“Жогорку окуу жайынан даярдалган адистер эмгек рыногунун талаптарына жооп берүүгө тийиш”

  • 06.09.2013
  • 0

Калыс Шадыханов, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы:

— Калыс Токтосунович, ЖОЖдордо  жылына жүздөгөн жаштар дипломдорго ээ болушат. Бирок бизде катардагы ЖОЖдорду бүткөндөр түгүл президентке караштуу башкаруу академиясын аяктагандарды деле жумушка жайгаштыруу кыйын. Негизи жыл сайын канча адам адистикке ээ болот? Сөздү ушундан баштасак. 

— Жакшы болот. Жыл сайын жогорку кесиптик окуу жайларды 37 миӊден ашык бүтүрүүчүлөр аякташат. Бир жылда жогорку окуу жайларын бүтүргөндөрдүн 32% гана жумушка орношот. Азыркы учурда жумушсуздук проблемасы өзгөчө актуалдуу. Ошол эле учурда өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал билим берүү багытына чоӊ таасирин тийгизүүдө. Анын мүнөздүүөзгөчөлүктөрүнүн бири – экономикадагы, эмгек рыногундагы калкты социалдык жактан коргоо механизмдеринде түп тамырынан бери өзгөргөндүгү болуп эсептелинет.

 Бирок эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен педагогикалык багыттар боюнча адистерди даярдоодо Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык адистерди кесиби боюнча кызматка орноштурууну колдон келишинче ишке ашырып жатат. 

— Министрликтин аппаратында кадрлардын агымы кандай? Бош орундарга жаӊыларды тандап, жайгаштыруу боюнча иштер тууралуу да айта кетсеӊиз?

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде кадр маселеси туруктуу. Кызматтык бош орун пайда болуп  калса жумушка алуу Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» Мыйзамынын 24-25-беренелерине ылайык, сынак түрүндө ишке ашырылат.

— Расмий маалыматтарга ылайык  азыр республикабыздагы  мугалимдердин 60 пайыздайы пенсия жашындагылар жана ал куракка жакындап калгандар экен. Деги бизде жыл сайын педагогикалык адистиктерге ээ болгон миӊдеген жаштар кайда кетип жатышат? Эгерде алардын басымдуу көпчүлүгү мугалим болуп иштешпей турган болсо, аларды окутуунун кандай зарылчылыгы бар эле?      

— Бүгүнкү күндө  пенсия жашындагы  мугалимдер үчүн ар бир шаардын мектептеринде жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө  ички тартип эрежелерин киргизишип, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 55-беренесине ылайык  эмгектик келишимдерди түзүп алышкан. Келишимдин мөөнөтү келгенде акырындык менен резервде турган жаш адистер жумушка кабыл алынат. Пенсия жашында эмгектенип жаткан мугалимдер билим тармагына өзүлөрүнүн салымдарын кошуу менен бирге жакшы көрсөткүчкө ээ болуп эмгектенишүүдө. 2013-жылы 63 жаштагы орус тили жана адабияты сабагынын пенсионер мугалимдин окуучусу олимпиадада алдыӊкы орунга жетишти.

Ошол себептен, пенсионерлердин баарын бир убакта жумуштан кетирүүгө мүмкүн эмес, келишимдин негизинде эмгектенишет. Ал эми сааттарды бөлүштүрүү учурунда сөзсүз түрдө жаштарга басым жасалат, сааттар ашкан гана учурда пенсионерлерге  сунушталат. Ал эми жыл сайын бүтүп жаткан жаш мугалимдерди  Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн токтомуна ылайык (№296, 1993-ж.)  жер-жерлерге бөлүштүрүү жүргүзүлөт.

 Мисалга алсак, 2013-жылы мугалимдик кесипке бюджеттик бөлүмдөн окуган бүтүрүүчүлөрдүн саны 2342 болсо, анын ичинен 1902 бүтүрүүчү колдоруна жолдомо алышты. Сентябрда ар бир бүтүрүүчү бөлүнгөн жумуш ордуларына барышат. Бүгүнкү күндө мугалимдердин жетишсиздиги мурунку жылдарга караганда бир топ эле өзгөрдү. Мугалимдик кесиптин ээлери барган сайын өз кесиптери менен иштөөгө келишүүдө. Бишкек шаарындагы кыргыз тилинде окуткан  мектептер адистер боюнча толугу менен камсыз кылынды. Нарын облусунда мугалимдик бош орун жокко эсе. Айлык маяна көбөйгөндөн бери мугалимдердин ордулары барган сайын  камсыз кылынууда.

Ал эми  педагогикалык  адистерди даярдоо үчүн жыл сайын эки миӊ гранттык орун бөлүнөт. 2013-жылдан баштап гранттык окууга тапшырган ар бир студент менен үч тараптуу (студент- ЖОЖ- жумуш берүүчү) келишим түзүлүп, анда студент жогорку окуу жайды аяктап, окуусун бүткөндөн кийин милдеттүү түрдө эки жыл иштеп берери белгиленген.

— Жаӊы окуу жылында мектептерди окуу китептери менен камсыз болуусунун абалы кандай?

— Китеп чыгарууга 2011-жылы  Кыргыз Өкмөтү  тарабынан 100 млн. сом бөлүнгөн.   Аталган акча каражатына  министрлик тарабынан окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн  мектептер үчүн  25 аталыштагы 1 млн.160 180 нускадан ашык  окуу китептери басылып чыгарылды жана областын борборлоруна жеткирилди.

Дүйнөлүк  Банктын „Өзгөчө кырдаалда бюджетке жардам  берүү“ проектиси тарабынан 2011-жылы 200 млн. сом бөлүнгөн. Бул каражатка 47  аталыштагы 2 023 730  нускада  китеп чыгаруу  белгиленген. Жыйынтыктап айтканда, 300 млн. сомго  72  аталыштагы 3 203 890  нуска 5-11- класстар үчүн окуу китептери  басылды.

  Анын ичинен:

— окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 45 наамдагы 2 617 890  нуска;

— окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 15 наамдагы 412000  нуска;

өзбек мектептери үчүн 12 наамдагы 174000  нуска китеп бар.

Бүгүнкү күндө аталган   72  аталыштагы 3 203 890  нуска 5-11-класстар үчүн окуу китептери   2012-2013- окуу жылында  мектептерге жеткирилди.

Республика боюнча окуу китептери менен камсыздоо  70,1%  түзөт.   (2006-2013-жылдары арасындагы басылган жана  мектеп фондусундагы  окуу  китептер менен). 

Ал эми 2013-2014-окуу жылына карата  министрлик тарабынан  төмөнкүдөй иштер жүргүзүлүүдө:

2-4-класстардын окуу  китептеринин  жарык  көрүүсү   КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №55 «Туруктуулук жана татыктуу жашоо» (100 күн) деген Токтомуна ылайык, окуу китептерин чыгаруу үчүн бөлүнүүчү 100 млн. сомдун эсебинен  ишке  ашырылуусу  пландаштырылган. Аталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу  максатында министрлик  тарабынан  2-11-класстардын  окуу   китептерин  (ОМК) басуу үчүн  2012-жылы  эки тендер өткөрүлүп, тендердин жеӊүүчүлөрү аныкталды. 2012-жылдын  Борборлоштурулган  иш-чараларынын   сметасы боюнча, окуу китептерин басып  чыгарып, көбөйтүүүчүн 100,0 сом каралган, бирок  бул сумманын 36 млн.  сому гана  берилди.

Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  2012-жылдын 18-октябрындагы №724 Токтому  менен  окуу китептерин басууга жумшалуучу 100 млн. сом  каражатты бөлүп берүү негизинен   токтотулган. Буга карабастан, министрликтин   өтүнүчүн эске алып, тендерден  жеӊип алган басмаканалар 2-класстын  кээ бир окуу китептерин насыяга басып даярдашты жана алар областтардын борборлоруна жеткирилди. Булар   нускасы 225000 болгон «ИЗО» жана «Музыка»  (ОУК) (2 предмет) китептери. Ушундай эле  жол менен  2013-жылы 2-класстын  «Орус тили жана окуу» китеби (2 предмет) 90 миӊ нускада  басылып чыгарылды жана жер-жерлерге жеткирилди. Бүгүнкү күндө, жогоруда көрсөткөн 100 млн. сомдон  министрликке бөлүнүп берилген  20 млн. 900 миӊ сом биринчи тендер  аркылуу  басылып,    район, шаарлардын борборлоруна жеткирилген 315000 нуска  (4 предмет  боюнча)  окуу китептерине төлөндү

Жыйынтыктап айтканда,  2-класстар үчүн  6 предмет боюнча окуу китептери (ОУК)  басылып чыкты жана областтардын борборлоруна жеткирилди. Ал эми үч предмет боюнча (ОУК) окуу китептери басылууда.  

Экинчи тендердин  жыйынтыгы  боюнча  84 млн. сомго келишимдер түзүлүп, анын  ичинен  болгону 5,2 млн. сом төлөндү.  Бирок насыяга басылган жана басылып жаткан китептер үчүн Кыргыз Республикасынын  өкмөтүөз убагында калган каражатты бөлүп бербесе, анда басылып жаткан  2-класстын   461600 нуска  окуу китептери менен  министрлик мектептерди өз убагында камсыз кыла албайт деген  чоӊ коркунуч  бар.  Азыркы убакта 2012-жылдын  суроо-талаптарын (заказ) жабуу үчүн 72 млн. сом керек.

3-класстардын «Орус тили жана окуу» (1 предмет)  (кыргыз, орус жана өзбек тилиндеги мектептер үчүн) китебин басып чыгаруу ЮНИСЕФ тарабынан  каржыланып жана тендер жарыяланып, тендердин жеӊүүчүлөрү аныкталды.

2013-жылы  окуу китептерин басып чыгарууга Кыргыз  Республикасынын бюджети тарабынан 137,8 млн. сом  каралган.  2013-жылдын 1-июнуна  карата 35 млн. сому гана каржыланды. Аталган каражатка жалпы билим берүү мектептеринин 3-класстары үчүн окуу китептерин  басуу, чыгаруу  жана инклюзивдик мектептер үчүн окуу китептерин сатып алууга тендер жарыяланып, тендердин жеӊүүчүлөрү аныкталды. Ал эми калган предметтерди  басууга акча каражатынын тартыштыгына  байланыштуу тендер жарыяланган жок.

Жыйынтыктап айтканда, министрлик окуу китептерди  басып чыгаруу жана мектептерге жеткирүүүчүн өз убагында бардык күч аракетин жүргүзүүдө.

— Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери билим берүү системасын реформалоодо эмнелер аткарылды, эмнелер аткарылганы жатат?    

— Азыркы учурда орун алып жаткан көйгөйлөрдү эске алуу менен бирге,  кесиптик билим берүү жаатында эмгек рыногунун талабы менен бирге эле, жогорку билим берүү программасынын түзүмдөрүнүн ортосунда ажырым, лицензиялоодо жана аттестациялоодо натыйжасы аз, сапаты төмөн механизмдер, көз карандысыз аккредитациялоо институтунун жоктугу байкалууда. Ошондуктан азыркы кезде, Кыргыз Республикасында жогорку билим берүү системасын реформалоодо төмөнкү иш-чаралар маал-маалы менен  жүзөгө ашырылууда.

Биринчиден, мында жогорку  окуу жайлар тармагын  оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул маселенин биринчи этабында 2012-жылы республикада бардык жогорку окуу жайлардын билим берүү ишкердүүлүгүн далилдеген лицензияларын карап чыгуу каралган. Лицензия берүүдөн  мурда, биринчи кезекте,  ЖОЖдун профили эске алынууга тийиш. Натыйжада, лицензиялык эксперттердин кийлигишүүсү менен кесиптик ченемге туура келбеген 15 ЖОЖдон даярдоо багытындагы 72 лицензия  кайтарылып алынды.

Тактап айтканда, кадрларды даярдоодо, ошондой эле, даярдоонун багыттары боюнча лицензиянын талаптарына жооп бербеген, бир эле аймактагы бир нече ЖОЖдор кесиптик билим берүү программаларын кыскартуу каралган.

2012-жылы  эки ЖОЖ өзүн-өзү каржылоо системасына өткөрүлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы №471 токтому  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы №468 токтому менен бекитилген. ЖОЖдор тармагын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору даярдалган. Бекитүүүчүн республикалык жана аймактык маанидеги мамлекеттик ЖОЖдордун тизмектери каралып жатат. Ошол эле учурда, республикалык жана регионалдык маанидеги ЖОЖдордун тизмегине кирбеген окуу жайлар өзүн-өзү каржылоого өтүшмөкчү. Азыр ЖОЖдор тармагын оптималдаштыруу маселеси талкуулоонун жана аягына чыгара иштөө деӊгээлинде турат.

ЖОЖдор тармагын жалпылаштырууну реформалоо боюнча кийинки этап республикадагы жана аймактардагы эмгек рыногунун талаптарына кандай адистер  керектелээри   пландаштырылып, ошого жараша иштер аткарылмакчы. Ошону менен катар, педагогикалык ЖОЖду түзүү максатка ылайыктуу. Аймактардагы ЖОЖдор негизинен, педагогикалык, айыл чарба, бир катар техникалык багыттагы  адистерди даярдап чыгаруу мезгил талабына туура келет деп ойлойбуз.

Экинчиден, билим берүүнүн маани-маӊызын жогорулатуу максатында 2011-жылы республиканын ЖОЖдорунда жогорку билим берүүдө эки деӊгээлдеги түзүмдү белгилөө чечими кабыл алынып, анда бакалавр жана магистратураны ишке ашыруу каралган. Ушуга байланыштуу, жогорку кесиптик билим берүүдө мамлекеттик билим берүү стандарты жаӊыртылды. Мамлекеттик Билим берүү Стандартын иштеп чыгуу долбооруна  (БМС) ар бир кесипке тиешелүү жумуш берүүчү тармактардын өкүлдөрү катышышты.

Жаӊы стандарттар ар бир жаранга компетенттүү мамиле жасоого негизделип, ЖОЖдор  кадрларды эмгек рыногундагы абалдын өзгөрүшүн тез кабылдап жана иш берүүчүнүн талаптарына жооп бергидей даярдайт.

Бул багыттагы кийинки этап: магистратура  боюнча мамлекеттик билим берүү стандартын жаӊыртуу, магистрдик программаларды аттестациялоо жана аккредитациялоо ага болгон талаптарды күчөтүү, магистрдик программаларды ишке ашырган ЖОЖдордун санын кыскартуу  болуп саналат. Магистрдик программаларды ишке ашыруу профессордук-окутуучулук даражасы бийик, илимий базасы бар эӊ ири республикалык маанидеги ЖОЖдордо гана болушу абзел деп эсептейбиз.

— Улуттук стратегиянын, концепциянын талаптарына ылайык азыр бир катар министрликтер жана ведомстволор жыйындарын, чогулуштарын мамлекеттик тилде өткөрүп, иш кагаздарын да бул тилге которо башташты. Сиздерде бул иш кандай жүрүп жатат? 

— Министрликте мамлекеттик тил боюнча штат орунун ачуу жагы каралууда. Ал эми азыркы учурда  министрликте иш кагаздарын алып баруу мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат.

Быйылкы жылда мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 19-сентябрындагы №604/1 буйругуна ылайык бардык билим берүү мекемелеринде “Мамлекеттик тилдин жумалыгы” аттуу иш-чара бекитилип, анын алкагында мектептерде жана бала-бакчаларда класстык сааттар, диспуттар жана дил баяндар өткөрүлсө, ал эми орто кесиптик жана жогорку окуу жайларда атайын тил күнүнө арналып тегерек үстөлдөр, семинарлар жана тил майрамдары уюштурулду.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамын, 2013-жылдын 5-мартында №114 токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына (21-декабрь, 2010-жыл ПЖ №365) ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги №370-V «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу» токтомун ишке ашыруу  максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Борбордук аппараттын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилди үйрөнүүсүүчүн шарттар түзүлдү. Натыйжада  мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландары, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун  72 сааттык программасы менен 2013-жылдын март айынан июнь айына чейинки убакытта жүргүзүү боюнча  2013-жылдын 1-мартында №90/1 буйругу кабыл алынып, окуу куралдары менен жабдуу маселеси жана окутуунун графиги, сааттары,  мөөнөтү такталып, буйруктун негизинде толук иштер жүргүзүлдү. Окутууга  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  университетинин дасыккан мугалимдери тартылды.

Окутуу үч топко бөлүндү:

• Баштоочу топ;

•  Улантуучу  топ;

• Иш кагаздарын жүргүзүүнү окутуу тобу.

 Окуу аяктап, 13-июндан 15-июнга чейин   ар бир мамлекеттик кызматчы тест тапшырышты.Тестин жыйынтыгы менен   38 мамлекеттик кызматчыга  сертификаттар даярдалууда.

2013-жылдын сентябрь айына  райондук жана шаардык билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик кызматчыларды  мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын  мамлекеттик тилге өткөрүү  планга киргизилди.

2014-жылга мамлекеттик кызматчылардын билимин өркүндөтүү боюнча каралган иш-чарада “Иш кагаздарды мамлекеттик тилде алып баруу” темасындагы 72 сааттык программаларга ар бир мамлекеттик кызматчы тартылмакчы.

— Президенттин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жарлыгына ылайык, республикабыздагы бир катар ЖОЖдорго мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча чоӊ милдеттер жүктөлгөн. Бул багытта кандай иштер аткарылып жатат?

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим  берүүнүн эки деӊгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндөгү” 2011-жылдын 23-августундагы №496 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында 2012-2013-окуу жылынан тартып айрым адистиктерди кошпогондо «бакалавр», «магистр» академиялык даражаларын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деӊгээлдүү түзүмү киргизилип, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында кыргыз тили сабагын окутуп-үйрөтүү сааттарынын көлөмүн бирдиктүү тартипке келтирип, милдеттүү түрдө киргизүү сунушу эске алынып, „Кыргыз тили жана адабияты“ сабагы бардык адистиктер үчүн учурда колдонулуп жаткан жогорку билим берүүнүн мамлекеттик стандартына милдеттүү түрдө 280 саат, ал эми кесиптик орто билим берүүдө 192 саат өлчөмүндө киргизилип, окутулуп жатат.

Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамды турмушка ашыруу максатында жана кредиттик технологиялык окутууну киргизүүдөгү жогорку окуу жайлардын тажрыйбасын эске алып,  жогорудагы токтомго ылайык бүтүрүүчүгө «адис» квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган кесиптик жогорку билим берүүнүн адистиктердин бекитилген тизмесине  “Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде” адистиги ачылган.

— Жаштарды мугалимдик кесипке кызыктырып бекемдөөүчүн мурда кабыл алынган чаралардын аткарылышына токтолуп кетсеӊиз?

— 2004-жылдан 2011-жылга чейин министрлик Кыргыз Республикасынын өкмөтү  тарабынан кабыл алынган  «Жаш мугалимдин депозити» программасынын алкагында иш жүргүзүп келди.  Айлык маяна көбөйгөнүнө байланыштуу КР өкмөтү тарабынан бул программа токтотулган. 2013-жылдын декабрь айына чейин өздүк эсебине которулган депозиттерин ар бир катышуучу мугалим алат. Жаӊы жумуш ордуна барган адистерге ар бир айыл өкмөтү райондук билим берүү бөлүмдөрү менен бирдикте социалдык жактан шарттарына, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардам көрсөтүшүүдө. Мында жашаган үйлөрүнүн акысы, коммуналдык төлөмдөр жана жаш адиске тиешелүүүстөк акчалар каралган.

 Аӊгемелешкен Майрамбек Токторов, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии