Жогорку кесиптик билимдин жана педагогиканын дасыккан устаты

  • 01.07.2013
  • 0

Кыргыз Республикасынын премьер-министринин буйругу менен Билим берүү жана илим министринин  орун басары кызматына Назаркул Ишекеев дайындалды.

 

Жогорку кесиптик билимдин жана педагогиканын дасыккан устатыМинистрдин жаӊы орун басары Назаркул Ишекеев – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы  боюнча көрүнүктүү окумуштуу. 1976-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек сапарын мектептин мугалими, кийинчерээк “Ленинчил жаш” газетасынын адабий кызматкери катары уланткан. 1977-жылдын 22-декабрынан баштап КМУнун кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасына окутуучулук кызматка орношкон. Аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окуп, “Республиканын жалпы билим берүүчү орто мектептеринде кыргыз жазуучуларынын прозалык чыгармаларын үйрөтүүнүн методикасы” деген темада диссертациялык эмгегин коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты (1984) деген окумуштуулук даражага ээ болгон. Андан кийин кафедрада ага окутуучу, доцент болуп иштеген.

1994-жылы “Республиканын мектептеринде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхы жана анын азыркы этаптагы актуалдуу проблемалары” деген темада диссертациялык эмгегин коргоп, педагогика илимдеринин доктору деген окумуштуулук даражага ээ болгон. Аталган кафедранын профессору.

1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык комиссиясында эксперттик комиссиясынын мүчөсү болгон.

1995-2007-жылдары улуттук университеттин кыргыз филология факультетинин декандык кызматына жалпы эмгек жамааты тарабынан үч ирет бир добуштан шайлануу аркылуу үзүрлүү эмгектенди, ошол эле мезгилде кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы (1998-2000) да болуп иштеген.

1996-2013-жылдары Кыргызстандагы жана Казакстандагы (2010-жылга чейин) докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча кеӊештердин мүчөсү болгон. Азыр Билим берүү академиясынын жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык илимдердин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча диссертациялык кеӊештин төрагасынын орун басары.

Окумуштуу төрт илимдин докторун жана 12 илимдин кандидатын даярдаган. 20дан ашык Ата Мекендик жана Казакстандык окумуштуулардын кандидаттык, докторлук диссертацияларына биринчи расмий оппоненттик кылган.

Илимпоз — 2007-2011-жылдары КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, 2008-2010-жылдары КР Жогорку Кеӊешинин сессиясынын чечими аркылуу КР Президентинин Указы менен Улуттук теле көрсөтүү, радио уктуруу корпорациясын көзөмөлдөөчү кеӊештин мүчөсү. Азыркы күндө Республикалык “Эл агартуу”, “Мектеп” журналдарынын, Кыргыз тил коомунун президиумунун мүчөсү, “Кыргыз тил жана адабият” методикалык журналынын башкы редактору,  Билим берүү жана илим министрлигиндеги Республикалык илимий-методикалык советтин кыргыз тил жана адабият секциясынын башчысы да болуп эмгектенет.

2008-2011-жылдары аталган кафедранын башчылыгына атаандаштык негизде кайрадан шайланган.

Н.Ишекеев — илимге ири салым кошкон окумуштуунун бири.  Профессор чечмелеген негизги илимий проблемалар: Көркөм чыгармаларды орто мектептерде окутуунун мазмуну жана формалары; мектептерде адабиятты окутуунун тарыхы жана азыркы этаптагы актуалдуу проблемалары; окуу пландарынын, окуу программаларынын адабий-дидактикалык уюштурулушу, окуу китептеринин структуралык табияты, методика илиминин өнүгүшү жана калыптанышы, адабиятты окутуунун теориясы менен инновациялык технологиялар ж.б. Окумуштуу республикадагы педагогика илиминин жаӊы багытын, б.а., бир окуу предметин окутуунун эволюциясын мектептин окуу-тарбия процессинин контексттинде жана тарыхтын конкреттүү тажрыйбасы аркылуу комплекстүү, масштабдуу изилдөөнүн коомдук-педагогикалык зарылдыгын айкындаган.

Окумуштуунун 200гө жакын  илимий эмгеги жарык көргөн. Алсак, монографиялар, филолог-студенттерге жана мектеп мугалимдери үчүн окуу китептери, окуу куралдары, колдонмолору, ошондой эле орто мектептердин 6, 11-класстарына (өзбек мектептери үчүн да) арналган окуу китептери бар. Кыргыз филологиясы боюнча жогорку билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын эки муунун (1996, 2003) даярдаган жана авторлор тобуна жетекчилик кылган. Орто мектептерге арналган адабияттын 10 томдук хрестоматиясын түзүүчүлөрдүн бири. Кыргыз адабият таануу илими жана сыны боюнча 2 томдукка авторлош. Улуттук университеттин 80 жылдыгына арналган 5 китептин түзүүчү-редактору.

Н.Ишекеевдин эмгектери кыргыз адабиятын мектептерде окутуунун мазмунун толуктоодо, байытууда, предметти окутуунун концепциясын өркүндөтүүдө, мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарын иштеп чыгууда жана окуу-методикалык комплекстерди даярдоодо колдонмолуу касиетке ээ. Анын илимий эмгектери концептуалдуу, ошого жараша илим жана педагогикалык тажрыйба үчүн зарылдыгы айкын. Кыскасы, окумуштуунун илимий эмгектеринин теориялык да, практикалык да мааниси бар.

2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин улуттук университеттин педагогикалык ишмердүүлүк жана мамлекеттик тил боюнча проректору болуп эмгектенди. Ал  педагогикалык процесстин жигердүү уюштуруучусу, жумушта чыгармачылык менен эмгектенген, калыс жүргөн жетекчи, жаш илимпоздордун дасыккан устаты, лекция окуунун чебери жана таалим-тарбия ишинен таанылган мыкты профессору.

Окумуштуу Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги, Жусуп Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты. Профессор Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги төш белгиси жана КР Президентинин Ардак громатасы менен сыйланган.

Эмесе, Назаркул Ишекеевичти билим берүү жана илим министрлигинде жогорку кесиптик билим берүү тармагын тейлеген министрдин орун басары жаӊы кызмат орду менен чын дилден куттуктап, ишине зор ийгилик каалап кетмекчибиз.

 

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии