылды. Тактап айтканда, “Турмуштук ишкердүүлүк негиздери” (1), “Тил илими” (8), “Тарых” (2), “Коом таануу” (1), “Математика” (2), “Адабият” (5), “Информатика” (1), “Көркөм өнөр жана музыка” (6) окуу китептери чыкты.  2015-жылы өткөрүлгөн үч тендердин тыянагы боюнча, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган 30 ар кандай аталыштагы китептер  1319178 нускада басылды.

Көп тилде билим берүү программасы

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгөөзгөчө көӊүл буруу жана көп тилдүүлүктүөнүктүрүү жаатында өткөн жылдын сентябрь айында көп тилдүү  билим берүү программасынын пилоту башталган. Азыркы кезде пилот өлкөнүн 56 мектебинде жана 5 балдар бакчасында жүрүүдө. Ошону менен катар, билим берүүнүн көп тилдүүлүк программасын туруктуу камсыз кылуу үчүн пилоттук ишке эки педагогикалык жогорку окуу жайлар  (ОшМУ жана И.Арабаев ат. КМУ) тартылып, бул эки окуу жайдын базасында көп тилдүү билим берүү боюнча борборлор жана лабораториялар  ачылган.

Ысык тамак

2015-жылдан тарта  ВПП ООН, «МерсиКо», ата-энелер менен жергиликтүүөз башкаруу органдарынын биргелешүүсүнүн  алкагында  республикадагы 2207 мектептин 788 мектебинде ысык тамак-аш толук кандуу берилүүдө.

Долбоордун алкагында мурун булочка, чай болсо, азыр ар бир мектепке 3000-5000$ инвестиция тартылып, ашпозчунун эмгек акысын төлөө маселеси чечилди. Эми ошол эле бюджеттин алкагында  60ка чейин түрдүү  тамак-аш берилери белгилүү болду.

Мугалимдер тартыштыгы

Министрликтин педагогикалык кадрларды колдогон иш-аракеттери жыл сайын жакшы натыйжа берүүдө. Акыркы үч жылды алсак, бүтүрүүчүлөрдүн 70% окуу жай бөлүштүргөн жерге барууда. 2015-жылы республиканын мектептерине 1845 мугалим ишке орношсо, анын 1418 мугалими жаш адистер же 76,8 % түзөт. Министрлик бул абалды байкоого алганда, окуу жылдын башында  2340 мугалим жетпей жатса, декабрда бул сан  994кө  чейин түштү, ал эми быйылкы жылдын маалыматы боюнча  тартыштык 874 мугалимди түздү.

Кесиптик-техникалык билим алуу

Акыркы жылдары Кыргызстанда кесиптик орто билим алууга кызыккандардын саны өстү. Бул көрсөткүч 2010-жылы — 59 555, 2015-жылы — 92,5 миӊ окуучунун санына жеткен. Бүтүрүүчүлөрдүн тандап алган кесиби эмгек рыногунун талаптарына жооп беришин камсыз кылуу үчүн жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнөн аттестациялык комиссияларга кошуп, ал эми баштапкы кесиптик билим берүүнү бүтүрүүчүлөрүн атайын сертификациядан өткөрдүк. 12 кесиптик-техникалык училищаны  көз карандысыз аккредитациялоодон өткөрүп, бул тармактагы ишти 2016-жылы улантабыз деген ойдобуз. Ал эми кесиптик орто билим берүү системасын бир ирээтке келтирүүүчүн жана азыркы кезде заманбап эмгек рыногуна толук кандуу жооп берүүчү (улуттук жана ааламдашкан ыкмада) кесиптик орто билим берүүчү окуу жайлар үчүн жаӊы муундун 86 стандарты иштелип чыкты.

 Жогорку билим реформасы

Жогорку окуу жайларды  оптималдаштыруу Концепциясын ишке ашырууда мамлекеттик жождор беш  группага бөлүнгөн  – жогорку кесиптик билим берүү деӊгээли боюнча кадрларды даярдоонун толук циклин ишке ашырган мамлекеттик 10 ЖОЖдун тизмеси бекитилсе, калган окуу жайлар  ЖОЖдун профили боюнча бир гана магистр программасы же бир гана бакалавр даярдаган тизмелерге кирди.

— Оптималдаштыруу боюнча реформанын маанилүү кадамдарынын бири — окуунун бардык түрү боюнча ЖРТнын бирдиктүү 110 босого баллы болуп эсептелет. 2014-жылы босого баллын 38259 абитуриент өтсө, 2015 жылы – ал 50% көбөйдү. Дал ушул ЖОЖдордогу жогорку билим берүүнүн сапатын жакшырта турган аккредитациялоо маселеси. Аккредитациялоо процедурасын тереӊдетүү быйыл 1-сентябрынан башталмакчы. Билим берүүчү уюмдарды аккредитациялоо тууралуу жоболор бекитилип, билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттикти таануу менен бирге, билим берүү уюмдарынын аккредитациялык тартиби жана программалары бекитилген. Түзүлгөн Улуттук аккредитациялык кеӊеш — ар бир маселени чогуу-чараан, ачык-айкын чече турган,  аккредитациялык агенттиктин ишин таануу жөнүндөгү коомдук башталышта уюшулган кеӊеш берүүчү кеӊешме органы болуп эсептелет, — деди министр.

Бакалавриат боюнча 144, магистрлерди даярдоо боюнча 142 жана адистерди даярдоо боюнча 52 стандарт иштелип чыгып, ал сааттардын санына байланыштуу варианттарды 50 пайызга алып келди.

Илим

Бул багытта “Кыргыз Республикасында илимди уюштуруу системасын реформалоонун Концепциясына” ылайык, премьер-министрдин алдында илим жана инновация боюнча кеӊеши түзүлдү. Мындан тышкары, министрликтин алдында Илим департаменти уюшулду жана Улуттук илим фонду түзүлдү.  Департамент Кыргызстандагы илим тармагынын өнүгүшүн жөнгө салат, өлкөнүн илимий изилдөө боюнча артыкчылыктуу багыттарын аныктап, Улуттук илим  фонду аркылуу жаӊы каржылоо принциптерин ишке ашырат.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо багыты боюнча Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан илимий эмгектерди тастыктоонун баллдык системасы киргизилди. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдү сөзсүз түрдө аспирантура аркылуу өткөрүү тартиби кабыл алынды.

Гүлнара Алыбаева,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии