ЖОЖдорго кабыл алуу аяктады

  • 06.09.2013
  • 0

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү 25-августа аяктап, учурда жыйынтыгы чыгарылууда.

Республикадагы айрым жогорку окуу жайларда 4-турда дагы бош орундар калып калгандыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун буйругу менен гранттык орундарга кабыл алуу 23-августка чейин, келишимдик негизде кабыл алуу 25-августка чейин узартылган. 

4-тур 1-7-августта ЖАМУ, К.Карасаев атындагы БГУ, К.Скрябин атындагы КУАУ, И.Раззаков атындагы КМТУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Н.Исанов атындагы КМКТАУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, К-өУ, С.Нааматов атындагы НМУ, ОшМУ жана М.Адышев атындагы ОшТУда өткөн. Анда жогорку окуу жайлардын гранттык комиссиялары багыты жана адистиктери боюнча физика менен математикадан предметтик тестти талап кылган гранттык орундарга, негизги тест боюнча босого баллдан өтүп, физика менен математикадан предметтик тестти тапшырбай калган абитуриенттерге катышууга уруксат берилген.

Негизинен Кыргызстанда жаӊы окуу жылына карата жогорку окуу жайларда 5 миӊ 705 гранттык орун каралган. Бул орундар 23 мамлекеттик жогорку окуу жайлар арасында бөлүштүрүлгөн. Гранттык орундарды бөлүштүрүү эмгек рыногунун талабына ылайык жүргүзүлүп, жумуш берүүчүлөр менен окуу жайлар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайыкташтырылган. Негизинен бул орундар саламаттык сактоо, маданият жана искусство, курулуш, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, транспорт, билим берүү кадрларын даярдоо үчүн бөлүнгөн. Мындан тышкары, гранттык орундар ИИМ жана Коргоо министрликтерине адистерди даярдоо үчүн каралган. Бул орундар экономика, юриспруденция жана эл аралык байланыш адистиктери үчүн каралган эмес.

8-июлдан 13-июлга чейин өткөн биринчи турда 2423 гранттык орун бош калып калган. Экинчи турда болсо 1030 орун, үчүнчү турда 693 орун калган. Үчүнчү турда жалпы ОшМУда – 98, ЖАМУда – 91, Кыргыз курулуш, транспорт жана архитектура университетинде – 83, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында — 2 орун калган.

КР Президентине караштуу башкаруу академиясында, БатМУ, ЫМУ жана ТалМУда кабыл алуу планы толугу менен аткарылып, бош орундар калган эмес.

И.Ахунбаев атындагы медициналык академияда бир орунга 11 талапкер ат салышты

 Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бир орунга 11 талапкер болгон. Бул тууралуу КР вице-премьер-министр Камила Талиеванын жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда окуу жайдын ректору Ашыралы Зурдинов билдирген. Анын айтымында, быйыл 288 гранттык орунга баардыгы болуп 3 миӊ абитуриент академияда билим алууну каалагандыгын  билдирген. Негизинен академияга 65 кызыл аттестаттын ээси, үч алтын сертификат жана 6 олимпиаданын жеӊүүчүлөрү тапшырган.

Мугалим болууну каалагандар арбын

 

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине быйыл жалпы 318 гранттык орун берилген. Төртүнчү турдан кийин 18 орун бош калган. Натыйжада аталган окуу жайда гранттык орундарга кабыл алуу 98-99% аткарылды.  Манас таануу адистигине дагы кошумча 15 орун берилген. Бул толбой калган орундарды кыргыз филологиясына бөлүп берүүөтүнүчү менен окуу жай жетекчилиги Билим берүү жана илим министрлигине кайрылган.

— Манас таануу адистиги Мамлекеттик тил жана маданият институтунун карамагында болгондуктан, толбой калган орундарга кыргыз тили жана адабияты, кыргыз тилиндеги эмес билим берүүчү мекемелериндеги мамлекеттик тил жана немец тили адистигине кабыл алууга уруксат берүү  өтүнүчү менен министрликке кайрылуу жөнөттүк. Акыркы кездерде немец тилине дагы көп көӊүл бурулбай калды, — дейт окуу жай ректору Т.Абдрахманов.

Жетекчинин айтымында, бул жылы мугалимдик кесипти тандаган жаштар көп. Анткени гранттык орундардан сырткары  келишимдик негизде билим бере турган айрым адистиктерге да кабыл алуу 100% аткарылган. Быйыл өзгөчө сүрөт жана музыка мугалими болууну каалаган абитуриенттер көп болгон. Бул адистикке кабыл алуу 100% аткарылса, Лингвистика институтунда 95% аткарылды. Химия, биология, география мугалими адистигине кабыл алуу 72% түзөт. Физика, математика жана информатика мугалими адистиктерине кошумча тесттери жок же тийиштүү балл топтой албай калган абитуриенттер көп болгондуктан, бул адистикке кабыл алуу болгону 36% аткарылган.

Былтыр гранттык орундар толбой калган

 Былтыркы 2012-2013-окуу жылындагы кабыл алууда жогорку окуу жайлардагы 200-300 гранттык орундар толбой калган. Биринчи турда 2652 орун калса, экинчи турда 1339, үчүнчү турдан соӊ 751 орун калып калган.           

Ч.Кийизбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии