ЖУМУШУН, ҮЙ-БҮЛӨСҮН БИРДЕЙ ЖАКШЫ КӨРГӨН КЫЗМАТКЕР

  • 04.05.2015
  • 0

Балачакта үйдүн бооруна көмүрдүн көөсү менен эсеп чыгарып, апасынан далай уруш уккан Гулия Кийизбаева, азыр өзүкыялданган мугалимдикте эмес, милицияда иштейт. Ал– ИИМдин Башкы маалымат борборунун тескөөчүсү, ага лейтенант.

Форманы жактырып иштеп калды

Милициянын тыкан, жарашыктуу формасына көпчүлүк кайдигер эмес.  Гулия да ишке кирерде милициянын формасына арбалды.  «Караколдогу педучилищаны аяктап, борбор шаардагы №10 мектепте иштеп, Юракадемияда сырттан окуп жүргөм. Милицияда иштеген курбум ишке чакырып калды. Эмгек акысы канча деп да сурабаптырмын, формасын жактырып иштеп калдым. Кыргыздар «Сабырдын түбү сары алтын» деп бекер айтпаптыр. Айлыгым аз бол-со да иштеп жүрдүм. Бир күнү жаңы дайындалган  министр  Конгантиев министрликтеги кызматкерлер менен таанышып жатып, менден канча айлык аларымды сурады. 858 сом деп айттым. Ал киши башын чайкап: «Батирде турсаң, ушул акча кайдан жетсин?!», —  деди. Ошондон көп өтпөй, айына 3500 сомдон эмгек акы ала баштадым. Конгантиевге абдан ыраазыболдум. Дагы бир жолу аттестациядан боюм жетпей калганда азыркы министр Мелис Турганбаев ошондоорун басар болчу, «Милицияда абдан иштегим келет. Жардам бериңиз» десем, маселени оң чечип берген. Ошентип, 2008-жылдан бери милицияда иштеп жатам», — дейт Гулия иш билги жетекчилерине ыраазы болуп.

Жолдошу менен кезмекте болгону эсинен кетпейт

 Дегеле Гулия жетекчи жагынан жолдуу. Учурда өзү эмгектенген жа-маатта жыйырмадай кыз-келин бар.  Жалаң кыз-келиндерден турган жамаатты полковник Гульмира Дерби-шалиева жетектейт.

 «Милициянын жумушу айрыкча аял кишилер үчүн жеңил эмес. Жакшы жетекчилерге жолукканым үчүн иштеп жүрөм деп ойлойм. Биздин башкармалыктын жетекчиси, полковник Гульмира Толубековнаны баарыбыз сыйлайбыз. Аял киши болгондуктан, биздин ар бирибизди жакшы түшүнөт. Энелик,  эжелик кеп-кеңешин айтат. Бирок жу-мушка келгенде талапты катуу коет. Күнүмдүк ишибиз жалаң маалымат топтоо менен байланышкандыктан,  мында өтө тактык жана жоопкерчилик зарыл. Ара-чолодо башкармалыкка орношо калган эркектер бизде көпкө кармалышпайт», — дейт ага лейтенантазыркы жумушу тууралуу.  Анткен менен, милиция деген ми-лиция. Мында аял-эркек деген ажырым жок. Аялдар дагы эркектердей эле сууда сүзүп, алыстыкка чуркап,  тапанча атып нормативдерди тапшырат. Майрам күндөрү эркектер менен катар кезмекте болушат.

«Бир жолу бирге иштеген курбум экөөбүз Бакай-Ата жаңы конушунда түнкү саат он бирге чейин кезмекте болдук. Жолдошум ошол күнү биз ме-нен жүрдү. Ошенткени жакшы болуптур, «Келинчегимдин  жумушу абданоор» деп ар качан мени колдоп турат»,  — дейт Гулия.

Боорсок жасаганга чолоосу жок

Гулия Кочкордун Мантыш айылынын келини. Үйдөгү жалгыз келин. Кайнежеси менен кайынсиңдиси турмушта. Мурда бакчада тарбиячы болуп иштеген кайненеси эки небересин жерге тийгизбей багууда. Беш жаштагы Азирет менен үч жаштагыАдилет чоң атасынын  да эрмеги.  Чоң атасынын артынан бир кадам калышпайт. Тоокко жем чачса, жжем чачышат. Койго чөп салса, чөп салышат. Ошентип, кайната-кайненеси неберелери менен айылда, Гулия жолдошу экөө жумушуна байланыштуу борбордо жашап жатышат.  «Кайнатам  менен  кайненеме абдан ыраазыбыз. Жолдошум экөөбүздү аябай көтөрмөлөштү. Балдарымдын экөөсүн тең бир жашка чыгарып-чыгарбай кайненеме кармата салып, ишке чыгып кеттим.  Милицияда иштеген адам баласында бакчага бере албайт. Убагындаала албайсың. Бакчадан балдардыөз убагында үйгө алып кеткен адамыңболуш керек. Болбосо кыйын. Менөзүм айт-арапага да боорсок жаса-ганга чолоом жок. Андай күндөрү элдин тынчтыгын, бейпилдигин камсызкылып, борбордук аянтта кезмектеболобуз. Кээде дүр-дүйнө тамакты аянттагы элге ооз тийгизип жаткан колу берекелүү кыргыз эжелерге,  кыргыз пейилине суктанабыз», — дейт Гулия Кийизбаева.

А.АЛИБЕКОВ,

«Кутбилим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы»  программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Поделиться

Комментарии