Жобо

  • 06.09.2013
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2013-жылдын 19-августундагы

№532/1 буйругу

 

“Коомдук байкоочулар тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын  “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 43- жана 44-беренелерине ылайык, жалпы билим берүү  уюмдарын бюджеттик иштин  натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик-коомдук башкаруунун түрүн өркүндөтүү максатында

БУЙРУК  КЫЛАМЫН:

1. Бишкек, Ош шаарындагы билим берүү башкармалыктарынын. райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн алдындагы кеӊеш, коомдук байкоочулар тууралуу Жобонун тиркемеси бекитилсин.

2. Бишкек, Ош шаарындагы билим берүү башкармалыктарынын башчылары, областтык борборлордун (координаторлору) мүдүрлөрү,  райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары ушул жобого ылайык, коомдук байкоочулар кеӊешин уюштуруу боюнча анын  отчёттуулук мөөнөтүн аныктоо менен бирге, 2013-жылдын 10-20-сентябрында Бишкек, Ош шаарларындагы билим берүү башкармалыктардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрдүн алдында коомдук байкоочулар кеӊешин түзүшсүн.

3. Маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 2013-жылдын  20-сентябрына чейин төмөнкү электрондук дарек боюнча: [email protected]. жөнөтүшсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө  алуу жагы министрдин орун басары Д.Кендирбаевага жүктөлсүн.

 

«Об утверждении Положения

об общественном наблюдательном совете»

 

В целях повышения эффективности использования финансовых ресурсов в образовательных организациях и развития форм государственно-общественного управления, а также в соответствии со статьями 43 и 44  Закона  Кыргызской Республики «Об образовании»

 

ПРИКАЗЫВАЮ:

1. Утвердить прилагаемое Положение об Общественном наблюдательном совете   (далее совет) при Управлениях образования  г.г. Бишкек, Ош и районных, городских отделов образования.

2. Директорам (координаторам) областных центров, начальникам Бишкекского, Ошского городских  управлений образования и заведующим районными (городскими) отделами образования создать общественный  наблюдательный  совет  при Управлении образованиях  г.г. Бишкек, Ош и районных, городских отделов образования в соответствии с настоящим положением и определить срок отчетности по организации ОНС в период с 10-20 сентября 2013 г.

3. Информацию направить в Министерство образования и науки Кыргызской Республики до 20 сентября 2013 на электронный адрес: [email protected].

4. Контроль над исполнением настоящего приказа возложить на заместителя министра  Д.Кендирбаеву.

 

Министр  К.Садыков

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим

министрлигинин райондук, шаардык билим берүү

бөлүмдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын алдындагы коомдук байкоочулар кеӊеши жөнүндө

 

ЖОБО

I. Жалпы жобо

1. Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын алдындагы коомдук байкоочулар кеӊеши (мындан ары — Башкармалык) райондук, шаардык бөлүмдөр (мындан ары — Кеӊеш) жамааттык, байкоочу-кеӊеш берүүчү орган болуп саналат, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү (мындан ары-РББ, ШББ) менен жарандык коом стратегиялык башкаруу чечимдерин жүзөгө ашырууда жана анын ачык-айкын жол-жоболорун кабыл алып, жогорулатууда өз ара макулдашат.

2. Кеӊеш Кыргыз Республикасынын жарандарынын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн өз ыктыярлары менен катышуусу аркылуу уюштурулат жана түзүлөт.

3. Кеӊеш өз ишин коомдук башталышта Башкармалыктардын, РББнын, ШББнын алдында жүргүзүп, дайыма иштеп туруучу коомдук орган болуп эсептелет.

4. Кеӊештин ишкердүүлүлүгү — жамааттын, демократиянын, ачык-айкындуулуктун, ыктыярдуулуктун, теӊчиликтин принциптерин сактоонунун негизинде, чечимдерди чогуу-чаран кабыл алып, бардык маселелерди эркин талкуулоо жолу менен жүргүзүлөт.

5. Кеӊештин  чечими кеӊешүүчү мүнөзгө ээ.

6. Кеӊеш жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен кабыл алынат жана бекитилет.

7. Кеӊеш ишмердүүлүгүн — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын, ошондой эле ушул Жобонун негизинде жүргүзөт.

II. Кеӊештин милдеттери

8. Кеӊештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1. билим берүү жана тарбиялоо багытында коомдук демилгелерди талкуулоо жана шайлоо;

2. коомдук мааниге жана стратегиялык мүнөзгө ээ чечимдерди иштеп чыгып, анын сапатын жогорулатуу боюнча райондор менен шаарларга көмөк көрсөтүү;

3. кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда анын сапатына көзөмөл кылуу жана коомдук мониторинг жүргүзүү;

4. билим берүү жана тарбиялоо багытында көрсөтүлгөн кызматтын натыйжалуулугун баалоо;

5. бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча, ошондой эле донорлор тарабынан атайын эсепке которулган гранттарга анын ачык-айкындуулугу жана натыйжалуулугу үчүн үстүнөн коомдук көзөмөл жүргүзүү.

III. Кеӊештин  функциясы

9. Алдыга коюлган маселелерди чечүү үчүн Кеӊеш төмөнкү функцияларды аткарат:

1. коомдук кызыкчылыктарды каттоону, кабыл алынган чечимдердин сапатын, ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында коомдук экспертизалык долбоорлорду, чечимдерди иштеп чыгууга катышат;

2. коомдук пикирлерди иликтөөнүн жана аны Башкармалыктардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн  коллегиясынын кароосуна киргизүүнүн негизинде, мурда мерчемделген же кабыл алынган сунуштарды өркүндөтүүнүн үстүндө иштейт;

3. Башкармалыктардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иштерине байланышкан жарандык демилгелерди карап чыгат;

4. коомчулук менен мерчемделген стратегиялык жана коомдук маанилүү маселелерди чечүүдө коомчулуктун кеӊири талкуусун уюштурат жана ага катышат;

5. жарандык коом менен кызматташуунун түрүн жана технологиялардын мамлекттик органы жүзөгө ашырган иштин натыйжасына анализ жүргүзүп, аны жогорулатуу үчүн өз сунушун киргизет;

6. райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иштерин коомчулукка маалымдоо аракетин көрөт;

7. Башкармалыктардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн бюджеттик жана акча каражаттарын пайдалануусунда ачык-айкындыкты жогорулатуу үчүн коомдук көзөмөлдү камсыз кылып берет;

8. билим берүүнүн кызматынын сапатын баалап, мониторинг  жүргүзөт;

9. Башкармалыктардын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн ишкердүүлүктөрүнө байланышкан өтө маанилүү маселеде коомдук пикирлерди изилдеп чыгат жана  жалпылаштырат;

10. Башкармалыктар, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү  менен макулдашылган жана ушул жободо каралган аткарууга зарыл болгон тапшырмаларды жана башка функцияларды аткарат;

11. Кеӊештин төрагасы же анын бир өкүлү Башкармалыктардын, РББнүн, ШББнүн коллегиялык отурумуна катышууга милдеттүү.

10. Кеӊештин төрагасы:

1. Кеӊештин жалпы ишин жүргүзөт;

2. Кеӊештин отурумунда төрагалык кылат;

3. Кеӊештин мүчөлөрүнүн милдеттерин бекитет;

4. Кеӊештин иш мерчемдерин жана жумушчу топтун курамын бекитет.

11. Жооптуу катчы:

1. Кеӊештин отурумунун күн тартибин түзөт;

2. Кеӊештин протоколун жазат жана башка документтерин толтурат;

3. котормо иштерин алып барат.

IV. Кеӊештин укугу

12. Кеӊеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1. өзүнө берилген укуктун чегинде Башкармалыктардан, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн түзүмдөрүнөн, мамлекеттик, жеке менчик билим берүү мекемелеринен жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан зарыл маалыматтарды сурайт;

2. Башкармалыктардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн компетенциясына тиешелүү маселеде эксперттер, адистер жана кызыкдар коомдук уюмдар менен кеӊешүүлөрдү өткөрүп, аны уюштурат;

3. Кеӊештин отурумунун күн тартибиндеги маселе боюнча Башкармалыктардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин өзүнө чакырат;

4. Кеӊеш жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунушун киргизет;

5. Башкармалыктар, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү  тарабынан Кеӊештин сунуштары четке кагылган учурда жогорку инстанцияга кайрылат;

6.  коомдук жарандар менен иштешүүдө Башкармалыктарга, РББнө, ШББнө жардам берет;

7. Кеӊештин ишин толук кандуу камсыз кылуу үчүн донордук жана демөөрчүлүк каражаттарды тартат.

13. Кеӊештин мүчөлөрү ушул жобого ылайык Башкармалыктар, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан өткөрүлгөн коллегиянын отурумуна жана башка иш-чараларга катышууга укуктуу.

V. Кеӊешти түзүүнүн тартиби

14. Кеӊештин курамына жарандык коомдун өкүлдөрү, илимий чөйрө,  бизнес ассоциациялар, кесиптик жана тармактык бирликтер жана тарбия,  билим берүү тармагында ишкердүүлүк жүргүзгөн эксперттик коом кирет.

15. Кеӊештин сандык курамы бештен кем эмес, ондон ашык эмес Кеӊештин мүчөлөрүнөн турат.

16. Кеӊештин курамы жылдык негизде бекитилет. Кеӊештин ишин активдештирүү үчүн жылына бир жолу сөзсүз түрдө үчтөн бир бөлүгүн ротациялоо каралат.

17. Кеӊештин иш билги курамы жыл сайын мурдагы Кеӊештин сунушу аркылуу, Башкармалыктардын жетекчилеринин, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн  башчыларынын чечими менен бекитилет.

18. Кеӊештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укугу ар бир мүчөсү толук бекилген күндөн башталат.

19. Кеӊештин мурдагы же ошол эле мүчөсү катары менен үч жылдык мөөнөткө шайланбайт.

20. Кеӊештин мүчөсүнүн ыйгарым укугу мөөнөтүнөн  мурда токтотулганда, анын ордуна мүчөлүккө талапкер келет.

21. Кеӊештин курамы — Кеӊештин төрагасынан, төраганын орун басарынан, жооптуу катчыдан, Кеӊештин мүчөлөрүнөн түзүлөт.

22. Кеӊештин уюштуруу отурумунда ачык добуш берүү жолу менен Кеӊештин төрагасы, төраганын орун басары, жооптуу катчы, Кеӊештин мүчөлөрү шайланат.

23. Кеӊештин ишкердүүлүгүн төрага алып барат, төрага жок болгон учурда, анын орун басары орундатат.

VI. Кеӊештин уюштуруу ишкердүүлүгү

24. Кеӊештин ишкердүүлүгүнүн жыйынтыктары массалык маалымат каражаттарына байма-бай чагылдырылып турат.

25. Кеӊештин уюштуруу ишкердүүлүгүн камсыз кылуу жана материалдык-техникалык жактан коштоо (залды чогулушка даярдоо, сурамжылоо-маалыматтык материалдарды талкуулоо маселелесинде элге демонстрациялоо үчүн зарыл техникалык каражаттар менен жабдуу, отурумдун материалдарын көбөйтүү ж.б.) тийиштүү билим берүүчү органдар аркылуу жүргүзүлөт.

VII. Башкармалыктар, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү  менен биргелешкен аракеттерди көрүүсү.

26. Башкармалыктар, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрдүн башчылары үзгүлтүксүз негизде, Кеӊешке Башкармалыктар, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөр сунуш кылуучу  кызмат адамын аныктап, биргелешип иштөөнү камсыз кылат.

27. Кызмат адамдары Кеӊештин отурумуна сөзсүз түрдө кеӊешүүчү добуш менен катышат.

28. Башкармалыктардын жетекчилери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары Кеӊештин кароосуна маселе киргизүүгө жана күн тартибине маселе коюга укуктуу.

29. Кеӊештин күн тартиби сөзсүз түрдө Башкармалыктардын жетекчилерине, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына отурум башталганга чейин беш күндөн кем эмес убакта багытталат.

30. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары Кеӊештин өтүнүчү менен ыйгарым укуктун чегинде аткаруу үчүн маалыматтарды берет, ошол эле учурда, мыйзам коргогон  мамлекеттик, кызматтык жана башка сырлар сакталат.

31. Кеӊешке кызмат адамы боюнча сурамжылоо жибергенде, сурамжылоо колго тийген күндөн баштап 30 күндүн ичинде жооп кайтарууга милдеттүү, айрым гана Кеӊеш аныктаган учурларда, он төрт күндөн кем эмес убакта жооп кайтарылат. Жоопко сурамжылоо жиберген кызмат адамы же анын милдетин аткаруучу адам кол коёт.

VIII. Кеӊештин отуруму

32. Отурум Кеӊештин негизи болуп эсептелет. Отурумга Кеӊештин мүчөлөрүнүн теӊинен жарымы катышса, ал толук укукта өттү деп саналат.

33. Кеӊештин  мүчөлөрүнүн кворуму эсептелип жатканда, талкууланып жаткан маселе боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин кат жүзүндө жөнөткөндөр ошол талкууланып жаткан маселенин алкагында гана отурумдун катышуучусу катары саналышат.

34. Кеӊештин мүчөсү Кеӊештин отурумуна катышууга жана отурум учурунда өз ой-пикирин билдирүүгө укуктуу.

35. Кеӊештин отуруму эки айда бир жолу өткөрүлөт.

36. Кеӊештин мүчөлөрү Кеӊештин отурумун кезексиз чакырып алуу маселесин кароого сунуш киргизгенге акылуу.

37. Кеӊеш өзүнүн ишкердүүлүгүн Башкармалыктардын жетекчилери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен макулдашылган, Кеӊештин төрагасы бекиткен бир жылга мерчемделген иш-чаралардын негизинде жүргүзөт.

38. Кеӊештин отурумунун кароосуна маселелер түшкөндө, Кеӊештин төрагасы Кеӊештин күн тартибин белгилейт.

39. Кеӊештин отурумунун күн тартиби Кеӊештин иш-кагаздары менен бирге отурум башталганга чейин беш күндүк убакта Кеӊештин мүчөлөрүнө жиберилет.

40. Кеӊештин отурумунун болжолдонгон күнү Кеӊештин төрагасынын каты менен Кеӊештин бардык мүчөлөрүнө жөнөтүлөт. Кеӊештин мүчөлөрү Кеӊештин башка мүчөлөрү менен акылдашып,  башка күндү белгилөөнү сунушташы да мүмкүн. Төрага бардык варианттарды карап чыккандан кийин, Кеӊештин отурумун өткөрүүнүн так күнүн белгилейт.

41. Кеӊештин мүчөлөрү жети жумушчу күндүн ичинде, эӊ акыркы Кеӊештин өтүүчү күнү, күн тартиби тууралуу толук маалымат алышы керек.

42. Кеӊештин мүчөлөрү отурумга ордуна бирөөнү жибербей, өздөрү гана  катышат. Кеӊештин мүчөсү отурумга катышканга таптакыр мүмкүнчүлүгү болбой калса, анда күн тартибине киргизилген маселе тууралуу өз ой-пикирин кат жүзүндө жөнөтө алат. Мүчөнүн жиберген ой-пикири отурумда каралат жана добуш берүү учурунда эске алынат.

43. Өтө зарыл болгон кезде Кеӊештин отурумуна Кеӊештин төрагасынын чечими менен илимий, мамлекеттик органдардан, мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийликтен, кесиптик кошуундардан, массалык маалымат каражаттарынан жана башка уюмдардан өкүлдөр чакырылат.

44. Кеӊештин отурумуна же отурумга киргизген маселе боюнча билим жана тарбия берүү боюнча адистешкен эксперттер, илимий жана башка кеӊеш берүүчүлөр чакырылышы мүмкүн.

45. Кеӊештин отурумуна отурумда каралып жаткан маселени чечүүгө кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр катышышат.

46. Мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчиси Кеӊештин жакынкы күндөрдө карала турган тийиштүү маселеде өзүнүн компетенциясы боюнча отурум башталганга чейинки  жети күндүн ичинде  Кеӊешке зарыл материалдарды берет.

49. Кеӊештин чечими сунуш берүүчү мүнөздө болуп, мамлекеттик орган  Кеӊештин чечими менен макул болбогон кезде, он күндүн ичинде тыянактуу жооп берүүгө милдеттүү.

50. Кеӊештин чечими мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт.

IX. Ар жыл сайын өтүүчү Кеӊештин шайлоо отуруму

51. Кеӊештин ишкердүүлүгүн активдештирүү максатында Кеӊештин үчтөн бир бөлүгүн ротациялоо өткөрүлөт.

52. Ошол эле бир адам үч жолу катары менен Кеӊештин мүчөсү боло албайт.

53. Ошондой эле Кеӊештин мүчөлөрү коомдук, илимий, кесиптик, тармактык бирикмелер, бизнес коомчулугу менен  Кеӊештин үчтөн бир бөлүгүн ротациялоо үчүн талапкерлерди аныктоодо кеӊешүү иштерин жүргүзөт.

54. Кеӊештин иши тууралуу отчёт, ошондой эле Кеӊештин мүчөлөрүнүн кеӊешүү иштеринин жыйынтыктары тууралуу Кеӊештин отурумунда каралат. Каралган иштин жыйынтыгы менен ачык добуш берүү менен Кеӊеш кийинкиде  ротация боло тургандардын тизмесин тактайт.

58. Жыл сайын өтүүчү Кеӊештин отчёттук-шайлоо отуруму үстүбүздөгү жылдын 30-августунан кеч эмес убакта өткөрүлөт.

59. Жыл сайын өтүүчү Кеӊештин отчёттук-шайлоо отурумун Кеӊештин төрагасы ачат жана алып барат.

60. Кеӊештин жаӊыртылган персоналдык курамы боюнча сунуштар, ошондой эле резервдеги Кеӊештин мүчөлүгүнө талапкерлер бекитүү үчүн мамлекеттик билим берүү органдарынын жетекчилерине жиберилет.

61. Мамлекеттик билим берүү органдарынын жетекчилери үч күндүк мөөнөттө резервдеги Кеӊештин мүчөлүгүнө талапкерлерди жана Кеӊештин курамы тууралуу сунушту бекитет.

X. Кабыл алынган чечимдер

62. 63-пунктта көрсөтүлгөн чечимди кошпогондо Кеӊештин чечими жөнөкөй көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.

63. 2/3 добуш менен чечим кабыл алынат.

1. Кеӊештин мүчөлөрүн ротациялоо.

2. Кеӊештин төрагасынын жана Кеӊештин мүчөлөрүнүн пикири.

3. Азыркы жобого өзгөртүү киргизүү.

64. Добуштар теӊме-теӊ чыгып калган учурда төраганын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.

65. Кеӊештин чечимдери төраганын жана жооптуу  катчынын  колу коюлган протокол менен документтештирилет.

66. Чечим кабыл алуу үчүн каралып жатканда Кеӊештин мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө ой-пикирлер сөзсүз түрдө протоколго киргизилет.

XI. Кеӊештин мүчөлөрүнүн Башкармалыктардын, РББнүн, ШББнүн иш-чараларына катышуусу

67. Кеӊештин мүчөлөрү райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш-чараларына катышууга укуктуу.

68. Башкармалыктардын отуруму башталганга чейинки бир жумалык убакта анын жетекчиси Кеӊештин жетекчисине отурумдун катышуучуларынын жана күн тартибин көрсөтүү менен чакыруу жиберет.

69. Кеӊештин катчысы бошотулган Кеӊештин бардык мүчөлөрүнө чакыруу жөнөтөт.

70. Башкаруу органдарынын отурумуна катышууну каалабаган Кеӊештин мүчөлөрү өздөрүнүн ниети  тууралуу Кеӊештин бошотулган катчысына билдиришет.

71. Бошотулган катчы Кеӊештин төрагасынын же анын орун басарынын макулдугу менен Башкармалыктардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн  кызмат адамдарына билдирет.

72. Башкармалыктар, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн алдыда боло турган тендер жөнүндө Кеӊешке маалымат берүүгө милдеттүү.

73. Төмөнкү маселелер карала турган убакта, Кеӊештин бир же бир нече мүчөлөрү Башкармалыктардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн  коллегиялык отурумуна сөзсүз түрдө катышат:

1. тендер өткөрүүдө;

2. бюджет каралып жатканда;

3.түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери бекитилип жатканда;

4. грант алуу боюнча займга байланышкан келишимдер каралып жатканда жана донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда.

ПОЛОЖЕНИЕ

 

об общественном наблюдательном совете при Управлениях образования г. г. Бишкек, Ош, районных, городских отделов образования Министерства образования и науки Кыргызской Республики

I. Общие положения

1. Общественный наблюдательный совет при Управлениях  образованием г.г. Бишкек и Ош ( далее — Управления), районных, городских отделов  (далее — Совет) является коллегиальным, консультативно-наблюдательным органом, образованным в целях согласованного взаимодействия районного, городского отделов образования (далее – РОО, ГорОО) и  гражданского общества по повышению прозрачности процедур принятия и реализации стратегических управленческих решений.

2. Совет формируется и функционирует на основе добровольного участия в его деятельности граждан и представителей гражданского общества Кыргызской Республики.

3. Совет является постоянно действующим общественным органом при Управлениях, РОО, горОО,  осуществляющим свою деятельность на общественных началах.

4. Деятельность Совета осуществляется на основе соблюдения принципов демократичности, коллегиальности, гласности, прозрачности, добровольности, равенства прав всех участников путем свободного обсуждения всех вопросов и коллективного принятия решений.

5. Решения Совета носят рекомендательный характер.

6. Положение о Совете принимается и   утверждается приказом  Министра образования и науки Кыргызской Республики.

7. Совет осуществляет свою деятельность на основе Конституции Кыргызской Республики, законов Кыргызской Республики, других нормативных правовых актов Кыргызской Республики и настоящего Положения. Совет осуществляет свою деятельность с учетом интересов получателей  образовательных услуг.

II. Задачи Совета

8. Основными задачами Совета являются:

1) выдвижение и обсуждение общественных инициатив в сфере образования и воспитания,

2) содействие району, городу  в разработке и повышении качества решений, имеющих общественно значимый и стратегический характер;

3) осуществление общественного мониторинга и контроля эффективности реализации принятых решений;

4) оценка эффективности услуг в сфере образования и воспитания;

5) осуществление общественного контроля над прозрачностью и эффективностью использования бюджетных средств, а также средств  специального счета и грантов, выделенных донорами.

III Функции Совета

9. Для решения задач Совет осуществляет следующие функции:

1) участвует в разработке и общественной экспертизе проектов,  решений с целью обеспечения учета общественных интересов, повышения прозрачности и качества принимаемых решений;

2) вырабатывает предложения по совершенствованию планируемых или принятых решений на основе изучения общественного мнения и вносит их на рассмотрение коллегии  Управлений,  РОО, горОО;

3) рассматривает гражданские инициативы, связанные с деятельностью Управлений,  РОО, горОО;

4) участвует в организации и проведении широкого обсуждения с общественностью планируемых стратегических и общественно-значимых решений;

5) проводит анализ эффективности реализуемых государственным органом технологий и форм сотрудничества с гражданским обществом и вносит свои предложения по их совершенствованию;

6) содействует в информировании общественности о деятельности районного, городского отдела образования;

7) обеспечивает общественный контроль над  повышением прозрачности использования бюджетных и иных средств Управлений, РОО, горОО;

8) осуществляет мониторинг и оценку качества образовательных услуг;

9) изучает и обобщает общественное мнение по наиболее важным вопросам, связанным с деятельностью Управлений,  РОО, горОО;

10) осуществляет иные функции, необходимые для выполнения задач, предусмотренных настоящим Положением  и согласованные с Управлениями,  РОО, горОО.

11) Председатель Совета или один из его заместителей обязан участвовать на заседании коллегии Управлений,  РОО, горОО.

10. Председатель Совета:

1) осуществляет общее руководство деятельностью Совета;

2) председательствует на заседаниях Совета;

3) утверждает обязанности членов Совета;

4) утверждает план работы Совета и составы рабочих групп.

11. Ответственный секретарь:

1) формирует повестку дня заседания Совета;

2) подписывает протоколы заседаний и другие документы Совета;

3) осуществляет перевод.

IV. Права Совета

12. Совет для осуществления возложенных на него функций имеет право:

1) запрашивать в пределах своей компетенции необходимую для осуществления своей деятельности информацию от Управлений,  РОО, горОО,  его подразделений, государственных и частных образовательных учреждений  и органов местного самоуправления;

2) организовывать и проводить консультации с экспертами, специалистами или заинтересованными общественными организациями по вопросам, отнесенным к компетенции Управлений, РОО, горОО;

3) приглашать руководство и сотрудников Управлений,  РОО, горОО для обсуждения вопросов повестки  дня заседания Совета;

4) вносить предложения по внесению изменений и дополнений в Положение о Совете;

5) обращаться в вышестоящие инстанции в случае необоснованного отклонения рекомендаций Совета со стороны управлений,  РОО, горОО;

6) оказывать содействие управлениям,  РОО, горОО в осуществлении взаимодействия с гражданским обществом;

7) привлекать донорские и иные спонсорские средства для обеспечения деятельности Совета.

13. Члены Совета вправе принимать участие в запланированных заседаниях коллегий и иных мероприятиях, проводимых управлениями,  РОО, горОО в соответствии с настоящим Положением.

V. Порядок формирования Совета

14. В состав Совета входят представители гражданского общества, научных кругов, бизнес-ассоциаций, профессиональных и отраслевых союзов, экспертного сообщества,  осуществляющего деятельность в системе образования и воспитания.

15. Количественный состав Совета должен быть не менее пяти  и не более девяти членов Совета.

16. Состав Совета утверждается на ежегодной основе. Для активизации деятельности Совета предусматривается обязательная ежегодная ротация не менее одной третьей его части.

17. Персональный состав Совета ежегодно утверждается решением начальников Управлений,  заведующих РОО, горОО по предложению прежнего Совета.

18. Полномочия членов Совета начинаются со дня утверждения персонального состава Совета.

19. Одно и то же лицо не может быть избрано членом Совета более трех сроков подряд.

20. При досрочном прекращении полномочий члена Совета замещение осуществляется из числа кандидатов в члены Совета.

21. Совет образуется в составе председателя Совета,  заместителя  председателя Совета, ответственного секретаря и членов Совета.

22. На организационном заседании Совета открытым голосованием избираются председатель, его заместитель  и секретарь Совета. Первое заседание открывает старейший по возрасту член Совета.

23. Руководство деятельностью Совета осуществляет председатель, в отсутствие председателя —  заместитель.

VI. Организация деятельности Совета

24. Итоги деятельности Совета регулярно освещаются и доводятся до общественности через средства массовой информации.

25. Организационное обеспечение и материально-техническое сопровождение (подготовка зала, оснащение его необходимыми техническими средствами для демонстрации справочно-информационных материалов по обсуждаемым вопросам, размножение материалов к заседаниям и т.д.) деятельности Совета осуществляются соответствующим органом образования.

VII. Взаимодействие с управлениями, РОО, горОО

26. Начальники управлений, заведующие РОО, горОО определяет Должностное лицо, которое будет представлять Управления, РОО, горОО  на постоянной основе в Совете и обеспечивать взаимодействие.

27. Должностное лицо принимает обязательное участие в заседаниях Совета с правом совещательного голоса.

28. Начальники Управлений, заведующие РОО, горОО  имеют право вносить на рассмотрение Совета вопросы для включения в повестку дня заседания Совета.

29. Повестка дня заседания Совета в обязательном порядке направляется  руководителю  Управлений, РОО, горОО  не менее чем за пять дней до заседания.

30. Государственные органы и органы местного самоуправления представляют по запросам Совета необходимые ему для исполнения своих полномочий сведения, за исключением сведений, которые составляют государственную, служебную и иную, охраняемую законом тайну.

31. Должностное лицо, которому направлен запрос Совета, обязано дать на него ответ не позднее чем через тридцать дней со дня получения запроса, а в исключительных случаях, определяемых Советом, — не позднее чем через четырнадцать дней. Ответ должен быть подписан тем должностным лицом, которому направлен запрос, либо лицом, исполняющим его обязанности.

VIII. Заседания Совета

32. Основной формой работы Совета являются заседания. Заседания Совета считаются правомочными, если на них присутствует не менее половины его членов.

33. При подсчете кворума члены Совета, направившие свое мнение по обсуждаемым вопросам письменно, считаются присутствующими только по тем вопросам, по которым они высказали мнение.

34. Член Совета может участвовать в обсуждении и высказать свое мнение во время  заседания Совета.

35. Заседания Совета проводятся не реже одного раза в течение двух месяцев.

36. Член Совета имеет право вносить предложение на рассмотрение Совета о созыве внеочередного заседания Совета.

37. Совет осуществляет свою деятельность в соответствии с планом мероприятий на год, утвержденным председателем Совета и согласованным с Управлениями, РОО, горОО.

38. По мере поступления вопросов к рассмотрению на заседании Совета, Председатель Совета формирует повестку дня заседания Совета.

39. Повестка дня заседания Совета вместе с рабочими документами для рассмотрения вопросов направляются членам Совета  не позже, чем за 5 рабочих дней до даты заседания Совета.

40. Предположительная дата заседания Совета направляется письмом Председателя Совета всем членам Совета.   Члены Совета  могут предложить другую дату, которая согласовывается с остальными членами. После  рассмотрения  вариантов  Председатель Совета назначает дату проведения заседания.

41. Члены Совета должны быть информированы об окончательной дате, времени и повестке дня  заседания Совета не позже, чем за 7 рабочих дней.

42. Члены Совета участвуют в  заседаниях лично без права замены. В случае невозможности прибыть на заседание Совета, член Совета вправе направить свое мнение по вопросу, включенному в повестку дня, в письменной форме. Указанное мнение подлежит рассмотрению на заседании Совета и учитывается при голосовании.

43. В необходимых случаях на заседания Совета по решению председателя Совета могут приглашаться представители органов законодательной и исполнительной власти, других государственных органов, научных, профсоюзных и других организаций, средств массовой информации.

44. На заседания Совета также могут быть приглашены эксперты, научные и иные консультанты, специализирующиеся в сфере образования и воспитания  или в вопросах, вынесенных на заседание.

45. В заседаниях Совета принимают участие представители структурных подразделений,  заинтересованные  в решении вопросов, рассматриваемых на заседании

46. Руководитель структурного подразделения государственного органа, к компетенции которого относятся вопросы, рассматриваемые Советом на предстоящем заседании, не позднее, чем за семь дней до заседания представляет в Совет необходимые к заседанию материалы.

49. Решения Совета носят рекомендательный характер, при этом государственный орган, в случае несогласия с решением Совета, обязан дать обоснованный ответ в течение десяти дней.

50. Решения Совета ведутся на государственном и официальном языках.

IX. Ежегодные выборные заседания Совета

51. В целях активации деятельности Совета  проведится   ежегодная   ротация одной трети части членов Совета.

52. Один и тот же человек не может быть членом Совета более трех сроков подряд.

53. Также члены Совета осуществляют консультации с общественными, научными, профессиональными, отраслевыми объединениями, бизнес-сообществом по вопросам

определения кандидатур для ротации одной третьей части состава Совета.

54. Отчет о работе Совета, а также итоги консультаций членов Совета с общественными

организациями рассматриваются на заседании Совета. По результатам рассмотрения, открытым голосованием Совет определяет список членов Совета, подлежащих ротации.

58. Ежегодное отчетно-выборное заседание Совета  проводится  не позднее 30-го августа  текущего года.

59. Ежегодное отчетно-выборное заседание Совета открывает и проводит Председатель Совета.

60. Предложения по персональному составу обновленного Совета, а также резерву кандидатов в члены Совета направляются руководителю государственного образовательного органа для утверждения.

61. Руководитель государственного образовательного органа  в трехдневный срок утверждает предложенный состав Совета и резерв кандидатов в члены Совета.

X. Принятие решений

62. Решения Совета принимаются простым большинством голосов за исключением решений, указанных в пункте 63.

63. Решения, которые принимаются 2/3 голосов:

1. Ротация членов Совета;

2. Отзыв Председателя Совета и членов Совета;

3. Внесение изменений в настоящее Положение.

64. В случае равенства голосов голос председательствующего является решающим.

65. Решения Совета оформляются протоколом, который подписывают председатель и

ответственный секретарь.

66. Особые мнения, высказанные членами Совета в ходе рассмотрения и принятия решений, в обязательном порядке заносятся в протокол.

XI. Участие членов Совета  на мероприятиях Управления, РОО, горОО

67. Члены Совета вправе участвовать на заседаниях Управления, РОО, горОО.

68. Не менее, чем за одну неделю до заседания органов управления   руководитель направляет Председателю Совета приглашение с указанием участников заседания и повестки дня.

69. Освобожденный секретарь Совета пересылает приглашение всем членам Совета.

70. Члены Совета, изъявившие желание участвовать на заседании органов управления сообщают о своем намерении освобожденному секретарю Совета.

71. Освобожденный секретарь по согласованию с Председателем Совета или его заместителями сообщает должностному лицу Управления, РОО, горОО .

72. Управление, РОО, горОО обязаны  информировать Совет о предстоящих тендерах.

73. Обязательно участие одного или нескольких членов Совета на заседаниях коллегии

Управления, РОО, горОО  при рассмотрении следующих вопросов:

1) проведение тендеров;

2) рассмотрение бюджетов;

3) назначение руководителей структурных подразделений;

4) переговоры с донорами и рассмотрение соглашений, связанных с займами и получением  грантов.

Поделиться

Комментарии