ЖОЖГО КАБЫЛ АЛУУНУН ЭКИНЧИ ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 15.07.2015
  • 0

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 10-июлда аяктап, план 49% аткарылды. Учурда экинчи тур өткөрүлүүдө, анын жыйынтыгы 17-июлда чыгарылат. 17-июль республикада Орозо айт болгондуктан, бул күнү окууга өткөндөрдүн тизмеси гана илинип, документтер 18-июлдан тарта кабыл алына баштайт.

Талапка ылайык, окууга өткөн абитуриент үч күндүн ичинде окуу жайга келип, окуй тургандыгын тастыктап, документтерин тапшырып кетүүсү зарыл. Эгерде экинчи турдан дагы гранттык орундар толбой калса үчүнчү тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн абитуриент сертификаттын түп нускасын алып келиши керек.  Бардык турга кабыл алуу бирдей тартипте жүргүзүлөт.

 

Биринчи турдун жыйынтыгы

Мамлекеттик жогорку окуу жайларга жалпы 5430 бюджеттик орун бөлүнгөн. Анын 468 жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын талап кылбаган адистиктерге каралган. Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, Кыргыз улуттук консерватория, Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы абитуриенттерди ички сынак менен кабыл алууда.

Калган 4862 гранттык орунга конкурс өтүп, 1-турда 2441 абитуриент кабыл алынды. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан 51931 абитуриенттин 25135 босого баллдан жогору топтоп, конкурска катышууга укук алган.

1-турда ЖОЖдордун ичинен эң көп абитуриент кабыл алган ИИМ Академиясы болду. Бул окуу жайда план 93% аткарылып, бөлүнгөн 122 бюджеттик орундан 2-турга болгону сегиз орун калды. Андан кийин Ысык-Көл мамлекеттик университети планды 77% толтурса, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы 75% аткарды.

Ал эми Ош техникалык университетинде, Талас мамлекеттик университетинде план болгону 32% аткарылса, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жана Кыргыз-Орус Славян университетинде план 40% гана аткарылды. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда болсо 1-турда абитуриенттер ички сынактан гана өтүшүп, билим деңгээлин экинчи турда сынашат. Бул окуу жайга жалпы 102 бюджеттик орун бөлүнгөн.

Былтыркыга салыштырмалуу быйыл кабыл алуу планы 1-турда 2% көбүрөөк аткарылды. Былтыр 1-турда план 47% аткарылган.

Дене тарбия академиясы планды 100% толтурду

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жок кабыл алып жаткан окуу жайларда ички сынактар жүрүүдө. Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде 1-тур 20-июлдан 22-июлга чейин болот. Учурда окуу жайда документтер кабыл алынып, абитуриенттерге кеңеш берүүчү курстар иштөөдө. Абитуриенттер тандап алган адистиктери боюнча чыгармачылык сынактарга даярданышууда.

—         Биздин окуу жайдын төрт факультетине жалпы 130 гранттык орун бөлүнгөн. Учурда 250дөн ашуун абитуриент документин тапшырып, сынакка даярданышууда. Эгерде 1-турдан орундар толбой калса август айында экинчи тур өткөрөбүз, — дейт окуу жайдын ректору Мамашарип Чотонов.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болсо 1-тур 8-июлда аяктады. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн 190 гранттык орун биринчи турда эле толуп, план 100% аткарылды. Бул окуу жайга тапшырган абитуриенттер спорттун түрүнө жараша сынактан өтүштү. Учурда контракттык орундарга документтер кабыл алынууда.

 

Мыктынын мыктылары кайсы ЖОЖду тандашты

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл топтоп, алтын сертификатка ээ болгон 54 абитуриент жылдагыдай эле каалаган окуу жайында, каалаган адистигин тандап алуу укугуна ээ болгон. Бирок алардын болгону 22си өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланды.

—         Билим берүү жана илим министрлигине  алтын сертификат алган 22 абитуриент гана кайрылды. Анын 13 Кыргыз-Орус Славян университетин тандаса, төртөө Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин, үчөө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын, экөө Кыргыз-Түрк “Манас” университетин тандады. Калган 32 абитуриент бизге кайрылган жок, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Евгения Чубукова.

 

 ЖРТдан 110 баллдан жогору топтогондор гана кабыл алынууда

1-турда жогорку окуу жайлардын баардыгында окутуунун бардык түрүнө кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен гана жүрдү. 2-турда дагы ушул эле талаптар сакталууда. Негизги тесттен 110 баллдан, предметтик тесттен 60 баллдан жогору балл алгандар гана кабыл алынууда. Талапка ылайык, ар бир окуу жайда бир эле учурда ЖРТнын талондорунун штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдуулар иштеп, ар бир адистик боюнча маалыматтар ачык-айкын чыгарылууда.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

 

 

Поделиться

Комментарии