“Жогорку окуу жайлардын алдында ачылган колледждер — акча табуунун амалы”

  • 18.10.2013
  • 0

Төлөсбай Абылкасымов, Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси:

Кыргызстанда кесиптик орто окуу жайларынын саны 132, анын ичинен 52 мамлекеттик болуп саналат. Көбүнчөсү жогорку окуу жайлардын алдында түзүлгөн колледждер. Мына ушул окуу жайларды жаап, же болбосо жождон бөлүп чыгып, өзүнчө колледж кылып түзүүнү министрлик көздөп жатат. Ушул максатта “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр Жогорку Кеӊешке жөнөтүлгөн. Эгерде бул өзгөртүүлөр кабыл алынса, анда жогорку окуу жайлардын курамындагы  60-70 кесиптик орто окуу жайлар жабылууга тийиш болот.

— Төлөсбай Турдалиевич, кесиптик орто билим берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан реформага токтолсок. Жогорку окуу жайлардын алдында түзүлгөн кесиптик орто окуу жайларды ирээтке келтирүү маселеси былтыртан бери каралып келатат. Бул боюнча “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеӊешке сунуштадыӊыздар. Эгерде ал кабыл алынса, жождордун алдындагы бардык кесиптик орто окуу жайларында эмне өзгөрөт? — Былтыркы статистикага таянсак, Кыргызстанда 132 кесиптик орто окуу жайлары бар. Бул кичинекей мамлекет үчүн өтө көп. Ошон үчүн биздин биринчи кадамыбыз – жогорку окуу жайлардын курамындагы колледждерди  жабуу, же болбосо аны жождон бөлүп чыгарып, бир эле колледж кылып түзүү. Мисалы, И.Арабаев атындагы КМУнун  алдында  беш колледж бар болчу, азыр бир эле колледж калды. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетте, Баткенде, Нарында, Таласта, Ысык-Көлдө  ж.б. абал ушундай эле. Жождордун алдында уюшулган колледждер акча табуунун эле айласы, биринчиден. Экинчиден, буларды ачуу менен алар мугалимдерге кошумча каражат төлөп берүүнүн амалы болчу. Чындап келгенде алар ата-энелерди, студенттерди алдап жатышат. Мына ушул сансыз окуу жайларды  жабуу үчүн Билим берүү жана илим министри тапшырма берген, ошого ылайык биз мыйзамга өзгөртүү киргизип, учурда ал Жогорку Кеӊештин кароосунда турат. Эгерде бул оӊ тарапка чечилип калса, анда жогорку окуу жайлардын курамындагы 60-70 кесиптик орто окуу жайлар жабылат. Ошондо гана баары ирээтке келмек, жогорку окуу жайлар өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарып, колледж, техникумдар өзүнүн ишин кылмак. Себеби кесиптик орто окуу жайлардын сабак берүү усулу, милдеттери башка. Ал эми жождун мугалимдери окутуунун түзүлүшүн, усулун билбейт. Колледждерде мектептердегидей суроо-талап, күнүгө студенттер менен түздөн-түз иштеш керек. Ал эми жогорку окуу жайларда окутуучулар лекцияларын окуп, кетип калышат.

Бул окуу жайлардын жаандан кийинки козу карындай жайылып кеткенинин себеби, 1995-2000-жылдары бала бакча – мектеп – колледж – жогорку окуу жай деп уланмалуулуктун (преемственность) негизине жождор таянып, ачып алышкан. Бирок биз буларды кайра жойгондо баарын талкалап албай, кандайдыр бир жолун издешибиз керек. Мисалы, Нарында жогорку окуу жайга 200 бала кабыл алынса, колледжге 1000 бала кабыл алынып жатат. Бул колледжби же университетпи деген суроо туулат.

Дагы бир маселе, 9-класстын базасы менен айрым адистиктерди даярдаганды токтотсокпу деген сунуш болуп жатат. Анткени  тажрыйбасы аз, билим сапаты төмөн жаштар өӊдүрүшкө келип иштеп, туура эмес багыт берилгендиктен экономикабыз аксап жатабы деген ой келет. Мунун үстүнөн да иштеп жатабыз, жок дегенде кыскартабыз, же болбосо ошол адистикке даярдаган тиешелүү гана окуу жайларда бөлүмдөрүн калтырабыз.

Дагы бир тактап койчу нерсе, медициналык орто окуу жайга  каражат Саламаттык сактоо министрлигинен бөлүнөт, жетекчиликти да алар шайлашат. Билим берүү жана илим министрлиги болгону билим берүү стандартын, окуу программасын карайт.

Экс-министр Камила Шаршекеева учурунда  билим берүү системасына караштуу мекемелердин баарын Билим берүү жана илим министрлигине каратып, бир гана киши жооп бергендей кылып, бардык каражатты министрликке бөлүп берүү керек деп чыккан болчу. Ошондой эле “Себат” билим берүү мекемесине конкурент болчу  ар бир райондо кыргыз мектебин ачуу идеясын көтөргөн эле.  Мисалы, Литвада бир мектеп бар экен, 9-класстын окуучуларын  Гарварддан,  Оксфорддон  окутуучулар келип, тандап кетишет экен. Биз дагы кыргыз балдарын ошондой өстүрүп, кайра Кыргызстанга келе тургандай кылышыбыз керек. Биздин жаш муундарды башка өлкөлөр даярдап бербейт.  Көйгөй көп, сунуштар, идеялар бар, бирок колдоо жок.

— Жогорку окуу жайлардын алдында дагы лицейлер ачылган. Бир жылдын ичинде 10-11-класстын программасын аткардык деп аттестат саткандар жок эмес. Бул дагы окуучуларды, ата-энелерди алдап, акча табуунун амалы эмеспи? Буларга чара көрүлгөнбү?

— 9-класстан кийин бир жыл окутуп, аттестат саткан максатты көздөгөндөр  токтомдор менен быйыл жабылды. Токтомду толук ишке ашырганга бир гана окуу жай, т.а. ИСИТО  бут тосуп жатат. Анткени окуу жайдын лицензиясы 2014-жылга чейин экен. Бул маселе коллегияда каралган. Ал эми жогорку окуу жайлардын ичиндеги эки жыл толук окуткан лицейлер бар. Алар 10-11-классты окутуп, кадимкидей аттестат беришет. Бирок бул лицейлерди дагы жабуу керек. Ал үчүн мектептер менен бирдикте иш алып баруубуз зарыл.

— Көп учурда ата-энелер балдарына туура кесип тандоого багыт бере алышпайт. Эгерде Дипломатия академиясын же Эл аралык байланыш факультетин баласы бүтүрсө, ал окууну бүтөөрү менен элчи болот, же Башкаруу академиясын бүтүрсө, эртеси эле мэр, министр болот деген түшүнүк менен жашашат. Бирок акыркы жылдары жаштар өздөрү көбүрөөк кесип алганга ыктап калышты…

— Туура, мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин акчасы көбөйгөндөн баштап, ушул кесипке даярдаган окуу жайларга тапшыргандардын саны көбөйдү. Мисалы, жөнөкөй дарыгер менен медайымдын айлыгы жакшы. Мугалимдерге да тапшыргандардын саны арбын. Бул жагынан өкмөт жакшы кадам жасады. Негизи балдарды кесипке бала бакчадан даярдоо керек. Ал эми ата-энелер бала бакчадан, мектептен өздөрү бузуп жатат. Айрымдары балдарын жөө бастырышпайт,  унаа менен алып келип, унаа менен алып кетишет. Үй-бүлөдө жалаӊ гана саясатты сүйлөшөт. Келечекке умтулган таалим-тарбияны берүүнүн ордуна, балдарды жалкоолукка, эптеп күн көргөнгөүндөп калышты. “Эптеп эле окуп бүтсөӊ болду, документ керек” деп, балдарынын келечегине  өз колдору менен балта чаап жатышат. Чу дегенде эле президент, министр болосуӊ дешет, ата-эне балдарды кесипке тарбиялабай калды. Адамдын эмгегин, ата-эненин эмгегин баалаганды үйрөтпөй калды. Керек болсо, телекөрсөтүү, радиодо жаштарды кесипке үгүттөгөн программалар жокко эсе. Баягы эле тааныштарын, досторун чакырып, эки кишини маӊдай-тескей олтургузуп, элди тажаткан программалардан башка жаӊы нерсе жок. Телекөрсөтүү коомдун аӊ-сезимин өзгөртө албай, жаш муундун келечегин өстүрбөй жатат. Бирок акыркы 2-3 жылдын ичинде акыл-эстүү балдар өздөрү эле мейли 3 айлык, мейли 4 айлык окууларга кирип алып,  кесип алып жатышат. Маселен, жогорку окуу жайды бүткөн юрист жумуш таппай,  көчө таптап же ата-энесинин мойнунда олтурат. Ал турмушка беш жыл кеч келип, беш жыл ата-энесинин акчасын жеп, турмушка эч нерсеси жок келет. Баштапкы кесиптик орто окуу жайдын  бүтүрүүчүсү беш жыл мурун окууну бүтөт, беш жылдык капиталды түзүп алып, өзүнүн кичинекей өндүрүшүн ачканга жетишет.  Маселен, ширетүүчү  бала жумасына 15 миӊ сомго чейин таап, ата-энесин багып, окугусу келсе кийин жогорку окуу жайга тапшырып коет. Азыркы учурга ылайык алар дистанттык окуу жайга тапшырып жатышат. Менимче, бул жакшы көрүнүш. Ошондуктан ата-энелер балдарынын тандоосуна каршы чыкпай, алардын каалоо-тилегин уга билүүсү зарыл.  

— Коӊшу мамлекеттерде баштапкы кесиптик билим берүү менен орто окуу жайлар бириктирилген. Бизде ушул маселе каралып жатабы?

— Ооба,  Россияда, Казахстанда  “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдарында так жазылган, кесиптик билим берүү жана жогорку билим берүү деп. Баштапкы кесиптик билим берүү менен орто билим берүү бириктирилген. Ушул маселе бизде бар, менимче,  биз дагы бириктиришибиз керек. Менин оюмча, 10-11-класста окуучуларды кесипке үйрөтүү зарыл. Ансыз деле балдар мектепке барбай калышты. Маселен, 11-класста мектепте 5-6 бала олтурат. Ошон үчүн илгеркидей балдарды  тигүүчүгө, айдоочуга үйрөтүп, бир кесипти берүү керек. 

— Кесиптик орто окуу жайлар менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда байланыш барбы? Иш берүүчүлөрдүн талабына кесиптик орто окуу жайларынын билим берүүсү  жооп береби?

— Техника, айыл чарба тармагындагы иш берүүчүлөрдү окуу жайлардын мамлекеттик сынагына чакырабыз.  Алар сынакта төрагалык милдетти аткарышат. Сынак учурунда алар көрүшөт окуу жай адистикке туура даярдаганбы, туура багыт бергенби деп. Акыркы жылдары иш берүүчүлөр менен тыгыз иштеп, кеӊешип калдык. Адистикке даярдаганда кайсы сабактар керек, программаны кандай түзсөк ж.б.у.с. маселелерди чогуу карап жатабыз. Мисалы, ушундай кеӊештердин негизинде стандарттарды иштеп чыктык. Экинчиден, Европа мамлекеттериндегидей кесиптик окуу жайлардын алдында Камкордук (Попечительский) кеӊештерин түзө баштадык. Алардын курамына ата-энелер, студенттер, иш берүүчүлөр, окуу жайга кайдигер карабагандар кирет. Мисалы, мамлекеттик окуу жайлар 52 болсо, анын 20-30  бул кеӊеш түзүлүп калды. Бул кеӊешке  колунда бар, каражаты кенен демөөрчүлөрдү тартып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого, окутуунун сапатын жогорулатууга, иштелип чыккан программаларды карап турганга карата түзүлдү. Менимче, билим берүүгө, окуу жайдын өнүгүшүнө күйгөн, кыргыз келечегине кам көргөн аттуу-баштуулар, каражаты бар инсандар тартылат деп ойлойм.

— Төлөсбай Турдалиевич, кесиптик орто билим берүүнүн  мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин иш берүүчү адистер менен иштеп чыктык дедиӊиз.  Анда кандай өзгөчөлүктөр бар?

— Мамлекеттик билим берүү стандарты “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  Былтыр 2012-жылы 5-сентябрда өкмөттүн токтому чыгып, ошонун негизинде жаӊы стандарттын макетине өткөнбүз. Макеттин негизинде 80ден ашык стандарттар даяр, аны коллегиядан өткөрдүк, эми макулдашып туруп, өкмөткө жиберебиз.

Кесиптик орто окуу жайлар жогорку окуу жайлардагыдай кредиттик сааттарга өткөн.  Экинчиден,  педагогдорду, техниктерди, айыл чарба адистерин даярдаган окуу жайлардын даярдоо мөөнөтү бир жылга кыскарды. Ал эми медицина, авиация жана маданият колледждердин мөөнөтү кыскарган жок, мурункудай эле 2 жыл 10 ай, 4 жыл 10 ай боюнча калды.

— Эмне себептен даярдоо мөөнөттөрү кыскарды?

—  Анткени жогоруда белгиленген адистиктер боюнча балдар 3-4 жыл окугусу келбей, бул окуу жайларга аз өтүп калышты. Андыктан ата-энелердин, студенттердин, окуу жайлардын суроо-талабын эске алуу менен, өкмөттүн тапшырмасынын негизинде кыскартылды. Үчүнчүдөн, адистикке эч бир тиешеси жок эле керексиз сааттар союз учурунда киргизилип, ушул убакка чейин окутулуп келген. Мисалы, социология, культурология, политология деген сааттар. Ошондуктан  адистикке даярдап жаткан мугалимдер менен бирге олтуруп, кеӊешип, керектүү сааттарды алып калып, керексизин кыскарттык. Мисалы, кыргыз, орус жана англис тилдерин окутууда, ошол тилде адистикке керектүү гана сааттарын алып калдык. Мисалы, арыз жазуу,  отчет берүү, керектүү документтерди толтуруу, дегеле иш кагаздары менен иштөө процессин үйрөтүү, жазуу жактарына басым жасалмак болду. Ал эми көбүнчө сааттар адистикке гана бөлүнөт. Менимче, илгери деле экономисттерди 1 жыл 10 айда даярдап чыгарышчу.

Маалымат үчүн:

 

2012/2013-окуу жылынын башталышына карата республикада  кесиптик орто билим берүүчү 132 билим берүү уюмдары иштеди. Аларда 83 миӊден ашык студенттер билим алышууда, анын ичинде 72 миӊден ашыгы мамлекеттик жана 11 миӊи жеке менчик окуу жайларында билим алышат. Жеке менчик билим берүү уюмдарында окугандардын үлүшүнүн өсүү тенденциясы сакталууда.

Кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарындагы студенттердин саны акыркы беш жылда 34,3 миӊ адамга же 1,7 эсе өстү.

Кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарында студенттерди даярдоо окутуунун эки формасында жүргүзүлөт: күндүзгү жана сырткы. Мамлекеттик да, ошондой эле жеке менчик билим берүү уюмдарында күндүзгү окутуу басымдуулук кылат. Алсак, 2012/2013-окуу жылы мамлекеттик билим берүү уюмдарынын күндүзгү бөлүмүнүн студенттеринин салыштырмалуу салмагы мындай уюмдарда окугандардын жалпы санынын 87 пайызын түздү.

Министрликтерге жана ведомстволорго караштуу кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын саны

 

№ п.п.Министрликтер жана ведомстволорСаны
1.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 28
2.Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 11
3.Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги 8
4.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министрлиги 1
5.Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 1
6.Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги 2
7.Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 1
8.Өзүн өзү каржылаган мамлекеттик орто окуу жайлар 2
9.Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын курамындагы өзүн өзү каржылаган кесиптик орто окуу жайлар 46
10.Менчик жогорку окуу жайлардын курамындагы  кесиптик орто окуу жайлар 11
11.Менчик кесиптик орто окуу жайлар 23
 Бардыгы:132

 Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии